«Алас», N 1, 11.01.2007
2006-жылы майда веб-сайтыма "Восток - дело тонкое, или Лицо кыргызской власти глазами очевидца" аттуу даректүү ангемеми жарыялагам. Ал өзүнчө китеп болуп да басылды. (Аны Бишкектеги "Раритет" дүкөнүнөн сатып алса болот). Аңгеме Кыргызстандын 15 жылдык эгемен турмушуна тиешелүү чындыкка негизделип жазылган. Анда өлкө кантип азыркыдай өлөсөл абалга жеткени, бийлик өкүлдөрүнүн эл көзүнөн далдаа айрым көмүскө "ишмердиги" тууралуу азыноолак сөз болгон.
Менин кубанганым, өз атуулдарыбыз менен бир катар чет элдик окурмандар тарабынан көптөгөн оозеки жана кат жүзүндө каалоолор келип түштү. Алардын айрымдарын мисал келтирсек болот. (Комментаторлордун макулдугун албаган соң аты-жөнүн толук айта албайм.)
"…Окудум, көптү билдим, көптү кайра түшүндүм, көп нерсеге көзүм ачылды. Өкүнүчтүү, бирок мен дале үмүт кылам. Улан М. "
"…Мындай жөнөкөй, акыйкат жана кызыктуу сайтты көптөн бери көрө элек элем. Аябагандай кызык жана кайгылуу. Сиз кандай ойлойсуз, Кыргызстандын өнүгүү мүмкүндүгү барбы? Көп өлкөлөр акырындап бутка туруп келатат, а менин өлкөм болсо алиге өзүнө келалбай убара. Же согуш болсо бир жөн. Балким, мамлекетти башкара билбегендик согуштан да апааттыр? Оболбек Т.,АКШ "
"…Интернетте сиздин сайтка капилет кирип калып, китебиңизди бир дем менен аягына чейин окуп чыктым. 100 пайыз сиздин ой-жорумдарыңызга кошулам. Анткени мен да сиз жазган көп окуялардын күбөсү болгон жайым бар. Көптөгөн окуяларды кудум сиз айткандай уккам… Өткөн Акаев доору менен азыркы акыбалга мындан артык акыйкат баа бериле элек деп ишенем… Ушундан улам биз сизден эскерүүлөрдү улунтып, Атамекенибизде болуп жаткан акыркы окуяларга анализ жасап турууңузду суранабыз. Менимче, аны китептин уландысы катары баяндаштын зарылдыгы жок. Аны макала же очерк түрүндө жазсаңыз деле болот. Негизгиси, аналитика арбын болсун… Терең урматтоо менен Б., Түркия "
Дарооле жоопко өтөйүн: кандай гана өлкө болбосун өнүгүү мүмкүндүгү ар дайым бар. Мекен тагдырына кайдыгер карабаган ар жаран, так ушундай жооп бермек. Биздин өлкөдө да үмүт жок эмес. Бирок, жеке баамымда, азыркы бийлик тушунда ал мүмкүндүк анча чоң болбойт. Бийликтин биржарым жылдан берки иштерин карап отуруп менде жана менин пикирлештеримде мына ушундай баам жаралды.
Азыркы учурда өтө оор турмуш жана өлкөнүн келечеги тууралуу ММКда, аргандай конференциялар менен чогулуштарда, семинарлар менен митингдерде депутаттар, илимий, коомдук жана саясый ишмерлер, чыгармачыл адамдар, пенсионерлер, ардагерлер, жаштар абдан көп жазып, айтып жатышат. Аларды азыркы бийликке карата конкреттүү сын катары, айрым учурда аргандай каалоо-талап катары, илимий пикир же акыл-насаат катары тутса болор эле. Бирок, бийлик аларды угуп атабы? "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" принциби. Ошондон улам өз граждандарынын пикири менен бийликтин иши жок турбайбы деген ой туулат. Бийлик өз кызыкчылыгына жана түшүнүгүнө жараша иш кылууда. Бийлик башкача ойлогон атуулдардын артынан куугунтук уюштуруп, "албарстыларга аңчылыктын башталганы" тууралуу көптөгөн ММК кабарлары кооптондурбай койбойт. Алар алдамчылык менен убаданы унутта калтыруу байкоосуз калат деп ойлоп, коомчулуктун көзүн жазгырып жатканы да жалган эмес. Муну убадасы узун конституциялык реформага байланыштуу акыркы окуялар толугу менен айкындап, бийлик өз жүзүн көрсөттү. Азыркы бийликтин негизги багыты жана иш маңызы - кандай гана болбосун өзүнүн чексиз бийлигин сактап калуу экен. Муну биз гана эмес, эл да түшүндү. Ишенбесеңиз КТРди айланчыктаган бети табактай саясатчылар менен социологдордон эмес, кайсы шаардын же кайсы айылдын тургуну болбосун, карапайым адамдарды токтотуп сурап көрүңүз…
Президентке ким тоскоол?
2005-жылкы март окуяларынан соң "революция" деп аталган кыймыл лидерлери, биринчи кезекте өлкөнүн азыркы президенти Курманбек Бакиев укмуштай убадаларды бергенин эл унуталек. Маселен, Акаев режиминен мурас калган терс көрүнүштөрдөн арылуу максатында жаңы бийлик президенттик шайлоо аяктаар замат, "кара жанын карч уруп" конституциялык реформаны кечиктирбей баштоону, экономиканы өнүктүрүүнү, коррупция менен аеосуз күрөшүүнү, бардык деңгээлдеги жетекчи кызматтарга талапкерлерди ишкердик жана адистик сапаттарына карата тандап, кадрлар менен иштөөнү түп тамырынан жакшыртууну убада кылган. Тилекке каршы, азыркы бийлик биржарым жылдан бери ал убаларын аткармак тургай, аткарууга да кирише элек. Ошон үчүн өлкө ичинде эч өзгөрүү болгон жок деп коомдук пикир козуп атат. Өзгөрүү болду дечи, бирок алар тескери өзгөрдү. Бул эмне? Азыркы бийликтин билбестигиби же билгиси келбестигиби? Экөө тең катар деп чочуйм.
Кийинки кездерде бийлик биржарым жыл ичинде бизге "тоскоол болуп, иштетпей коюшту" деп актанып келатат. Өлкө башкара билбеген, адистиги аз бийлик ар убак өзүнө өзү кыйынчылык жаратып, ар дайым айыпты өзүнөн эмес, өзгөдөн издейт. А балким, чабал бийликке кенедей болсо да жакшы жашоону каалаган, аз да болсо акыйкатты талап кылган, ачуу болсо да чындыкты уккусу келип аткан карапайым калкы тоскоол болуп аткандыр?..
«Алас», N 2, 18.01.2007
Президенттин ар убак эки сүйлөп, жалган айтары ММКда далай ирет жазылды. ЖК депутаттары Бакиев өзү бакыйта колун коюп, эртесиле эстен чыгарып салган канча ырасмий документтерди карабады дейсиң. Атургай, аларды президенттин көзүнө такап да сөз кылышты. Анын баарына эл-журт телевизордон көрүп күбө болушту. Бакиев мырза болсо булардын бирин да чымын чаккандай көргөн жок. Эмне, мамлекет башчысы өзүн шайлаган элди эчнерсени түшүнбөс маңыроо мал санайбы? Андай эмес экен, эмне себептен аларды бир жолу алдап тим болбой, кайра-кайра алдоодо?
Эл деген "чойт" деп айдаса кете берер, алдап койсо ээрчий берер маңыроо мал эмес. Аларды бир алдаса кечирет, эки алдаса аргасыздан чыдайт, а бирок аягы жок алдай албайсың. Себеби, биздин эл бийликке эчен ирет алдатып оозу күйгөн. Эми алдатпайт. Чыдамы түгөнгөндө желмогуз оппозиция болсо да, ошону ээрчийт… Анда алар азыркы журт башчыларды Акаевдей астыртан качырып ийип отуруп каларына күмөнүм бар.
Тээ, 2005-жылы сентябрда, (т.а. марттагы "революция" сөрөйдөн жарым жыл өткөн соң) акаевдик эски номенклатурадан чыккан "революция лидерлеринин" тазкейпин байкап, "МСН" гезитине жарыяланган "Позвольте усомниться" аттуу макаламда: "…Жаңы бийликтин самандай сапырылта берген убадалары мени аябагандай күмөнсүтөт. Президенттин жакында элдин жашоо-турмушун эки-үч жылда оңойбуз дегени 1993-жылы Акаев айткан убадага союп каптагандай окшошуп турат" деп жазган элем. Агезде мен жаңы президенттин реалдуу экономикалык мүмкүндүктөргө шайкеш келбеген мындай куру убадаларын жаңылып айтып алды го деп ойлогом. Көрсө, калкты калп менен жубатуу саясатын экинчи президент биринчи президенттен да катуу өздөштүрүптүр. Андан жарым жыл өткөн соң жарык көргөн "Восток дело тонкое…" аттуу китебимде жаңы бийликтин, айрыкча атактуу тандемдин - президент менен премьер-министрдин оозеки жана жазуу жүзүндө берген далай убадалары ишке ашпай, сөз бойдон калгандыгы, андыктан алардын Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчиси деген кызматка шайкеш эместиги көптөгөн далилдүү фактылар менен ырастоого аракет кылгам.
Мен азыркы бийликке "эл ишенимин жогору баалаш керек" деп нечен ирет жаздым. Эриккенимен эмес, эл үчүн жана эл башкаруучулар үчүн күйгөнүмдөн жазгам. Бирок бийлик менин аксакалдык сөзүмү этибарга да алган жок.
Президент Бакиев бүгүн 2005-жылы июлда өткөн президенттик шайлоодогудай эл ишенимине ээ эместигин сезет болду бекен? Мен жеке өзүм, маселен, Бишкекте азыркы бийликке, айрыкча президент Бакиевге карата элдин пикири небак өзгөргөнүнө, тактан куулар алдында Акаевге кандай карашса, дал ошондой карап калганына күбө өтө алам. Атургай, мындан бир жыл илгери: "…Акаев режими он жылда жеткен абалга азыркы бийлик бир жылда жетеби? Көпчүлүк эл "март окуясынан" бери канчалык убакыт өткөн сайын эски ажону эсеби жок сынга алып, каргап-шилегенине карабастан, уламдан-улам президент Бакиев президент Акаевге окшоп баратканын баамдашууда" деп жазгам.
Эгерде биздин бийлик Кыргызстанды азыркыдай ар тараптуу терең кризистен шашылыш алып чыгып, анын коопсуздугун камсыз кылгысы келсе, анда төмөндөгүдөй кечиктирилгис жана айрыкча маанилүү бир катар проблемаларды чечиши зарыл. Ансыз, менин оюмча, Кыргызстан бир кадам да алга жылалбайт. Ал проблемаларды чечмейин республикабыздын көзкарандысыз эгемен өлкө катары жоголуп кетишине улам жаңы шарт түзүлүп, элдин жашоо деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөй берери ырас. Ал проблемалар бийликке да, оппозицияга да, элге да жакшы белгилүү. Алардын баары бири-бирине тыгыз байланышта, ошондуктан аларды бир убакта, комплекстүү негизде чечиш керек. Ал проблемалар кайсылар? Конституциялык реформа, экономика, коррупция жана кадр саясаты.
Конституциялык реформа
Акаев бийлигинин акыркы жылдары көпчүлүк эл балээнин бардыгы акаевдик Конституциянын негизинде түзүлгөн мамлекетти башкаруу формасы менен методдорунда экенин түшүндү. Ошондуктан эл 2005-жылы Конституцияга каршы төңкөрүшкө чыккан. 24-мартта Акаев Акүйдү таштай качканда мамлекет башчылыгына татыктуу улуттук лидер жок болгондуктан, урап түшкөн бийликти эски номенклатуранын "талканга таарынган" тар чөйрөсү илип кетишти да, адаттагыдай эле мамлекетти башкаруунун акаевдик формасы менен методдорун сактап калууга ыктады. Ошонүчүн алар конституциялык реформаны Чубактын кунундай чоюп, республиканы биржарым жыл чуу кылды.
Бакиев конституциялык реформаны "мына баштайм, ана баштайм" деп берген өзүнүн оозеки убадалары менен тилкаттарын аткарбай, муну менен эл ишенимине түкүрүп ойнобосун ырастады. Атургай, оппозицияны ээрчип чыккан он миңдеген атуулдардын кысымы астында кабыл алынган 9-ноябрдагы Конституцияга бир ай созуп атып араң кол койду. Анан кайра арадан алты күн өтпөй уйкусунан ойгонуп, жаңы Конституцияга акаевдик Конституциядагы ыйгарым укуктарын кайтарып берүүнү талап кылды. М.Султанов башында турган акаевдик парламент анын айтканын "хоп" деп аткарып, жаңы жыл алдында суперпрезиденттик жаңы Конституция кабыл алып берди. Конституциялык реформанын акыры ушундай бүтө турган болгон соң президент Бакиев 9-ноябрдагы Конституцияга эмне үчүн кол койду? Эмне үчүн бир ай өтпөй уялбай-этпейле өзүнө авторитардык ыйгарым укуктарды сурап чыкты? Же ал мурдаагы жылы экс-президенттин чексиз ыйгарым укуктарын кандай эпитеттер менен боктоп-сактаганын унутуп койдубу? Аны президент Бакиев унуткарымыш этсе да, эл эч качан унутпайт.
Кечегүнү президент коомчулуктун басымдуу катмары каршы чыкканына карабастан 30-декабрда кабыл алынган Конституцияга кол койду. Эми эмне болот? Жаңы Конституция толук күчүнө кирип иштей башташ үчүн 6 ай ичинде негизги конституциялык мыйзамдар менен башка көптөгөн мыйзам актылары кабыл алынышы керек. Эгер биз бийликтин акыркы биржарым жылдык иш ыкмасына таянып ой жүгүртө турган болсок, ажонун "ак батасы" менен аткаруу бийлиги ал мыйзамдарды иштеп чыгып кабыл алууну дагы далайга созору күмөн туудурбайт. "Көңүлү жок тайган ууга жарабайт" демекчи, азыркы бийликтин конституциялык реформаны ишке ашырууга башындале табити чаппаган. Демек, аны аягына чыгарбасы турулуу иш. Конституциянын тегерегинде ызы-чуу, А.Эркебаев айтмакчы, али алдыда…
«Алас», N 3, 25.01.2007
Итий экономика
Кичине-чоң жыйындарда президент Бакиев "өлкө экономикасы өнүгүп жатат" деп калат. Анын сөзүнүн тууралыгын өкмөт тутумунан жалгыз гана Күч министри И.Исаков коргоп чыкты. Ал эми өлкө экономикасы үчүн жооп берчү кыргыз өкмөтү минтип көкүрөк каккандан алыс. Алар өндүрүштүн кайсы бир тармагында кенедейле жетишкендик болсо, ошону ИДП ыргагынын өсүшү катары көрсөткөнгө маш. Биздин бийлик калктын реалдуу кирешелери менен инфляция, керектөө товарларын өндүрүү менен сатып өткөрүү, товар алмашуу көлөмү ж.б.у.с. көрсөткүчтөр тууралуу ачык талкуу жүргүзүүгө таптакыр кызыкпайт. Анткени, алар муну ачык талкууга алып чыкса, өнүгүү болуп жатканын конкреттүү фактылар менен далилдөөгө туура келмек. Ошондуктан өкмөт өз журтун абстрактуу статмаалыматтар менен сооротмой адат тапты.
Жакында Экономика жана каржы министри А.Жапаров өлкөнүн ХИПК программасына кирүү зарылдыгын далилдеп атып, өкмөт тарабынан 2006-2010-жыл ичинде өлкөнү өнөктүрүү стратегиясы (ӨӨС) иштелип чыгып, жактырылганын айтты. Аны ЖК депутаттары тезинен талкуулап кабыл алса, өлкө мындан да ыкчам ыргакта өнүгө баштайт деп көкүрөк какты. Эртеси мен ӨӨСүн баштан-аяк окуп чыгып, оозум ачылды. Анда ӨӨСтү каржылоо үчүн жалпысынан 8,9 анын ичинен экономиканы өстүрүү үчүн 5,5 млрд. доллар талап кылынат деп айтылат. Өз күчүбүз менен программаны ишке ашыруу үчүн болгону 0.25 млрд. доллар каражат табалат экенбиз. Калган каржыны тикелей инвестиция катары сырттан тартуу керек. Демек, ӨӨСтү биз толугу менен чет элдик донорлор менен инвесторлордун, т.а. баягы эле өңү тааныш ДБ менен ЭВФ эсебинен ишке ашырабыз. Эгер алар бүгүн бирди айтып, эртең башканы сүйлөгөн өлкө президенти К.С.Бакиевге, парламент ишенимине ээ болалбаган Ф.Ш.Кулов өкмөтүнө ишенип, жетпеген 5,88 млрд. долларды бере салса бир жөн, а эгер бербей койсо не болот? Кыргыз бийлиги бетке кармап мактанган өнүгүү стратегиясынын базиси ушундай. Ары карап ыйлайсың, бери карап күлөсүң. Анча болду, Кулов менен Бакиев салабат күтүмүш ордуна А.Жапаров менен М.Алапаев мырзаны алдыга салып, чет өлкөлүк донорлордон 100 млрд. доллар сураса болмок. 2010-жылга чейин Швейцариядан ашып кетсек, бирөөнүн эмнеси кемимек эле?!
Бакиевдин ӨӨСүн окуп отуруп, айласыздан Акаевдин Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери (КОР) программасы эске түштү. Мени КОРго эксперт катары чакырышкан. КОРду бир окуп чыкканда эле мен аны ишке ашыруу үчүн эмес (ачыгын айтсам, анда ишке ашыра турган кыпындай мүмкүнчүлүгү жок эле), эларалык финансы уюмдарынан кредит алыш үчүн гана жазылганын түшүнгөм. Ошондуктан ырасмий эксперт болуудан баштарткам. Оо, акаев заманында андай долбоорлордун канчасы жазылбады дейсиң! Ошолордун эмне майнап чыкты? Тагын таштай качкан кан, итке минген өлкө, тентиген эл, эңшерилген экономика, калдайган карыз менен ХИПК сыйыртмагы. Эртең эмне болоруна көзү, экономиканы жөндөп кетүүгө күчү жетпеген бийлик, ушинтип, кудайдан үмүт кылгандай, чет өлкөлүк донорлордун чөнтөгүнө сыйынгандан башка жол таппады. Ал жол өлкөнү кайда алып барары биз тургай, кудайдын өзүнө да белгисиз.
Кутурган коррупция
Кыргызстан дүйнөдөгү эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн бири экени ырасмий такталган. Акыркы маалымат боюнча, бу жагынан биз 160 өлкө ичинен алдыңкы 15-орунду ээлейбиз. Бакиев "коррупция менен айоосуз алышып атабыз" деп жер сабаганына карабастан, акыркы биржарым жыл ичинде анын арааны күч алууда. Азыркы тапта "Жалкоолор менен аңкоолор гана пара албайт" деген ылакап мода.
Коррупция менен күрөштө Бакиевдин "бакиевдик" түшүнүгү бар. Ал фискалдык органдар коррупцияга катуу чабуул койгондуктан бюджеттин киреше бөлүгү жүз миллиондогон сомго көбөйгөнүн, ошонун негизинде бюджеттик мекеме кызматкерлеринин айлык акысын бир нече ирет көбөйтүүгө жетишкенин байма-бай айтып келет. Мамлекет башчысынын мындай билдирүүлөрү карапайым калк ичинде үч ача пикир туудурат.
Биринчиден, фискалдык органдардын көз астында миллиарддаган көмүскө акчалар айлантылат. Алар ошонун бираз гана бөлүгүн өзара сооданын аркасы менен казынага буруп коюшту. Ал эми президент коррупционерлердин ошо анча-мынча кайыр-садагасын коррупция менен ийгиликтүү күрөш катары көрсөткүсү бар. Дегиңкиси, коррупционерлер менен келишип, көмүскө каражат булактарын казынага буруунун өзү коррупция менен айоосуз күрөш болуп саналбайт. Тескерисинче, коррупция менен кызматташуу катары бааланууга тийиш.
Экинчиден, президент социалдык тармак кызматкерлеринин айлык акысын 20-30 пайыз көбөйттүк деп сыймыктанган менен, ал ортодо күч алган инфляция жана керектөө буюм-тайымдарынын наркынын өсүшү көтөрүлгөн айлык акыдан канча эсе ашып кетип атат. Демек, азыркы жетекчилер бийликке келгенден калктын жашоо деңгээли кыйла төмөндөгөн болуп чыгат.
Үчүнчүдөн, коррупция менен чын эле күрөшүп атышкан болсо, кайсы бир коррупционер жоопко тартылып, жаза алышы керек болчу. Эки жыл ичинде кайсы коррупционер жоопко тартылды? Ким кандай жаза алды? Жооп жок.
Бакиевдин айтканына ишенсек, коррупция бийликтин бийик катмарында жок экен. Аны менен Акүйдүн астыңкы кабаты гана аралаш. Ошондуктан ал коррупциянын төмөнкү катмары менен айоосуз күрөш жүргүзүмүш этүүдө. Президент мындай көзбойомо күрөштөн майнап чыкпасын түшүнбөйбү деп ойлойсуң. Биз чыгыш өлкөсүнө кирерибизди унутпайлы. Балык башынан сасыйт дегендей, эгер Акүйдүн 7-кабатында отургандардын колу таза болсо, астыңкы кабаттарда коррупция тамырлай алмак эмес.
Карапайым калк мамлекет башчысын өлкөдөгү эң чынчыл жана таза адам катары санайбы? ММКда анын урук-туугандары менен жакын адамдарынын финансылык тартип бузуулары тууралуу көп ирет айтылды, көп ирет жазылды. Атургай, муну ырастаган ырасмий фактылар келтирилди. Маселен, президент өзүнүн уулу Максим таза бизнес менен шугулданарын көп айтат. М.Бакиевдин фирмалары тууралуу депутаттык комиссиянын суроо-талабына Юстиция министрлиги "Кыргызстанда анын атынан үч фирма катталган" деп жооп узатты. Анан анын төртүнчү фирмасы бары тууралуу кошумча маалымат берилди. Аны Минюст атайы айтпай кеткени же жашырып койгону белгисиз. А бирок, республиканын салык инспекциясы Максим Бакиев тарабынан казынага бир тыйын да төлөнгөн эмес деп атпайбы. Анан кантип карапайым калк Бакиевдин таза бизнес жасаганына ишенет?
«Алас», N 4, 01.02.2007
Кадрдын кадыры
Өлкөнү терең кризистен, биринчи кезекте экономикалык күнкордуктан ыкчам алып чыгыш үчүн жаңы бийлик иш стили менен усулдарын түптамырынан тарта жаңы нукта өзгөртүшү керек эле. Ал үчүн, ириде, мамлекеттик жооптуу кызматтарга кадрларды ишкердик жана адистик сапаттарына карап тандап, кадрлар менен иштөөнү жакшыртуу талап кылынган. Ошондуктан бийликке келип жатканда Бакиев-Кулов тандеми "кадрлар жалаң гана ишкердик сапаттарына карап тандалат" деп убада берген эмеспи.
Тилекке каршы, бийликтин бардык тепкичтерине кадрлар адистик сапатына эмес, "революция сөрөйгө" кандай катышы барына карап тандалды. Мында башкы көңүл жердештикке, тууган-туушкандыкка, жеке берилгендикке бурулду. Андан тышкары, "тандем" деген мандем табылга да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Жетекчи кадрлар ичиндеги түндүк-түштүк балансы коомду да түндүк-түштүк кылып бөлүнүүгө алып келди.
Кыргызстандын 1940-50-жылдардагы жетекчилери: КП БКнын биринчи секретары И.Раззаков да, Жогорку Кеңеш төрагасы Т.Кулатов да, Министрлер Советинин төрагасы А.Сүйөркулов да түштүк кулундары болушкан. Бирок алардын адамгерчилик жана ишкердик сапаттары ушунчалык бийик эле, карапайым калк алардын кайсы жерден, кайсы уруудан экенине көңүл бурчу эмес. Алардын бул сапаты бийлик менен эл биримдигине, республиканын маданий жана экономикалык гүлдөп-өнүгүшүнө кызмат кылган. Т.Усубалиевдин бийлик башында чейрек кылым турушу өлкөдө авторитаризмдин, экономика жана кадр саясатында жердештик менен трайбализм элементтеринин жаралышына жол ачты. Бирок, мунун өркүндөшүнө КПСС БКнын тыкыр көзөмөлү чек коюп турчу. СССРдин кулашы жана КПСС БК көзөмөлүнүн жоюлушу менен эгемен Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаев кадр саясатын жалаң жердештик менен регионализмге таянып жүргүзө баштады.
Ачыгын эле айтайын, биздин өлкөнү бийликтин аркыл катмарында бекем тамырлаган жердештик, уруу-уруктук жана башка трайбалисттик бөлүнүп-жарылуулар азырынча алсыратып турган менен, акыры өлтүрүп тынат. Тилекке каршы, бул көрүнүш басаңдаш ордуна, улам күчөп барат. Ошто өткөн антимитингде бир аксакал "эгер түндүктүктөр түштүк кулуну К.Бакиевди иштетпей турган болсо биз аны Ошко президент шайлап алабыз" дебатпайбы.
Былтыр жайда урматтуу аксакалдарыбыздын бири менен жолуктум. Ал киши Бакиевден "жанагы экөөнү жаныңа кармап эмне кыласың?" деп сураса, президент ал экөөнү бул кызматка аргасыз дайындаганын, аларсыз колу-буту байлануу экенин айтып актаныптыр. Сөз мурдагы мамкатчы Д.Сарыгулов менен президенттик администрация башчысы Ү.Сыдыков тууралуу жүрүп жатканын баамдап аткан чыгарсыңар. Ошондон улам мен "Восток - дело тонкое…" аттуу китебимде "президент булардын революцияга жумшаган "балит акчаларынын" барымтасында калды…Эми алар бул "инвестицияны" эл эсебинен кайра кайтарып алганга чейин күтүүгө аргасыз" деп жазгам. Айткандай эле, бул экөө нааразылык акцияларынын аркасы менен бир жылга жетпей иштен куулду. Демек, бизде "инвестицияны" кайтарып алууга бир жыл жетиштүү экен да?..
Эл ичинде Сыдыков мырза президенттин мамкеңешчиси катары кадр саясатын азыр деле улантып келет деген сөз жүрөт. Анысынын чын-төгүнүн так билбейм, бирок мамлекеттик бийликтин бетине кеткис көлөкө түшүрөр мындай бир фактыга күбө болгон жерим бар. Былтыр жазда "революция сөрөйдүн" бир жылдыгына арналган кайсы бир көрсөтүүдө революционерлер чыгып сүйлөп атышат. Алар менен катар бир эркек менен бир аялга да сөз берилди. Алар сүйлөп атканда астына аты-жөнүн, иштеген кызматын жазып көрсөтүштү. Экөө тең президенттик администрация иш башкаруучусунун кеңешчиси болуп иштешет экен. Акүйдө ушундай кызмат барын угуп, төбө чачым тик турду. Адатта, иш башкаруучу президент менен анын администрациясынын чарба-тиричилик маселелери боюнча гана иш алпарат. Текебаев айтмакчы, алар президенттин завхозу болуп саналат. Эгер президенттин завхозу эле эки-үчтөн кеңешчи кармап атса, Ош, Жалалабат, Бишкекте ж.б. жерлерде Сыдыков мырза канча революционерди эл эсебинен багып атканын эсептеп ал, эр болсоң!.. Мен билгени, 90-жылдардын башында президенттин иш башкармалыгында болгону 13 киши иштечү. Азыркы Акүйдө алардын саны 40тан ашты дейт. ХИПК босогосунда турган дүйнөдөгү эң кедей өлкөнүн кадр саясаты ушундай.
Жаңы бийлик кандай кадрларга таянууда: реформаторлоргобу, тажрыйбасы мол карыяларгабы же рынок экономикасын жакшы билген жаштаргабы? Жок. Бийликте азыр митингилеш шериктер, "кожоюнга" кың дебес функционерлер, жердештер менен жек-жааттар отурушат. Кыскасы, кадр саясатында кардиналдуу өзгөрүү болбоду. Усубалиев-Масалиев-Акаев заманындагыдай эле Бакиев бийлиги да "кожоюн" сөзүн эки кылбай аткарган, өйдө жакка да, ылдый жакка да "ляппай" деп куйругун карматпас универсал комсомол жолбашчыларына таянды. Алыста жүргөндүктөн алардын баарын санап бералбайм, айрымдарын айтсам, калганын өзүңөр тактап аларсыңар. Алар: президенттик администрация жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев, анын биринчи орунбасары Медет Садыркулов, вице-премьер-министр Тынычбек Табылдиев, Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов, каржы министри Акылбек Жапаров, социалдык коргоо министри Евгений Семененко, улуттук статком төрагасы Орозмат Абдыкалыков, каржы көзөмөлү жана отчет агенттигинин деректири Юруслан Тойчубеков ж.б.
30-декабрда Бакиевге суперпрезиденттик ыйгарым укуктарды камсыз кылган Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынышы менен президенттин жеке бийлиги ого бетер күчтөндү. Эми ал парламентке кайсы гана талапкерин таңуулабасын, алтын баштуу премьер-министр апкелсек да социалдык-экономикалык жылыштарды камсыз кылып бере албасы анык.
Касым ИСАЕВ
Comments