top of page

Жаңы жылдык каалоо-тилектер

Сооронбай Жусуев, Кыргыз эл акыны:

- Жыл жаңырып, кайрадан узап, убакыт учкан куш. Келе жаткан Жаңы Жыл кыргыз элине бакыт-таалай, ынтымак, бөөдө кырсыктан, кайгыдан сырткары болуп, жакшылыктар жылоолосун. Эл турмушу оңолуп, түркүн түйшүктөн арылуусун каалайм. Ансыз да электр жарыгынын төлөмү кымбаттап, жашоо-шарты күндөн-күнгө оорлоду. Канчалаган оор турмушка чыдаган кыргыз, мындан кийинки чыдамкайлыгын да көрсөтөт деген ишеничтемин. Андан сырткары Ата Мекендик согуштун жеңишке ээ болгонуна 65 жыл толот. Согуш ардагерлери жылдан жылга азайып, болгону 3830 адам гана калды. Учурдан пайдаланып Ата Мекендик согуштун катышуучусу катары согуш ардагерлерине ден соолук каалайм жана жалпы кыргыз элим барчылыкта, токчулукта аман-эсен болушсун.

Бексултан Жакиев, Кыргыз эл жазуучусу:

- Кары дебей, жаш дебей Жаңы Жылды үмүт менен күтөбүз. Айрыкча, балдар Жаңы Жылды катуу эңсейт, Жаңы Жыл жакшылыктарды ээрчите келерине ишенет! Биз, ата-энелер, чоң кишилер, балдардын ишеничин суутпайлы. Балдар өлкөбүздүн келечеги экенине биз дагы ишенип, аларды улуттук улуу намысы бар кыргызсың деп өстүрөлү. Манастын рухуна үйрөтөлү. Намыстуу элдин биримдиги бекем, ынтымагы ырыс-кешиктүү, өмүрү түбөлүктүү болот. Калкыбызды Жаңы жыл жалгасын, эски жыл колдосун! Тилеген тилегиңерге жеткиле, замандаштар!

Майрамкан Абылкасымова, Кыргыз эл акыны:

- Келе жаткан жолборс жылын "сенин тукумуңдун жылы" деп айтышууда. Анткени, Атаке баатырды "Орто Азиянын жапайы арстаны" деп аташкан. Мен ошол Атаке баатырдын тукуму болом. Атаке баатырдын энеси жолборстун жүрөгүнө талгак болуп, жолборс жүрөк, баатыр уул төрөптүр. "Жолборсту алганына эмес, чалганына сүйүнөт" дейт эмеспи. Жолборс сүрдүү, айбаттуу, намыстуу болгондуктан, ушул жылы намысты коргоп, жерибизди, суубузду эч кимге бербей, мекенибизге бек туруубуз зарыл. Кедейликтен эптеп чыгабыз, бирок кемибейли, жалпы журтубуз тынчтыкта, аман-эсен болушун каалайм.

Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз эл акыны:

- Келе жаткан жолборс жылы ак жолтой, бакубат алып келген жылдардан болсун. Элибизде тынчтык, кут жылоолоп, материалдык жана руханий байлыгыбыз мол болсун. Ар адамдын ойлогон ой-максаты ишке ашып, тилеген тилегине жетишсин. Жаңырган жылда жакшылыктар жылоолоп, барчылыкта жашайлы.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз эл акыны:

Кыргыздын келерки жылы, чоң сыноо Элди жарык менен салыктан сактасын, Жаштын казабынан сактасын. Кайердил жандын сообунан сактасын, Калпычы хандын жообунан сактасын. Калыс сөз айтпас чалдардан сактасын, Каткырып турган жалгандан сактасын. Куу казан аскан очоктон сактасын, Кубалап баскан кошоктон сактасын. Кул боло турган эл эмес элек, Кудурет бизди тозоктон сактасын.

Баратбай Аракеев, журналист:

- Менин жылым жолборс. Мен күткөн жолборс келди. Элдин эсин кетирип жаткан, коррупционерлердин, бюрократтардын "экилердин", биринчи кезекте электр энергиясын кымбаттаткандардын, өтүп жаткан жылдагы уйубуздун кетирген кемчилигин жолборс жылы кайталабасын. Укугубузга эч ким тийишпесин. Жалпы журт аман-эсен болуп, орообуз данга, корообуз малга толсун.

Меңди Мамазаирова, акын:

- Келе жаткан Жаңы жылга каалоо-тилегимди төмөндөгү ырым менен айтууну туура көрдүм Тур, улуу журт, көтөрүл, мезгил эмес Кайым айтып, машташып жатуучу жай. Өркөнү өскөн, иш билги элге теңеш, Кетип жатат башкалар өрдү карай. Ала-Тоомдон көрүндү үмүттүү нур, Тур, улуу журт, Көтөрүл карайлабай.

Кыялбек Урманбетов, акын:

- Биз үй-бүлөбүз менен Жаңы жылды атам Советбек Урманбетовдун ыры менен тособуз. Кыскартып айтсам мындай: Кел Жаңы Жыл, эшик чертпей шар киргин. Сенден күтөөр тилеги бар ар кимдин. Жандыралы үмүттөрдү жүрөктө Ыр жыттанып, Үйгө таза кар кирсин. Кар демекчи, Кардан аппак бак кирсин.

Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны:

-Теңирдин берген ар бир күнү биз үчүн майрам. Ошол майрамдай күндүн ар биринде элге эсендик, жерге жамгыр, жакырга байлык, азалуу үйгө шаттык берсин. Баланын жалкоосунан, элдин аңкоосунан сактасын, жетим-жесирдин ырыскысын ашагандан, аманатка кыянат жасагандан сактасын. Жайлоонун башы жошулсун, көргөнүбүз той болсун, корголубуз кой болсун, жакшылык, аманчылык мол болсун.

Касым Исаев, коомдук ишмер:

- Бул майрам күнүбүз жаратылыш менен байланыштуу болгондуктан, жараткандан жаңы кирип келе жаткан жылда жалаң жакшылыкты тилейм. Келе жаткан Барс жылы менин мүчөл жылым. Ушул менин мүчөл жылымда "Санта Клаус" келип, (Бийлик биздин өлкөнү Санта Клаустун мекени деп атаган да) элге ырайымы аз азыркы өкмөттүн көзүн ачсын. Жаңы тариф ишке ашпай калсын. Элдин жакшы жашоосуна кара санагандын жолу буулуп калсын. Жаңы жылыбыз жакшылыктын гана жылы болсун.

Абдылда Иманкулов, куудул:

- Жаңы 2010-жылыбыз жаштыктын, шаттыктын жылы болсун. Мамлекетибиз тынч болсун. Элибиздин капчыгы кампайып турсун. Элде бар болсо бизде да болот. Эң биринчи элибиз байысын, анан алардан биз байлыкты оңой эле тартып алабыз. Мекендештер, кайгы эмне экенин билбей, 2011-жылга кирип барсын. Каалоо айтып биз аман, каалоо айттырып силер аман болгула.


Гүлмира ШАРШЕЕВА, Венера НАРКЕЕВА


Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page