top of page

ӨЗ ЖАРАНДАРЫН КОРКУТУП-YРКYТYY - БИЙЛИКТИН АКЫЛСЫЗДЫГЫ ЖАНА АЛСЫЗДЫГЫ


Өткөндө КР Юстиция ("адилет" деп жазуудан айбыгып турам) министри Марат Кайыпов менен "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бетме-бет маектешүүcүндө, министр мырза "Коомдук парламент уюштурганыңар боюнча ишиңерди прокурор чечип калбасын, эскертип коеюн" деп бийликтин атынан сөөмөй кезеген эле. Мен Коомдук парламенттин мүчөсү болгондуктан, Марат мырза түздөн түз мени дагы коркутуп жаткандай кабыл алдым.


Айтылган маектешүүдө көтөрүлгөн кээ бир маселелер боюнча ар кандай адамдар менен пикир алмаштым. Алар дагы Юстиция министринин антип коркутушуна бүгүнкү бийликте эч кандай негиз жок деген пикирлерин айтышты. Аңгыча, Башкы прокуратура да "мыйзамсыз түзүлгөн уюм" деген эскертүүсүн бериптир. Одонороок болсо дагы, "кыз боозуп, энесин коркутат"-деген элдин лакабын эстеп, Конституция жана башка мыйзамдар биринчи кезекте бийлик тарабынан өтө одоно бузулуп жатканын (өзгөчө өткөн жылы) мен дагы аларга эскертким келди. Бул бүгүнкү күндө көпчүлүк элдин пикири экени 12-чи апрелде өткөн элдик курултайда баса айтылды. Андай пикир жөнүндө министрдин алигиче кабары жок болсо, бийлик кошоматчыларына эмес, кадимки калың элге кайрылып тактап алса болот, эгер "адилет министри" деген аты чын болсо. Же, Марат мырзанын президент менен спикер сөрөй кожоюндарына кошулуп алып, "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" дегендей бизди адатынча коркутам-үркүтөм деп жатканыбы? Былтыр дагы "эгер жарандар өз укуктарыбызды коргойбуз деп пикетке же митингге чогулушса, Ала-Тоо аянтына эмес, тетиги эски аэропорттун талаасына барышсын"-деп күпүлдөгөнү эсимде. Же бул элдик аянтты бийликтегилер өздөрүнө "приватташтырып" алышканбы, ал аянтка алар каалаганда гана эл чогулгудай?!.


Мындай терс жүрүш-туруму жагынан бийликте отургандардын арасынан Адахам Мадумаровго эч ким жетпейт. Мамкатчы болуп турганда оппозицияга дайыма каарданып сүйлөгөн сөздөрүн быякка эле коелу, легитимсиз парламентке спикер болгондон бери ЖКнын чогулушунда отурган депутат сөрөйлөргө сөөмөйүн кезеп сүйлөп жаткандарын телевизордон көргөн адамдар, бийликке жете электе "элдин, жердин кызыкчылыгы", "демократия", "адам укугу" деп саймедиреп, сайрап жүргөн бул жигиттин кайра төрөлгөндөй терс өзгөрүшү өтө таң калыштуу болууда.


Президент болсо өзүнүн жеке бийлигин бекемдөө үчүн "Өкмөт Үйүнө кирем деп аракеттенгендердин колу-буттарын сындырып таштайм", "Ак Үйдү автомат менен коргойм" деп кыйкырып, коркутуп жүрүп аягында өзгөчө бурмаланган, мыйзамды бузган рефререндум жана шайлоо өткөрбөдүбү. Алар өтүп аткан учурда, ММКнын бирөө кээ бир саясатчыларга: "Азыркы Кыргызстанда болуп жаткан ахбал кайсы мезгилди билдирет?"- дегендей суроо менен кайрылган эле. Ал суроого белгилуу саясатчы Кубатбек Байболов: "Азыркы Кыргызстан өткөн кылымдын 30-жылдарындагы Германия өлкөсүн элестет"- деп жооп берген. Аны ырастоо үчүн бир мисал кылып, спикер Мадумаровдун парламентте чогулган депутат сөрөйлөргө жасаган мамилесин, анын чын эле ошол жылдардагы Германиянын жетекчилерин элестетип атканын, Адахан мырзага алардын кийген "униформасы" гана жетпей турганын келтирсек жетишчүдөй.


...Азыркы КР Юстиция министри Марат Кайыпов менен болсо, өткөн кылымдын 90-жылдарында эгемендүү Кыргызстан өкмөтүнүн аппаратында ал юридикалык бөлүм башчысы, мен тышкы байланыштар жана чет өлкөлүк инвестициялар боюнча бөлүм башчысы болуп иштегенибизден бери таанышпыз. Ал убакта мен Марат мырзанын Ак Үйдө иштеген жаш чиновниктердин арасынан өзүнүн укук маселелер боюнча иштерин так аткарганга жана ишмердүүлүгүн көрсөткөнгө аракеттерин көрүп, ага жылуу мамиле кылчумун. Себеби, ал кезде бийликтин башчыларына өз ишин жакшы билүүгө аракеттенип, кошоматчылык кылбай иштегендер жакпасын билчү элем.


Марат Кайыповдун эсинде болсо керек, кайсы бир жылдары өкмөттүн кезектеги кеңири чогулушун президент Акаев өзү өткөруп жаткан. Докладчы ал кездеги каржы министри (экс-президенттин өз кадрларынын бири) Кемелбек Нанаев эле. Докладдан кийин менин алдымда отурган Марат Кайыпов: "Менде суроо бар" - деп ордунан акырын көтөрүлдү. Премьер-министр Жумагуловдун жаны чыгып, "сага суроо берүүгө болбойт" - деп секирип турду. Марат болбой эле Нанаевге суроо берип калды. Ал так жооп бере албады. Анда Акаевдин ачуусу катуу келип: "Сен кимсиң өзүң? Уруксатсыз кандай укугуң бар, суроо бергенге?" деп Маратты жемелеген эле. Чогулуш бүткөндөн кийин "бийликтин бул кандай адилетсиздиги" - деп, экөөбүз тең катуу нааразы болгон элек. Андан бир нече жыл өткөндөн кийин экөөбуз кокусунан Ысык-Көлдөн жолугуп калып, ал убактагы ошол эле бийликтин (өзгөчө консот Чолпон Баекованын) Кайыповго жасап жаткан кысымдары тууралуу дагы нааразычылыгыбызды айтканбыз.


Бул окуялаларды эстегеним, жогоруда айтылган маектешүүнү окуганымда бийликке жеткенден кийин Марат мырзанын өтө тез өзгөрүлүп кеткени мага чоң табышмак болуп отурат. Мурунку бийликке өчөшкөнүн эми элден чыгарып жатабы десем, себеп башкада окшойт. Министр Кайыпов Өмүрбек Текебаев менен болгон маегинде "…коомдук парламент түзөбүз дей бергендин өзү …элдин укугун, тандоосун тебелегендик, сыйлабагандык болуп эсептелет" - дейт. Азыркы президенттин 3 жылдан берки көптөгөн мыйзамсыз иштерин айтпай эле коөюн, өз жеке бийлигин күчөтүү үчүн мыйзамды бузуу жолу менен орусча айтканда "вероломно жана коварно" уюштурган референдум менен шайлоону өз элине карата жасаган кандай мамилеси деп түшүнсө болот?


Дүйнөдө демократия жана укуктуулук бар деген көп өлкөлөрдө расмий өкмөт менен жанаша "теневой кабинет" деген коомдук өкмөт болот. Ал мамлекеттерде бул маселе боюнча адилет министри "мыйзамсыз" деп эч кандай көрсөтмө бербейт жана баш прокуратура муну мыйзамсыз иш деп атабайт. Ал "кабинетке" кимдер кирет жана мүчөлөрү кайсы партиялардан деп, эч ким тескери изилдөө да жүргүзбөйт.


Жакында оппозиция өткөргөн элдик курултай "КР Өкмөтүнүн иши канагаттандырлык эмес деп табылсын"-деп чечим кабыл алгандан кийин, расмий өкмөткө жардам катарында, коомдук парламент тарабынан "теневой кабинеттин" түзүлүшү да, мыйзам ченемдүү иш болуп жүрбөсүн?


Азыркы бийликтин акылсыздыгынан, алсыздыгынан жана дайыма калп айтып, алдаганынан жадаган эл оппозициянын аркасынан ээрчип, аны колдоп кетпесин деп бийлик коркконунан жок жерден эле прокурорлорун жана сотторун ала чыга калып жатпайбы. Өткөн жылдары мурунку премьер-министр Муралиев деле "коомдук өкмөтүн" түзүп алып, сунуштап жүрбөдү беле? Ага көңүл бурулган деле жок эле го. Себеби, ал "өкмөттүн" азыркы бийликтегилерге оппозиция катарында эч кандай күч эмес экени белгилүү болчу.


Көрсө, кеп бул жерде адилетсиз министр Кайыповдун президент кожоюнуна, (жердешине!?) анын жеке бийлигин сактоо үчүн, "ляппай" деп жүгүнүп, жакшылап кызмат кылуусунда жаткан турбайбы. Муну министрдин кийинки убактарда телевизордон чыгып сүйлөгөндөрү да далилдеп жатат.


Жогоруда айтылган маек-талашта Өмүрбек Текебаев 2005-жылкы оппозиционерлердин (азыркы бийликтегилердин) "март окуяларынын" учурунда канча мыйзамдарды бузушканын санап келип, алар боюнча "…юстиция министри менен башкы прокурор мына азыр да кылмыш ишин козгосо болот" - деп атса, "адилетсиз" министр: "2005-жылы Кыргызстанда революциялык кырдаал бар болчу" - деген жообун айтып чыкты. Чындыгын айтсак, ал кезде ар кайсы региондордо 2005 - жылы өткөрүлгөн шайлоодо болгон мыйзам бузуулар боюнча массалык нааразычылык болуп (Кайыповдун айтканы боюнча, эл бүт көтөрүлүп чыкпай эле), Алатоо аянтындагы "атакаларды" уюштурулган топтор баштап, андан кийин окуя орусча айтканда "закон толпы" түшүнүгү боюнча уланып кетип, митингге келгендер аралашып, Өкмөт Үйүнө кирип барышканда, расмий бийликтегилер (биринчи болуп президент Акаев) коркоктугунан качып кетип, бийлик бош калбады беле!? Бийликти эңсеп жүргөн "революциянын жетекчиси" - азыркы президент ошол убакта эмне кылып жүргөнүн эл жакшы билет да.


Буларды эстеп жатканымдын себеби, биринчиден, убакыт өткөн сайын 2005-жылы 24-мартта " революция" болбой эле, ар кайсы региондордо массалык нааразычылыктар өтүп, Бишкекте күтпөгөн жерден бийлик алмашылып калганына азыр баарыбыздын көзүбүз жетти. Ага, жакында бийлик белгилеген "элдик революция" майрамына көпчүлүк элдин мамилеси толук далил болбодубу.


Экинчиден, "революциялык" жол менен "элдин, жердин кызыкчылыгы үчүн" - деп бийликке келген "революционерлер", 3 жылдан бери жеке өз кызыкчылыгы үчүн гана иштеп жатышпайбы. Ошонун себебинен, кадимки революциялык кырдаал эми жакындап келатканы азыр элде да жана бийликтин өзүндө да терең сезилип жатканын эскертким келет.


Бул кырдаалда бийлик өз жарандарына каршы дагы деле күч колдонуунун аракетинде. Илгери совет убагында бизге: "При капитализме правоохранительные и карательные органы являются цепными псами господствующего режима" -деп окутчу эле. Себеби, алар бийликтегилердин бийлигин, байлыгын жана мансабын коргочу. Азыр Кыргызстанда, болгондо да жапайы капитализм менен феодализм аралашып курулуп жатпайбы. Жогоруда айтылган "чынжырланган дөбөттөргө" ("цепные псы") биздеги сот, прокуратура, коопсуздук, ички иштер жана адилет министрлигинин системалары кирет. Бийликтин аракети менен өлкөдө түзүлгөн саясий, экономикалык жана социалдык оор кырдаалга байланыштуу, эл мыйзамдардын жана бийликтин убадаларынын аткарылышын талап кылып чыкса, бийлик тарабынан күч менен катуу чара колдонулсун деген тапшырма берилип, "чынжырланган дөбөттөр" агытылып жатат. Буга жакында эле Түп районунда болгон окуялар далил болот.


"Адилетсиз" министр Марат Кайыпов сөзүндө, элдин аң-сезиминин жана түшүнүгүнүн деңгээлинен пайдаланып (манипуляцией сознанием масс), "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон" акыйкатсыз бийликтин атынан, "биз демократия менен шайлоо маданиятын дале болсо жеткилең түшүнө албай жатпайбызбы", "саясий сылыктуулук жок болуп жатпайбы биздин оппозицияда" - деп, кыргызча айтканда "бети жоктун" кебин салат. (Одоно болсо, ак чөп башта). Мен жогоруда мисалдарды келтирбедимби, бийликтин башындагылардын элге карата сүйлөгөн сөздөрү жана жүрүш-туруштары кадимки бандиттердикиндей экенин. Анан дагы, министр оппозициядан "саясий сылыктуулукту" талап кылат имиш.


Оппозициянын "саясий сылыктуулугу" бийликтин өз жарандарына кылган мамилерине жараша, жооп катарында болуп жатканын эл көрүп турбайбы. Азыркы бийлик болсо жалган шылтоолор менен ар кандай кылмыш статьяларына такап, мыйзам бузуу жолдору менен жарандарын камай салып, жоопко тартуу өкүмдөрүн токуп жатат. Бул жасалып жаткан иштерди угуп, көрүп жана билип туруп, бийликтегилер адамдардын баары эле келесоо болуп, эч нерсени түшүнбөй жана билбей калышкан деп эсептешеби деген ойго кетет экенсиң. А чындыгында "биздин колубузда бийлигибиз болуп, көзүбүздү май басып турганда каалаганыбызды жасайлы" - деген кылмышка барабар бийликтин чолок ою менен күнүмдүк акылсыз жүрүш-туруштары деп түшүнөсүң. "Терме тезек, келме кезек" - деген эл сөзүн унутушса керек. Аликбек Жекшенкулов өзүнүн маегинде Марат Кайыповго туура эскертүү жасады окшойт: - "Эч кимде түбөлүк бийлик болбойт, өлкөнү жана элди ушул абалга жеткиргениңер үчүн, эртең бийликтен кеткениңерде, эл арасына кантип келесиңер, же баарыңар качып кетесиңерби, же эл алдында жооп берериңерге эмитен камданып жатасыңарбы?" дегендей.



Касым Исаев,

Коомдук парламенттин мүчөсү, персоналдык пенсионер


  • «АЛИБИ» - коомдук-саясий гезит, N 17 (044), 14-май 2008-жыл

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page