Айрым коомдук-саясый уюмдар өкүлдөрү, депутаттар менен граждандар ЖК өткөн жылдын 30-декабрында кабыл алып, Президент 15-январь, 2007-жылы кол койгон Конституцияны мыйзамсыз деп табуу сунушу менен Конституция сотуна кайрылган. Консот аппараты ал ишти кароо 14-сентябрда башталарын ММК аркылуу билдирди. Ушуга байланыштуу Конституциянын декабрь варианты эле эмес, кийин премьер-министр Алмаз Атамбаев башында турган топ даярдаган ага алымча-кошумча, өзгөртүүлөр да мыйзамсыз деп табылууга тийиш. Ошондой эле алар 15-январь, 2007-жылдагы "КР Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндө" мыйзамын да конституцияга каршы деп табууну талап кылат.
Албетте, аларга негиздүү, жоопкерчиликтүү илик жүргүзүп, туура жыйынтык чыгаруу Консоттун иши деңизчи, бирок башкача болушу мүмкүн эмес. Консотко кайрылгандардын сунушу юриспруденциядан кабары барлардын да, жоктордун да кызуу колдоосуна ээ болуп жатканына өзүм күбөмүн. Андыктан өлкөнүн бир гражданини катары ошол колдоого ээ болуп аткан үч сунуштун бирөө тууралуу ой бөлүшсөм дейм.
Айталы, 2006-жылдын 9-ноябрында кабыл алынган, 2007-жылдын 15-январына чейин күчүндө турган "Кыргыз Республика Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" мыйзамдын 93-статьясынын 2-пункту боюнча КР Конституциясы же аны өзгөртүү, толуктоо сунуштары Жогорку Кеңеш Консоттун жыйынтыгын эске алуу менен карайт. Ал үч айдан эрте эмес, алты айдан кеч эмес мезгилде жыйынтык чыгарып берүүгө милдеттүү. Бизде кандай болду? Үч ай эмес, үч жумадан кийин (30-дек., 2006-ж.) азыркы иштеп аткан Конституция кабыл алынды. Консоттун чечими чыккан жок. 2007-жылдын 15-январында Президент кол койду да, жеңил-желпи кагынып туруп кетти.
ЖКнын көпчүлүк депутаттары жана жалпы эл шайлаган Президент мыйзамдарды минтип көзкөрүнөө тебелегенин кандай түшүнөбүз? Болгондо да аракеттеги Башмыйзамды. Бул үчүн кимдир бирөөлөр жоопко тартылышы керекпи? Керек эмес, зарыл. Бийликтин кай бутагында отурса да катуу жазаланууга тийиш. Антпесе ал адатка айланат, укуктук демократиялуу мамлекет курабыз деген үмүтүбүз ташкабат.
Бул боюнча эл арасында кээде аргасыз жылмайткан кеп-сөздөр айтылат. Мисалы, ноябрь Конституциясын да, декабрь Конституциясын да кабыл алууга аябагандай чоң эмгек сиңирген ЖК төрагасы Марат Султанов (эсиңиздеби, 8-ноябрь түнүндө мамсекретарь А.Мадумаров экөө жетелешип, Президентке жаңы укук кошо түшкүлө деп депутаттарды түрө кыдырып жүргөн) шашканынанбы, мүмкүн юридикалык жогорку билиминин жоктугунанбы, айтор Конституциянын аталган статьясын окуп, түшүнгүчө үлгүрбөптүр.
Кеп анда эмес. ЖКда бүтүндөй комитет бар. Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети аталат. Аны "бакма" юрист Исхак Масалиев жетектейт. Төрага байкабай калса, комитет эмне текей оттоп кеттиби? Жок, байкашкан, тек, эл, мамлекет кызыкчылыгына караганда жердешчил "патриоттук" сезим ж.б. майда-чоң кызыкчылыктар жеңип кеткен.
Конституция сотуна келсек, анын эчкимге "алмашкыс" төрагасы Чолпон Баекова кайсы бийлик башына болбосун каш кайтарбай "кызмат" өтөп келгени белгилүү. Мыйзам сактоонун эң жогорку органынын жетекчиси катары Кыргызстан эгемендик алгандан бери бир дагы жолу Конституцияны өздөрүнө ылайык өзгөртүп же бийлик аны көзкөрүнөө бузуп жатканына кабагым-кашым деген эмес. Конституцияны принципиалдуу коргоого алган бир дагы учуру элдин эсинде жок.
Эсиңизде чыгар, өткөн 90-жылдын аягында Россия менен Кыргызстан президенттерине бирдей кырдаал түзүлгөн. Эки Конституцияда тең президент эки ирет шайланууга гана укуктуу. Акаев биринчи жолу советтик закон менен парламентте шайланган. Дагы бир мөөнөткө шайланууга укугу барбы, жокпу? Россия Консоту "жок" деп таккесе айтты. Кыргызстан Консоту мыйзам иликтеп башты оорутуп отурбай, "укугу бар" деди.
Натыйжасы? Акаевдин авторитардык бийлиги, режими орноду. Конституциялык башаламандык башталды. Акаев акыры шым болуп, өлкөдөн качып тынды. "Март революциясы" деп коюшкан тополоң, андан берки өлкөнүн, элдин сыпайы айтканда, адам суктанарлык эмес азыркы абалынын түзүлүшүнө Конституция сотунун, анын төрагасы Чолпон Баекованын "эмгеги" эбегейсиз чоң.
Эми мыйзам туралуу суроо туулат. Конституция соту жана анын жетекчиси Чолпон Баекова өлкө президенти Бакиевге өз кызыкчылыгы үчүн канчалык көзкаранды? Консот карап аткан конституциялык реформа маселесине канчалык көзкаранды эмес, объективдүү, жоопкерчиликтүү жыйынтык чыгарып бералат? Баса айтам, бүт өлкөнүн, бүт элдин кызыкчылыгы үчүн.
Акырында козголгон маселе боюнча ачык, так жооп берүүдө президент Бакиевдин мамилеси аргасыз алакан жайдырат. Декабрь (2006) Конституциясын кабыл алаарда долбоор боюнча Консот чечим чыгарып бербегени эмне үчүн аны кызыктырган эмес? А эмне үчүн азыркы Конституцияга өзгөртүү, толуктоо киргизерде Консот чечими деп чебеленип атат? Өз авторитардык бийлигин бекемдөө максатында жасалган экижүздүүлүкпү?
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер
газета «Агым», N 51 (522), 14 сентября 2007 г.
Comments