top of page

«Купим ошских кыргызов»


«Аки-пресс» маалымат агенттигинин 2007-жылдын 16-ноябрындагы сайтында Борбордук Азия жанылыктар кызматынын Казакстан боюнча (Caravan. kz) болумундо «Продаются узбеки»…, «Купим ошских киргизов» деп аталган макала чыгыптыр. Анда кыскача мындай деп жазылыптыр: «…Такие объявления открыто вывешиваются на заборах стихийных рынков труда. За пару рабочих рук из ближнего зарубежья посредник получает 30—50 долларов… Отсутствие контроля уже разделило рынок труда на сорта. И нелегалам отводится самая низшая ступень. Они бесправны, их нещадно эксплуатируют, им платят копейки, содержат в скотских условиях. По сути – рабы».


Ушул эле 2007-жылдын 20-ноябрында «24.kg» маалымат агенттиги томондогудой аттагы макаласын чыгарды: «Ошский гастарбайтер: в Казахстане запросто можно увидеть объявление «Продаем кыргызов». Анда кыскача мындай деп айтылат: «В Алматы на столбах часто попадаются объявления о продаже кыргызов, это можно прочитать и в бегущей рекламной строке по телевидению… их продают и перепродают друг другу казахские предприниматели — это хороший бизнес…Помыкают, заставляют работать сверх положеного, но не платят за переработку. И все равно многие остаются там и терпят свое рабское положение, потому что получают хоть какую-то работу и деньги».


Бул айтылган создордон кийин суроолор туулушу абзел: жогорудагы мааниде келтирилген кулактандыруулар откон кайсы кылымдын талабына ылайык эле жана кечээ эле совет бийлигинин тушунда биз кыргыздар чуйруйуп «бизден артта калган Африка менен Азия олколору» деп жургон мамлекеттерде бугунку кундо ушундай корунуштор болуп жатабы? Албетте, биздикиндей ачык-айкын корунуш жок. Андай болсо, Кыргызстандын карапайым калкынын мындай кордолушунун себептери эмнеде?


Азыркы бут эл шайлаган президент Курманбек Бакиев (ушинтип айтканды озу жакшы корот эмеспи) созсуз «бул олконун жана элдин кыйынчылыктарынын баары Акаевден калган, мен 2,5 жылда эле оноп коё албайм» деп атат да. Мен дагы «Бакиев олуя болсо да, аз эле убакта ондоп коёр эле» дегенден алысмын.


Бирок президент болуп келгенден бери, акылы жана уюштуруу жондомдуулугу болсо, жалпы эли менен бирдикте ишенич алып ошол тарапта иштеши керек эле да. Тилекке каршы андай болгон жок. Озунун жеке бийлигин сактап, кучотуу аракети учун эл алдында калп убадаларды берип, капкайдагы кучтор менен оюн жургузуп (мисалы, белгилуу бандит-кылмышкер Акматбаев ж.б) олкодо узакка будун-чандын болушуна озу туртку берип келди (буга кутулбогон жерден парламентти таркатышы, фарс- референдумда озунун «хандык» Конституциясынын кабыл алынышы, кобунчо жасалма партиялардын тизмеси менен парламентке шайлоо откорулуп жатышы да кирет).


Экинчи жагынан айтсам, президент Бакиев Акаевдин тушунда коп жылдар облустарда губернаторлукта иштеп, олкодо экинчи киши катары окмотту башкарып туздон-туз эле Акаевдин «куйругу» болуп келбеди беле. Акаев жанына кандай адамдарды чонойтуп алып жургонун билебиз да. Жетишпегендиктердин бардыгы учун эле ага жалаа жаап таштаган болбойт да.


Жогоруда келтирилген бир тууган кошуна казак элинде, жеринде кор болуп, кул болуп жургон Кыргызстандын жарандарынын акыбалын женилдетууго президентибиз жеке озу кандай чара коргонун эл арасында эч ким билбейт экен. Президент Назарбаев «Курманбек, сен эн кыйын иштеп жатасын» деп далыга чаап койсо эле озунун эли менен иши жок, озунчо эле кубанып журот дешет. Эмне кылабыз, айла жок. «Байкуштар, бир жагынан кор оокаттын айынан уй-булобузду, балдарыбызды багабыз деп, экинчи жагынан ХХI кылымда дуйнонун башка олколорундогу элдердин турмушун кул катарында болсок да, чет жакасын коруу учун оз ыктыярлары менен эки жакка кетип атышат» деп айтып тим болобуз да. Кандай болсо да, коп эле «бут эл шайлаган президентмин» деп кокурогун койгулаган президент озун шайлаган элинин алдында анча-мынча жоопкерчиликти алыш керек эле да. Ага акылы да, кудурети да, конулу да жок экен. Мунусу эки жылдан бери эл арасында ачык-айкын белгилуу болду…


Жакында эле бийликтин жогору денгээлинде отурган мыкчыгерлер (мисалы, экс-мамкатчы Мадумаров, ЖК экс-вице-спикери Исабеков, каржы министринин м.а. Жапаров) ар кайсы трибуналардан «Сыртта иштеп жургон жарандардан баланча жуз миллион доллар жакындарына келип жатат, биз аларга атайын жол ачып берип жатабыз. Андан тушкон салык тукунчо миллион болуп, ал олкобуздун бюджетине чон кошумча болот. Буюрса, коррупциялашкан чиновниктерибиз жана бай депутаттарыбыз оз убагында айлык акыларын алганга шарт тузулот, анча-мынча мугалимдердин, врачтардын жана пенсионерлердин ооздорун басканга да калат» дегендей айтып кужулдоп атышпады беле…


Бугунку жашап жаткан эски муундардын эсинен кете элек болсо керек. Илгери биз окуп жургондо марксизм-ленинизм илиминде орусча мааниси боюнча мындай деген аныктама айтылчу: «При капитализме созданные государством правоохранительные и карательные органы, охраняя власть, имущества и привилегии господствующего режима, являются его цепными псами». Бизде азыр эмне капитализм эмеспи? Болгондо да жапайы капитализм. Кийинки жылдары бийликке жараша акырындап кайра феодализм аралашып баратат. Бизде кайсы режим башкарары жогоруда айтылды: уй — було жана кландык режим деп. Анан кайдагы карапайым элдин укугун коргоо деген болот?


Озумду оппозиционермин деп кокурогумду какпасам деле, эн алгачкы сунушумду жана кенешимди Курманбек Бакиев президент болуп шайлангандан уч ай откондон кийин эле бергем. Ошол убакыттын ичинде эле эл арасында анын ким экенин тушунуп калган.


«МСН» гезитинин 21-сентябрь 2005-жылдын №109 санында «Позвольте усомниться» макаламда жазганмын: «…Меня одолевает сомнения по многочисленным словесным обещаниям представителей новой власти. Недавно высказанное президентом обещание за 2—3 года улучшить жизнь людей полностью совпало с обещанием Акаева в 1993 году… Моральное состояние народа в настоящее время неустойчивое. Доверием народа надо дорожить, пока оно есть. Самое главное – тщательный и скрупулезный подбор и расстановка на руководящие государственные должности людей по деловым и профессиональным качествам, по порядочности, честности, ответственности, добросовестности и обязательности…».


Бирок, тилекке каршы откон жылдары бардыгы тескерисинче болду. Мындай жетекчилерге татыктуу сапаттар ажонун озундо болбогондон кийин муну аткарыш кыйын окшойт.


Ошондон берки эки жылда биздин республика кандай турмуш акыбалга жеткенине биздин эл да, башкалар да кубо. Бийликтин ар кайсы баскычтарында кандай гана адамдар иштеп кетишкен жок. Президент озунун жетекчилик кызматка койгон кадрларын кетиргенде кандай муноздомо берээрин билбей, калп айтып, айласы кетет.


Бишкекте «Алатоо» аянтындагы «Эркиндик» статуясынын алдында, таш плиталарда ата-бабабыздан келаткан ыйык девиз (чакырык) создор жазылган: «АСЫЛ ОЙ, АК СОЗ, АДАЛ ИШ». Мен так билбейт экенмин: качан жана кимдин демилгеси менен жазылып коюлганын. Кийинки жылдары байкасам, жанынан отуп окуган адамдардын бири олкодо, элде жана бийликте болгон чын акыбалды билген учун шылдын катары кулуп отсо, экинчиси калпка кыжыры келгенден тилдеп отот. Ошондуктан азыркы турмуштагы чындык создорго алмаштырылып жазылсын: «АРАМ ОЙ, КАЛП СОЗ, ЖАМАН ИШ».



Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер


  • газета «De-факто», 20-декабрь 2007

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page