"Жаз жарыш, күз күрөш"-демекчи, жаз, жай айлары жакшы эле "жарышып" маарага жеткен президентибиз күркүрөгөн күздүн кирип келиши менен дээрлик эки ай күттүргөн реформаларын 20-октябрда 1,5 саатка созулган кайрылуусунда жалпы кыргыз элине жарыя кылды. Бийликтин бийик секисинде да, оппозициясынын короосунда да, карапайым калк арасында да кызуу талкууга алынган бул реформалар, чын эле кыргыз элинин көптөн күткөн бакубат жашоосуна алып келеби же адаттагы эле реформалардын бири болуп, "чаң баскан" указдардын катарын толуктайбы аны убакыт көрсөтөт деңизчи. Ошентсе да, "бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун"-дегендей, саясаттын күңгөй-тескейин түшүнгөн айрым коомдук-саясий ишмерлерибиздин бул боюнча пикирлерин ортого салууну туура көрдүк.
Бегиш Ааматов,
экс-депутат, коомдук-саясий ишмер:
Мен баягыны эле айтам. 93-жылкы мыйзамдуу Конституцияны ордуна коймоюн ар ким каалаганын кыла берет. Мыйзамсыз Конституциянын негизинде жүргүзүлгөн реформа эч нерсеге жарабайт.Баягы эле башаламандыктар дагы деле улана берет.
Негизи кандай гана реформа болбосун эң негизги төрт учурду өзүнө камтыш керек.
Биринчиден, эч кимге баш ийбеген, мыйзам чыгаруу менен гана алектенген мыйзам чыгаруу органы болуш керек.
Экинчиден, өз алдынча иштеген аткаруу бийлиги керек.
Үчүнчүдөн, көз карандысыз сот бийлиги.
Төртүнчүдөн, жергиликтүү эл шайлай турган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги керек. А бизде баары вертикалдуу жайгашкан.
Негизи эле Акаевдин доорунан бери бизде мыйзамдуу бийлик жок. Ошондуктан баардыгында тең жоопкерчилик жок. Кааласа, Үзөңгү-Куушту кармата салышат, кааласа Чудиновун премьерликке коюп, кайра алып салышат, кыскасы эч ким, эч нерсеге жооп бербейт. Демек, эл дагы, бийлик дагы, оппозиция дагы 1993-жылдагы мыйзамдуу Конституцияны кайра калыбына келтириш керек экендигин түшүнмөйүн, бизде эч качан өнүгүү болбойт!
Касым Исаев,
коомдук ишмер:
Мен президенттин реформа жөнүндөгү жалпы элге болгон кайрылуусун угуп отуруп, Президент өз элин шылдыңдап, маскаралап жатабы? - деп ойлоп кеттим. Президент өз сөзүндө бийликтеги чиновниктердин дээрлик 90 пайызы жеке кызыкчылыктары үчүн иштеп жүргөнүнө көзүм жетти деп атпайбы. Ошол өз кызыкчылыктары үчүн иштеп жаткан чиновниктердин 90 пайызын 4,5 жылдан бери бийликке ким алып келди? Экинчиден, ошол чиновниктер кимден үлгү алып жатышат. Жеке кызыкчылыгы үчүн иштеген ошол чиновниктердин ана башында турган Данияр Үсөновду премьер-министрликке ким сунуштады?
Буга чейин эч нерсе өзгөрбөгөндөн кийин, ыплас шайлоо менен бийликке келгенден кийин деле чоң өзгөрүү болуп кетээрине ким ишенет? Азыр бийликтин майлуу-сүттүү тамагы менен жан сактап жүргөндөр эле бул реформаны жактабаса, жалпы эл баарын көрүп-билип эле турбайбы.
Болот Жанузаков,
"Кут" партиясынын төрагасы:
Мамлекеттик башкаруудагы реформалар жөнүндө көптөн бери эле айтылып келет. Жарыяланган реформанын орчундуу учурлары менен толук таанышып чыктым. Кээ бир маселелер боюнча туура, так багыттар аныкталган. Ошону менен бирге бул реформанын бир катар кемчиликтери да бар. Алсак, өтө орчундуу кызматтар бир агенттикке, министрликке биригип калган. Ошондой эле мамлекеттик башкаруудагы өтө маанилүү деп эсептелинген кадр тандоо маселеси да туура жолго коюлса жакшы болмок. Азыркыдай жердешчилик, тууганчылык, жоро-жолдоштук мамилелер дагы деле улана берсе, бул реформасынан деле эч майнап чыкпайт.Ошону менен катар президенттик бийликти күчөткөн реформа болгондугу ачык эле көрүнүп турат. Бирок, парламентке байланышкан реформаларын мен толугу менен колдойм.Чын эле 90 депутатты тейлеш үчүн 800 кызматкердин эмне кереги бар? Кандай болгон күндө да реформаны элге жарыялап коюш оңой иш, бирок, кептин баары анын аткарылышында турат. Ошондуктан, Бакиевдин жарыялаган реформаларына бир жактуу баа бериш азырынча эрте.
Эмилбек Каптагаев,
"Улуу Биримдик" партиясынын төрагасы:
Жалпы мамлекеттик бийликти кыскартууга, оптималдаштырууга багытталган кыскартуулар негизинен туура. Бирок, бул реформалар президенттик бийликти болуп көрбөгөндөй күчөткөн. Ошону менен бирге президенттин жоопкерчиликтери так, ачык көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле бийлик бутактарындагы бири-бирин кайталоочу структураларды жоем дегенине карабастан, дагы деле баягыдай эле кайталанма, түшүнүксүз жагдайлар орун алган. Алсак, Президенттин алдындагы инвестициялык кызмат уюшулуптур. Анда Каржы министрлиги эмне кызмат кылат? Ушул сыяктуу бир катар түшүнүксүз учурлар орун алган.
Жыргалбек Турдукожоев,
саясий серепчи:
Биринчиден, бул билдирүүдө мамлекеттик гана бийлик структуралары жөнүндө сөз болду. Кыргызстандагы жалпы мамлекеттик башкаруу системасына эч кандай тиешеси жок. Башкача айтканда, сот бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлигин реформалоо жөнүндө эч кандай деле олуттуу жаңылык байкалган жок. Бийлик бутактарындагы мындай өзгөрүүлөр буга чейин деле болуп келген. Акаев бир-эки ай мурун элди дүрбөлөңгө салбай эле бийликти оптималдаштыруу максатында деп туруп эле, мындай өзгөртүүлөрдү далай жолу кылып келген.
Белгилей кетчү бир жагдай, президент 1-сентябрдагы кайрылуусунда өкмөттүн ыйгарым укуктарын арттырам, күчөтөм деп айткан эле да. Бирок, кечээки кайрылуусунда бардыгы тескерисинче болду го. Премьер-министрдин ыйгарым укуктары кескин түрдө азайтылып, негизинен аппарат жетекчисинин б.а. 1-вице-премьер-министрдин бийлиги күчөп отурат.
Мындай реформалардын жүзүн, миңин жасаса болот, бирок кандай жыйынтык берет, аны убакыт көрсөтөт.
Жамин Акималиев,
коомдук ишмер:
Негизи Кыргызстан, тээ советтик мезгилден берки эле мамлекеттик башкаруу менен жашап келет. Коом өзгөрдү, ошону менен кошо система өзгөрүш керек. Жалпысынан бул реформалар мага жакты. Кечээ эле улуу урматтуу деп бөжөңдөп жүргөндөр кызматынан айрылып, бир заматта президентке каршы чыгышы мүмкүн.
Эрнис БАЛБАКОВ
Comments