ЫСЫККӨЛ ДАЙЫМ ТЫНЧ ЭМЕС


Касым ИСАЕВ: «Хрущев торпедолорду сынаган базаны Ысыккөлдөн алып чыгып кеткиле деген»


- Россиянын «Бирюза-1» базасы Ыссыккөлгө кайдан келип калды эле, алар кандай торпедолорун сынап жатышат?


- Негизи Дагестандын Махачкаласында бул завод болгон. Аны согуш убагында 1941-жылдары немистер басып албасын деп Алматыга качырып келишет. Ал убакта башка продукцияларды чыгарчу, анан 50-жылдардан баштап торпедолорду чыгара баштайт. Аны «75-почта ящиги» деп койчу. Анан завод чыгарган торпедолорду жакын жердеги көлмөгө алып барып сынаш керек болот. Жакыны эле биздин көл болот. Сыноого эў ыўгайлуу жер экен. Биз ал кезде жаш элек, 54-жылдары Көлгө полигон курушат. Алматыдагы Киров заводунун филиалы деп койчу. Ал убакта эми алар менен бир өлкө болчубуз да. Анан алар жардам бергенден кийин кайсы жерге эмнени жайгаштырса өздөрү билчү. 1964-жылы ал убактагы партиянын башчысы, өкмөттүн башчысы Хрущев келет. Аны Көлгө алып барышат. Ал убакта Ысыккөлдү бүт союздук курорттук аймак кылалы деген чечим кабыл алынып жаткан. Анан Хрущев баратып Караколдогу Киров заводун көрөт да «Бул эмне?» деп сурайт. «Бул жерде торпедолор сыналат» деп айтышат. Анан ал «Эмне, СССР боюнча элден алысыраак жерде көлмө жок бекен? Тезинен алып кеткиле» деп айтат. Мен ошондо Москвада Кыргыз ССРинин СССР өкмөтүнүн алдындагы өкүлдүгүндө иштечүмүн. Анан Хрущевдун буйругун аткарганга баары аракет кылып баштайт. Бирок дароо эле Хрущев кызматтан түшүп калат. Ордуна Косыгин келет.Согуш өнөржайы боюнча орун басары Смирнов деген болот. Ал убакта Россия менен Кытай каршылаш болуп турган да, ага шылтоолоп базаны алып кетпей коюшкан. Базадан 20 километр бери Койсары деген курорт бар болчу. Заводдун жанынан торпедолорду суунун асты менен жиберчү. Кээде авария катары торпедо суунун үстүнө чыгып кетип кайра кирет экен. Ошондуктан Смирнов «Койсарыны жабыш керек» дейт. «Койсарыда эл эс алат» десе, Смирнов «Кокусунан торпедо учуп чыгып пляжга келип түшсө, эл эмне болот?» деп айтат. Андай болсо заводдун аркы өйүзүндө «Сухой хребет» деген айыл бар, ошол жерден шаардын элинин эс алуусу үчүн пляж түзүлсүн деген буйрук берилет. Ал аткарылдыбы, же жокпу билбейт экенмин. Мен Москвада госпланда иштеп жүргөндө бир күнү коргоо министрлигинин бир бөлүмүнүн башчысы кагаз көтөрүп келиптир, ал кагазда Пржевальскийдеги Киров заводунун жанында механикалык чогултуу цехин куруу жөнүндө айтылат. Мен Орто Азияны тейлегендиктен кол коюшум керек эле. Алар менин Ысыккөлдөн экенимди билишпептир. Торпедолорго тийиштүү бир тетигин чыгарабыз дешсе керек. Чыгаргандан кийин сөзсүз зыяны тиет да. Кыргыз өкмөтүнөн «Экологиялык жактан зыян эмес» деген макулдугун алып келгиле, анан мен кол коем деп койбой койдум.


- Эгемендүүлүктү алгандан кийин биздикилер бул базаны чыгарып кеткиле деген жокпу?


- СССР кулагандан кийин «Кыргызстандын аймагындагы бүт объектилердин баары Кыргызстандын менчиги» деген указга кол коюлат. Президент иш-тажрыйбасы жогунан өкмөткө «болгон заводдорду кайтар» деген команда берген эмес. Ал убакта кала берсе, заводдордогу техникаларды, самолетторду дагы алып кетип атышты. Килейген заводдордун баары биздин бийлик келгенден кийин токтоп калат. ОДКБга, КМШга мүчө болуп киргенден кийин биз өзүбүзгө бир нече милдеттенме алганбыз. Биздеги базалар Россияга гана эмес, ОДКБ өлкөлөрүнө да кызмат кылат. Анан ар бир өлкө өз үлүшүн төлөп туруш керек болот. Сүйлөшүүлөр жүргөндө биздин акчабыз жок болгондон кийин бизди жөн эле коюшат. Биз БУУга мүчө болгондо дагы өз үлүшүбүздү төлөй албай бир нече жолу кыйналганбыз. Россия айтат анан «Силердин үлүшүўөрдү биз төлөйбүз, жанагы объектилер жайында кала берсин» деп айтат.


- Ижарасына жок дегенде жакшы акча төлөп бербейби анда?


- Ижарасына жакшы төлөбөйт деп ким айтып жатат? Коргооо министрлиги айтып атат. Ал жерде жалгыз эле Исмаил Исаковдун кызыкчылыгы жок, бүт Кыргызстандын кызыкчылыгы бар. Алар техника беребиз, армияны даярдап беребиз деп айткан да. Ал эле эмес, мисалы, жылына жүз орундан берип, студенттерибизди Россиядан окутуп келген. Аларга төлөшүбүз керек эле да. Ошолордун баары бекер. Эми азыр бекер нерсе чычкан капканда эле болот да. Бекер бергенден кийин айтат, биздин мурдагы иштеп жүргөн базабыз ошол жайында эле тура берсин дейт. Россиянын базасын кет деп чуу чыгара берсек, анда биз эч бир мамлекет менен мамиле кылбай коюшубуз керек.


- Сиздин пикириўизде демек, бул база Ысыккөлдө кала бериш керек экен да?


- Бул базанын бизге эч кандай зыянчылыгы жок. Дүйнөдө мындайлар толуп атат. Бирок өлкөлөрдүн бири-бири менен өзгөчө стратегиялык, достук өнөктөшпүз деген Казакстан, Россия менен ушундай маселеге келгенде баардыгын калчап көрүш керек. Мисал үчүн Казакстанга төрт пансионатты бербейбиз деп кыйкырып атабыз, алар болсо бизге буудай сатат, анан алар биздин жүрүш-турушубузга нааразы болушпайт бекен? Назарбаев айтты «Ай, кыргыздар, мен жериўерди сураган жокмун, жериўерди ижарага бергиле, курулган имарат бизге таандык» деп түшүндүрбөдүбү…


- Эгер ал базанын зыяны жок болсо, эмне үчүн анда Хрущев чыгарып кеткиле деди?


- Чыгарып кеткиле дегенинин себеби, курорт болбой ал жер жабылып калды. Зыяны ошол. Советтер союзунун бүт эли бул жерге эс алганга келиши керек деп айткан.


- Казакстанда торпедо чыгарган завод азыр дагы иштеп жатабы?


- Ооба, иштеп жатат. Эгер биз Россияны базаўды алып кет десек, анда алар Казакстандан заводун алып кетиши керек. Менин түшүнүгүм боюнча, Россия ага жабышып жатып калбайт, анткени биздин күнүбүз аларга түшүп турат. Нормалдуу өлкөлөрдө мындай маселе көтөрүлгөндөн кийин өкмөт расмий түрдө негиздеп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселе чечиш керек эле да. Ал базанын турганынан бизге мындай-мындай пайда жактары бар же чыгарып кеткенге макулдаштык деп айтып берсин.


Дилбар АЛИМОВА


  • газета «De-факто», N 19, 27 марта 2008 г.

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п