top of page

«Касым агабыз дүйнө салды»

Советтер союзунун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери, атагы Алайга, даңкы далайга кеткен белгилүү агабыз Касым Исаев 74 жаш курагында, декабрдын 1нен 2сине караган түнү жалган дүйнө менен кош айтышты. Кыргыз элинин кабыргасы кайышты. Дүйшөмбү күнү Касым Исаевичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөрүлүп, ага белгилүү коомдук ишмерлердин бир нечеси катышты. Өкүнүчтүүсү, кыргыз өлкөсүнүн өнүгүшүнө, өсүшүнө Опол тоодой эмгек жасаган агабызды бийлик билермандары көңүл сыртында калтырып, бири да басып келген жок. Коштошуу сөзү сүйлөнүп бүтүп, жаназасы окулуп жаткан маалда Жогорку Кеңештин депутаты Эркин Алымбековдун карааны гана пайда болду. Бул азамат да жердеш катары эле жетип барды окшойт. Эмнеси болсо да, бул көрүнүш кыйкырык салгандар гана кадыр-баркка ээ болуп, эмгек кылгандар көз жаздымда каларын дагы бир ирет тастыктады. Эсиңиздерге сала кетсек, Касым агабыз 1938-жылы туулуп, Фрунзедеги финансы-кредиттик техникумун, Москвадагы экономикалык институтун бүтүрүп, эмгек жолун "Фрунземашта" (азыркы Кыргызавтомаш) ага инженер-экономист болуп баштаган. Андан кийин көп жылдар СССРдин мампланында иштеп, Мозамбик республикасына жөнөтүлгөн. Союз тозугандан кийин Кыргызстанда, президенттин апарынтында эмгектенген

Турат Акимов:
-Мага Касым Исаевич көп келип, редакцияда кеп салып отурчу. Ал киши мамлекет, эл дегенден башка сөздү айтчу эмес. Бул жерде баласы Бейшен турат. Бейшен сенин атаң бийик киши эле. Сенин атаңдай терең ойлуу, акылы тунук, жүрөгү таза адамды мен аз көрдүм. Бир ай мурун каттоодон өткөн партиянын документин алып келип, дал ушул үйдүн алдында Мирослав Ниязов үчөөбүз аңгемелешип турдук эле. Ошондо мен тамашалап, "мына Касым Исаевич, партиянын документтери, эми күрөштү баштаңыз" десем, "Турат, силер качан баштайсыңар (?) деп чыдамсыздык менен күтүп жүрөм, мен тажадым" деди. "Шашылбаңыз, баарына жетишебиз" десем, "мен элимдин бакубат жашап, эртерек бактылуу болушун күтүп жүрөм, баштагыла" деп жооп берди. Элдин кыйналганын көрүп, замандын эртерек оңолошун тилечү эле. Касым акебиз бүткүл өмүрүн эл үчүн жумшады. Ооба, адамдар күн сайын өлөт. Бирок, ар бир адам өз өмүрүн бул кишидей өткөрө албайт. Ошондон улам мен кечээ келип эле Мирослав агайга айттым, "бул киши жөнөкөй киши эмес, мен азыр И.Жунусовго, Ф.Ниязовго, А.Сегизбаевге чалам, бир театрды арендага алып, ошол жактан узаталы" десем, Мирослав байке "Турат, ачууга алдырба, бул киши жашоо­до жөнөкөй киши болгусу келген, бизден да жөнөкөй гана узатууну суранган. Байтик баатырдын катарына коюсун өтүндү. Кел, чуу көтөрбөй, жөнөкөй жана татыктуу узаталы" деди. Мен ошондо түшүндүм, бул киши жалган атакты, жалган ишти, жалган сөздү сүйбөгөнүн. Касым ага, менин агайым элеңиз, эми келбес сапарга кеттиңиз. Кудайым бейиштен орун берсин. 

Ишенбай Абдразаков:
-Бул дүнүйө ушундай экен, туулдук бир күн, өтөбүз дүйнөдөн. Эч ким түркүк боло алган эмес. Мен Касымды жакында "операция болду" деп угуп, сурап келгиче эле, күтүлбөгөн жерден суук кабарды уктум. Күтүүсүз окуя болду. Биз күтпөдүк эле. Ажал деген ушундай болот экен. Мен Касымды бой жеткенден бери жакшы билер элем. Чейрек кылымга жакын Орто Азия, Кавказды тейлеп, ошол жерлерге өндүрүш күчтөрүн жайгаштыруу боюнча эң мыкты иштерди аткарып, табылгыс адистердин бири болуп келген. Заман өзгөрдү, совет бийлиги талкаланды. Анан курулган нерселер кандай тагдырга туш болгонун жакшы билесиңер. Касым өзүнүн аракети менен жасалган нерселердин чак-челекей болгонун көрүп, күйүп жүрдү. Жаны ачыды. Албетте, Касым өзүнүн абийири алдында, өзүнүн элинин алдында ак жүрдү, таза иштеди. Мындай адамдар сейрек кездешет. Ичибиз сыздап турат, бирок жубайы Анара менен уулу Бейшенге "сабыр кылгыла" дегенден башканы айта албайбыз. Касымдын өмүр жолу жаштарга өрнөк болууга тийиш. Ар бирибиз Касымдай болуп, эл алдындагы, мекен алдындагы, жамаат алдындагы парзыбызды унутпай, ар дайым ак сүйлөп, калыс болуп жүрсөк, бул дүйнөдөгү милдетибиз аткарган болор элек. Алла Таалам Касым Исаевичке жанаттан орун берсин! 

Мирослав Ниязов:
-Кыргыз мамлекети орду толгус оор жоготууга учурады. Орду толгус дегеним, Касым Исаевич адеп-ахлак баалуулугун алып жүргөн улуу киши эле. Көлдөн келип, турмушунда чоң мектептерди басып өттү. Москва шаарындагы мамлекеттик пландагы эң чоң кызматтарда 30 жыл эмгектенди. Орто Азияны, Кавказды тейлеп, СССРдин эң жогорку кызматындагы адамдар менен тыкыс байланышта болуп, ал авторитетин мамлекет үчүн жумшады. Бул кишини "чыныгы патриот" десек жарашат. Берилүү менен советтер союзуна иштеди. Чын дили менен жаш Кыргызстанга эмгек кылды. Кийин ченемсиз тажрыйбасы, акыл көрөңгөсү менен биздин саясатка тазалыктын уругун сээп, адеп-ахлак баалуулугун көтөргүсү келди. Эки жүздүүлүктү, ачкөздүктү токтотууга, жоготууга аракеттенди. Элибизди, коомузду тазалагысы келип, китеп да жазды. Элин сүйгөн адам ушундай болуш керек. Касым Исаевич, сиздин максатыңыз сөзсүз ишке ашат. 

Бегиш Ааматов:
-Кыргыз эли өзүнүн патриот уулдарынын биринен ажырады. Азыр көкүрөк каккан патриоттор толтура. Бирок, Касым Исаевичтей билгич патриот болуш кыйын. Мен бул кишидей кыргыз жери, эли үчүн күйгөн билимдүү, мекенчил адамды көрбөдүм. Москвада да, Бишкекте да, көчөдө да сөөгүнөн чачына чейин патриот болду. Азыр каяша айткандын баары эле "оппозиционермин" дейт. Нары жагында эч нерсе жок. Чыныгы оппозиционер ушул киши болчу. Кыргызстан кантип таланып жатканын айтып, ийне-жибине чейин жазып турду. Так далилдер менен. Мен бул киши менен иштешкен да, көргөн да эмесмин. Үч жыл мурун жолугуп, ошондо бала кезден бери тааныш жүргөн адамдардай сүйлөштүк. Эл, жер, кыргыз деген киши экенин билдим. Акырында айтарым, биз Касым Исавевичтей патриотторду тарбиялай алсак, өлкөнүн келечеги бар. Аны тарбиялай албасак, азыркы жетекчилердей көрүнгөндү ээрчип, малай болуп кала беребиз. Касым Исаевич, сиздин ишиңизди эл баалайт, жаткан жериңиз жайлуу болсун, жараткан бейишинен орун берсин!


Зулпукаар Сапанов

bottom of page