top of page

"АДИЛЕТ" МИНИСТРЛИГИНИН АЙЛАСЫЗ АМАЛДАРЫ

Обновлено: 17 июн. 2018 г.

Мыйзамдык укугубуздун негизинде 11 адамдан турган демилгечи-жарандар тобу "Эл арманы" аттуу саясий партия түзүп, быйылкы жылдын 21-июлунда тартип боюнча КР юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн тийиштүү документтерди тапшырган элек. Арадан 3 ай өткүчө министрлик ар кандай амалдар жана шылтоолор менен "партияны каттоодон баш тартылсын" деген буйруктарын 6 жолу токуду. Ошого байланыштуу министрликтин иштериндеги кээ бир "жетишкендиктери" ("ноу-хаулары") тууралуу айтып беришим гезиттин окурмадарын кыйла кызыктырат го деп ойлойм.


Министрликте каттоо документтеринин каралышынын мөөнөтү дем алыш күндөрүн эсептебегенде 10 күн экен. Мамлекеттик каттоодон мурун өткөн саясий партиялардын документтери (устав, программа, чечим протоколдору ж.б.) орус тилинде болгондуктан, биз да документтерибизди орусча (расмий тилде) даярдап тапшырган элек. Бирок "каттоодон баш тартылып, документтери кайтарылып берилсин" делген буйруктарындагы ар кандай талаптар бизге кыргызча (мамлекеттик тилде) гана берилип турду. Менин ал талаптарынын орусча тексттерин беришин сураганымда: "бизде документтер жалгыз гана мамлекеттик тилде жазылат, өзүңүз которуп, орусча документтериңизди кайра оңдоп, алып келиңиз" деп жооп беришет.


Ошентип, биринчиден, өлкөдө мыйзамдын так аткарылуусун жана мыйзамдуулуктун сакталуусун көзөмөлдөө эң орчундуу милдети болуп саналган КР юстиция министрлиги дал өзү "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби" жөнүндөгү КР 2008-жыл 26-февралдагы №16 мыйзамынын 16-беренесинин 2-пунктундагы "жарандарга жооптор алардын кайрылуу тилинде берилет" деген талабын бузуп жатты; экинчиден, ар кайсы тилдердеги сөздөрдүн маанисин так жана терең түшүнбөй туруп, түздөн түз которуп пайдалануу түшүнбөстүккө гана эмес, күлкү келе турган же турмуштук логикага (тажрыйбага) сыйбай турган түшүнүктөргө алып келип жатты; үчүнчүдөн, мыйзамдарды бузуп жатса да, министрликтин негизги максаты, "партияны түзгөн демилгечил топтун ичинде бийликтин кемчиликтерин ачык сындаган "оппозициячыл" жаран болсо, андай партия мамлекеттик каттоодон өтпөш керек" деген бийликтин тапшырмасын айласыз аткаруу.


Анда эмесе бул корутундулардын далилдери катарында өздөрүнө мыйзамсыз "адилет" атын коюп алган Юстиция министрлигинин буйруктарына кайрылалы.


КР юстиция министрлигинин 2009-жылдын 30-июлундагы "Эл арманы" саясий партиясын мамлекеттик каттоодон баш тартуу жөнүндө" №1426 буйругунда мындай деп айтылат: "… тапшырылган документтерге ылайык "Эл арманы" саясий партиясын 11 жаран түзүп жатат, бирок "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 11-беренесинин 3- пунктунун талаптары бузулуп, 2009-жылдын 13-июлундагы протоколунда 10 жарандын гана колу нотариалдык формада күбөлөндүрүлгөн. Жогоруда баяндалгандын негизинде, "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" КР Мыйзамынын 21-беренесинин жетекчиликке алып, буйрук кылам: 1. "Эл арманы" саясий партиясын мамлекеттик каттоодон баш тартылсын. 2. Арыз ээсине документтер кайтарылсын. Министрдин орун басары Ж. Мамбеталиева".


Чындыгында эле демилгечи уюштуруу топтун тизмеси 11 жарандан туруп, нотариалдык формада күбөлөндүрүлгөн. Бирок 1 жарандын тез арада бир тууганы катуу ооруп калгандыктан, алыскы айылга кетип, чечим протоколунда 10 жарандын күбөлөндүрүлгөн колу менен документтер мамлекеттик каттоодон өтүүгө тапшырылган. Жогоруда келтирилген мыйзамдын 11-беренесинин 3-пунктунда "… юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечим уюштуруучулар тарабынан кол коюлат" деп айтылган. Бул жерде "баардык уюштуруучулар" деп айтылбагандан кийин, биз документтерди тапшырганда "КР саясий партиялар жөнүндө" Мыйзамынын 5-беренесиндеги 10 жарандан кем эмес демилгечил топ саясий партия түзө алат деген нормалык талабын жетекчиликке алганбыз. Анын үстүнө мыйзамдын 3-пунктундагы талаптар, ошол эле мыйзамдын 4-пунктунда айтылган саясий партияларды мамлекеттик каттоо боюнча талаптарына кирбейт. Жогоруда келтирилгендерге байланыштуу министрликтин буйругундагы "каттоодон баш тартылсын" деген чечими мыйзам чегинде негизсиз деп эсептелиниши керек. Буйрукту министрликтин кызматкерлери менен талкуулоо убагында бийликтин тапшырмасын аткаруу үчүн айласыздан эптеп табылган шылтоо экени биз үчүн түшүнүктүү болду.


Талаш-талкуулоодо менин айткандарыма кээ бир юстиция министрлигинин жаш адистери: "Парламент быйыл бул законду кабыл алганда ар кандай беренелерин биздин министрлик менен макулдашпай туура эмес жазып коюшуптур. Азыр аны мойнуна алышты, жайкы эс алуудан кийин оңдоо киргизишет. Ошондуктан биздин министрликтин талаптарын жетекчиликке алышыңар керек" дешип да айтып жиберишти. Күчүндө турган мыйзамдын талаптарын ким жокко чыгара алат? Министрликтин башкы адиси Артур Ташибеков деген жаш жигит: "Аксакал, талашып - тартышпай эле, биз айтканды жасап келе бербейсизби" дейт. Ошентип жаш адистеринен министрдин орун басарына чейин өздөрү мыйзам талаптарын бузуп жатышып, айтылуу анекдоттогудай "сен билесиңби же сельсовет билеби?" дегендей сүйлөшүшкөндөн кийин, алардын алдында өзүңдү түшүнүгү жок, көз каранды бечарадай сезет экенсиң. Айла жок, документтерди алардын талаптарына карата кайра оңдоп тапшырууга мажбур болдук.


Министрликтин дагы бир жетектөөчү адиси: "Силердин уставыңарда "первичная партийная организация" деген партиянын түзүлүшү бар экен. "Организация" деген сөз кыргызча "уюм" дегенди түшүндүрөт. Партиянын ичинде ал түзүлүш юридикалык жак боло албайт. Силер орусча "отделение" деп жазгыла. Антпесеңер, биздин талапка туура келбейт",- дейт. "Устав кыргыз тилинде болсо, "бөлүм" деп жаза берет элек, орус тилинде "первичное партийное отделение" деген туура болбойт, орусча "первичная партийная организация" деп айтылат, биз деле мурун кыргызча дайыма "партиянын баштапкы уюму" деп жүрбөдүк беле",- десем, " жок, оңдоп келгиле" деп болушпады. Мен атайлап Москвага тажрыйбалуу юрист коллегама телефон чалып, "Россиянын партияларында "первичная партийная организация" же "первичное партийное отделение" деп айтылабы деп сурасам, ал "орус тилинде эч качан первичное партийное отделение деп айтылбайт" деп күлдү.


Юстиция министрлигинин бул оюндары боюнча түшүнүк алуу үмүт менен жетекчилеринин бирөөсү менен кезигейин деп барып, министрдин орун басары Мамбеталиева айым менен эки жолу кезигишип сүйлөшкөндөй болдук. Мени кабыл алганынын себеби, 90-жылдарда экөөбүз тең өкмөттүн аппаратында иштегенибиз эсинде калса керек.


Менин: "Бу кандай, документтерди кароонун негизинде буйрукту министрдин орун басары кол коюп жатса, ал документ жалпы министрликтин пикири болушу керек да? Эмне үчүн каралган бирдей эле документтерге улам кайра жаңы шылтоолор жазылып, "каттоодон баш тартылсын" деген буйруктар токулат, кээ бирөөлөрү мыйзамга ылайык келбесе да, ал эми башка кээ бирөөлөрү күлкүнү келтирип, турмуштук логикага жатпаса да, талаптарыңар толук аткарылып жатпайбы",- деген дооматтарыма мындай жооп алдым: "Я - лицо политическое. Если специалисты или эксперты пишут замечания, то должна подписывать соответствующий новый приказ". Ошол убакта менин тилимдин учунда төмөнкүдөй сөздөр турду эле, аял кишиге одоно тийип калабы деп айткан жокмун. Эми айтып коёюн: "Насколько мне известно, у нас министры формально считаются политическими лицами и ни за что никакой ответственности не несут, а их заместители являются "темными лошадками". "Бечара "адилет" аттуу министрликтин жетекчилери мыйзам талабы менен эсептешпей, Акүйдөн же башка органдан бийликтин бир функционеринин "бул партияны каттоодон өткөрбөш керек" деген тапшырмасын жаны чыкканча аткарып калышат. Мындай чиновниктер бийликтин майлуу-сүттүү дасторконуна киргизилбесе да, орустар айткандай "хлеб с маслом" жеп жүргөндөрүнө өздөрүн бактылуубуз деп жашап жүрүшөт да" деген оюмду ал жердеги кээ бир кызматкерлерине айтып да койдум. Шылкыйышып же кылтыйышып унчугушпайт. Бирөө гана "биз мамлекеттик иштебиз, бизге сиздер менен кошулуп, бийлик жөнүндө талкуулоого болбойт" - деп айтты.


Министрликтин дагы бир негизсиз талабы боюнча, биз "партиянын текшерүү комиссиясы 3 кишиден түзүлсүн, ал эми курамы партия мамлекеттик каттоодон өтүп, толук ишке киришкенден кийин шайлансын" деген чечимди тапшырдык. Ага карата министрдин орун басары Мамбеталиева 2009 - жылдын 10-сентябрындагы №1637 (кезектеги) буйругунда "…мыйзам жоболору бузулуп, тапшырылган уюштуруу съездинин №1 протоколуна ылайык текшерүү комиссиясын 3 адамдан түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган, бирок анын курамы аныкталган эмес..." деп жазыптыр.


Биринчиден, айтылган мыйзамда партиянын башкаруу органдарын түзүү чечими жөнүндө талап жалпысынан айтылып, курамы жөнүндө сөз жок; экинчиден, партиянын уставында текшерүү комиссия башкаруу органдарга кирет деп жазылган эмес, ал съездде гана шайланат делген; үчүнчүдөн, партиянын текшерүү комиссиясынын ыйгарым укугу партиянын тийиштүү иштерин текшериш, ал эми партия өзү де-юре мамлекеттик каттоодон өткөндөң кийин гана ишин баштайт.


Ошондуктан, партиянын түзүмү аныкталып, толук ишин баштагандан кийин гана, ошого жараша текшерүү комиссиянын так курамы шайланышы мүмкүн. Биздин өлкөдө мыйзам чыгаруунун, аткаруунун жана көзөмөлдөөнүн тегерегинде иштегендер орустардын илгертеден берки турмушта "нельзя ставить телегу впереди лошади" деген сөздөрүн эстеп жүрүшсө жакшы болоор эле.


Мамбеталиева айым жана анын алдындагы кызматкерлери менин өз көздөрүнө айткан пикирлериме эч ынанышпады. Жогорудан бийликтен биздин партия тууралуу берилген тапшырма абдан катуу болгон окшойт. Анткени, эгемендүү Кыргызстанда Акүйдүн ана башынан тартып бардык мамлекеттик органдарда отурган жетекчилердин кол алдында иштегендерге жана жалпы жарандарга кылган мамилелери дагы эле баягы бизди көп жылдары көп нерсеге үйрөткөн орус элинин сөздөрүн өзгөртүп айткандай: "Сегодня я начальник - значит ты дурак, когда ты будешь начальник - я дурак".


Адамдын же күлкүсүн, же кыжырын келтире турган баягы эле КР юстиция министринин орун басары Мамбеталиеванын 2009-жылдын 27-августагы №1579, 7-октябрдагы №1823 жана 21-октябрдагы №1954 "Эл арманы" саясий партиясын мамлекеттик каттодон баш тартуу жөнүндө" буйруктарындагы мисалдарды окурмандарга айтып бербесем бовойт:


1) - "тапшырылган документтердеги Ж. Шамыралиевдин (демилгечи топ мүчөсү - К.И.) жашаган облусунун жазылышын оңдоо зарыл". Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн тизмеде "Иссык-Кульская" деген сөздө акыркы "я" тамгасы байкоосуздан түшүп калыптыр. Жөн эле нотариуста оңдотуп келгиле дегендин ордуна, бизге ачык айтпай, 12 күн күттүрүп, бул майда катаны кезектеги "партияны каттоодон баш тартылсын" деген буйругуна себеп кылып киргизип жатпайбы;


2) "Эл арманы" саясий партиясынын мамлекеттик каттоого келип түшкөн документтерин текшерүүдө, тапшырылган протоколдо жана тизмеде С.Г. Суслованын (демилгечи топ мүчөсү-К.И.) жашаган дареги ар түрдүү жазылгандыгы аныкталды". Тапшырылган документтердин ичинде нотариалдык формада күбөлөндүрүлгөн демилгечи-жарандар тобунун тизмесинде туура дареги жазылган. Ал эми партиянын текшерүү комиссиясынын курамы тууралуу нечен жолу оңдолгон протоколдо С.Г. Суслованын жашаган үйүнүн номери 27нин ордуна 25 болуп калыптыр. Аны өзү да, нотариус да байкабай калышыптыр. Бул майда катаны нотариуста 5 санды 7ге оңдоп койгула дегендин ордуна, министрликте бизге айтпай, 13 күндөн кийин ушул эле себеп менен "партия каттоодон баш тартылсын" деген кезектеги буйругун токубадыбы;


3) "Эл арманы" саясий партиясынын мамлекеттик каттоого келип түшкөн документтерин текшерүүдө… "Кыргыз Республикасынын нотариустарынын нотариалдык аракеттерди жүргүзүү тартиби жөнүндө Нускоонун" 19-пунктунун талаптары бузулуп, тапшырылган протоколдогу жана тизмедеги оңдоолор уюштуруучулардын кол тамгасы менен кат жүзүндө тастыкталган эмес". Б.а. бул эскертүүдө С.Г. Суслованын жашаган үйүнүн номерин нотариус эле оңдоп мөөрүн баспай, 11 уюштуруучулар тобу анын дарегин кат жүзүндө тактап жазып, кол тамгаларын коюшуп, дагы нотариалдык формада күбөлөндүрүп бериш керек экен.


Таанышуу үчүн министрликтен мага эмнегедир айтылган Нускоонун орусча текстин беришти. Анын бир абзацында мындай деп айтылган: "Нотариус по своей инициативе или по просьбе заинтересованных лиц может исправить лишь явные описки или арифметические ошибки, иные технические ошибки, не меняющие существа удостоверенного или выданного документа. Такие приписки и поправки должны быть оговорены нотариусом в конце удостоверительной надписи подписью нотариуса, скрепленной печатью нотариуса". Бул талап так аткарылган болчу. Бирок, министрликтин башкы адиси талабынын негизгиси катарында мага Нускоонун башка абзацын көрсөттү.


Анда мындай деп жазылган: "Приписки и поправки, имеющие существенное значение для сути оформленного документа (влияющие на условия сделки, изменяющие данные участников сделки и т.п.), должны быть оговорены и письменно подтверждены на документе подписями участников сделки или другими лицами, обратившимися за совершением нотариального действия, а также в конце удостоверительной надписи подписью нотариуса и печатью нотариуса".


Жогорудагы айтылган даректеги майда катаны оңдоо талабына келтирилген абзацтардын кайсынысы ылайык келээрин окурман өзү так аныктап алат деп ишенем. Ал эми Мамбеталиева айым туп-туура 3 ай өткөндө 2009-жылы 21- октябрда коркконунан биздин партияны каттодон баш тартуу тууралуу 6-жолу адилетсиз буйругун токуду. Юстиция министрлиги ишине жараша башкалардын каталарын кылдаттык менен издейт. Бирок, анын биздин маселе боюнча жарым же бир беттик өлчөмдө чыгарган 6 буйруктарынын ар биринде грамматикалык каталар бар экен. Сабаттуулук талап юстиция министрлигинин расмий документтерине да тийиштүү го деп ойлойм...


Жакында президент Бакиев мамлекеттик башкаруу реформасын өткөрүүгө көзү жетип, чечим кабыл алгандыгынын себебин төмөндөгүчө орусча түшүндүрдү: "Должен отметить, что пока шла разработка реформ, 99% чиновников разного ранга - министры, руководители разных ведомств, всячески пытались взять больше полномочий влияния, чтобы распределить, давать разрешения, делить и так далее…". Президент бул жолу чындыкты айтты, орусча айтканда, "не в бровь, а в глаз". Аягында ошолор эле кайра келбедиби. Бекеринен айтылган эмес да: орус элинде - "каков поп, таков и приход", кыргыз элинде - "эшегине жараша - тушагы". Бул жерде менин суроом: министрдин орун басары Мамбеталиева өңдөнгөн чиновниктер 99 пайыздын кайсыларына кирет болду экен: өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына иштегендергеби же президенттин күч менен узурпацияланып алынган үй-бүлөөлүк бийлигинин кызыкчылыгына иштегендергеби?


Партия түзүү боюнча биздин демилгечил топ баягы эле документтерди майда-чүйдө оңдоолордон тазалап, КР юстиция министрлиги мыйзамдарды бузуп, биздин жарандык укуктарыбызды одоно тебелеп жаткандан кийин, чексиз жолу болсо да мамлекеттик каттоодон өтүү үчүн документтерди кайрадан тапшыра берүүнү чечтик.


Касым Исаев,

персоналдык пенсионер,

"Эл арманы" саясий партиясынын уюштуруучулар тобунун жетекчиси


Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page