- Конституция ноябрда, кайра декабрда кабыл алынды. Эми дагы оңдойбуз деген сөздөр бир күчөп, кайра дымып калып атат. Конституциялык реформа каякка баратат? Бербестин ашы бышпас болуп атабы?
- 2005-жылдын март окуясынан кийин элдин үмүтү чоң эле. Конституциялык реформаны дароо жасаганда бары башкача болмок. Эми мына 2 жылдан ашты. Элдин көңүлүн жөн эле сөз менен алып келишти. Эң башкы себеби эле ушул, Акүйдүн жетинчи кабатында отургандардын булл реформага көңүлү жок. Буларың канча убада беришсе дагы, бары бир өз билгенин жасай берет экен. Муну көрүп туруп, «реформаны бийликтегилер бары бир жасабайт» деген депутат Байболовдун пикирине толук кошулат экенсиң. Кантип эле президент Бакиев декабрь Конституциясынан ажырап ажырап калсын. Эки жылдан бери элге ким экенин жана эмне үчүн бийликке келгенин ачык-айкын көрсөттү го. Жаңы келген өкмөт башчысы Атамбаев дагы айткан убадаларын аткаруу боюнча президенттин кейпин тартчудай болуп калды. Айтор, бийликтегилердин кылыктары жаш баланын оюнундай эле болуп калды. Мамлекеттик кызыкчылыкты көздөбөйт экен деп, азыр эл да көңүлү калып өз оокатын өзү кылганга өттү, саясаттан тажады.Бийлик алмашсын деген талапты мен да колдодум. Себеби, Акаевдин убагында 14 жыл отуруп бердик дагы эмне турмушка жеттик? Эми дагы 10 жыл отурушубуз керек экен да булардын каалоосу менен. Элдин көбү тентип кетпейби. Бул адамдар өлкө турмушун өзгөртө албайбы, өзгөртүүгө эрки жетпейби, анда кетириш керек. Кетирүүгө элдин эрки да, укугу да жетиштүү.
- Март революциясы болду, анан чын эле таптакыр кадрдан кур-жалак калганбызбы, Акаевдин куйругу болуп келген мурдагы чиновниктер реанимацияланып, эмне үчүн тирилип чыга келишти?
- Бул нерсе Усубалиевдин убагында эле башталган. Совет убагында бизди 25 жылча бир эле киши башкарды. Анын ордуна жок дегенде 3-4 киши алмашылганда кадрлар да өзгөрүп, бүгүнкү күндө ар кайсы түшүнүктөгү, деңгээлдеги кадрлар бар болмок. 24 жыл бою орточо деңгээлдеги жетекчи болгондон кийин тегерегинин бардыгына өзүнөн төмөн кишилерди чогултуп алган. Ошондо Кыргызстандын кыйын атуулдарын жоготкон. Кийинки бийликке келгендер муруңкунун «куйруктары» болуп калган. Элибиздин шору экен, эгемендүү мамлекет болуп калгандан кийин Акаев президент болуп келди. Тегерегине өзүнөн төмөн адамдарда чогултуп алып, бийликте 15 жыл отурду.Ал кеткенден кийин анын ордуна жана тегерегине келген адамдарды көрүп турасыңар. Өткөндө бир карыянын сөзү мага жакты. «Минтип отурсак, отура беребиз да. Бийлик алмашсын. Биздин дагы кичинекей Путинбайыбыз келип калгысы бардыр» дейт. Азыр таптакыр жаңы, татыктуу кадрларга жана жаш муундун өкүлдөрүнө орун берчү мезгил келди.
- Бакиев жөнүндө сөз болуп калды. Бул кишини саясатчы катары, адам катары кандай баалайсыз?
- Акүйдө мен Бакиев менен түздөн-түз иштеген эмесмин, жакындан тааныбайм. Бирок угуп жүргөм, бирок, укканда да тескери сапаттарын угуп жүргөм. Мисалы “Алас” гезитинде бул тууралуу бир нече жолу жазылган. Чүй облусунун губернатору болуп турганда Майрам Акаеванын «Мээрим» фондусуна бюджеттен акчаларды которуп, аялын ошол эле «Мээрим» фондусуна ишке орноштурганга аракеттеринен эле ким экени билинген. Мага бул тууралуу ошол ишке өзү аралашкан киши айткан. Майрам Акаева катында «Бакиев деле биздин куйругубуз болчу» дегендей айтпадыбы. Ушинтип жүгүнүп жашап жүргөн киши кантип эл башкаруу боюнча саясатын жүргүзө алат? Ал эки жыл убакыттын ичинде эле өлкөнүн кызыкчылыктарын унутуп, өзүнүн кудретсиздигин көрсөтүп койбодубу. Азыр булл жөнүндө ким гана айтпайт жана жазбайт. Жогоруда айткан шордуу элибиздин кыйынчылыктары уланып жана көбөйуп жатпайбы.
- Азыр кырдаалды карап отуруп, кайда баратабыз деп ойлойсуз?
- Кыргызстанда ошону түшүнгөн жетекчилер болсо канна? 14 жыл Акаевге ишенип, же кур сөздөрүнө алданып отуруп, кийин гана каяка келип калганыбызды көрдүк. Бакиев менен 5 жыл отурабызбы же анын каалосу менен андан көп отурабызбы, өлкө жакырчылыктын сазына батып, чөгүп кеткенин көргөндө анан ушуга келаткан турбайбызбы дейбиз го. Азыр эл арасындагы пикирлер менин билишим жана угушум боюнча, президент креслосун гана бек кучактап, декабр Конституциясы берген жеке укуктарын эч ким менен бөлүшпөй бийликте көбүрөөк отуруу максатынан башка ою жок. Элдин жана өлкөнүн эртеңки тагдыры президентти эч кызыктырбайт деген ой кетет.
- Тандем жөнүндө суроо берейин деп турам. Тандемдин түзүлүшү булл саясий оюн болгонбу? Бул кимге керек эле?
- Тандем тууралу сөздөр башталганда эле көп кишилерде шектенүүлөр болгон. Анын ичинде менде да. Ошондо элдин биримдүүлүгү жана стабилдүүлүгү үчүн дегендин бары шылтоо болчу. Баарыбыз күбөбүз, түн ичинде талап-тоноочулукту токтоткондо Куловдун эл ичинде авторитети абдан чоң болуп кеткен. Бакиев президенттикке жалгыз барсам, кокус өтпөй каламбы деп чочулады. Эмне үчүн Кулов тандемге барды? Закон боюнча сөзсүз кыргыз тилинен экзамен тапшырыш керек болчу. Ошондуктан жок дегенде өкмөт башчысы болуп калууну ойлоду. Ошентип тандем түзүлүп калды, ал эми тандемдин түзүлүшүнө түндөп катышып, кол коюп жүргөндөр алар да өз кызыкчылыгын ойлоп, жылуу ордумду сактап калайын деп жанталашышты. Мунун баары баардыгыбызга бүгүн ачык-айкын болду. Эл арасында азыркы бийликтегилерге эч качан ишенбеш керек экенин дагы бир жолу тастыктады.
- Апрелдеги митингдин сабактары кайсылар деп ойлойсуз? Оппозиция кандай кемчиликтерди кетирди?
- Ноябр митингдерин туура жана жакшы уюштурушкан болчу. Бирок бийликтин эки жүздүүлүгүнө алдырып коюшту. Ал бийликке парламент да кирет. Парламент ноябрда абдан чоң көпчүлүк менен Конституция кабыл алып, анан кайра декабрда башка Конституция кабыл алып атканы президент кошулуп эки жүздүүлүк эмей эмне? Азыр болсо, президент билбемиш болуп, парламент кабыл алып койду деп ийнин куушурат. Эмне, ошол кезде спикер Марат Султанов парламент менен президенттин ортосунда чуркап жүргөнү калппы? Президенттин укугуна ушуну кошуп койгулачы деп чабарман болуп атпадыбы? Эл өкүлдөр органы – парламенттин төрагасы Султанов мырза, өзү айткандай, принципиалдуулугу «Агым» гезитин окубай койгонго эле жетет экен.
Бул митингде Кулов тактикалык жактан туура эмес кылды. Ал Бакиевге айтса болмок, «сен кет, мен да кетем, экөөбүз тең уят болдук, элдин ишеничин аткара алган жокпуз, бийликти башкаларга берели» деши керек болчу. Кулов ушул сөздү айтпай, эл аны кайра бийликти гана каалап атат деп түшүнүп калды. «Биз экөөбүз тең кетишибиз керек» деп чыкканда, митингди элдин калың катмары колдоп, маанай башкача болмок. Дагы бир жолу баса айтып кете турган кеп, эгемендүү Кыргызстанда бийликке келгендер өздөрүнүн айткан сөздөрү жөнүндө, жасап жаткан иштери жөнүндө ойлонушса, эгер акылдары жетсе. Жөн эле элди билбейт, көрбөйт, түшүңөйт булл «толпа» деп кабыл ала беришсе, аягы жаман бүтөөрү шексиз.
Маектешкен Санжи ТУЙТУНОВА
«Dе-Факто» гезити, №12 (12) бейшемби, 17-май, 2007-жыл
Kommentarer