top of page

БИЙЛИК ЭЛДИ «ТҮКҮРҮП» КОЙУУДА


Союз убагында эле көлдүн толкуну адамзатка пайдалуу да, кирешелүү да делип, ар кайсы республика Ысыккөл жээгин бойлото түрдүү эс алуу жайларын курганга жетишкен экен. Алардын арасынан Казахстан тарап озунуп төрт пансионатын расмий менчиктөөгө белснип турат. Ысыккөл районунун Бозтери айлындагы «Саамал», «Казахстан университети», «Казахстан» санаториясы, Корумду айылындагы «Автомобилист Казахстан» деген эс алуу жайлар 1991-жылдагы келишим боюнча Кыргызстанга өтүш керек эле деген сыяктуу негизги себептерин жиликтеген көптөгөн талкуу, жыйын мурдагы, кийинки Жогорку Кеңештин сессияларында дагы ого эле көп, байма-бай талкууланып, бирок берилбей келди.


- Касым Исаевич, бийлик өкүлдөрү Көлдөгү пансионаттар Казахстандын акчасына курулган деген мисалды келтиришип, казактардын менчиги дешүүдө. Буга ишенсек болобу?


- СССР учурунда жалпы мамлекеттик менчик, кооперативдик-колхоздук менчик жана ар бир адамдын жеке менчиги болгон. Ар бир республиканын менчиги деген болгон эмес. Анткени, СССР деген бир гана мамлекет болгон. Пансионаттар болсо убактылуу гана башкалар пайдалана алышат деп жазылган. 1992-жылы союз кулаганда ар бир республиканын ичинде болгон мүлктөрү өзүндө менчик болуп калат деген келишимге кол коюшкан, баары калган. Анан мамлекети үчүн күйгөн жетекчилер баарын сактап, андан ары өстүрүп кетти. Бизде болсо Акав деген окумуштуу келип, тажрыйбасы жок адамдарды тегерегине чогултуу менен баарын тозутту. Бир эле мисал келтирейин, 1992-жылы Москвадан келсем, өкмөттүн жыйынына катышыңыз деп суранышып калды. Кирсем өлкөдөгү самолетторду Барнаулга айдап кетишти, заводдордун тетиктерин вагондор менен ташып жатат деп баары өкүрүп-кыйкырып ызы-чуу болуп жатышкан экен. Акаев мамлекеттин ичиндеги мүлк Кыргызстандыкы деп чечимге кол койгон. Бирок аны сактап калууну уюштурган эмес. Орустар булардын шалакылыгын билип, керектүүнүн барын ташып кетишти. Кудайдын буйругубу же кыргыздын шоркелдей багынабы, айтор, ошондон тартып бүгүнкү күнгө чейин бийликке жалаң тажрыйбасы, акылы жок адамдар келгендиктен, азыр КМШ мамлекеттеринин ичинен эң начар, алсызына айландык. Башындагы адам сук болгондон кийин төмөнкү кызматтагылар өлкөнүн кызыкчылыгы эмес, жалаң өздөрүнүн кызыкчылыгы менен болуп калаарын турмуш көрсөттү, азыр да кайталанууда.


Ооба, 24-мартта бийлик алмашканда кемчиликтер эми оңолот экн деп, жалпы кыргызстандыктар сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы, булар муруңкудан да ашып түшүп, элди талап-тоноо мнен байлык топтоого киришти.


- Союздун казнасы бир болгон дедиңиз. Анда эмне үчүн казактардын же өзбектердин пансионаты деп коюшкан…


- Ысыккөл «бүткүл союздун эс алуучу жайы» деген статус алган. Анан жалгыз Кыргызстан баарына шарт түзүп, баарын куруп, жалгыз тосуп алалбагандыктан, убактылуу пансинаттарды өздөрү куруп, эс алуусу үчүн кошуна республикаларга уруксат берилген. Ошондой эле, маселен, Чаткал, Алай жакта Өзбекстандын, Тажикстандын малы жайлап кетчү. Ал эми бизде мал бакканга жер аз болгондуктан Казахстандын Кенесанархайына барып жайлап-кышташчу. Союз ыдырагандан кийин биз барбай калдык. Жамбулдуктар Таласка келип жайлашчу, алар да келбей калды. Биздикилер ал жерлерге сарайларды курган. А эмне үчүн кийин казактардан Кыргызстан курган сарайлары биздики деп айта алган жокпуз. Айтмак турсун бизди жакын жолотуп да койбойт. Ал мал чарбачылыгына тийиштүү болгондуктан көтөрүлгөн жок да. А Ысыккөл болсо жердин көзү. Бул жерде эс алса да, акча тапса да болот. Ошондуктан баарынын көзү кызарып турат.


Мисалы союз кезинде Крымда дагы бир топ республикалар эс алуучу жайларды куруп, эс алып келишкен. Башкасын айтпаганда Москванын баардыгы эле Крымда эс алышчу. 1992-жылы ушул боюнча катуу талаш чыкканда мен да барып СНГнын чогулушуна катышкам. Бирок, Украина катуу туруп бербей койгон. Казахстандыкы деген төрт пансионатты бербейбиз дей албай кылтылдап жатабыз, а Крымда Россиянын не деген эс алуучу жайлары бар эле. Бербейбиз деди, бүттү. Ошондо Россия премьер-министри Е. Гайдар: “Бул маселе силерде да бар кыргыздар” деп кыйытып айтканы эсимде. Анын айтканы мына эми келип жатат. Ошол убактардагы документтерде “пансионаттар убактылуу колдонулуп келген Өзбекстан менен Казахстандыкы” деп туура жазылган. Каалаган учурда биз өзүбүзгө алып алмакпыз. Анан тигилердин менчиги деген болбогон сөз. Эскини айтпай, баарын жаңыдан түзүү керек. Аны биздикилер кылбай жатат. Ошондон улам бирдеме алганбы деп ойлойт экенсиң. Мүмкүн Назарбав менен куда болгондо Акаев берип койгондур. Анда кайра карап чыгалы деп чечкиндүү эле маселени коюш керек. Эгер ошол учурдагы Акаевдин кемчилигин оңдобосо, анда эмнеге Акаевди жамандайт. Азыр менчикке берсе, алар эч качан биздики болбой калат.


- Касым Исаевич, казактар Каркыра жайлоосуна да көз артышууда...


- Каркыра кооз жайлоо. Мында да казактар убактылуу малын багып келишсе керек эле. Эми бизге бергиле деп абдан туура эмес маселе коюп, күчкө салышууда. С.Аламанов Каркыранын ордуна башка жерден жер алганбыз деп жатат. Эгер алса кандай жер, кайсы жерде экенин такташса, ойлонуп көрсө болот. Бирок, баары жең ичинен чечилгендиктен түшүнүксүз болууда. Анткени, Үзөңгү-Кууш да ошондой кеткен. Мен Абрамзондун китебин карасам, Үзөңгү-К­ууш илгертеден бери менин чоң аталарым жайлап жүргөн кыргызга тиешелүү жерлер экен. Бирок, берип жиберишти.


- Эгер Каркыранын ордуна жер алынса туура болот дегендей кылдыңыз. Бизге бериле турган жер таштак, эч нерсе өспөгөн жер деп Азимбек Бекназаров айтып жүрбөйбү?


Бир нерселерди өстүрсө болот, пайдасы көп деп башка бирөө да айтып чыкты. Аны көрүп келбегенден кийин так айталбайм. Бирок, биз эгемендүүлүктү алгандан бери жең ичинен макулдашуу өнөкөткө айланды. Бир маселени чечээрде баардык жагынан карап, элге туура түшүндүрүп, ачык чечүү деген нерсе бизде жок. Биздикилерди сен кыйынсың деп далыга чаап койсо болду, баарын жайлайт.


- Ысыккөлдүктөрдүн “Акыл ордо” коому жыйын куруп берилбесин деп каршы чыгышты.


- Мен деле кыргыз уулу катары берилбесин дейм. Анткени, мен да кантип берилип жатканына түшүнбөй жатам. Тез арада өкмөт элге чыгып түшүндүрүүсү керек. Бул убакка чейин эч кимиси айткан жок. Мынча жерди беребиз, тигинчни алабыз, биз уттук деп Аламанов гана төш кагууда. Аламанов эмес, Өкмөттүн башчысы айтсын. Жоопкерчилигин премьер же президент мойнуна алсын. Булар антишпейт, себеби баары жашыруун чечилип жатат. Ошондуктан элде нааразычылык күчөп жатат.


- Эл берилбесин деген талапты туура коюп жатат деп ойлойсузбу, себеби, экономикалык мамиле деген да бар эмеспи. Бийлик ушуну көздөп жаткандыр?


Эл атынан түзүлгөн бийлик, элге эмне жасаганын айтып туруш керек. Биздин бийликтин көзүнө сайып, айыбын ачса да унчукпайт. Кыргызчылыкка, эски тымпыймалыкка салып башкарып жатышпайбы? Өзүнө керек учурда гана эл билет деп элге сала коюп, өзүнүн каалаганындай бурмалап шайлоо өткөрүп алат. А сатыла турган нерседе элди “түкүрүп” койууда. Өзүнүн гана жеке кызыкчылыгын чечүүдө. Чатактын баары ушундан чыгып жатпайбы. Кечээ эле Акаев баарын сатты деп Бакиев өзү өкүрүп митингде жүрбөдү беле? Ошондо эл ишенип, тактыга көтөрдү да. Акаев кетирген кемчиликтерди жойот экен деп ишенгенбиз, бирок, бийликке келгендн кийин баарын унутуп, элди алдап кетти. Азыр болсо Хан болгусу келип жатат.


2000-жылдары Акүйдөгүлөр Акаевди мактап эле отурушчу. Эл жаман көргөнүн Акаевге айтпай жүрүп жайлашты. Азыр да Бакиевдин тегерегиндегилер сизди эл жакшы көрөт деп мактап отурушат. А чындыгында азыр Бакиевди жактырган бир да “честный” адамды көрбөйсүң. Карапайымдан, билимдүүдөн кимисинен сураба, бул президент болбой калды, көпкө узабай калды дейт. Ушинтип элге жаман көрүнүп турганын билген Назарбаев келип күчкө салып, маселесин чечип кетип жатканы түшүнүктүү да.


Маектешкен Зулпукаар САПАНОВ


  • «Апта», коомдук-саясий гезит, №13 (133), 10-апрель, 2008-жыл

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page