top of page

ЖоКеде жаңы "кожоюн"

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы парламенттердин арасынан эң эле ийкемдүү, тил алчаак, кол балага айланган Жогорку Кеңешибиздин "кожоюну" алмашты. Албетте, орун алмашуудан сумма өзгөрбөгөн сыяктуу эле "акжолчулар" басымдуулук кылган айдакталма парламентибиздин спикери Тагаев болобу же Курманов болобу, анчалык деле мааниге ээ эмес деңизчи. Ошентсе да, буга чейин саясат серепчилеринин, Ак үй менен Көк үйдөгү узун кулактардын жоромолдорунда божомолдонуп келгендер эмес, ойдо жок жерден Зайнидин Курманов спикер болуп отуруп калды. Бул жерде кандай оюндар болуп кеткендигин, иттин өлүгү кайда көмүлгөндүгүн билүү максатында саясаттын сасык оюндарына аралашып калган, саясаттын күңгөй-тескейин түшүнгөн белгилүү саясатчы, коомдук ишмерлерибизге кайрылып, "Жогорку Кеңештин төрагалыгына Зайнидин Курмановдун дайындалышына сиздин көз карашыңыз?" - деген суроону узатып, ойлорун ортого салдык.

Бегиш Ааматов, экс-депутат:

- Бизде мыйзамдуу Конституция жок, демек, мыйзамдуу парламент, мыйзамдуу спикер, мыйзамдуу өкмөт дагы жок. Мадумаровбу, Тагаевби, Курмановбу же Текебаеви болобу баардыгы мыйзамсыз спикерлер. Ошондуктан эң туурасы 1994-жылы Акаев талкалаган мыйзамдуу Конституциябызды ордуна коюшубуз керек. Эгер эртең Нарын дарыясы Кытайга же Израилге берилип кетсе эч кандай таңкалуунун кереги жок, анткени мыйзамсыз бийлик мыйзамсыз иштерди жасай берет.

Темир Сариев, "Ак шумкар" партиясынын төрагасы:

- Бул Жогорку Кеңештин ички сыры. Зайнидин Курманов жөнүндө айтсам, ал билимдүү, илимдүү инсан, окумуштуу, укук таануу боюнча чоң адис. Бул кишинин ишин келечек көрсөтөт. Ал эми азыркы парламент болсо элге ишеним көрсөтө албай жатат. Тагыраак айтканда өз ордун биле албай келет.

Мирослав Ниязов, Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы:

- Жогорку Кеңеш элдин кызыкчылыгын коргой албай калды. Алар ички кызыкчылыкты гана коргоп калды. Тагыраак айтканда, зыяндан бөлөк пайдасы жок. Бүгүнкү күндө парламенттин төрагалыгына Зайнидин Курмановдун дайындалышын сындай албайм. Негизи парламенттин өз көз карашы болуш керек эле. Алар ошол нерсеге жете албай келет.

Иса Өмүркулов, ЖК депутаты:

- Жогорку Кеңеш өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Ал эми Зайнидин Курмановдун кемчилдиги болуп, эне тилин толук билбегени саналат. Бул жагынан кыйналып калышы мүмкүн. Бирок иш - тажрыйбасы боюнча, иш билгилиги жагынан бирөө-дөн акыл сурабайт. Жалпылап айтсам өткөн спикерлерден бул кишини айрымалоого болбойт.

Касым Исаев, коомдук ишмер:

- Эми бул адам менен жакындан тааныш эмесмин. Мурдараак бир телеканалдан саясат таануучу катары бир көрсөтүүнү алып барчу эле. Ошондон көрүп-билгеним боюнча, демагог саясатчы катары баа бергем. Эми жакындан таанып билбегенден кийин мындай-тигиндей деп айтыш кыйын. Бирок, спикерликке барганына караганда жакшы кошоматчы болсо керек деп ойлоп калдым. Себеби, бул бийлик деңгээли төмөн, жеткен кошоматчылардын бийлиги болбодубу. Бакиевдин тегерегинде түз жүргөн, түз сүйлөгөн, кемчиликти бетке айткан бир дагы жетекчи жок.

Өмүрбек Текебаев, экс-спикер:

- Акжолчулардын ичинен тыңыраагы эле, ушул киши. Билими, тажрыйбасы бар. Ал эми саясий планда карасак, өз алдынча фигура боло албайт. Ушул кезге чейин "өгүзүм өлбөсүн, арабам сынбасын" деген ойдо болуп келген. Бул парламент элдин оюн, мүдөөсүн аткара албай келет.

Мукар Чолпонбаев, экс-спикер:

- Азыркы бийликке эмне керек? Азыркы бийликке үй-бүлөлүк бийликти лям дебей, мыйзамдаштырып берген билимдүү адам керек. Ошондой адам Зайнидин Курманов. Анын үстүнө ал ханзааданын командасындагы адам.

Эмилбек Каптагаев, "Улуу Биримдик" партиясынын төрагасы:

- Негизинен, "эшегине жараша тушагы" дегендей эле кеп болду. Курмановубу, Эшматпы, Ташматпы парламентте абал эч өзгөрбөйт. "Ак жол" "Ак жол" бойдон, Жогорку Кеңеш баягыдай эле добуш берүүчү машина бойдон кала берет.

Султан Урманаев, экс-депутат:

- Эми Зайнидин Курмановдун "Ак жолдон" экендиги эле көп нерсени айтып турбайбы? Анын келиши менен парламентте бир чоң өзгөрүү болуп кетээрине мен эч ишенбейм. Баягы парламент, баягы эле "Ак жол" баягы эле иштерин уланта берет.

Искак Мамсалиев, ЖК депутаты:

- Зайнидин Курмановдун Жогорку Кеңештин төрагалыгына дайындалышына көз карашым түз. Эч кандай каршы пикир айта албайм.

Эрнис Балбаков, Гүлмира Шаршеева


Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page