top of page

Пикирофон, газета "Алас"

Обновлено: 31 июл. 2018 г.


  • N 4, 01.12.2005

Өгүзбү?.. Арабабы?.. Президент менен премьер-министр электр системасын тез арада концессиягаберебиз деп атат. Сиздин оюңуз?


Эдил БАЙСАЛОВ, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалиция жетекчиси: - Концессияга берилиши керек. Берилбесин дегендер Кумтөрдөй болуп алданыпкалабызбы деп атышат. Түшүнсө болот. Негизгиси берилсин, берилбесин дегендеэмес, кандай шарт, келишим менен берилет, кеп ошондо. Кээ бирлер айтып атпайбыорустарга гана берилиш керек деп. Эмне үчүн орустарга? Кыргызстандын эли үчүн жагымдуу шарт, чоң баа берсе, японбу, иранбы, башкасыбы, берилиш керек.


Айылчы САРЫБАЕВ, экономика илиминин доктору, профессор: - Менимче бул туура эмес. Электрсистемасын концессияга берүү өлкөнүнэкономикалык коопсуздугун жокко чыгаруу деген кеп. Эгерде мамлекетэлектросистемасын башкарууга өзү киришип, андагы коррупцияны жойсо, булжалпы коррупцияны жоюу дегендик. Башкаларга башкарууга берели дегени, өлкөбашчылары коррупция дегенди жое албай турган алсыздыгын көрсөтөт.


Касым ИСАЕВ, өзгөчө эмгек пенсионери: - Электросистемасында жакшы адистер иштесе, бербесе болот эле. Акаевдинучурунда Сартказиев сыяктуу политехтин завкафедралары бу системаныкоррупцияга батырышты. Бакиев менчикке берсек, алар төлөтөт дейт. Төлөбөгөндөр байлар болуп жатпайбы. Мисалы, өткөн айда Воронцовкага барыпкалсам, электрик балдар: "ушул айылдын элинен 16 миң сом жыйнадык, ал эмиКубанычбек Жумалиев эле электр үчүн 16 миң сом карыз. Үйүнө барсак, ырчыаялы "убактым жок, клипке тартылышым керек" деп койду" деп айтышты. Баарынабирдей талап коюп, иш жүргүзүүгө аракет кылбай эле, башка бирөөгө бересалалы деген акылга сыйбаган нерсе.


Клара Ажыбекова, Коммунистер партиясынын лидери: - Бул маселеге мен эле эмес, бардык коммунистер каршы. Булар мурунку эле Акаевдин баштаган ишин улантып атышат. Талоонго түшпөгөн жалгызэлектросистемасы калды, эми ушуну жайына коюш керек да. Баары мамлекеттинколунда болуш керек. Жаңы бийлик дегенибиз менен булар Акаевден эч кандай деле айырмаланбай калды.


Нариман Түлеев, ишкер: - Биз электросистемаларын беришибиз керек. Мамлекеттин колунда болсун депжүрсөк оңолбойбуз. Эгер электросистемасын концессияга бере турган болсоккоррупцияга бөгөт коюлуп, темирдей тартип орнойт.


Жазгүл ЖАМАНГУЛОВА



  • N 39, 09.11.2006

"Реформа үчүн" кыймылынын митинги максатына жеттиби?


Касым Исаев, коомдук ишмер: - Антип айтууга али эрте. Ошентсе да "Реформа үчүн" кыймылынын митингине жаштар келип кошулганы жакшы жөрөлгө. Алар жаңы идея, жаңы өзгөрүүнү каалап, парламенттик системага өтөлү дебатат. Мен аларды колдойм. Биз чыгыш өлкөсү болуп, бир кишиге башкартып көнгөнбүз да. Андай башкаруу эмнеге алып келгенине өзүбүз күбөбүз. Албетте, бир системадан экинчиге аттоо кыйын. Бирок, ага карабай парламенттик башкарууга өтүшүбүз абзел. Анда аң-сезимибиз өсөт. Тууганчылык, тааныштык сыяктуу нерселер акырындап жоголот.


Тайырбек Сарпашев, ЖК депутаты: - Элден улуу, элден күчтүү эчким жок. Албетте, митинг мүдөөсүнө жетти. Дегиңкиси, кандай гана митинг болбосун максатына жетпей койбойт. Криминалитетке президенттин алы жетпей калганда, аны биздин жазгы митинг токтоткон. Конституцияны кабыл алып, КТРди коомдук телеге айлантсак, ушунун өзү деле чоң жеңиш. Эң башкы жеңишибиз - эл ойгонду. Оппозиция чоң күч болуп бирикти. Бүгүнкү бийликтин чыныгы жүзүн элге ачып берди.


Жылдыз Муслимова, журналист: - "Реформа үчүн" кыймылынын башкы максаты Конституцияны өзгөртүү эле. Ал талап орундалмай болду. Эми КТРди коомдук кылсак, эл үчүн чоң иш жасалат. Көрүп атасыңар КТР менен КООРТ бийлик үчүн кандай иштеп атат. Оппозицияны жосунсуз шыбап, бир беткей маалымат берүүдө. Бирок, бул убактылуу нерсе. Мына, кече бийлик чамгарактап элге ок атса, бүгүн айласыз оппозиция менен сүйлөшүүгө барып атат. Эртең башка талаптарды да аткарат. Себеп, ал 5-6 кишинин эмес, коомдун талабы…


Өмүрбек Абдрахманов, бизнесмен: - Жаңы Конституция кабыл алынса, митинг максатына жетет. Кудай буюрса парламенттик башкарууга өткөнү турабыз. Реформаны 50 депутат колдоп атат. Бул чоң иш эмей эмне. Эми КТРди коомдук кылуу маселеси да чечилет. Бирок, иштин баары ушу митинг менен токтобойт. Анткени К.Бакиев тормозду далай басып, чалмакей чалаарын сезип турам. Турмушубуз бир нукка түшүп, өнүкмөйүн биз күрөштү токтотпойбуз.


Рыспай Исаков, манасчы: - Мен саясатка көп түшүнбөйм, кызыкпайм дагы. Митинг максатына жетти деш кыйын. Эми жаңы Конституция кабыл алынат дебатышат. Бирок, андан бирдеме өзгөрөөрүнө анча ишене бербейм. Мыйзам деген элдин кан-жанынан, жаралгандай болушу абзел. Биздин мыйзамдар андай эмес. Көбү батыш же орус мыйзамдарына окшош. Багыт табалбай, темселеп атканыбыздын себеби ушундан го. Эгер Башмыйзам өзөгү "Манастан" алынса, анда кыргыз эчак өнүкмөк. Бул эми менин жеке оюм...


Качкын Булатов, укук коргоочу: - Албетте, митинг өз максатына жетти. Биз илгертен демократияга умтулган элбиз. Бир кишинин бийлигине, өзүмбилемдигине чыдабайбыз. "Реформа үчүн" кыймылы да авторитаризмге каршы чыкканы үчүн эл колдоп, митингге келди. Эртеби-кечпи акыры парламенттик башкарууга башкарууга өтмөкпүз. Ортоазияда биз бул процессти тездетип, үлгү болобуз деп ойлойм. Албетте, бийлик майталкандан колжуугусу келбейт. Ошонүчүн элди зордоп, антимитингге алып чыгып атпайбы.


Капар Токтошев, Санжи Туйтунова



  • N 45, 21.12.2006

Өкмөт отставкасы саясый кризиске айланабы?


Бегиш Ааматов, коомдук ишмер: - Бул парламент мыйзамсыз жол менен келген. Мыйзамсыз Конституция жазышкан. Өкмөттү да ушулар шайлашкан. Булар 24-мартта Акаев менен качса болмок. Бизде баары мыйзамсыз. Мен айтып жүрүп тилим тешилмей болду. 1993-жылдын Конституциясын коюп, президентин баш, депутатын төш кылып кетирбесе кризис уланганы уланган.


Турат Дүйшеев, "Асаба" партиясынын координатору: - Өкмөттөгүлөр ичара сүйлөшүп алыптыр. Ошонүчүн Кулов "отставка президент үчүн жаңылык эмес" деди да. Экинчиден, булар өздөрүнө таандык партияларды шайлоого даярдап атат. Бирок, парламент тарабай койсо эмне болот, көзүм жетпейт. Президент кандай болгон күндө да буларды кетириштин амалын табат.


Абдыганы Эркебаев, академик: - Өкмөт бул кадамга эки себептен улам барды. Анын бири - эртең-бүгүн парламентте каралчу ХИПК маселеси, экинчиси отчет берчү маал жакындап калды. Ошого алдын-ала саясый-психологиялык чара көрүштү. Булар бир чети парламентке кысым жасашууда. Азыркы жаңы Конституцияда өкмөт кетсе, жаңысы канча убакытта шайланары так жазылбаптыр. Бул бая мен айткан кризистин башталышы.


Касым Исаев, коомдук ишмер: - Кечээ Д.Үсөнов "биз эл үчүн кеттик, эми парламент таркасын" деди. Парламент ичара кетиш керек, кетпеш керек деп тартышып атат. Ушундай кырдаалда ажобуз бирдеме кылыштын ордуна кылтыйып отурат. Азыр абал бүдөмүк. Парламент кетсе деле өкмөттү түзө турган партия жок. Андай болгон соң Конституцияда жазылгандай президент өзү каалаган партиясы менен өкмөт түзө алат. Депутаттар ошону түшүнүп, таркабайбыз дебатпайбы.


Турсунбек Акун, укук коргоочу: - Мен өкмөттүн отставкасын колдобойм. Жаңы эле стабилдүүлүк орноп келатса, бул эмне кылгандары. Алардын минткенге жөнү жок болчу. Кризис жараткандан көрө эл турмушун оңдойлу дешпейби. Булардын азабынан президент менен парламент огобетер суукселки болот. Азыркы парламент 2009-жылга чейин иштеш керек. Ал таркаганда жыргабайбыз, ордуна мындан жаманы келет.


Санжи Туйтунова

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page