top of page

Кыргызстан "чоң оюндун" тең ата катышуучусубу?

"Кыргызстан сделал заявку на полноправное участие в глобальной политической игре... Как минимум два последних наши решения вынуждают глобальных политических игроков по-новому взглянуть на Кыргызскую Республику. Это водноэнергетический проект и решение о закрытии американской военной базы. Оба решения выводят Кыргызстан на позицию активного участника мировых процессов".


Президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстан Эл ассамблеясынын VI курултайында сүйлөгөн сөзүнөн, "24.kg" маалымат агенттиги, 17-апрель, 2009-ж.




Жогоруда президент көөдөнүн көтөрүп айткан биз үчүн көйгөйлүү маселелер - кийинки убактарда эл арасында көп тынчсыздандырууну жаратып, ММКларда кеңири маалыматтар айтылып да, жазылып да келе жатат. Мисалы, "Ачык саясат" гезитинин 15-майдагы санында Р. Дүйшөнбекованын "Карызың канча, кыргызбай?" аттуу макаласында да окурмандар үчүн канча жоопсуз суроолор бар?

Менин бул макаламда ушундай суроолорго түз түшүнүк берүүгө мүмкүнчүлүгүм болбосо да, аларга байланыштуу айрым маселелер боюнча өзүмдүн пикиримди окурмандарга тааныштырып коюуну туура таптым. Эл алдында жоопкерчиликти сезбеген бийликтеги жетекчилер ачык жана толук жооп бергиси келбесе же бере алышпаса эмне кылыш керек? Дегеле азыркы бийликке шайлоо өткөргөндө гана эл керек болуп, башка убактарда элдин кызыкчылыгы жана муктаждыгы менен анын такыр эле иши жок экени төрт жылдан бери баарыбызга айкын белгилүү болбодубу. Президент Бакиевдин "глобалдык саясий оюн", "глобалдык саясий оюнчулар", "дүйнөлүк процесстерге активдүү катышуучусу" деген жогорудагы сөздөрүнө карата бир аз жалпы түшүнүктөрдү айтууга туура келип турат.

Өткөн ХХ кылымдын орто чендеринде болгон 2-дүйнөлүк кандуу "ыйык" согушта ошол кездеги эң чоң державалардан болгон СССР союздаштары менен жеңип чыккандан кийин, Советтер Союзу баш болуп, бир топ өлкөлөр биригишип, социалистик системаны түзүшкөн. Калган капиталистик ири өлкөлөр бул түзүлгөн система капиталистик системанын кызыкчылыгына карама-каршы келет деп биригишип, эки системанын ортосунда узакка созулган "Кансыз согуш" ("холодная война") башталган. Акыры 90-жылдардын башында СССР жана социалисттик системадагы өлкөлөрдүн көбү бөлүнүп, ыдырап, алсызданып, кээ бирлери талкаланып, дүйнөдө 10-15 жыл бир аз да болсо, эл аралык "тынчтык" доор өкүм сүргөндөй болгон. Буга дүйнөдөгү ар кандай ири геосаясий талашуу-тартышуулардын катышуучусу Орусия империясынын (ХХ кылымдагы СССР) алсыздануусунун таасири болду. Батыш өлкөлөрү аны "алсыз, турбай калды"- деп, көз карандуу өлкө кылып алганга да катуу аракеттеништи.

Бирок, кийинки 5-10 жылдын ичинде Орусия кайра бутуна туруп, илгерки империялык кызыкчылыктарын эңсеген саясатын баштаганда, АКШ башында турган батыш өлкөлөрү, бир жагынан кийинчерээк өнүгүп, күчөгөн Кытай өлкөсү кошулуп, алардын арасында ХХI кылымдын талаш - тартыштары же "Кансыз согушу" башталды.

Ири мамлекеттердин арасындагы "Кансыз согуш" ХIХ кылымда "Чоң Оюн" ("Большая Игра") деп аталчу. Ал кезде Европадагы өлкөлөр бир жагынан Англия, экинчи жагынан Германия жана үчүнчү жагынан Орусия баш болуп, күч колдонуп талаш-тартыш жолу менен майдараак, алсыз-күчсүз өлкөлөрдү саясий көз каранды кылып, жерлерин, байлыктарын тартып алуу менен алар өздөрүнүн эл аралык үстөмдүүлүк кылуу саясаттарын тынымсыз жүргүзүп келишет.

Булар жөнүндө 2008-жылы Москвада чыккан Орусия телекөрсөтүүсүнүн 1- каналынын саясий баяндамачысы, белгилүү журналист Михаил Леонтьевдин "Большая Игра" ("Чоң Оюн") аттуу китебинде баяндалат. Китепте Борбордук Азияда илгертеден бери болуп келген жана алдыда боло турган ири өлкөлөрдүн өздөрүнүн кызыкчылыгына байланыштуу "оюндарына" кеңири орун берилген.

Х1Х кылымдын экинчи жарымында Англия менен Орусия өз кызыкчылыктары үчүн бири-бирине эрегишип, Борбордук Азия өлкөлөрүн (элдерин, жерлерин) күч менен талап - тартышуу саясаттарын жүргүзүшкөн. Мисалы, ошол кылымда канча жолу Персия (Иран) менен Ооганстан күч менен алмак-салмак бири-биринин үстөмдүгүнө өтүп турушкан да, алардын жетекчилери алмашылып марионетка катарында болушкан. Орусия падышалары бул регионго абдан кызыгышкан. Аны Англия жеке ээлеп албасын үчүн, генерал Михаил Скобелевге, кийин генерал-губернатор Константин Кауфманга тапшырма берилип, алар Туркестанды, Бухараны, Хиваны, Коконду, Ташкентти басып алышып, региондо күч рейддерин жасап турушкан…

Ошону менен бирге бул китептин автору, жаңы башталган ХХI кылымдагы "Чоң Оюнда" ири өлкөлөр (Англиянын ордуна АКШ, Орусия жана жаңы өнүгүп өөрчүгөн Кытай) азыркы мезгилге байланыштуу "оюн" саясаттарды улантууда, тарыхтын кайталануусу катарында бүгүнкү Борбордук Азиянын көбүнчө сөз менен көз каранды эмес делген өлкөлөрдүн (ичинде сөзсүз Кыргызстан бар да) келечектери жөнүндө, эл аралык белгилүү саясатчылардын жана эксперттердин бүгүнкү айтып жаткандарын көп келтирет. Аларды окуганда, бир жагынан азыркы акылсыз, жеке кызыкчылыктарын гана көздөгөн марионетка жетекчилерге нааразы болсоң, экинчи жагынан элдин тагдырын, өзгөчө өспүрүм жаш муундардын келечегин чоң кайгыруу менен ойлойсуң.

Ошондуктан, жогоруда келтирилген президент Бакиевдин Кыргызстандын глобалдык оюндарга активдүү катышуусу жөнүндө айткан сөздөрү анын кандай түшүнүгү менен айтканын эл ачык билиши керек. 4 жылдан бери эл алдында айтып келген сөздөрүн (куру убадаларын) жана жасайм деп жасабаган иштерин алганда, президенттин түшүнүгү өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгына дал келбейт деген пикирлер бүгүн эл ичинде кеңири тарабадыбы. Ошондуктан, бүгүн Борбордук Азияда жүрүп жаткан "кансыз согуштун" ("Чоң Оюндун") негизги катышуучуларынын кээ бир маселелер боюнча жүрүш-туруштары, Кыргызстанга карата ар кандай мамилелер жана айтылган пикирлер жөнүндө маалыматтарды биздин коомчулук кеңири билиши керек.

Жогоруда президент Бакиев "биздин акыркы чечимдер"-деп атаган "суу-энергетикалык долбоору менен Манастагы америкалык аскер базасын жабуу жөнүндө" жана ушуларга байланыштуу кээ бир маселелер тууралуу билгенимди, көргөнүмдү, укканымды жана ойлорумду Кыргызстандын жараны жана патриоту катарында окурмандарга айткым келет. Суу-энергетикалык долбоору боюнча: өткөн ХХ кылымдын 70-80-жылдарында Сыр-Дарыя бассейнинде курулуучу Токтогул ГЭСи менен суу сактагычы жана башка ГЭСтер (Камбар-Ата ГЭСтери кошулуп) негизинен жалпы региондун республикаларын суу жана электроэнергия менен жабдууга кызмат кылышат деп союздук органдарда чечим кабыл алынганда, бир тууган кошуна республикалардын жетекчилери "колдорун гана эмес, буттарын да көтөрүшүп"- дегендей жакташкан болчу. Мен ал убакта СССР Госпланында Борбордук Азия республикалары боюнча иштеп аткам. Ал чечим кошуна өлкөлөрдүн азыркы жетекчилеринин да эсинде болушу керек. Камбар-Ата ГЭСтери жана андагы чакан суу сактагыч негизги Токтогул суу сактагычына кошумча болуп курулгандан кийин, Кыргызстанды гана эмес регионду суу жана электроэнергия менен камсыз кылууга чоң көмөк болмокчу. Муну бул курулуштардын техникалык жана экономикалык негизделүүсү менен таанышып туруп эле түшүнсө болот.

Азыркы кездеги кошуна Өзбекстан менен Казакстандын Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна карата тескери көз караштарынын келип чыгышы, кийинки 20 жылдын ичинде Кыргызстандын президенттери Акаев менен Бакиевдин кошуна өлкөлөргө болгон марионеттик, туруксуз жана алсыз саясаттарына байланыштуу деп түшүнсөк болот. Бул жылдары көптөгөн мындай көрүнүштөргө күбө болбодукпу. Мындай терс көрүнүштөр жок жерден чыга калбайт. Алар дагы биздин алыбызды, өзгөчө жетекчилерибиздин кейпин көрүп турушуп, "Чоң Оюндарга" бизден жогору деңгээлде катышуунун аракетинде да. Ошон үчүн, президенттин жогоруда өпкөсүн көптүрүп айткан сөздөрү, кезектеги ооздон чыккан желге окшоп жатпайбы. Башынан эле "чоң" кошуналар менен акыл-эстүү, тең-тайлашуу мамилелерин билгичтик менен жүргүзгөндө бүгүнкү мындай ахыбал болмок эмес.

Ушуга байланыштуу, Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна Орусиянын 1,7 млрд. америка долларын экономикалык жардам катары (бардыгы болуп 2 млрд.доллар) бериши, анын Кыргыз мамлекетине жана элине жасаган күтүлбөгөн марттыгыбы же башка дагы себеби барбы? Менин билишимче, 20 жылдан бери бул өлкө муруңку союздук республикаларга мындай марттык кылган эмес. Ага баарыбыз күбөбүз.

Быйыл кышында мына ушул "экономикалык жардам" маселеси чечилип жатканда, мен Москва шаарында жүрүп, Совет убагында жогорку мамлекеттик башкаруу кызматтарында иштешкендер (азыркы ардагерлер) менен жана азыр деле Орусиянын кээ бир мамлекеттик органдарында кызмат өтөгөн муруңку бирге иштешкен коллегаларым менен маектешип, жогорку суроону бергенимде, эч кимиси ачык жооп бере алган жок. Анан мен бул маселе боюнча өз оюмду айттым.

Азыркы кезде "Чоң Оюндун" убагында ири жана бизден чоң өлкөлөрдүн ортосунда талаш-тартыш жүрүп жатканда, глобалдык энергетикалык кризистин учурунда ири батыш өлкөлөрүнүн жана Кытайдын кысымына туруштук берүү үчүн Орусиянын саясатын түшүнсө болот. Себеби, нефти менен газдын бай булагы Орусиянын колунда болуп, Европа, Азия өлкөлөрүнүн көбүнүн көздөрүн кызартып турганда, көп тараптан башка өлкөлөргө көз каранды, бирок арзан гидроэнергетика булагына бай Кыргызстан менен Таджикстанда ГЭСтерди куруп, аларды акырындап өздөрүнүн менчигине алып жана каалаганындай үзүрүн көрүп, кошуна Борбордук Азияда үстөмдүк саясатын жүргүзүш керек да. Каржыланган инвестициялардан кутулуп, Камбар-Ата ГЭСтерин өзүнүн менчиги кылып пайдалануу алсыз жана кедей Кыргызстандын (азыркыдай жөндөмү начар жетекчилерди менен) колунан келбейт. Анын үстүнө, аларды куруп бүтүүгө көп убакыт керек: ага чейин "же эмир өлөт, же эшек өлөт". Бул пикириме каршы орусиялыктардын эч кимиси башка ой айткан жок. "Азыркы убакта Батыш бизди кайрадан алсыз кылып, чөгөлөтүп, жок кылууга аракет кылып жатканда, Орусия өлкөсүнүн кызыкчылыгы баарыдан жогору турат"- деп патриоттук сөздөрүн айтышты.

Биздеги бийликте болуп жаткан көрүнүштөрдү эске алып, эски коллегаларыма кээ бир маселелерди ачык көтөрдүм: " Орусиянын бул бизди таң калтырган экономикалык "жардамы", Кыргызстандын азыркы марионетка бийликти сактап калуу аракетиби? Жөн жеринен биздин президент Москвага келип, американын согуш базасын кетиребиз деп айткан жок да? Муруңку качкын президентибиз Акаев үй-бүлөсү менен уурдап кетишкен элдин акчасына Москвада кафе-ресторандарды куруп, бизнес жасап жатат деп угуп жатабыз. Силер берип жаткан "жардамдын" эсебинен, кийин Бакиев үй-бүлөлүк кланы менен Москвага качып келип, бизнес жасап жүрбөсүн? Ал 4 жылдан бери "Акаевден менин эмнем кем?"- деп эрегиш саясатты жүргүзүп жатат. Кокусунан эле Кыргызстан быйыл эл аралык рейтингде коррупциянын күчөгөнү боюнча дүйнөдөгү өлкөлөрдүн арасында алдыңкы 4- орунду ээлеген жок да..."

Алар "биз көзөмөлдү катуу коёлу деп жатабыз"- дегендей жооп беримиш болушуп, "бул президентиңер мамлекетти кандай жетектеп жатат?"- деп менден сурашты. Мен "президентти жөн эле жамандап атат"- деп ойлобошу үчүн, интернеттен чыгарып алган 2009-жылдын 27-январындагы "Кыргызстан президентинин улутка кайрылуусунун"- текстин өздөрүнө окуттум. Алар эгемендүү мамлекеттин президентинин деңгээлинин өтө төмөн экенине таң калышты. Эмне үчүн Кыргызстан жылдан жылга жарды, алсыз, бечара өлкөгө айланып баратканынын чоң себебин түшүнүштү окшойт.


Эл аралык "Манас" аэропортундагы АКШнын согуштук авиабазасын жабуу маселесинин тегерегинде бүгүнкү күндө жүрүп жаткан ар кандай карама-каршы пикирлер бекеринен келип чыккан жок. Башынан бери эле (президенттер Акаев да, Бакиев да) бул база келишими боюнча жеке кызыкчылыктары үчүн жөн эле бөйпөктөп жүгүнө бербей, эгемендүү өлкө болгон Кыргызстандын жана элдин кызыкчылыгынын атынан саясат жүргүзгөндө, мындай талаш-тартыш иштер болбойт эле.


Төрт жыл Акаевдин тегерегиндегилер, дагы төрт жыл Бакиевдин тегерегиндегилер бул база менен тыгыз "кызматташып", "оокат" кылышкандары элге кеңири белгилүү. Буга карата мен бир мисалды келтирейин. 2008-жылдын 31-мартында парламентте "АКШ Манастагы авиабаза боюнча Кыргызстанга канча төлөйт" - деген суроого ал убактагы каржы министри Тажикан Калимбетова: "Жылына 17,5 млн америкалык доллар"- деп жооп берди. Ал эми 2006-жылдын 12-октябрында америкалык "Уолл стриит джорнел" гезитинин кабарчысы Алан Каллисондун "Аэропорт үчүн Америка канча төлөйт?" -деген суроосуна президент Бакиев өзүнүн интервьюсунда "Жылына орто эсеп менен бардыгын эсептегенде 100-120 млн америкалык доллар төлөйт" - деп жооп берген эле. Мындай маалыматтар коомчулуктан жашыруун болгондуктан, элдин канча акчасы кайсы бийликтегилердин чөнтөктөрүнө кетип жатканы белгисиз. Убакыт келгенден кийин мунун баары сөзсүз аныкталып, элдин эсебинен уурдап байып жаткандар тийиштүү жоопкерчиликтерге тартылышы керек деп эсептейм.


Американын согуш базасы "Манас" аэропортунан алты айдын ичинде чыгып кетиши тууралу (эгемендүү өлкөнүн парламент сөрөйү кабыл алып, бардык эл шайлаган президент кол койгон) чечимге, кээ бир ири өлкөлөрдүн дароо эле көрсөткөн мамилелери эле, Кыргызстан айтылган "Чоң Оюндун" кандай "катышуучусу" экенин айкындайт.

2009-жылдын 11-февралында америкалык "Вашингтон таймс" гезитинде бул чечимге байланыштуу "Кыргызстан-"чыйылдаган (чырылдаган)" чычкан", ("Кыргызстан - мышь, которая зарычала") аттуу редакциялык макала жарыяланган. Маанисин бузбай бериш үчүн статьянын үзүндүсүнөн орусча текстин келтирейин. "Мышь, которая зарычала ("The Mouse that Roared") - эта книга, написанная в 50-годах прошлого века. В ней рассказывается о некоей крошечной вымышленной стране… Она не желает развивать индустриальную экономику и при этом, какие бы абсурдные ситуации ни возникали… смело выходит на борьбу с великими державами и одерживает верх..."


Дүйнөгө кеңири белгилүү гезиттердин бири америкалык "Нью Йорк Таймс" 2009-жылдын 13-февралындагы "Россия пытается вытеснить США с авиабазы в "Манасе" в Кыргызстане, используя метод "кнута и пряника" аттуу Джонс Хопкинс университетинин алдындагы Борбордук Азия - Кавказ институтунун жетечиси Фредерик Старрдын статьясында, Орусиянын ачыктан ачык эле муруңку СССРдин территориясын, Кавказ менен Борбордук Азияны кошуп туруп, жеке өзүнүн гана көз карандысына айландыруусу, келечекте АКШга гана эмес, Кытайга да коркунуч туудураары жөнүндө айтылат.


Ошол эле 13-февралда чыккан англиялык "Нью Стеитсмен" гезитинин "Судьба Америки в руках малоизвестного среднеазиатского Кыргызстана" аттуу статьясында мындай деп айтылат: "…С американо-киргизским соглашением по "Манасу" всегда было связано немало проблем. Система власти в постсоветском Кыргызстане отравлена коррупцией, а парламент угрожает выгнать американцев каждый раз, когда в бюджете кончаются деньги, надеясь выбить еще несколько миллионов в качестве арендной платы…Фурор начался, когда Дмитрий Медведев (Орусия президенти -К.И.) пообещал списать долги и выделить нищей стране 2 миллиарда долларов экономической помощи в том случае, если она согласится закрыть базу. Российский вице-премьер Сергей Иванов категорически это отрицает, а премьер-министр Кыргызстана Игорь Чудинов всячески подчеркивает, что решение парламента провести голосование по вопросу будущего базы никак не связано с этими деньгами. Мало кто им верит… Россия легко может купить сговорчивость Кыргызстана…"


Ушул айтылгандарга байланыштуу мен өзүм күбө болуп уккан дагы бир маалымат тууралу айта кетейин. Биздин парламент сөрөй "Манас" аэропортундагы америкалык согуштук авиабазаны кетирүү жөнүндө чечим кабыл алганда мен Москвада элем. Илгери союздук органдарда жогорку кызматтарда иштеп жүргөн (азыр пенсионер) эски таанышым бир күнү мага телефон чалып айтат: "Орусиянын Кыргызстанга экономикалык жардам берүү тууралуу келишимди парламенттин Федерация Кеңеши (Совет Федереации) палатасы карап бекитиши (ратификациялашы) керек. Бүгүн мага парламенттен айтышты, бул маселени кароого күн тартибине киргизишиптир эле, база тууралуу чечимге президентиңер кол коё элек экен, айнып кетип жүрбөсүн деп, ал маалымат келмейинче, кароону кийинкиге жылдырып коюшуптур…"-дейт. "Биздин бийликке ишеничтин жок экени силерге да жеткен турбайбы…"-деп жооп бердим.


Эми америкалык "Уолл стриит джорнел" гезитинин ушул жылдын 16- мартында "Кыргызстандагы өлүм-суроолорду туудурат" аттуу статьясындагы маалымат менен таанышалы. Бул гезиттин жогоруда аталган Алан Каллисон аттуу кабарчысы КР Президентинин администрациясынын мурунку жетекчиси маркум Садыркуловдон тирүү кезинде интервью алган экен. Мында да мааниси өзгөрүлбөсүн үчүн, интернеттен алынган маалыматтын орусча текстин берейин: "На прошлой неделе в интервью "The Wall Street Journal" Садыркулов заявил, что ушел с поста главы администрации президента в связи с тем, что он обеспокоен поворотом правительства в сторону Кремля, который, по его словам, оказал "очень нехорошее давление" на правительство Киргизии с целью выдворить американцев с воздушной базы. По словам Садыркулова, он объединился с другими чиновниками, которые тоже обеспокоены таким поворотом событий, и намеревался выступить против президента Курманбека Бакиева на предстоящих выборах. Он утверждал, что в последние недели получал угрозы из окружения президента, и высказывал предположение, что брат президента, отвечающий за вопросы безопасности, стоял за некоторыми угрозами. Садыркулов заявил, что брат Бакиева в знак предупреждения однажды прислал ему домой подарочную коробку с отрезанными пальцами и ушами… Союзники Садыркулова утверждают, что его смерть - это политическое убийство" - деп жазат статьянын автору...


"Саясат деген балит нерсе" деп айтылат эмеспи. Бирок, азыркы бийликтин саясаты өтө эле балит болуп, элге канча көйгөйлүү иштерди алып келатат. Иш жүзүндө биздин өлкөдө азыр адамдын укугу эмес, анын өмүрү сакталууга шарт бар деп ким айта алат?


Жогоруда келтирилген маалыматтар эмнени тастыктайт? Кыргызстан ХХI кылымдагы глобалдык "Чоң Оюндун" катышуучусу эмес, анын азыркы кейпи менен алдын-ала садага чабылган "жертвасы" болуп эсептелет.


Кийинки 4 жылдан берки мамлекетти жана элди башкаруунун натыйжасын көрүп туруп, эгер бийлик өзгөрбөсө, Кыргызстандын жакынкы келечектеги (5 жыл) тагдырын эмитен эле айтып койсо болот. Өлкөнүн стратегиялык жана орчундуу байлыктары башка ири мамлекеттерден келген "накта кожоюндардын" менчигине өтөт. Калган майда-чүйдө "жугундулар" бийликтеги, анын тегерегиндеги жана уурдап элдин эсебинен бай болгон анча-мынча жергиликтүүлүктөргө калып, алар бөйпөңдөп, көнгөн кошоматчылыгын жасашып, өз элин эзип, "накта кожоюндарга" кызмат өтөшөт.


Эмгекке жарактуу элдин активдүү бөлүгү мүмкүнчүлүк берилген башка өлкөлөргө курсак тойгузуу жана башка оокат-тиричиликтери үчүн иш издеп, тентип кетүүсү дагы деле улана берет. Ал эми калган эл катмары жогоруда айтылган кожоюндарга жана алардын жергиликтүү марионеткаларына кул катарында иштешет. Көптөрдүн эстеринде болушу керек, илгерки Карл Маркстын "жапайы капитализмдеги" элдин турмушу жөнүндө жазгандары. Биз куруп жаткан "жапайы капитализмде" да ошондой турмуш өкүм сүрүп, өлкөнүн азыркы анча-мынча көз карандысыздыгы дагы жоголо берет. Ошентип, Кыргызстандын мурунку биримдүү-билимдүү элинин жана мамлекетинин жоголушуна дагы чоң кадам жасалат…


Ошондуктан, Бакиевдин жакында каадасынча бирөөлөргө жаздырып, эптеп окуп берген "Жаңылануу багытындагы" айтылган-Кыргызстандын позитивдүү имиджин түзүү жана эл аралык рейтингин жогорулатуу талаптары куру эле сөз экендиги шексиз.



Касым Исаев,

персоналдык пенсионер,

Июнь, 2009-жыл, Москва шаары



  • Гезит «Ачык саясат» №43 (79), Жума, 5-июнь, 2009-жыл

  • Гезит «Ачык саясат» №44 (80), Шейшемби, 9-июнь, 2009-жыл

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page