top of page

Мезгилсиз мемуар

  • «Алас», N 5, 08.12.2005

Касым ИСАЕВ: «Өрткө камыш күйгөндөй, өткөн иштин аты бар»


Маектеш жөнүндө маалымат: Өзгөчө эмгеги үчүн пенсионер, жашы 67де, 1955-жылы финансы-кредит техникумун, 1960-жылы Москва мамлекеттик экономика институтун бүткөн.

1964-1971-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин СССР Министрлер Советинин алдындагы туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеген.

1971-91-жылдары СССР Госпланында улуу эксперттен баштап, Казахстан, Ортоазия жана Закавказье өлкөлөрү боюнча бөлүмдүн начальниги кызматтарында эмгектенген.

1978-1980-жылдары Мозамбикте Госплан багытында иштеген.

1991-жылы СССР Госпланы жоюлгандан кийин, СССР экономика министрлигинде, 1992-жылы Россия Федерациясынын экономика жана финансы министрлигинде иштеген. 1992-жылы Акаевдин указы менен Кыргызстандын Москвадагы соода-экономикалык өкүлү болгон. 1993-94-жылдары приватизация жана чет элдик инвестициялар боюнча Эларалык Фонддо директор, 1994-99-жылдары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн адегенде тышкы байланыштар жана чет элдик инвестициялар бөлүмүнүн начальниги, андан кийин КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча департамнтинин башчысы болуп эмгектенген.


- Касым Исаевич, кепти Усубалиевден баштасак.


- Усубалиев да, Акаев да, азыркы Бакиев да кызматка тургандан кийин биз татыктуубузбу, айлана-тегерегибизде кандай адамдар болуш керек деп ойлошкон эмес, ойлонбойт дагы. Ал эми Исхак Раззаковдун кандай адам экендигин, артында жаман иши калбаганын мына эмгиче айтып жатышат. Өзү да, колу да таза адамдар ушундай болот тура.


А Турдакун Усубалиевичтики башкача болуп калды. Өлкөнү 24 жыл башкаруу оор жүк. Усубалиевдин ордунда Раззаков өңдүү адам отурганда башкача болмок. 24 жылдын ичинде жок дегенде үч-төрт адам алмашканда өлкөнүн абалы, элдин аң-сезими азыркыга караганда өсүп, кыраакы болуп, Акаевдин кийинки он беш жылдык алдамчылыгына беш жыл да чыдамак эмес. Усубалиевдин деңгээли орто болгону үчүн өзүнөн тың чыккандардан ордун кызганып, жанына кошоматчы, көшөкөрлөрдү чогултуп отурбадыбы.


- Ордун кимдерден кызганган?


- Ал кезегинде ЦК секретары Казакбаев, Субанбердиев жана бир топторго менин бийлигимди тартып алышканы атат деп сокку урду. Элдин оозунда «таластык топ» аталып жүрбөйбү. Эмне үчүн? Анткени алардын деңгээли Усубалиевден алда канча өйдө болучу.


Төрөбай Кулатов деген аксакалды Усубалиев көпкө кармап жүрдү. Себеби, билими жок, талашып-тартышпайт. Керек учурда Усубалиевди колдоп кол көтөрүп койчу. А киши анысын өзү деле билчү. Азыр деле ушундай метод уланып келатпайбы.

Мен Москвада ошогездеги Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгүндө иштеп жүрчүмүн. Кийин ЦК секретары Бейшен Мураталиев менен жакшы мамиледе экендигим үчүн, Усубалиевдин балдызы менен болгон бир окуядан кийин мени өкүлчүлүктөн кууп чыгышты.


- Усубалиевдин балдызын эмне кылдыңыз эле?


- Усубалиевдин Зина Калманова деген балдызы Москвада өкүлчүлүктө иштеп, аяктагы биздин студенттер менен иш алып барчу. Бир күнү Зинага Луначарский атындагы театралдык институтта кыргыз студиясында окушкан эки кыз келет, акча жардам сурап. Зина «көйнөгүңөр жыртык эмес экен, анан эмнеге акча сурап жүрөсүңөр?» деп аларды жемелейт. Экөө андан ыйлап чыгышып, мага киришет. Өкүлчүлүк агезде окуп жүргөн жетимдерге 40-50 рубльдан жардам берчү. Мен өкүл Качкеевге келип, кыздардын ахбалын түшүндүрсөм, ал 50 рубльдан жазып берди.

Кийин Зина партуюмга келип, партияга өтөм деп атпайбы. Мен ошондо «Ай, Зина, сен экөөбүз чиновникпиз. Тиги жаштардын кийин кандай келечектери болоорун билбейбиз. Экөөбүз жөнүндө «бизге жакшы көңул бөлүп, жардам беришчү эле» деп айтып жүрүшсө жакшы эмеспи. Эмне үчүн жыртык көйнөкчөн эмес экенсиңер деп айтасың? Партияга өтүшүңө каршы эмесмин, бирок ушуну эсиңе алып кой» деп чогулушта сын айтып койдум. Зина истерика болуп, эже-жездесине айтып койгон экен, эртеси эле мени өкүл чакырды. «Сен ушинтип сындап ийипсиң, жумуш таап алып, кет. Усубалиевден ушундай команда болду» деди. «Мен эмне, туура эмес айттымбы?» десем, «Мен да жашашым керек» деди. Биздин өкүлчүлүк ошогезде көбүнчө Усубалиевдин үй-бүлөөсүн тейлеп калган. Зина эртең менен жумушка келет да, «мага машине бергиле, Усубалиевдин баласы уктап калыптыр, мен барып ойготуп, институтка алып барышым керек» дегенге чейин барчу.


Усубалиевдин мен билген дагы окуяларын айтып берейин.


1967-жылы Усубалиев Москва ВДНХсындагы ресторанга борбордук органдарындагы Кыргызстанга жардам бергендерди чакырып, тамак берем деп калды. Бери жактагылар мага кимдер чакырылат, тизмесин түзүп бер дешти. Тизме түздүм. Агезде ЦК КПССтин аппаратында уюштуруу бөлүмүндө Кыргыз ССР боюнча инструктор болуп Жихарь деген иштечү. Мага «Чайканы» айдатып, Жихарды алып кел дешти. Мен машиненин алдына отуруп, Жихарь менен Капустянды (Кыргыз ССР Министрлер Советинин Председателинин биринчи орун басары) арткы орундарга отургузуп, бая дайындалган жерге келдик. Ошол убакта Усубалиевдин жашы бир топко барып калган, бою кичине, мантайып чуркап келип, машиненин эшигин ачып, тиги инструкторго жагынып жатат. Мен машинеден түшүп, учурашпай карап турдум. Усубалиевди көрүп алып жаман болдум. Тиги болгону жүздөгөн инструкторлордун бири, а Усубалиев ким? Биринчи секретарь, Борбордук Комитеттин мүчөсү! Ушинтип кошомат кылып көнгөн киши башкалардан да ошону талап кылат тура. Акыл-эс менен намысты бийик тутуп мамиле кылуу оюна да келбесе керек.


Бир жолу Ысыккөлгө таенемдикине отпускага келип, эртең менен турсам, кошуна: «Качаган келип кетти, жуурканыңарды сөксөңөр да жүн бергиле деп атат» деп калды. Качаган менен мектепте чогуу окугам, барып: «Качаган, сен качантан бери кемпир-чалдардын жууркан-төшөгүн сөктүрүп жүн жыйнап калгансың?» десем, ал: «Кудай урсун, мен эмес, Пржевальскиден Самыкбаев деген еародный контроль келип, «Усубалиев команда берди, Ташкентке Брежнев келет экен, жүн боюнча планды аткарып салдык деп барып доложить этиш керек экен. Жууркан-төшөктөрдү сөгүп да болсо жүн жыйнагыла!- деди» депатпайбы!


Бир айылдын жанынан өтүп баратсам, Кучер деген райкомдун секретары бар эле, ошол үңкүйүп машинесине таянып турат. «Эмне болду?» десем, «Ушу айылда бир аялдын беш кило жүнү бар дешкенинен жетип келсем, аял жүндү кийиз кылып ийиптир, ошондон кечиккениме күйүп турам» дейт. Усубалиевдин тушунда эл ушуга чейин жетпедиби. Өз учурунда иш жасабай, жок дегенде элди кыйнабай башты иштетип Брежневге жооп бергенди да билчү эмес. Мен Фрунзеге келип, Мураталиевге «бу эмне деген саясатыңар, Москвада бу кылыгыңарды укса, эмне болоруңарды билесиңерби?» десем, ал: «Биз бюродо Усубалиевге айтканбыз, кыркын учурунда дефицит оокаттарды элге алып барып, жүнгө алмаштырып алалы десек болбой, эми Брежневге доклад берчүмүн деп чаңызгытып атпайбы» деди.


- Ушу Бейшен Мураталиев жөнүндө айтып бербейсизби, азыркыга чейин күдүк сөз көп…


- Убагында Бейшен Мураталиев менен Турдакун Усубалиев кантип кылчылдашканын эл арасында кеңири билинип калган. Бейшен менден тогуз жаш улуу эле. Жетим өсүп, адегенде финансы техникумун, кийин Ленинграддагы финансы-экономикалык институтун бүтүрүп, илимге кандидаттыгын жактап, ал жерде институтта мугалим болуп иштеп, дароо эле биякка тың келди.


Мен университетте студент кезде ал окутуучу болуп, мамилебиз өтө жакшы болуп калды. Аны түз эле ЦКнын агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы кылып Исхак Раззаков алып келген. Кийин идеология боюнча ЦК секретары болду. Ошондо 34 жашта эле. (Ал иште туура 10 жыл иштеди). Кийинчерээк Усубалиев менен Мураталиевдин арасы начарлай баштады. Агезде интеллигенция Мураталиевге көп келип жатат десе, «ии, эл менден аны көбүрөөк баалап атабы?» деген ой беркиде болбой койду дейсиңби?


60-жылдардын аягында Ысыккөл облсу кайра түзүлгөн. Султан Ибраимов Ош обком биринчи секретары болчу. Усубалиев Ибраимовго тапшырма берет: «Сен ЦК бюродо сунуш бер, Мураталиевди ЦК секретарлыгынан бошотуп, Ысыккол обкомуна биринчи секретарь болуп барсын – деп». Ысыккөл кичине облус болгондуктан секретары ЦК бюросуна мүчө болчу эмес. А бюрого мүчө болгондордун заседаниелерде эмне деп сүйлөгөндөрү стенографияга жазылып, Москвага жиберилип турчу. Кимдин эмне дегенине Москвадан ЦКдан көз салып турушчу. Ошондо Мураталиев: «Турдакун Усубалиевич, ЦКдагы менин ордум керек болсо, алгыла. Өзүм илим менен иштеп жүрөм, облуска барып дыйкан-мал чарбасын жакшы билбей, эл алдында уят болгум келбейт» деп барбай коюптур. Бейшен буларды кийин мага айтып атпайбы.


Ошондон кийин эле аны кетирет экен деген сөздөр чыгып калды. Бейшен мага Москвага жума сайын телефон чалып турчу, эч нерсе деле айтчу эмес, себеби телефондорунүн баары тыңшоодо эле.


ЦКнын идеология боюнча секретары интеллигенция менен иштешчү. Мураталиевди кетирет экен дегенден кийин, ага кирген киши азайды. Өзгөчө ЦК секретары катары өзү тейлеген органдардын жетекчилери. Мисалы, элге билим берүү боюнча министр Абдылда Каниметов, жазуучулар союзунун жетекчиси Теңдик Аскаров ж.б. Жада калса өз аппаратында иштеген Аманбек Карыпкулов. Усубалиевден коркпой кирип турган бирден бир киши – маданият министри Күлүйпа Кондучалова болду. Кээде телефон чалсам: «а-а, отурам да» деп койчу үшкүрүп.


1971-жылы 1-февралда мен да Москвадагы өкүлчүлүктөн Усубалиевдин балдызынын айынан (чынында орчундуу себеп Мураталиевдин жакын кишиси катарында) кызматтан кеттим дебедимби. Усубалиев мени өзү жөнүндө маалымат чогултуп жүрөт деп ойлосо керек. 2-февралда Кыогызстанда кезектеги партсъезд башталмак. Ошо съезден кийин Мураталиев кетет экен деп калышкан. Анын ордуна мен болсом экен экен деп Кеңеш Кулматов Усубалиевге кошомат кылып жүргөн. Агезде ал партиянын Фрунзе шаардык комитетинин катчысы болчу. Мураталиев өлгөндөн кийин анын ордуна Кеңеш Кулматов ЦК катчысы болбодубу.


Ар бир республикада партсъезд болор алдында ЦК КПССтин секретариаты беш жылдын ичинде бу аймакта кандай жетишкендик болду деп карап чыгып, баа берчү. Съезд алдында Кыргызстандыкын да карашып, «идеология боюнча жакшы иштер жасалган, жеке Б.Мураталиев жакшы иштеген» деп жазылып калат. Ушундан улам Усубалиев анны алмаштыруу маселесин козгой албай калат. Съезд бүтөт, Мураталиев ордунда. Бары тең кетет деп ишенип алган. Кетет деп саламдашпай калганы канча. Кийин Москвада кээ бирөөлөрү мага келишип, «Бейшен Тоголокович менен чай ичели, кезиктирип койчу» деп жүрүштү. Салмоорбек Табышалиев экөөбүз «шпиондукту сен жакшы кыласың» деп айтышканга чейин бардык. Ушунун баары Усубалиевдин методу, адамдарды биринин артынан бирин аңдытып.


1973-жылы ЦК жана обкомдордун идеология боюнча секретарлары жана башка жетечилилери Москвага бир ай окууга барышты. Мураталиев да келди. Ошондо өлөрүнө аз калган экен. Мага айтып калчу, «70-жылдарга чейин Усубалиев менен араздашып, , абдан нерв коротчу элем. Эми мени иштен кетире албай калгандан кийин, Усубалиев нерв боло баштады» деп. Ал Москвада мен жашаган үйгө жакын (Плотников пер.) ЦК КПССтин мейманканасына токтоду. Ошол келиште Усубалиевдин ордуна Мураталиев биринчи секретарь болот деген иштин чечилиши бүтүп калган.


- Кандайча бүтүп калган?


- Бейшен экөөбүз күнүгө кечинде кезигебиз. «Бүгүн ЦКнын идеология боюнча секретары Демичевде болдум, эртең мени уюштуруу (кадрлар) маселелери боюнча ЦКнын секретары Капитонов кабыл алат» дечу. Ал убакта ЦК КПССтин секретарлары маектешип, сындан өткөрүшчү. Алар Усубалиевдин кылык-жолуктарын билишкен. Ошол убакта Армениянын ЦК биринчи секретары Кочинян жана башка жетекчилери иштеринен бошотулуп, кээ бирөө жоопко тартылган. Кочиняндын өзүнүн кылмыштарынан башка, анын аялы бардык иштерге кийлигишет экен. Кыргызстанда да Усубалиевдин аялы аябай эле кийлигишчү. Адегенде аялына барыш керек, анан Усубалиев менен сүйлөшүш керек дешчү. Бирок Москва карап турчу, ошондуктан Акаевдин аялындай ээн-жайкын жок.


Ошол учурда Мураталиевге ЦК КПССтин өзүнөн жана дагы башка жумуштар сунуш кылынган экен. Бирок ЦК КПССтин секретары Капитонов: «Ал Кыргызстанга керек. Ал жакта өзүнчө эле ханек өсүп, бийлеп атыптыр» деп коюптур.


Мураталиев Москвага келери менен кечинде мага жолукту. «Ии, эмне болуп атасыңар?» десем, ал: «Мен Москвага барам десем эле, переворот жасачудай Усубалиев коркуп, биякка телефон чалып, «анын колу бош эмес эле, барбай койсо эмне болот?» деп жүрдү. Кечээ кетеримде кирсем, Усубалиев «ии, кел» деп калды. Аңгыча Сүйүмбаев телефон чалып келип калды. Ал түз эле: «Турдакун Усубалиевич, сиздин алдыңызда күнөө кылып койдум. Эмне кылсаңыз өзүнүз билиңиз. Мен 1967-жылы мобу Мураталиев менен Москвага ЦКга беседага барганымда, Совминдин төрагалыгына мен өтүп кеттим. Ошондо Мураталиев мени куттуктап, анан айтты эле, «эми экөөбүз биригип алып Усубалиев менен күрөшөлү» деген. Ошону эмдигиче сизге айтпай, өзүмдү күнөөлү сезем» дейт. Анда мен: «Акматбек Сүттүбаевич, мен сиз менен бир гана жолу лифтте кезиккем. Жанымда аялым, анан Кайып Оторбаев бар болчу. Азыр мен ордумдан жылбайм. Аялымды да, Оторбаевди да чакыргыла. Ушундай сөздөрдү айтсам, экөө бекемдесин. Эгер ошондой сөздөрдү сүйлөй турган болсом, анда бу кызматта иштеп эмне кылам? Же силер мени ушундай деп ойлойсуңарбы?» дедим. Усубалиев ошондо «Койгула эми» деп тыйып койду» деди, мени карап үшкүрүнүп. Бул спектаклди Усубалиев өзү уюштурган да, Мураталиевди басынтып, көзүн ачып жүрсүн деген ой менен.


Кийин 1983-жылы Акматбек Сүйүмбаев менен Бостериде Совминдин пансионатында жолуктум. Учурашып, бир-эки рюмка ичкенден кийин, ал « Касым, Бейшенди эрте өлтүрүп алдык, ээ?» дейт. «Аны эмне мага айтып атасыз?» десем, «Ошондо Усубалиевдин тилине кирип иттик кылыптырмын» депатпайбы.



  • «Алас», N 6, 15.12.2005

Мураталиевдин өлүмү кандайча болгон?


-Бейшен Мураталиев кандай кырдаалда каза болгон?


Жогоруда айткандай, Бейшен Мураталиев ЦК КПССтин кадрлар боюнча секретары Капитоновдо, идеология боюнча секретарь Демичевде болуп, бардык установкаларды алган. "Кыргызстанга бар, Усубалиевге көңүл бурба, биз баарын билебиз. Райондорду кыдыргын, партактив өткөзүп, эл менен пикир алмаша бер. Жакында маселе чечилет" деп айтышат.


Ошентип Мураталиев мартта Фрунзеге учуп кетти. Бир ай өтөлекте телефон чалсам, Бейшен "Мен бешинчи күнү Ысыккөлгө кетип атам. Райондорду кыдырып, актив өткөрөм. Буюрса алтынчы күнү келем" деди. Алтынчы күнү Москвадагы убакыт боюнча эртең мененки саат жетиде Турсунов деген өкүлдүн аялы чалып: "Түндө автоавариядан Мураталиев каза болуптур" деп угузду. Мен Фрунзеге Бейшендин Ленинграддагы кыз-күйөөсүн ала келдим. Анын орус, немис эки шопуру бар эле. Себеби, ЦК секретарларын жогорку класстагы шопурлар гана ташыйт деген эреже боло турган. Виктор деген шопурунан эмне болгонун сурасам, "Мен бармакмын, бирок Кудрявцев деген иш башкаруучу мени чакырып, сен барбайсың деп Мураталиевди Ысыккөлгө алып баруу үчүн үчүнчү класстагы шопурду кошуп бериптир" деди. Кийин ал бала беш жылга кесилди.


Көрсө, бешинчи күнү кечке чарбаларды кыдырышат, чогулуш өткөрүшөт. Ошогездеги Ысыккөл обком секретары Арстанбек Дүйшеев маркум кийин "Мураталиевди акыркы жолу тирүү көргөн мен болдум" деп айтып калчу. Түн ичинде Ысыккөлдөн кайтып келатып, Красная Речканын тушунан авария болуп, эмнегедир шопур секирип кетип, анын буту гана сынган. Мураталиевдин плащынын этеги башына <ийилип, эсин жоготот. Ошо тушта Ободов деген бир министрдин орунбасары ГАЗик менен өтүп баратып, токтоп ЦК секретарын тааныйт. Айылдын ооруканасына алып барышат. Аердегилер укол сайып, Бейшен тилге келип, сүйлөйт. Таңкы саат алтыларда Карыбек Молдобаев санавиация менен барат. Мураталиев ага "булар улам эле укол сайып атышат, тимеле кой дечи. Ичим эле ооруп атат. Кичине эс алайын" дейт. Таңга маал санавиация менен Иса Ахунбаевке алып келишет. Ахунбаев ачып көрүп эле сөгүнө баштайт. Адегенде эле ичин ачып жууп жиберсе жакшы болмок экен. Баары аман, айылдын врачтары ЦК секретары деп жууганга даабай эле, укол сайгандан башка эчнерсе жасашпаптыр. Ичи "арылып, кан агып, беш-алты саат кароосуз жатып калып, перитонит болуп кетиптир. Ойрот Тургунбаев деген саламаттык сактоо министри ачып караса, жүрөк, бөйрөк таза экен. Ахунбаевге алып келишкенде эле кете бериптир. Ошондо Бейшен Мураталиев болгону 44 жашта болчу. Аны коюуга эл көп келди, Аларчага коюлду. Өлүк көмүлөр менен Кулматов жетип барып, Усубалиевдин колундагы аза лентасын чече койду. Менин жанымда Курмангали Каракеев турган экен, тигилерди көрүп: "Мына, Мураталиевдин ордуна заявка түштү" деп калды.


-Андан кийин Кулматовдун да Усубалиев менен тирешкендерин айтышат...


-Мураталиев өлгөндөн кийин анын ордуна Кулматов ЦК секретары болду. Усубалиев аны кезегинде Бейшен Мураталиевге каршы пайдаланган. Кийин андан ордун кызгана баштабадыбы. Кулматовдун карьеристтиги белгилүү эле. Ал ЦК секретары болгондон кийин Москвага барат, аякта ЦК КПССтин секретарлары, башкалар менен жолугушат, чөйрөсү кеңейет. Ошолорду угуп, көрүп отуруп Усубалиевдин демейки кызганычы күйүп чыкты да. Кийин Кулматов ЦК секретары кызматынан түшүп, Москвага дипломатиялык академияда окуп, элчи болуп иштеп жүрбөдүбү. Бирок ал Усубалиевден өчүн алды. Көрсө, Горбачевдун аялы менен Кулматовдун аялы Сакен Кыдыралиева чогуу окуптур. Ушундай жол менен Усубалиевди алып түшүштү.



Акаев Бирштейн менен кантип "алтын шилекей" алышты?


-Касым Исаевич, Аскар Акаевди биринчи көргөнүңүздү айтсаңыз?


-Мен Москвада иштеп жүргөм. Акаев президент болгондон кийинки биринчи кайрылуусун "Слово Кыргызстанадан" окудум. "Регионалдык кызыкчылыктарды эске алабыз" дегенин окуп, "бу деле жыргатпайт экен" деген ойдо калдым. Себеби, окумуштуу, прогрессивдүү көзкараштагы адам профессионалдык сапатка, өнүгүүгө басым коет деп күткөн элек. Ошогезде СССРдин өкмөтүн реорганизация кылып, Госпландын жетекчисине кимди коюшту союздук республикалардын президенттери чечет экен дешип, мени Ортоазия республикаларынын президенттери менен сүйлөшүп кел деп жөнөтүштү. Кыргызстанга келдим, Акаев кабыл алды. Эчтеке бололекте ордунан тура чуркап, сөздү аягына чыгалекте эле "ооба, ооба", "туптуура, туура" дей берет экен. "Госплан момундай болгон атат, сиз кандай дейсиз?" деп сурап атам. Акаевдин баскан-турганын, сүйлөгөнүн көрүп, "Госпландын бир начальниги келгенге ушунча болду, Москвадан андан чоңураак бирөө келсе, бу чөгөлөп берет го" деген ой көкүрөктө калды. Биз кичине өлкө, аз эл болсок, башчыбыз салмактуу болуп, кошуналар менен теңата мамиле күтпөсөк, элге кыйын. Москвага кайра барганда Ишенбай Абдуразаков Япониядан чалды: "И, президентти көрдүңбү?", "Көрдүм, бечара биздин элдин шору бар экен. Бул ар кимге жүгүнө берип, элдин кунун кетирет го" дедим.


Аңгыча СССР кулап, Россия экономика министрлигинде иштеп калдым. Жумагулов "мени иштеп бериңиз" деп чакырган. Бирок кийин агездеги жаңы өкмөттүн курамына мен эмес өзү да кирбей калган. Көрсө, Москвадан Кеңеш Кулматов келет, Акаев аны тосуп алып, бир жума резиденцияда жатышат. Ошондо Кулматов бир кезде Усубалиев менен кагышканда Жумагуловду ал тарапта болгону үчүн, мени Мураталиевге жакын болгон деп тизмеден чийдирип атпайбы. Мен Москвага кайра кетип калдым. Госпландын жетекчиси Ю. Д. Маслюков эле. Бир күнү "Касым, Маслюков Кыргызстандын президенти Акаевди кабыл алып жатат, барбайсыңбы" деп калышты. Барсам, Акаев, Жумагулов, Дүйшеев, Нанаев отурушуптур. Маслюков салмактуу киши эле, ал бирдеме айтса эле Акаев ордунан тура калат. Москвада чогуу иштешкендер, башка өлкөлөрдөгү тааныштар "президент эмей эле шут го мунуңар, кайдан таап алгансыңар?" деп жүрүшпөдүбү.


-Кыргызстанга качан келип иштей баштадыңыз?


-1992-жылдан баштап Кыргызстандын соода-экономикалык өкүлү болуп иштеп калдым. Россия экономика министринин биринчи орунбасары Трошин менен Госпланда чогуу иштеп калгам. Ал биздин Сокулукта өскөн. Бир күнү ал мени чакырып калды. "Касым, мен баары бир силерге боор тартам. Менде канадалык бир компаниянын президенти отурат. Келип жолугуп кетчи, айта турган сөзү бар экен" деди. Барсам, түбү чех, канадалык бизнесмен отуруптур. Ал "бизге силердин президент Акаев келди. Биздин өкмөт аны менен жолукпагыла деп бизге кызыл желек көтөрдү. Себеби, Бирштейн дегендин өзүмдүк "Гольфстрим" самолетуна түшүп келиптир" деди. Көрсө, дүйнөдө көзкаранды эмес өлкөнүн президенти жекеменчик самолетко түшүп башка жакка барса, анда ал президент кимдин самолетуна түшсө ошого сатылып кеткен деп эсептешет экен. Бирштейндин ошогезде Швейцарияда, Канадада фирмалары бар экен. Акаев ага Акүйдүн жетинчи кабатындагы өз кабинетинин жанынан орун берип, Кыргыз Республикасын реконструкциялоо жана өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы кылып, ага биздин экономисттерди кошуп бербедиби. Бирштейн андан мурда эле КМШ өлкөлөрүндө далай махинацияларды жасап жүрүптүр. Аны Швейцариядан Чыңгыз Айтматов таап келгенин кийин айтып чыгышты. Акаев ошо тушта "биз дүйнөдөгү көп фирмаларды карап, алардын ичинен "Камекону" тандап алдык" деп билдирди. Азыр ойлосок, тандоо болбой эле "Камеконун" кишилери Бирштейнди алып, Бирштейн Акаевди алса керек. Эмне менен алганы түшүнүктүү да. "Камеконун" түзүлгөнүнө ошогезде төрт эле жыл болуптур, алтын менен иштей элек экен. Москвадагы менин тааныштарым Бирштейнди жакшы билишет экен, мага "Силер өлкөңөрдү аферистке саттыңарбы, абайлабайсыңарбы" деп калышты. Мен Чыңгышовго жолугуп айтсам, ал "мунун баары жөн эле сөз, документ керек" деп койду. Ошогездеги Россиянын тышкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Е. Примаковдун орунбасары, генерал Трубников дегенден Бирштейн жөнүндө эки барак маалымат алдым. Анда Москва соту Бирштейнди көз боемочулугу үчүн соттогондугу, "Сиабеко" эмне деген фирма экендиги айтылган. Ал кагазды Чыңгышовдун жардамчысына бердим. "Документти Чыңгышовго бердиңби?" десем, "бердим" деди. Ошо тушта айласы кеткен Акаев депутаттардын алдына чыгып, "Бирштейнди чакырып айттым, аны менен иштешпейм, кетирдим" деп актанып жатыптыр.


5 млн. рублдин убалы Эднан Карабаевдин мойнунда


Россиянын түстүү металлургия боюнча министри болуп Дурасов деген иштечү. 1980-жылдарда Кыргызстандан СССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Мурда СССРдин Госпланында төрага орунбасары болуп, мен аны менен чогуу иштешкен. Бир күнү Дурасов мага телефон чалып, "Касым, Левитин деген силерде ким?" деп сурады. "Акаевдин башкы кеңешчиси" дедим. "Мага "Шапиро" деген компаниядан кишилер келишип, Кыргызстандын алтын запасы канча экендигин сурашты. Шылуун немелер өңдөнөт. "Бизди Кыргызстанга Левитин чакырып атат. Кыргызстандын алтын запастарын барымтага алып, аякка инвестиция алып келебиз" деп кетишти. Мен силердин запасыңар канча экендигин айткан жокмун. Силер абайлагыла. Алар силерге беш тыйын алып келсе да, аны кайрып алмайынча өзүңөр алтыныңарды иштете албай каласыңар" деп эскертти. Бишкекке чалсам, эч ким билбейт. Аңгыча Чыңгышов телефон чалып: "Мен эртең учуп барам. Самолеттон түз эле Бирштейнге жолугам. Баягүнү "Шапиро" дегендер 2 млрд. доллар инвестиция алып келебиз деп кол коюп кетишти эле. Ошолорду таап, мени менен кезиктирип койчу" деди. "Шапирону" таап, "Чыңгышов силер менен кезигем деп атат, келишимдин көчүрмөлөрүн факс менен бергилечи" десем, беришти. Карасам, биз жактан президенттик администрация башчысы Эднан Карабаев кол коюптур. Келишимде тиги тарап "биздин кызматыбыз үчүн 5 млн. орус рублин задаток катары бересиңер. 2, 5 млн. рубль дароо, 2, 5 млн. рубль бир айдан кийин төлөнөт. Мындан башка бардык командировка чыгымдарын Кыргызстан төлөйт" деп жазылыптыр. Эртеси Чыңгышовго "Шапиро" компаниясынын өкүлү: "биздин кишилер силер үчүн 2 млрд. долларды дүйнө жүзүнөн издегени кетишти" дебатпайбы. Ошогезде Россиянын вице-премьери Шумейко менен сүйлөшүп, келишим түзбөй, бирок кат алып алышып, "Россияга 550 млрд. доллар инвестиция алып келебиз" деген шылуундар, телевизордон көрсөтүлүп жаткан. Журналисттер издеп барышса, көрсөтүлгөн даректе айтылган бизнесмендер жок экен. Булар ар кайсы өлкөлөргө барып, силерди жыргатабыз деп келишим түзүшүп, эчтеке жасабай, задаток алып жанбагып жүргөн шумпайлар да. Кыргызстан тарап бул келишимдеги 5 млн. рублди төлөп беришкен, а "Шапиро" компаниясы 2 млрд. доллар эмес, 2 цент да алып келишкен жок. Ошон үчүн мен ойлойм, Эднан Карабаев казынага 5 млн. рублди төлөп бериш керек. Кокус тигилер бир миллион эле доллар таап келишкенде, биз үчүн анык катастрофа ошондо болмок. Анткени алтын запастар барымтада жатса, Кумтөрдү да, башка кендерди да иштете алмак эмеспиз. Ошондон кийин мурдагы тарыхчы Эднан Карабаев четэлдик инвестициялар боюнча мекеменин генералдык директору болду.


Азыркыларды карасаң, куду ошондогудай көрүнүш кайталанып жатат. Бакиев өзүн бийликке алып келгендерге милдеткер болуп калган окшойт, колу-буту, атургай кулагы да бош эмес өңдөнөт. Эмне үчүн биз өткөндөн сабак албайбыз? Профессионалдык сапатын карабай, жакындыгына карап кызматка коюу качан калат? Мен Апас Жумагулов менен төрт жыл иштештим. Ошогезде Турусбек Коеналиев, Феликс Шаршенбаевичтин азыркы аппарат башчысы Жумагуловдун жардамчысы болуп, папкасын көтөрүп, четэлдиктер келсе сувенир сатып алып жүрчү. Эми болсо Кулов жардамчыны министр кылып отурат.


Бул жактан иштеп бербейсизби дегенинен макул болсом, 1992-жылы Акаевдин указы чыкты. Москвадагы биздин элчиликтен эле орун берилсин дептир. Агезде элчи Акматбек Нанаев болчу. Нанаевдин кабинетинде отуруп, мен, Чыңгышов үчөөбүз сүйлөшүп жатабыз. Элчиликте отурсун дегени Нанаевге жаккан жок. Чыңгышов айтты. "Аркимиңер өзалдыңарча өкмөткө гана баш ийип иштейсиңер. Айлыгыңар бирдей". Нанаев Левитин менен Карабаевге соода-экономикалык өкүлчүлүктү элчиликтин алдына уюштургула дей баштады. Үч-төрт айдан кийин эле соода-экономикалык өкүлчүлүк жоюлуп, элчиликтин алдына эле бир бөлүм болсун деген Акаевдин указы чыгыптыр. Өкмөттөн Бермет Кыдыкова деген бөлүм башчысы чалып, "Касым Исаевич, ушундай указ чыгыптыр" деди. Мен Чыңгышовго чалып "Бул эмнеңер? Мен сурадым беле, силер менден иштеп бериңиз деп суранбадыңар беле" десем, ал "мен муну билбейт экемин" дейт. "Эмне үчүн премьер-министр муну билбейт?" дедим. Чыңгышов: "кое туруңуз, билейин" деди. Эртеси телефон чалып, "Касым Исаевич, мен бул жөнүндө катуу сүйлөштүм, айрыкча Москвадагы элчи менен. Ал өз каалоосу менен ушуну жасаптыр. Указ болгон жок деп ойлоп, ишти уланта бериңиз" деди. Көрсө, Акаевге ким жакын болсо кирип, каалагандай указдарга кол койдура берет экен да. Октябрь айында Чыңгышовго келип, "мен кетейин, кимге арыз жазам?" десем, "мага да, президентке да жаз" деди. "Өз каалоом менен бошотуп койгула" деп президентке жаздым. Бир айдан кийин реорганизацияга байланыштуу мени бошосун деген указы чыкты. Эмне реорганизация экендиги жөнүндө сөз жок. Акаевдин системасы ушундай эле да, иштей турган ишиңе да, эртеңкиңе да ишенич жок. Себеби, кайсы убакта, эмне болуп иштен түшөөрүн эчким билбейт. Ошон үчүн эртең көчөдө ачка калбайын деп, иштебей эле улуп-жулуп жегенге өтүшпөдүбү.


-Акаевдин тегерегиндегилерден кимдер менен иштешип калдыңыз?


-Кийин биякка келип өкмөттө да иштеп калбадымбы. Мен пенсияга кетейин десем, агездеги премьер-министр Кубанычбек Жумалиев "дагы жарым жыл иштеп бериңиз" деп калды. "Анда мен ишти кийин бирөөгө өткөрүп бергендей болоюн, өзүңүз тандап мага бир кишини орунбасар кылып бериңиз" дедим. "Өзүңүз тандаңыз" деп калды. "Макул" деп, бир-эки күнгө Казакстанга бир жыйынга кетсем, Жумабек Ибраимовдун карындашын мага орунбасар кылып, Апас Жумагуловдун келинин референт деп коюп салыптыр. "Сиз дагы кол койсоңуз" деп келишиптир. "Ой, мен премьер менен башкача сүйлөшкөм. Эгер ал өзү кол койсо менин автографымдын ага эмне кереги бар?" дедим. Жумалиев жарым жылга жетпей өзү премьерликтен түшүп, ордуна Жумабек Ибраимов премьер-министр болду. Андан өзүм эле кетип калдым, себеби карындашына кол койбой койгонумду билет да...


Соода уюмуна кантип "солондук"?


-1995-жылы Кыргызстан бажы союзуна, бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө болгонун ошогезде чоң жетишкендик катары баалап жүрүшчү. Чынында ушундай болгонбу?


-Акаевдин президент катары чыныгы жүзүн билүүгө мезгил келди. Ал элден бөтөнчө акылдуусунуп, эки үстөлгө отургусу келген. Кайдагы жетишкендик? Биз тескерисинче бардыгына жаман көрүндүк да. 1995-жылы Россия, Белоруссия, Казакстан үчөө бажы союзун түзүшөт. Элдин катташканы, товарлардын, акчанын жүгүрүүсү жеңил болмок. Мени Ян Фишер чакырып, "Москвага баргыла, биз да союзга сөзсүз киришибиз керек экен" деп калды. Акаев ушу боюнча Ельцинге кат жазат, Ельцин министрлеринин оюн сурайт. Бир гана КМШ өлкөлөрү боюнча кызматташуу министрлиги "биз саясий жагынан гана колдойбуз, акча жагына тиешебиз жок" деп жооп берет. Экономика жана финансы министрлиги Кыргызстандын бажы союзуна киришине каршы болот. Эгер Кыргызстан кирсе, Россия жылына 80 млн. долларга чыгым болот дешет. Мен аларга барып, "Ельцинге жазган чечимиңерди бергиле" деп алып, моминтип атышат деп Акаевге көрсөттүм. Акаев "кандай гана жол менен болбосун Кыргызстандын бажы союзуна киришин чечкиле" дептир. Кайра Москвага барып, премьер-министр Черномырдиндин орунбасары Большаковго кирип, "бизди да кошуп алгыла" деп сурандык. Ал "мейли, ойлоноюн, үч күн тура тургула" дейт. Көрсө, ал Ташкентке Каримовго барып, "бизге киресиңерби?" деп сурап келиптир. Каримов "киребиз" деп коюптур. Анда Өзбекстан кирсе, Кыргызстан деле кошулсун деп чечишиптир. Көрдүңөрбү, аларга биз эмес, Өзбекстандын киргени маанилүү. Ушунун аркасы менен Москвада эки ай иштедик. Акыры алар биздин киришибизге макул болушту. Биз кубанып биякка келдик. Ошентип жүрсөк, ошол эле учурда бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) өтөт элек деп Акаев Женевага кишилерди жибериптир. БДСУ Россия, Казакстанды албайт. Бир жагынан бажы союзу бизден алган милдеттенмеңерди аткаргыла десе, бир жагынан БДСУ өзүнүкүн айтат. Биз кимисиникин аткарышыбыз керек? Ошогезде бир да киши Акаевге экономиканын жөнүн түшүндүрүп, бажы союзу момундай, БДСУга кирсек мындай болобуз деп айтышкандан коркушту го, чиркин! Кемелбек Нанаев вице-премьер эле, мен ага: "Сен Акаевге жакынсың го, барып түшүндүрчү. Россия менен Казакстан биздин БДСУга киргенибизди билишиптир, "силер эмне, кыргыздар, өзүңөрдү өтө акылдуу санап, бизди келесоо деп турасыңарбы?!" деп кекетип атышат. Барып айтчы" десем, ал качат. Акыры бажы союзуна киргендер "ар бир өлкө БДСУга киргенге аракет кылат, бирок кирүүдөн мурда бажы союзунун мүчөлөрү менен консультация өткөрөт" дегенди кошуп жазышты. Россиянын депутаттары ошо тушта "Кыргызстан БДСУга да, бажы союзуна да кире коюп, ошонун айынан бул союз иштебей калды. Бул өлкө ким менен экендигин ачык айтып, саясий чечим чыгарышы керек" деп чуулдап чыгышты. Азыр ошо бажы союзу ЕврАзЕС болуп калган. БДСУга киргенибиз деле пайда берген жок. Эгер бай өлкө болсоң, четэлден товар ала турган акчаң болсо, анда БДСУ жакшы. Карызга жашап жүргөн бизде кайдагы акча? Дегеле БДСУнун жардамы тийди дегенди Кыргызстанда уккан жан барбы?



  • «Алас», N 7, 22.12.2005

Ж.Ибраимов менен Т.Шайлиева кредиттен кантип илип жешти?


- Касым Исаевич, 1994-жылдан тарта өкмөт алдындагы тышкы байланыш жана четэлдик инвестициялар боюнча бөлүмдү жетектеген экенсиз. Көп кредиттер ошогезде келбеди беле, алар кантип алынып, кандайча жумшалды деп ойлойсуз?


- 14 жылдын ичинде 2 млрд. доллардан ашык кредит алып, беш миллион кыргызстандыктын ар бирин 400 доллардан ашык карызга батырган Акаевди элдин убалы уктатпас. Болбосо ушунча каражатты уурдабай, акыл менен пайдаланганда, Кыргызстанды бейишке айлантмак. Кошоматчылыкты, экижүздүүлүктү, жоопкерсиздикти, өзүм дегенде өлө-тала чуркаган жетекчилерди кредитке байланыштуу бир окуядан даана көрдүм. Азыркыларга сабак болсун үчүн ушу окуяны майдалап айтып берсем дейм.


1997-жылы Россиядан 45 млн. доллар техникалык кредит ала турган болдук. Ага чейин эле "ТОГАМАССА и Ч" АК президентинин Акаевге жазган каты президенттин резолюциясы коюлуп мага келди. Катта: "Жергиликтүү рынокто жогорку сапаттуу товарлардын жок экендигин эске алып, улуттук валютаны колдоо максатында дүйнөлүк стандарттагы супермаркетти түзүү идеясын иштеп чыктык. Супермаркетти куруу идеясы - улуттук арнамыстын жүзү, тейлөөнүн бийик маданияты, мыкты сапаттагы товарлар. Ушуга байланыштуу биз 1994-жылдын мартында конкурстук негизде "Зенит" магазин-салонун менчиктештирдик. Максатыбыз - бул обьектти дүйнөлүк маркетинг талаптарына ылайык реконструкция кылуу. Бирок магазиндин ачылышы финансылык кыйынчылыктардан улам кармалууда. Анүчүн бизге 1 млн. доллар керек. Ушуга байланыштуу Сизден россиялык техникалык кредиттен жогорку сумманы товар алуу үчүн бөлүп берүүңүздү суранабыз. Урматтоо менен Алимбек уулу Сатыбалды" делген. Катта Т.Шайлиеванын баласы жазылган менен коюлган кол Шайлиеванын өзүнүкү экендиги көрүнүп турат. Т.Шайлиева агезде депутат болчу.


Буга А.Акаев: "Министр Я.Фишерге. Россиялык техникалык кредиттен ушу максаттарга бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап, мага маалымат берүүңүздү өтүнөм. 24.09.1996-ж." деп резолюция коет. Мен өкмөттүн ушу кредитти бөлүштүрүү боюнча сунуштарын даярдай баштаганда эле ар тараптан кысым башталды. Биринчи эле президенттин кеңешчиси Жумабек Ибраимов баштады. Көзү өткөндөр жөнүндө жаман айтпайт дешет, бирок алар тирүүсүндө мамлекеттик кызматта иштеп жүрүшүп, дайыма эле мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштешкен эмес. Ибраимов мага Москвадан телефон чалып: "Россия кредитин кандай бөлүштүргөнү жатасыңар?" деп сурады. "Мен бөлүштүрбөйм, кредитти бөлүштүрүү үчүн премьер-министрге сунуш даярдап жатам" дедим. "Анда жазыңыз, менин айткандарымды ошо бөлүштүрүүгө киргизип коюңуз". "Премьер-министрге айтайын" десем, "Сиз кимсиз? Мен айтканды жасаңыз, жасабасаңыз, келгенде кимдин ким экендигин көрсөтөм!" дебатпайбы. Үч күн мурда Ибраимовдун иниси Бакыт деген жигиттин келгенин эстедим. Ал жигит: "Жайсаңбаев экөөбүз газсчетчиктерин Россиядан сатып келип элге коюп беребиз. Ошон үчүн 10 млн. долларды бизге бергиле" деп кеткен. Мен премьер-министр Апас Жумагуловго кирип: "Ибраимов газсчетчик үчүн 10 млн. доллар деп атат. Буга бөлгөн болбойт. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын союзунда (ЦАС) ар бир өлкө өзүндө чыгарган продукцияны үч өлкөнүн керектөөсүнө жете тургандай кылып чыгаруусу жөнүндө айтылган. Биздин "Жанар" заводунда үч өлкө үчүн газсчетчиктерин чыгаруу тууралуу сүйлөшүлгөн. Бул үчүн өнүгүүнүн Ортоазия банкы "Жанарга" акча бөлүш керек. Счетчик эмес, аны жасоо үчүн технологиялык жабдууларды алалы деп жазалы" дедим. Жумагулов айласыздан макул болду. Себеби ал Ибраимовдон да, Акаевден да аябай коркчу. А Ибраимов болсо Акаевдин атынан айтып жатпайбы. Ал дагы бир жабдуу алабыз деген шылтоо менен 3 млн. долларды кредитке киргизип аткан. Дегеле Ибраимов Апас Жумагуловду премьер-министр катары сыйламак түгүл, тоготуп да койчу эмес. Акаевге түз кирип кагаздарына каалагандай кол койдуруп алчу. А тиги иниси менен Жайсаңбаевдин сунушунун классикалык жолу мындай: Россиянын Энгельс заводу менен 10 млн. долларга баасын көбөйтүп келишим түзүп, мынча алдык деген кагазды бизге көрсөтүп, калган айырманы шапка катары чөнтөккө салышмак. Аңгыча үч өлкөнүн өкмөттөрүнүн алдындагы аткаруу комитетинен кат келди. Анда: "Кыргызстан өндүрүштү иштеткендин ордуна, башка жактан счетчик сатып келгени жатыптыр, андай болсо биз да ойлонобуз" деп айтылыптыр. Муну да Жумагуловго айтып, көрсөттүм. Жумагуловго Шайлиеванын катын, ага президенттин Фишерге берген тапшырмасын көрсөтүп, мамлекеттик кредитти жеке фирмага товар сатып алууга берүүгө болбостугун, бул кийин элдин эсебинен төлөнөрүн, Россия тарап да мындай ишке жол бербесин түшүндүрдүм. Премьер-министр Апас Жумагуловдун мамлекеттик жетекчи катары позициясы жок, коркок, экижүздүү экендигин ошондо көрдүм. Ал: "Мен өкмөттүн буйругуна Шайлиеванын фирмасына 1 млн. доллар берилсин деп киргизип коеюн, а сиз россиялыктар менен макулдашканда чийип салыңыз" дебатпайбы. Жумагулов президентке, Шайлиевага жакшы көрүнүп, элдин акчасын аяган, эчкимди укпаган неме катары Исаевди жаман көрсөткүсү келгенин карабайсыңбы.


Кредит боюнча тизмени бүтүрүп, Москвага келгенден кийин Фишерге чалып: "Жумагулов мага берген көрсөтмөсүнөн айный элекпи? Кокус Россиянын экономика министрлиги Шайлиеванын фирмасына кредит берүүдөн баш тартса, тизмеден чийип салайынбы?" деп сурадым. Фишер кайра мага чалып, премьер-министр өз көрсөтмөсүн бекемдегенин билдирди. Москвага кетеримде Жумабек Ибраимов Шайлиеванын Россиядан ала турган товарларынын тизмесин берген. Өз супермаркети үчүн "Красный Октябрь" фабрикасынын таттууларын, "Свобода" фабрикасынын продукциясын, "Мануэла" трикотаж фабрикасынын аялдар үчүн кийимдерин заказ кылыптыр. Россия экономика министриндегилер муну окуган соң, мыйыгынан күлүшүп, анан: "Жегениңер оозуңарга жарашса экен. Эмне, россиялык салык төлөөчүлөрдүн берген кредитине биз өзүбүз да жетпеген мыкты конфеттерди силер жегиңер келдиби? Фабриканы азыр француздар сатып алган, анын конфеттерин силер эмес, биз көрөлекпиз!" деп кыйкырып баштаганда эле, "премьер-министр менен макулдашкам, муну чийип салсак болот" деп араң тынчыттым. Ишти бүтүрүп, биякка келип отпускага кеттим.


Жумушка чыксам, столумда кол коюу үчүн буйрук-ишенимкат жатат. Көрсө, Москвадан мен макулдашкан документтер биякка факс менен келгенде, Жумабек Ибраимов өзүнүн сураган 3 млн., Шайлиеванын 1 млн. доллары документтерде жок экенин көрөт. Мындай "катаны" оңдоону чечет, а коркок Апас Жумагулов болсо президенттин кеңешчиси кредит боюнча Россия министрликтеринде кайра карап макулдашууга укуктуу деп буйрук-ишенимкатка кол коюп берет. Менимче, бул экөө боюнча Жумагулов Акаевден "тумшукка жеген" болуу керек. Кийин аны Фишер айтып атпайбы. Ибраимов кайра Москвага барып, Россиянын КМШ өлкөлөрү менен иштешүүчү министри Аман Тулеевди көндүрүп, кредиттик макулдашуунун мурдагы долбоорун артка кайрып алат. Ага кайра энергия үнөмдөөчү жабдык транссоник 3 млн. доллар, Шайлиеванын фирмасы үчүн 1 млн. долларды кошот. Көрдүңбү, өз кызыкчылыктары үчүн кээбир "азаматтар" президентти пайдаланып, премьер-министрди коркуткандан кайра тартышкан эмес. Мунун айынан Кыргызстанга ошо тушта өтө зарыл оокаттар тизмеден сүрүлүп калып, кийин биякта "эмне үчүн биздики жок?" деп министрликтер, мекемелердун ортосунда кагаз "согушу" башталды.


Дагы бир факт. Мен кредит боюнча тизме түзүп жатканда жок болчу, кийин карасам, Аскар Акаевдин биртууганы Асанкул Акаевдин "Чоң Кемин" АКсы үчүн картошка үрөнүн алууга деп 210 миң доллар бөлүнүптүр. Ибраимов "азаматтык" кылып, президентти да унутпаптыр. Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын кенедей да ойго албаган мындай жетекчи сөрөйлөрдүн айынан кандай иш бүтпөй калганын айта кетпесем, Исаев жөн эле ичкүйдүлүк кылып жатат деп ойлошпосун.


Газ боюнча кантип Казакстандын көзүн карап калдык?


1989-жылы СССР Госплан жетекчиси Ю.Д.Маслюковдун чечимин жазгам. Анда: "Кыргызстандын түндүгүн жана Казакстандын түштүгүн газ менен керектүү өлчөмдө жабдуу үчүн Мингазпромго, Миннефтегазстройго 1990-91-жылдарда Чымкент-Фрунзе-Алматы газпроводунун экинчи трубасынын курулушун камсыз кылуу" жөнүндө айтылган. 1990-жылдарда газ өтүүчү трубаларды жогорку үч шаардын аймактарындагы трассанын бардыгына жүктөп жеткиришкен. Бирок трубаларды төшөп, курууга үлгүрүшпөптүр. Кыргызстан эгемен болуп калгандан кийин баягы трубалар уурдалып жок болот. Кийин газ трубаларын биздин территорияга курабыз деп жетекчилер казактарга канча жолу ант-убада беришти, бирок аткарышкан жок. А казактар ошондо эле өз аймагында өтүүчү газ трубаларды курушкан. Анан кыш болгон сайын чыр-чатак: себеби биздин аймактан өткөн газпроводдун бир трубасы боюнча өткөн газ эки өлкөгө жетпейт, алортодо Алматыга бара турган газдан биз уурдай баштадык. Биз жыл сайын өзүбүзгө газ труба курабыз деп убада беребиз, иш жүзүндө эчтеке жок. Казактар биздин калптан тажаганда, Луговойдон тарта бизди айланып Алматыга өткүдөй газ трубаларын төшөп алышып, газпровод боюнча бардык башкарууну өздөрүнө тартып алышты. Ошон үчүн биздин акылсыз жетекчилер жыл сайын бирде Казакстанга, бирде Өзбекстанга чуркап келатышпайбы. Эми жогорудагы россиялык кредиттин эсебинен трубаларды жана ага изоляциялык материалдарды алалы деп тизмеге кошсок, Ибраимов изоляциялык материалдарды чийип, трубаларды калтырып атпайбы. Ошогездеги өнөржай, соода министри А.Иордан "Эмне үчүн кредиттен изоляциялык материалдар түшүп калган? Бул материалдары жок газ трубаларды төшөөгө болбойт, андай болсо трубалардын да кереги жок" деп чыкты. Ал эң сонун түшүнүп турган, эгерде биз газпроводдун экинчи трубасын ошо учурда төшөп алсак, газ үчүн Казакстанга карыз болуп отурбай, балким транзит үчүн казактар бизге төлөп турушмак. Иордан ошо бойдон тынчыды, себеби "Кыргызгаз" анын министрлигинен өз алдынча кеткен. Бирок Кыргызстанга эң керектүү иш ошентип бүтпөй калды.


Ошентип жанагы кредит боюнча биринчи вице-премьер К.Нанаев бирди жазып, Ибраимов башканы сурап, Жумагулов Акаевдин айтканын кылып, улам Россияга кат жөнөтө беришиптир. Кийин Россиянын финансы министрлигине барсам, аердегилер күлүшүп: "Силердин жетекчилер кимиси чөнтөгүнө канча саларын билбей, бизге момунча кат жөнөтүштү" деп тигилердин каттарын мага берип атпайбы.


Жумабек Ибраимов кийин премьер-министр болгон соң өткөзгөн эки заседаниесине катыштым. Ошондо "мен бул жакка коррупция менен күрөшөйүн деп келдим" дебатпайбы күйгүзүп. Кредит боюнча Москвага барганыбызда да Шайлиева: "Үсөнов, Текебаев, Кадырбеков дегендер элди ойлошпойт, өздөрү жеп-ичсек дейт" деп наалып калды. Ошо учурда: "Ой, сен өзүң эмне үчүн келдиң? Сен деле элдин атынан миллион доллар ала коеюн деп келбедиңби?!" деген киши жок болду да. Элге каалагандай шоколад жедирип, трикотаж кийимдерин кийгизе албасына көзү жетти окшойт, кийин Шайлиева аларды пиломатериалдарга алмаштырды. Анын кредити боюнча чыр көпкө чейин чуулдады.


Эми кызык кийин башталды. Ошогездеги финансы министри Кемелбек Нанаевдин өз ишин билбеген бекерпоздугунун айынан 45 млн. доллар кредит алынбай турган болот. Көрсө, 1996-жылы Кыргызстандын Россияга мурдагы карызын төлөө мөөнөтү 2006-жылга чейин узартылат, бирок ага Нанаевдин "унутчактыгынан" 18,1 млн. доллар үстөгү кошулбай калат. Россиядан "Госдума ратификация кылыш үчүн адегенде 18,1 млн. долларды төлөп койгула, анан 45 млн. долларды аласыңар" деген кат келет. Катты бияктан баары окушуп, унчукпай калышты. Нанаев бул учурда вице-премьер болуп калган. Башка өлкөдө мындай иш үчүн иштен гана куумак түгүл, жоопкерчиликке да тартмак. Бизде андай болуш кайда, президентке менден жакыныңар жок дегенсип, кайкая гана басып жүрбөдүбү. Жумагулов ал вице-премьер болуп атканда, кийинки премьер-министр ушу болот деп айткан… Үстөктү төлөө боюнча бир айдын ичинде жооп беришибиз керек эле, биз унчукпай койгондон кийин Россиянын тышкы соода министрлигинде депозитте турган Кыргызстандын 800 миң долларын Россия алып койду. Эми депозитке кайра акча жыйнаш керек болду, ансыз кредит берилбейт. Кредит алчулар кайра акча жыйнашты. Карасаң, бизге эчким эмес, келесоолугубуздан өзүбүзгө өзүбүз жамандык кылып жатпайбызбы. Акаев, Жумагулов экөө бул боюнча Москвага эмне деген гана калптарды айтышкан жок. Россиянын жетекчилери болсо бизге эчак эле ишенбей калышкан.


1997-жылы премьер-министр В.Черномырдин бизге келгенде, Жумагулов, финансы министри Т.Койчуманов экөө 18,1 млн. долларды 2006-жылы төлөй турган суммага кошуп бериңиз деп аркасынан чуркап жүрүштү. Черномырдин: "тигине финансы министринин орунбасары Кузнецов, ошону менен сүйлөшкүлө!" деп коюптур. Анысы бизден кеткен кадимки Герман Кузнецов. Койчуманов мага: "Черномырдин чечпей, Кузнецов менен сүйлөш деп койду, кандай кылабыз?" деп калды. Мен ага: "Алдагы папкаңды колтукка бек кысып Аларчага жөнө. Аякта азыр пьянка башталат. Ошондо Германды балатынын түбүнө жетелеп барып, бир-эки стакан арак ичирип туруп, кагазыңа кол койдуруп ал" деп тамашаладым. Койчуманов чынеле ошентип кол койдуруптур, бирок Кузнецов "2006" дегенди сызып "2000" деп оңдоп коюптур.


Мынакей, мен күбө болгон бир кредиттин тарыхы. А мындайлар канча болгонун бир алгандар, бир Кудай билет. "Зенит" салонунун абалы азыр кандай экенин баарыбыз көрүп турабыз. Өлкөгө, элине ушундай "ак кызмат" өтөгөндөрдүн эстелиги эмне үчүн борбордун чок ортосунда туруш керек? Азыр Россиядан башпаанек тапкан Акаев, элчи Жумагулов ушуларды ойлошот болду бекен?



  • «Алас», N 8, 29.12.2005

- Касым Исаевич, байкашымча, экс-премьер-министр Апас Жумагулов менен узак иштешкен окшойсуз?


- Башкаларына салыштырмалуу Апас Жумагуловду мурдатан эле билчүмүн. СССР учурунда эле ал кыргыз өкмөтүн жетектечү эмес беле. Ошол учурда СССР Госпланына келип, кимдердин гана кабыл алуусунда болбосун, мурдатан жат болгон социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү айта берчү. Байкасам, бул адатын Кыргызстан эгемен болгондон кийин да сактап калыптыр. Эми ал ар кайсы өлкөлөрдөн келген делегацияларга, элчилерге алардын уккан-укпаганы мене ниши жок эле баягы жаттап алган цифраларды айта берчү. Көп көрсөткүчтөрдү, цифраларды унутуп калгандыгынан чаташтырып да жиберчү. Мындайда ал мени карачу, мен анын ачыктан-ачык калп айтканына таңгалчумун. Эл аралык валюта фондунун, Дүйнөлүк банктын, ОБСЕнин өкүлдөрү менен 1994-жылы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атканда Апас Жумагулов жылдын аягына чейин республикада бир да колхоз калбайт деп убада берип, аз эле жерден карганган жок. Агезде бу жөнүндө эч кандай талкуу болгон жок, жөн эле кредит алыш үчүн көздү жуумп көрүнгөн милдеттенмелерге макул болушуп, бир чети реформа жүрүп жатат деген пикирди жаратышка аракет кылышкан. Менимче, мындай көрсөтмөну теоретик-физик президент Акаев берсе керек.


Бир жолу өкмөт заседаниесинде Талас облусундагы агрардык реформанын жүрүшү талкууланып калды. Губернатор Тойчубек Касымов чоң колхоздорду майдалагандан кийин, чарбалардын саны беш эсе көбөйдү деп доклад жасады. Мындан башка эмне өзгөргөндүгү жөнүндө нылым сөз жок. Айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков облустагы колхоздорду механикалык түрдө майдалоону сынга алды. Ар бир чоң колхоз бешке бөлүнүп, натыйжада айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө түздөн-түз тиешеси жок кызматчылардын саны да ошончо эсе көбөйүп, мындай агрардык реформанын маңызы эмнеде экенин эч ким билбеди.


Ошол кездеги вице-премьер Жумгалбек Аманбаев да бар эле, кредит алуу үчүн гана жасалып жаткан мындай реформага каршы экени сезилип турду. Премьер-министр ага: «Жумгалбек Бексултанович, сөзүңүз барбы?»-деп калды. Аманбаев Касымового кайрылып: «Тойчу, мен Кыргызстан Компартиясынын БК секретары кезимде Таласта кой-эчкинин башы бир миллионго жеткен. Сен жок дегенде азыр канча калганын билесиңби? Же баарын жеп салдыңарбы?» деди. Касымов «Жок» деп күңкүлдөдү. Аманбаев: «Эгер агрардык реформанын жүрүшүн ушинтип талкуулап, эмне жасоо керектигин өзүңөр билбесеңер, анда реформанын акырында Талгарбеков экөөң эле кучакташкан боюнча калат болушуңар керек» деди.


- 90-жылдарда эле өндүрүш массалык түрдө токтоп, жумушсуздар көбөйүп, өзгөчө жогорку квалификациялуу орустилдүүлөр кете баштаганда Акаев «биздин ишканалардын акцияларын кимдер алса да мейли, иши кылып эл иштеп, товар өндүрүлүп турса болду» деп көп айта баштабадыбы. Муну кандай пайдаландыңыздар?


- Бул адаттагы калпы болчу. Ошогезде мурда ошол ишканалардын жетекчилери болушуп, кийин СССРдин ар түрдүү министрликтеринде иштешкен бир топ адамдар жардам бергени келишип, Кыргызстандын жаңы кожоюндарынын дүлөй-дудук мамилесине туш болушуп, экинчи келгис болуп кетишкенин билчүмүн. А жаңы кожоюндар болсо, чет өлкөлөрдөн мээримдүү адамдар келишип, алардын чөнтөктөрүн гана долларга толтурат деп үмүттөнүшкөн. Бүгүн Акаевге ким жакын болсо, алардын чөнтөктөрү гана долларга толгонун көрүп турабыз…


1995-жылдын октябрында Россия өкмөт башчысынын биринчи орунбасары А.А.Большаков, КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу министри В.М.Серов ж.б. жетекчилери бар өкмөттүк делегация келди. Кыргызстандан премьер-министр Апас Жумагулов, биринчи вице-премьер А.Тагаев, министр Я.Фишер сүйлөшүүлөргө катышты. Натыйжада 13-октябрда Чолпон-Атада өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду. Анда Кыргызстан бир ай ичинде өндүрүштүк ишканалардын тизмесин берип, Россия алардан өздөрүнө жаккандарын тандап, тандалгандар боюнча макулдашуулар бүткөндөн кийин, Россия сала турган инвестиция көлөмү жана ар бир ишкана боюнча акциялардын керектүү суммасы аныкталып, булардын бардыгы россиялыктарга мамлекеттик менчик катары берилмек болду. А Кыргызстан мунун эсебинен мамлекеттик карызынан кутула бермек. Бир айдан, ал эмес бир жылдан кийин да Россияга ишканалар боюнча тизме берилген жок. Фишер экөөбүз булл боюнча Россиянын расмий өкүлдөрүнөн эмне деген гана тилди укпадык. Өзгөчө КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу министри, кийин Россия өкмөтүнүн башчысынын орунбасары, кесиби боюнча куруучу, совет учурунда Госпландын төрага орунбасары, кийин Госстрой төрагасы (КПСС БКдан куулган Борис Ельцин да бир кезде анан орунбасары болгон, а Жумагулов сыяктуу жетекчилер анын алдында төрт аяктап гана турушмак) В.М.Серов бир жолу: «Жанагы силердин тили менен май жедирген премьериңер кайда? Ал премьер-министрби, же ким? Анны эмнеге кармап отурасыңар? Жакында эле мобу жерде отуруп, бир жумадан кийин тизме болот деген. Бирж ума эмес, бир ай өттү, а тизме жок. Ой, мен силердин өтүнүчүңөр боюнча Кыргызстанга жардам берели деп Большаковду алып барбадым беле. Эми анын алдында ыңгайсыз болуп жатам. Деги иштешесиңерби же жокпу?» деп мага кату күүлөндү. Мен акыбалды түшүнүп турам. Анткени булл тизмени экономика министри Талайбек Койчуманов менен маммүлк комитетинин төрагасы Аскар Сарыгулов түзүш керек эле. Булар болсо документтерге кол коюуларга катышкан эмес. Ошондуктан, премьер-министрдин да, биринчи вице-премьердин да коюлган колдорун тоготушпайт. Алар Акаевге таянып ушинтип атышкан болуу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгындагы көпчүлүк иштер ушинтеп кыйчалыштап турганда «Акаев Жумагуловду киши катары көрөбү? Президент башкалардан узагыраак кармаганына караганда Жумагуловдун көшөкөр мамилесин жактырса керек. Мындай абалды жакшы билген министрликтердин айрым жетекчилери өздөрүн ушундай өкмөт башчыдан өйдө сезип жатса керек» деген ойлор келер эле.


Министр Ян Фишер Москвага барса В.М.Серов: «Кыргызстандын Жумагулов баштаган өкмөтү өздөрү кол койгон мамлекеттер аралык макулдашууну качан аткарат?» деп дагы кату сөз болгон экен, Фишер түз эле Жумагуловго кирип айтат. Жумагулов: «Сиз Койчуманов менен Сарыгуловго макулдашууну аткарта албай жатасызбы?. Андай болсо экөөнү мага эртең саат 15ке чакырыңыз!» дейт. Фишер буларды мага айтып, эртеси мени да айтылган убакта премьердин кабылдамасына келишимди өтүндү. Кийинки күнү тиги экөө премьер-министрге келмек турсун, телефон да чалып коюшкан жок. Ошондо Апас Жумагуловичти чындап аяп кеттим. Анын адамдык арнамысы качанга чейин көзкаранды эмес өлкөнүн өкмөт башчысынын жөн эле милдетин аткарып жаткандай түр көрсөткөнгө жол берет? Же болгон кудрети эле ошобу?


Дагы бир мисал, Россия электротехникалык өндүрүш ассоциациясынын төрагасы (муруңку СССР электротехникалык өнөр жай министри) Олег Анфимов КР маммүлк комитетине «Кыргызэлектродвигатель» заводунун 34% акциясын сатып алып, заводго инвестиция алып келүү сунушу менен канча жолу Өкмөт үйүнө телефон чалып, ечен жолу телеграмма салбады, уккан адам болбоду. Өкмөттүн буйругу чыкканына карабай, А.Сарыгулов дегеле тоготпой койду. А заводдун директору эмне кыларын билбей жүрдү, же Сарыгуловдун шартын аткара алган жокпу. Ошентип, кезектеги завод банкрот болду… А.Сарыгулов президент Акаевдин эрке баласындай эле болучу…




  • «Алас», N 1, 12.01.2006

"Манас" эмне үчүн эларалык аэропорт болбой калды?


- Касым Исаевич, 1995-жылы Россия менен болгон өкмөттөр аралык макулдашуулардын акыры эмне менен бүттү?


- Андан бери он жыл өттү. Документтерге кол коюлган менен бир да иш аткарылган жок. Азыркы бийликтегилер өнөржай обңектилерине Россиядан инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү кайрадан жүргүзүп жатышат. Мындан жыйынтык чыгабы, же өткөн жолкудай кала береби, көрө жатарбыз.


- Сиз иштеп турган мезгилде ийгиликтүү болбосо да, жакшыраак жасалган иштер деги болду беле?


- Кандай иштер болгонун эл бааласын, эгер билсе. Мен өзүм катышкан иштер жөнүндө айтып берейин. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгы белгиленип, буга байланыштуу юбилейлик медаль менен сыйлангандардын арасында мен да бар экем. Сый бүтүп, шампан ичип тарадык. Премьер-министр Апас Жумагулов президентке кетти деп уктум. Бир топтон кийин премьер-министр мага телефон чалып: "Бишкек" СЭЗинин (эркин экономикалык зона) жобосун иштеп чыгуу боюнча тапшырма эмне болду?" деп сурады. "Тапшырма азыр экономика министрлигинде. Жакында эле калган бардык министрликтер, ведомстволор менен макулдашылды. Бир гана транспорт министрлиги калды, аларда президенттик администрация менен талаш бар экен" десем, "Саат 14.00 гө бу маселе боюнча бардык тараптарды чакырыңыз" деди. Буга тиешеси бар жетекчилерди, 2-3 ЖК депутатын, президент администрация жетекчисинин орунбасары А.Богатовду чакырдым. Жумагулов Акаевге кирип чыккандан кийин, демек шамалдын кайдан согуп жатканын түшүнүп турам. Ага чейин эле "премьер-министр өзү берген тапшырмалардын бирин да эстеп сурабайт, анткени алар формалдуу, ал эми президенттин атынан тапшырма берсе, анда кудай өзү сактасын, аны эч унутпайт" деп эскертишкен.


Мен мурда ЖК экономика комитетинде "Бишкек" СЭЗин түзүү боюнча жыйынына катышкам. Анда А.Богатов да болгон. Ал СЭЗге "Манас" аэропортун да коштуруунун аркасында чуркап жүргөн. Коштурган соң ушу комплексти башкарууну өз колуна алат экен деп угуп да калгам. Госпланда иштеп жүргөндө мындай талаштарга күнүгө катышчумун. Бир жагынан 8 союздук республиканын, экинчи жагынан министрликтердин, алардын ортосунда Госпландын кызыкчылыктары турчу. Мындайда кимдики жеке кызыкчылыктар, анын артында кимдер турат, билип коюу маанилүү. Азыр болсо А.Богатовдун кызыкчылыгын, артында өлкө президенти турганын түшүнүп турам. А бечара премьер-министрдин мындайда өз пикири болмок тургай, жүйөнү көрүп турса да айталчу эмес.


Айтылган убакта жыйын башталды. Биринчи экономика министри Т.Койчуманов "Бишкек" СЭЗинин жобосу бардыгы менен макулдашылганын, бир гана транспорт министрлиги буга "Манас" аэропортун киргизүүгө каршы экендигин айтты. Андан кийин транспорт министри, маркум Т.Ажикеев буга чейин эле "Манас" аэропорту жана "Бишкек" СЭЗи боюнча жыйын өткөрүшүп, керектүү документтерге сунуштарды кошуп, биринчи вице-премьер-министр А.Матубраимовдун колун койдуруп, КР президентине жөнөтүшкөнүн, анан алар президенттик администрацияга жеткенден кийин эле жоголуп кеткенин билдирди. Көрсө, А.Богатов ал документтерди сейфине катып коюп, бул маселе каралышын күтүп, президенттин атынан "Бишкек" СЭЗине "Манасты" кошууну көздөп аткан экен. Көрдүңбү, жеке максаттар үчүн жакпаган документтерди катып коюп, өздөрүнө жаккыдай жасоого мажбурлашканын. Мындайда коркок премьер-министр башка жөндүү сунушту укмак беле, түз эле "Кыргызстан аба жолдору" УАКтын президенти К.Орузбаевге бир тийди: "Документтер кайда экенине эмне үчүн көз салган жоксуз?" Орузбаев: "Америкада окууда болчумун" деди. Жумагулов эми мага асылды: "Өкмөттүн тышкы байланыштар жана четэлдик инвестициялар боюнча бөлүмү тапшырманы өз убагында аткаргандын ордуна бюрократиялык тоскоолдукту түзгөн". "Мен эч кимге тоскоолдук кылган жокмун. Биринчиден, бөлүм министрликтердин ортосундагы келишпестиктерди чечүүгө укугу жок, бу жерге президенттик администрация өз кызыкчылыгы үчүн кийлигишип жатат. Экинчиден, "Манас" аэропорту эларалык статуска ээ болуш үчүн реконструкция болуш керек…" Жумагулов мени токтотуп: "дагы кайталайм, бөлүм бюрократия менен тоскоолдук кылып, экономика министрлиги ишти обужок создуктурган" деди. Мени уккусу келбесе, анда бул маселенин чечилишин премьер өз мойнуна алыш керек эле. Анда президенттин каалоосу эмне болот? Негизи талаштын баары анын каалоосунан улам чыгып жатпайбы… Ошо учурда өкмөт башчысынын менден эптеп кутулгусу келгенин сездим да: "Апас Жумагулович, мен тоскоолдук жасап, андан ишке зыян келип жатса, отставкага кетүүгө даярмын" дедим. Жумагулов өкмөттүн аппарат башчысы О.Абдыкалыковго: "Бөлүмдөн бардык документтерди алып, эки-үч күн ичинде "Бишкек" СЭЗи жөнүндө жобонун долбоорун даярдап, кол коюуга бериңиз. Анан экономика министрлиги менен бөлүмдү жазалоо жөнүндө токтомду даярдаңыз" деди. Ушуну менен баары тарап кетишти. Эгер кошоматчы, коркок Жумагуловдун ордунда башка адам болгондо Акаевге аэропортту СЭЗге кошууга болбостугун жакшынакай эле түшүндүрүп коймок. Бирок президентке кийин түшүндүрүштү окшойт, акыры аэропорт СЭЗге кошулбай өзалдынча калды. Буга Жумагуловдун тиешеси болгон жок.


1994-жылы өкмөт башчысы Апас Жумагулов баштаган делегация Японияга кыргыз-япон экономикалык комиссиясынын жыйынына барат. "Сумитомо", "Мицуи" компаниялары менен жолугушканда, "Манас" аэропортун реконструкциялоо жөнүндө сөз болот. Анткени "Манас" Алматынын аэропортуна караганда ыңгайлуу жана Россия аркылуу учканга караганда 1000 км жакын эле. Ошентип япондор узак мөөнөткө жеңилдетилген кредит берүүнү чечишет. Биякта А.Богатов президент Акаевдин кулагына жакын экенин көрсөтүп, аэропортту "Бишкек" СЭЗине коштурууга жан үрөп жатпайбы.


Бир күнү коридордон Жумагуловдун жакын досу, мурдагы вице-премьер А.Моисеевди кезиктирип калдым. Ал: "Касым Исаевич, өзүңүз Апас Жумагуловичке барып кечирим сураңыз. Ал аккөңүл адам" деди. Мен: "Александр, эмнени айтып жатасың? Мен жаш бала эмесмин, анын кол алдында иштеген кызматкеримин. Күнөөм барбы, чакыртып, оюн айтып, мени да угуп анан чечим кабыл алыш керек. Эгер ал түшүнбөсө, мен түшүндүрүп кое алам. "Манас" аэропорту "Бишкек" СЭЗине кирсе анын статусу өзгөрүп, коммерциялык ишкана болот. Демек өкмөттүн кепилдиги менен ага эчким узак мөөнөткө жеңилдетилген кредит бербейт. Премьер күнөөлүүнү издегендин ордуна жоопкерчиликти өзүнө алып, президентке абалды билдирүүсү керек. Начальниктин алдында тизелегенге көнгөн эмесмин. Мен Апас Жумагуловдун менчик конторунда эмес, мамлекеттик мекемеде иштейм" дедим. Ал ортодо өкмөт жыйыны болду, Жумагулов да унчукпайт, мен да үндөгөн жокмун. Акыры Орозмат Абдыкалыков мени жумуштан бошоткон токтомду көргөздү. Иштерди орунбасарыма тапшырып, Москвага, үй-бүлөмө барып эс алайын деп чечтим. Кийин уксам, Апас Жумагулов "Исаев Москвага кетти дешет. Бизге Кыргызстан үчүн иштеген туруктуу кызматкер керек" деп экижүздүүлүк кылыптыр. Москвага эсалууга гана баратканымды бардыгына айткам. Мен Кыргызстандын гражданы гана болчумун, башка жакка көчүп кетүү жөнүндө ой болгон да эмес. Ошо тушта көчөдөн Акаевдин мурдагы аспиранты Тимур Муратовго жолугуп калдым. (Агезде ал "Сумитомо" компаниясынын биздеги өкүлү болчу. Кийин "Кыргызстан аба жолдору" УАКтын президенти болуп, "Манас" аэропортун реконструкциялоону жетектейт.) "Бишкек" СЭЗи жөнүндө жобого Жумагулов кол койгонун, анын курамына "Манас" аэропорту киргенин, буга каршы болгонумду, бирок премьер президенттин каалоосунан башкасын көрбөй койгонун айттым. Муратов: "Мен Аскар Акаевичке барып, мындай кылууга болбой турганын түшүндүрөм. Япондор аэропортко кредит бөлгөнү жатышат. Госкоминвесттин гендиректору А.Сарыгуловго да айттырам" деп калды.


Кийинки жумада Муратовго чалсам, ал президентте болгонун, А.Сарыгулов да ага кат жазганын, акыры Акаев алардын оюна макул болуп, аэропортту СЭЗ курамынан чыгартканын айтты. Ошогезде "Кыргызстан аба жолдору" өзүн СЭЗдемин деген шылтоо менен салык төлөбөй келгенин, бул боюнча гезитке түшүндүрмө беришкенин уктум.


Жумагулов премьер-министр болуп турганда мен үч вице-премьер менен иштештим. Татаал же ызы-чуулуу маселе болгондо Жумагулов жоопкерчиликти өзүнө алгандан коркуп, беркилерге оодара саларын өздөрү айтып калышчу.


- "Манас" реконструкция болду, бирок эмне үчүн эларалык болгон жок?


- Анткени Ыраакы Чыгыштан жана Түштүк-Чыгыш Азиядан Бишкек аркылуу Батышка жана кайра артка учканда шарт боюнча Текестин түндүк-чыгышырак аймагынан жана Хантеңир чокусунан Казакстандын 68 км аймагын басып учуп өтүш керек экен. Казак туугандар, агезде куда эмес беле, буга макулдук беришкен жок. Мен Акаевдин Казакстанга эки жолку сапарында бу маселе боюнча документтерди даярдадым. Эгерде казактар жогорудагы аба жолун биздин колдонуубузга макул болушканда, анда эларалык авиакомпаниялардын каттамдары Алматыдан Бишкекке оомок. А бул экономика. Анан калса, ошогезде Т.Усубалиев баштаган топ Казакстан суу үчүн төлөсүн деп кыйкырып турушпадыбы. Назарбаев куда болбой калгандан кийин, суу үчүн эч качан төлөбөй турганын айтты эле, бияктагылардын жаагы жап эле болду.


Акаевдин жасакер адатынын куну


Бүгүн коомчулук Акаев менен Назарбаевдин теңата эмес куда болушу, Акаевдин Назарбаевге жасакерленгени эки өлкөнүн мамилесине доо кетирди деп эсептешет. Акаевдин өтө жеңилдиги, маскарапоздой (шут) баскан-турганы үчүн КМШдагы тааныштарымдан эмне деген гана мыскылдарды укпадым. Бир эле Б.Ельциндин И.Силаевдин гармошка коштоосу менен бийлик башына кашык ойноткону эле эмне? Ушунусу үчүн Ельцинге Ысыккөл жээгине эстелик тургуздук. А.Токталиев деген "максимовичтин" айтымында Акаевди келсин деп суранып, андан дагы кечирим сурашыбыз керек экен. Бул мырза эл кайда, эмне абалда калганын, Акаев кайда экенин дагеле билелек өңдөнөт. Акаев он төрт жыл ичинде элдин байлыгын уурдагандан тышкары өлкөнүн жана элдин арнамысына орду толгус сокку уруп, чоң жоготуу алып келди. Мунун ордун ким толтурат? Качкын президентти ким жоопко тартат? Бизде укук коргоо органдарында иштегендердин көпчүлүгү сатылгыч жана коррупцияга баткандар. Аларга үмүт артып бекер. Бийликке эми келгендер да Акаевдин жакын аптабачылары экендигин күн өткөн сайын далилдеп жатышат. Акүйгө: "Сиз чапкан жол менен баратабыз, урматтуу Аскар Акаевич!" деген жазууну илип коюш гана калды.


Бир нече айдан кийин Бишкекке келсем, бизди жазалаган токтомду жокко чыгарганын айтышты. 1996-жылы кезектеги өкмөт алмашты. Өкмөт курамына КМШ өлкөлөрү боюнча министрлик киргизилип, Я.Фишер министр болуп, ал мени кайра жумушка чакырды. Жумагулов экөөбүздүн үнсүз мамилебиз ушинтип чечилди. Кийинчерек мага министрдин орунбасары болосуң дешти, бирок мен президенттин мунусуна ишенген да, алданган да жокмун. Анткени Акаев министр эле эмес, премьер-министр кылам деп көп кишилерге убада бергенин угуп жүргөм. Убада берип аткарбай коюу Акаев менен Жумагуловдун демейки эле адаттары болчу. Жарым жылдан кийин президент мага ардак грамота тапшырып жатып: "Касым Исаевич, баягы ишти жакында чечебиз" деп шыбырады. Анын адаттагы калпы көңүлдү гана айнытты.


Төрт жыл бою Апас Жумагуловдун алдында иштеп жүрүп, анын соода тармагында иштегендерге өзгөчө мамиле кылаарын байкадым… Кийин ал соода министринин орунбасарына үйлөндү. Андан кийин биздин министрге орунбасар кылып, соода министринин мурдагы орунбасары Темирбек Куловду дайындады. Бир аз убактан соң ал мага бу жердеги иш жакпасын, мындан көрө райондун акими болуп иштегиси келерин айтты. Жумагулов аны бат эле "Кыргызалко" МАКтын гендиректору кылды. Биздин министрдин кезектеги орунбасары кылып Жумагулов жаңы аялынын подругасынын Болот деген күйөөсүн дайындады. Мен Болотту университетте окутуучу кезинен билчүмүн. Бирок анын жумушка мамилеси кандай экенин билбепмин. КМШ өлкөлөрү боюнча министр көбүнчө Москвада болгондуктан, анын ордуна өкмөт жыйындарына орунбасары Болот чакырылчу. Бир жолу О.Абдыкалыков аны эч бир жыйынга чакырбай турганын мага айтышты. Ошондон кийин Болот жумушка анда-санда эле бир келчү болду, бу жумушту жаман көрө тургандыгын мага да айтты. Айлык ала турган күнү эле эмес, башка күндөрү да жумушка келиш керектигин айттым. Ошентип бир жыл бою эч иш бүтүрбөй, министрдин орунбасарынын айлыгын алып жүргөндөр Кыргызстанда гана болушу мүмкүн экен. Себеби мен Африкадан да мындайды көргөн эмесмин. Ушундан кийин кимден жакшы ишти талап кылууга болот? Ал Апас Жумагуловдун жакын кишиси экендигин билишкендиктен, эчким унчуга алган жок…




  • «Алас», N 2, 19.01.2006

Премьерлердин аты менен заты


- Касым Исаевич, Апас Жумагуловду көптөн бери билчү белеңиз?


Жумагулов менен 1981-жылы таанышкам. Москвадан КПСС БКдан атайын комиссия түзүлүп, Кыргызстан КП БКсы элге кандай кызмат көрсөтүп жатканын текшерүүгө жиберип, ичинде мен да бар элем. Өз жериме баргандан тартынып, каршылык көрсөтсөм да болушпады. Фрунзеге келгенибизде мени өзүнчө кабинетке отургузушуп, калгандары шаар, облус, райондордон бардык тармактар боюнча көрсөткүчтөрдү алып келишет, сен алардын туура же туура эмес экенин, кимиси калп айтып, кимиси обужок көбүртүп атканын текшересиң дешти. Ошогезде Жумагулов Кыргызстан КП БК өнөржай жана курулуш боюнча секретары болчу. Ал кийин А.Дүйшеевдин ордуна Ысыккөл обком биринчи секретары болуп кетти. Дүйшеев болсо С.Ибраимовдун ордуна Совмин төрагасы болду. Жумагулов кийин Дүйшеевдин ордуна Совмин төрагасы болуп алды. Кызмат абалы боюнча Москвага Госпланга барып, Кыргызстанга канча каражат керек экендигин сурап, кайсы тармакка канча керек экендигин коргоп келчү. Ошогезде эле Кыргызстандын бүт түйшүгүн чекесине түйүп алгансып кабагы жазылчу эмес. Мага жолукканда "Отпускага келет экенсиз, кире кетип жүрбөйсүзбү, бир нерсе керек болуп калабы" деп айтып калчу.


- А.Жумагуловдун ушундай атка жеңил, тайга чак, өтө элпек, принципсиздигинен А.Акаев жакшы көрчү го?


Кыргызстан өз алдынча болгондон кийин Н.Исанов өкмөт башчысы болуп, ал каза болгон соң Т.Чыңгышов өкмөт башына келип, кийин алтын чатагы менен ал да кызматтан кетти. Депутаттар жумшак рейтинг өткөзүшүп, биринчи орунга Ж.Аманбаев, экинчиге А.Жумагулов чыгышты. Аманбаев биринчи орунду алганына карабай, Акаев Жумагуловду өкмөт башчылыгына көрсөттү. Ал премьер-министр болгондон кийин, мурда Кыргызстан КП БКда агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы, өкмөттүк гезиттин башредактору болуп көп жыл иштеген таанышыма көчөдөн жолугуп калдым. Ал Жумагулов менен БКда көп жыл чогуу иштешкен. "Касым, биз эмне болобуз эми?" деп калды. "Мурдагы өкмөт башчысы жаш болуп, анүстүнө аны тоготпой атышпадыбы. Президент да теоретик эле болуп, экономиканы, чарбаны жакшы билбей жатпайбы. Жумагулов болсо обкомдо, БКда иштеген киши, эми башкача болот го" дедим. "А-а, Касым, сен билбейсиң да. Жумагуловду Усубалиев башка чаап жүрүп көндүргөн. Орусча айтканда "не сметь своих мнений иметь". Мындан эчтеке чыкпайт. Өзүнөн жогору отурган киши эмнени айтса ошонун эле оозун тиктеп отурат" деди.


Биякка жаңы келгенде Жумагулов менен чогуу иштешкендерге: "Өмүр бою Москвада иштедим. Бияктын шартын билбейт экем, кандай кеңеш бересиңер?" деп сурадым. Бирөө айтты: "Жумагулов абдан куу киши. Эгер сен бир эмес үч жолу туура болуп турсаң да, ал өзүнүн кызыкчылыгы үчүн сени салып берет. Ошон үчүн андан сак бол" дешти. Дагы бирөө "сеники туура болсо да аны айтпа, ал эмнени уккусу келип жатса, ошону айт" деди. Иштеп жүргөндө бул айтылгандардын баары туура экендигине көзүм жетти. Москвада иштеп жүргөндө ишиңди билсең болду, эч кимге жүгүнбөй эле милдетиңди аткара бересиң. Биякта болсо кол алдында иштегениң үчүн эле жүгүнүп, кошомат кылышың керек экен.


- Ошондон ардыгып аркандай жогорку кызматка аракет кылбадыңызбы?


1989-жылы Кыргызстан Госплан төрагасы С.Бегалиевди кетиребиз, ордуна сен кел дешти. Мен "биякта да чоңойтуп атышат" деп болгонум жок. Кийин Жумагулов менин жеке делом менен таанышып, "экономика министрлигине келиңиз" деди. Мен так жооп берген жокмун. Себеби кошомат кылалбасам, бир күнү булар кууп чыкса, көчөдө каламбы деген кооптонуу турду. Ишти карабай, мамилеңе эле карарын анча-мынча угуп калгам. Акаев келери менен мага Турар Койчуев чалып: "Касым, Аскар Акаевичтин тапшырмасы менен чалып атам. Бегалиевдин ордуна келбейсиңби" деди. "Ойлонуп көрөйүн" дедим. Бир жумадан кийин байланышмак болдук. Бир жумадан кийин, гезиттен А.Муралиевдин экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болгонун окудум. (Кыргызстандын Госпланы экономика боюнча мамкомитет болуп кайра түзүлгөн). Жумагулов Чүй облгубернатору болуп, Исанов премьер-министр болуптур. Мен келсем, Жумагулов: "Тизмеде бар элеңиз, эмне болуп чыгып калганыңызды билбейм" десе, Исанов: "Касым Исаевич, бизге келип иштесеңиз жакшы болмок" деди.


Ошентип Апас Жумагулов 1993-1998-жылдарда премьер-министр болуп турду. Эң узак отурганы ушу болду, калгандарын Акаев жыл айлантпай эле алмаштырып турбадыбы. Менимче, Акаевге Жумагулов аябай жакты. Себеби ал Акаевге каршы эч нерсе айталбайт. Биз менен отурганда мобу барак ак деп, ак экенин көрүп турса, Акаев бул кара деп койсо, ой, бул кара турбайбы деп айта турган киши экени көрүнүп калды да. Мен биякка келсем Жумагулов эски тааныштык кылып: "Муралиев бизге жыргаткан экономист болуп бере албайт. Анын көздөгөнү эле премьер-министрдин креслосу. Жакында ЖК сессиясы болот, ошондо сизди көргөзөлү" деди. Мен: "Апас Жумагулович, мен сыртта иштедим. Ишке аралашып, эл менен да таанышыш керек. Ошон үчүн мени депутаттар беките турган кызматка эмес, өзүңүздүн колдон келе турган кызматка койбойсузбу" дедим. Өзүм экономист болгондон кийин экономика бөлүмүн алсам болмок. Бирок биз советтик экономиканы гана билебиз да. Ошогезде рынок экономикасын, дүйнөлүк экономиканы билбесең, экономика тармагы абдан оор эле. Москвада инвестициялар боюнча эки-үч жыл иштеп калдым эле, анча-мынча билем, тышкы инвестициялар боюнча бөлүмдү сурадым. Өкмөткө бул боюнча структура киргизип, мени тышкы байланыш жана чет элдик инвестициялар боюнча бөлүмдүн башчысы кылып койду. Инвестиция боюнча өкмөткө жардам берип, тыгыз иштешет экенбиз деп ойлодум. Агезде Аскар Акаев Аскар Сарыгуловго четэлдик инвестициялар боюнча ишти бергенин, ага Жумагулов да, андан башкасы да кийлигише албасын мен билген эмесмин.


Мен иштей баштагандан эки-үч айдан кийин өкмөт аппарат башчысы, азыркы депутат Айдар Керимкулов "Биз өкмөттүн аппаратынын жаңы структурасын бекитишибиз керек. Касым Исаевич, сиз да карап чыгып сунушуңузду бериңиз" деди. Өкмөттүн структурасын көрүп, экономика бөлүмүн жана тышкы байланыш, четэлдик инвестиция­лар боюнча бөлүм түзүүнү сунуш кылдым. Эртеси эле менин сунуштарым кошулуп, бекитилген структураны көрдүм. Биздин бөлүмгө 9 киши бөлүнүптүр. Мамлекеттик кызматта иштегендиктен ар биринин кызмат ордуна жараша иш боюнча сунуштарды жазып, өкмөттүн аппарат башчысы менен ар бирин макулдашайын деп аткам. Аңгыча эле кызматтык дайындоолор боюнча кол коюлган чечимдер келе баштады. Кадр­лар боюнча кызматкерге чалып, кызматка алына турган адамдар менен дайындоо бололекте таанышсам болобу деп сурадым. Мен жалпы иштин кызыкчылыгы жөнүндө ойлоп жүрбөймбү. Менин өтүнүчүмдү А.Керимкуловго айтышса керек, бир маалда телефон чалып, кызматка дайындалгандардын фамилияларын айтып: "Бул киши А.Жумагуловдуку, бу дагы премьер-министрдики, а бул болсо биринчи вице-премьер А.Матубраимовдуку…" деп баарын санап берди.


- Азыркы Нарын облгубернатору ким эле?


Бир күнү мага бир жаш жигит келди. Апас Жумагулович менен Чүй обладминистрациясында иштегенин, ал өкмөт башчысы болгондо бул жигит өкмөттүн аппаратына келип четэлдик инвестициялар боюнча иштери макулдашылганын айтты. Аппарат жетекчиси да чалып, премьер-министрдин дагы бир кишисин жөнөткөнүн билдирди. Жигит бөлүмдө жарым жыл референт болуп иштеди. Жарым жылдан кийин жигит кызмат абалын чоңойтууну сурап мага кирди. Мен аны менен ачык сүйлөштүм. Ушунча убакыттын ичинде берилген тапшырманы бир да жолу өзалдынча аткарбай, качан болсо келген кагазды көтөрүп алып, маселени билүүгө аракет кылбай эле "бу документти эмне кылабыз?" деп карап турат. Албетте, анын кызматка жогорулатууну сураган өтүнүчүн колдогон жокмун. Бир топтон кийин ал президенттин администрациясына которулду. Арадан бир нече жыл өттү. Баягы референт бир күнү мага үйгө телефон чалып: "Сизди премьер-министр Амангелди Муралиев чакырып жатат" деди. "Сен мага ким катары чалып жатасың?" деп сурадым. "Премьер-министрдин аппаратынын уюштуруу башкармалыгынын начальниги катары чалып жатам, кадрлар боюнча иш жүргүзөм" деди. Андан бери бир нече жыл өтүп, ал жигит Жыргалбек Азылов облустун губернаторунун орунбасары, азыр Нарын облусунун губернатору болуп жүрөт. Менимче, ал кыргызчылык менен кызматка кантип жетүүнү абдан жакшы өздөштүрсө керек. Президент К.Бакиевдин шайлоо комиссиясынын учурунда Нарын обладминистрациясы, ага асыл тукум аргымак тартуулаганын гезиттерден окуп калдым. Губернатордун мындай "ишкер жана профессионалдык сапаты" жогору бааланат болуш керек…



  • «Алас», N 3, 26.01.2006

ТҮРК КРЕДИТИНИН ТҮБҮ КАНТИП ТҮШТҮ?


- Касым Исаевич, сиз өкмөттө инвестициялар боюнча бөлүмдү жетектеп турганда инвестициялар боюнча мамлекеттик комитет деген өзүнчө мекеме бар эмес беле? Ал кандай иштеди?


- Анын кандай иштеп, канча инвестиция тартып, кандай пайда алып келгенин азыр комиссия түзүп текшерсе болот. Азыркылар ката кетирбес үчүн өткөн иштерге чындап анализ жүргүзүп, кемчиликтерди эске алуусу керек. Бир жолу аппараттык жыйында премьер-министр Апас Жумагулов инвестицияларды пайдалануу кандай абалда экендигин айтпайсыңар деп мага эскертүү жасады. Мен инвестиция боюнча мамлекеттик комитеттин гендеректири Аскар Сарыгуловго бул боюнча маалымат сурап кайрылдым. Ал "жетекчиңер кол коюп, атайын сурап кайрылгыла" деп маалымат бербеди. Өкмөттүн жаңы структурасы түзүлгөндө четэлдик инвестициялар боюнча бөлүм биринчи вице-премьердин башкаруусуна берилген. Президенттин указында да биринчи вице-премьер мамкоминвесттин гендеректиринин орунбасары деп көрсөтүлгөн. Мен кат жазып алып, биринчи вице-премьер Алманбет Матубраимовго барсам, ал: "Байке, мунуңузга кол кое албайм, мен сизден эч нерсе талап кылбайм. Эгер премьер-министр талап кылып атса, өзү кол койсун" деп койду. Бир жыйындын соңунда Апас Жумагуловго маалымат алалбай жатканымды айтып, инвестициялар жөнүндө кененирек сүйлөшөлү десем, "эртең сүйлөшөлү" деп менден алыстагыча шашты. Эртеси да, башка күндөрү да чакырган жок. Жумагулов өкмөттө гана эмес, өлкө ичинде инвестициялар жана экономикалык жардамдар маселесин ким тейлеп, чечип атканын билип, бул суроону көтөргөндөн коркуп, экинчи сураган жок. Акаевдин түздөн-түз көрсөтмөсү менен, өлкөгө келип жаткан инвестицияларды каякка, канча жумшоону "Акаевдердин үйбүлө мүчөсү", мамкоминвесттин гендеректири Аскар Сарыгулов жүргүзчү.


- "Ак Кеме" мейманканасынын курулушунун чыры да ошогезде башталса керек...


- 1994-жылдын 26-октябрында курулуп жаткан "Ак Кеме" мейманканасына премьер А. Жумагулов, финансы министри К. Нанаев, өкмөттүн курулуш бөлүмүнүн башчысы К. Алыкулов жана мен чогулдук. Мейманканада бизди кыргыз тараптан Р. Сарымсаков, түрктөр тарабынан мырза Ениже күтүп турушуптур. "Ак Кеменин" алты-жети кабаты курулуп, Түркиядан жабдуулар келе баштаган. Мейманкананын курулушу боюнча Сарымсаков бизге түшүндүрмө бергенден кийин, өнөктөштөрдүн чатагы айкын болду. Сарымсаков курулуштун 25 млн. доллар сметалык наркы өтө жогору, (тараптардын ар бири чыгымдарды тең бөлүп, 50% көтөрүшү керек), эксперттердин баасында 15 млн. доллардан ашпай турганын, билбестиктин айынан өнөктөшүнүн айтуусу менен макулдашууга кол койгонун, мейманкана азыр КР өкмөтүнө берилген түрк кредитинен бөлүнгөн 6 млн. доллар биринчи транш эсебинен курулуп жатканын, түрк тарап өзү милдеттенген акчаны чыгарбай, келип жаткан жабдуулар боюнча отчет бербей жатканын айтты. Мырза Ениже болсо "Ак Кемени" аягына чейин куруп бүтүрөрүн, кыргыз тарап 12, 5 млн. доллар өз үлүшүн кошуусу керектигин, мыйзам боюнча ал өзүнүн чыгымдары жөнүндө эчкимге отчет берүүгө милдеткер эмес экенин билдирди. Буларга премьер-министр да, финансы министри да ак же көк дебей баса беришти.


Эки күндөн кийин Бишкекте түрк кредитинин эсебинен курулуп жаткан эмерек фабрикасында дал ушу көрүнүш кайталанды. Фабрикада технологиялык жабдуулар коюлганы менен, алар кайра боелгон эски жабдуулар экени билинип, вентиляция али жасала элек болуп чыкты. А. Жумагулов түрк кредити боюнча долбоорлордун абалын териштирүүнү биринчи вице-премьер А. Матубраимовго тапшырды. Эми акүйгө кредитти иштетип жаткан өнөктөштөрдү чакыра башташты. Ошондо түрк бизнесмендери кыргыз өнөктөрү алардын шартын кабыл алуусу үчүн канча миң доллардан бергенин ачык айта башташты.


Эптеп отчет берүү үчүн 1994-95-жылдарда бул маселе эки-үч жолу өкмөт заседаниелеринде каралды. Тилдеп коюшат да болду, башка конкреттүү бир да чара көрүлгөн жок. Аскар Сарыгулов минэкономикадан айырмаланып түрк кредитин кандай пайдалануу керектиги жөнүндө экономикалык жактан эффективдүү долбоорлорду сунуш кылганын айтып мактанган кат жазыптыр. Анын сунушу боюнча Токмокто тери заводун куруу үчүн 30 млн. доллар бөлүү айтылган. Андан кийин эки жыл же долбоор же макулдашуу жок кыймылсыз жатты.


Кийин финансы министри К. Нанаев, мамкоминвест гендеректири А. Сарыгулов өкмөт заседаниесинде кароо үчүн 30 млн. долларды башка объектилерге кайра бөлүштүрүү үчүн сунуштарын жиберишиптир. Биз бул сунушту өкмөттүн чечиминин долбооруна киргизип, аны макулдашуу үчүн орунбасарым Х. Халидовду А. Жумагуловго жибердим. Бир топтон кийин Халидов келип: "Касым Исаевич, Апас Жумагулович 30 млн. долларды кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү пунктту эмнеге киргиздиңер деп урушуп жатат. Бул Нанаев менен Сарыгуловдун сунушу десем, премьер-министр биринчи бөлүштүргөндө алар өз чөнтөктөрүнө салышкан, эми экинчи жолу да чөнтөктөрүнө салсын дебатасыңарбы деди" дейт. Ой-ой, премьер-министр ким чөнтөккө канча салганын жакшы билет экен го деп калдык...


- Сиздин оюңузча, эмне үчүн түрк кредитинин пайдасы аз, ызы-чуусу көп болду?


- Эгер премьер-министр Апас Жумагулов, биринчи вице-премьер Алманбет Матубраимов жана финансы министри Кемелбек Нанаев мындан он бир жыл мурда Түркиядан келген 75 млн. доллар кредитти өлкөнүн, элдин кызыкчылыгына эффективдүү пайдаланууга анча-мынча чараларды көргөндө азыр биртоп объектилер иштеп калмак. Кредитти эми эл төлөп атпайбы. Биздин мамлекеттик жетекчилер эмне үчүн учурунда зарыл чараларды көрүшкөн жок? Менимче, ошогезде 75 млн. доллар түрк президенти Т. Озалдын Акаевге болгон урматтоосу жана Акаевдин Түркиядагы бийик имиджи үчүн берилген. Ошондуктан мамилелерди бузбоо үчүн Кыргызстан тарап бир да мыйзамдуу суроолорду коюуга же инвестициялык долбоорлор боюнча доо кое албай келишкен. Албетте, мындай шартта премьер-министр Апас Жумагулов өзү да, башкаларга да Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоого мүмкүнчүлүк берген эмес.


"МИСТЕР 10%" КАЙДАН ЧЫКТЫ?


- Касым Исаевич, өзүңүз деле ошогезде чоң кызматта отургансыз. Келген инвестицияларды кандай пайдалануу боюнча өкмөткө сунуш киргиздиңизби?


- Иштебей турган ишканалардын жана жумушсуздардын көбөйүп баратканын эске алып, бир жолу Апас Жумагуловго бир нече жылга инвестициялык программа иштеп чыгып, өкмөттүн иш планына киргизүүнү сунуш кылдым. Ал макул болуп, программаны иштеп чыгуу жоопкерчилигин мен алдым. Бул ишке катышуусун суранып, экономика министри Т. Койчумановго, финансы министри К. Нанаевге кайрылсам, экөө тең катыша албай тургандыктарын, себеби кредиттерди алганга да, бөлүштүргөнгө да тиешелери жок экендиктерин билдиришти. Кредиттер боюнча бардык маалымат А. Сарыгуловдун гана көзөмөлүндө экендиги, ал Акаевди гана угаары белгилүү болду. Өкмөт башчысына буларды айттым. Ошогезде "Вечерний Бишкек" гезити "мистер Сарыгулов плюс 10%" деп жазганы эске түштү. Акүйдөгүлөр да бул жөнүндө өзара сөз кылышчу. Бир топтон кийин А. Жумагулов мага чалып: "Мен Сарыгулов менен сүйлөштүм, ал өзү программаны 3 айда иштеп чыгам дейт. Көзөмөлгө алыңыз" деди. Үч айдан кийин Сарыгуловго чалып программанын долбоорун сурадым. Сарыгулов долбоор даяр экенин, азыр которулуп жатканын айтты. Мен: "Кыргызчага котортуп жатасыңбы?" десем, ал "жок, англисчеден орусчага которуп атышат" деди. "Мамкоминвесттин кызматкерлери документтерди англисче жаза баштадыбы?" десем, "мен программаны иштеп чыгууну четэлдик кеңешчилерге, эксперттерге тапшыргам, бир айдан кийин көрсөтөм" деди.


1978-80-жылдарда Мозамбиктин улуттук пландоо комиссиясынын кеңешчиси болуп иштеп жүргөндө батыш өлкөлөрдөн келген кеңешчилер Мозамбиктин реалдуу жашоо-шартын эске албай, шарттуу көрсөткүчтөр менен жакшынакай диаграммаларды жана графиктерди чийип иштеп чыккан программаларын көргөм. Дал ушундай документти бир айдан кийин Сарыгулов өкмөткө көрсөттү. Бир топ убактан кийин мага премьер-министрдин кеңешчиси Эмил Каптагаев чалып, "Касым Исаевич, мага Апас Жумагулович Сарыгулов жасаган инвестициялык программанын маңызынан кыскача бир нерсе жасап бер дегенинен окуп чыксам, программада эчтеке жок, маңызын сыгып алмак тургай кармана турган эчтекеси жок экен" деди. Мен "Жумагуловго так ушинтип айт. Бирок Эмил, бул макулатуранын томдору үчүн четэлдик жана биздин кеңешчилерге чоң сумма акча бизге келген кредиттердин эсебинен кетет... " дедим. Бул Сарыгуловдун кредиттердин жана карыз алган каражаттардын көлөмүн ачыкка чыгарбоо амалы экендигин жакшы түшүндүм.


- Аскар Сарыгуловдун "мистер 10%" деген аты эмнеден чыккан?


- Анын 150 миң доллар бересиңер деп россиялыктарга кандайча шарт койгонун эмкиде айтып берем.




  • «Алас», N 4, 02.02.2006

Мамкоминвест кимге өз, кимге жат болгон?


- Касым Исаевич, Мамкоминвест деген майлуу мекеменин кыла турган иши эмне эле?


- 1992-жылы 27-июлда КР президентинин указы менен четэлдик инвестициялар боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Комиссия төрагасы - өлкө президенти, төрага орунбасары - премьер-министр, комиссия мүчөлөрү - вице-премьерлер, Улуттук банк төрагасы, бир нече министрлер. Аткаруу органы генералдык дирекция, башында гендиректор турат. Коомдук башталыштагы коллегиалдуу орган. 1992-жылы шааркомдун мурдагы иш башкаруучусу, президент аппаратынын башчысы, тарыхчы Эднан Карабаев "Мамкоминвест гендеректири болгон. Указ боюнча гендирекция: четэлдик инвестицияларды жана экономикалык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды даярдоо, четэлдик инвестдолбоорлорду экспертизадан өткөрүү, кредиттерди реализациялоо иштерин жөнгө салуу, тышкы карызды көзөмөлдөө жана анын өз убагында төлөнүшүнө көзөмөл кылуу, четэлдик инвесторлорго лицензия берүү, четэлдик инвестициялар менен иштешүүчү ишкерлердин эсебин алуу жана каттоо, кен байлыктарды өздөштүрүү боюнча эларалык тендерлерди, конкурстарды уюштуруу, өлкөнүн атынан четэлдик инвесторлорго кепилдик берүү боюнча сунуштарды даярдоо (анын ичинде жаратылыш ресурстарын күрөөгө коюу укугу боюнча да), четэлдик жана атамекендик адистерди эксперттер жана консультанттар катары контракттык негизде ишке чакыруу. Бул укуктардын бардыгы Мамкоминвесттин гендеректирине гана берилген. Мынакей, коррупциянын башы, жолдору каякта!..


Ал эми 1993-жылдын 3-февралындагы президенттин указы "КР мамлекеттик башкаруусунда тышкы саясый жана экономикалык ишмердүүлүгүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө" деп аталат. Указ президенттин "телосуна" өтө жакын "хитроумный" кеңешчи Левитин, ошогезде тышкы иштер министри болуп дайындалган Э.Карабаев жана Мамкоминвест гендеректири болгон А.Сарыгуловдун кийлигишүүсү менен даярдалганы даана көрүнүп турат. Ошон үчүн указдын текстинде: "КР тышкы саясый жана экономикалык ишмердүүлүгүнүн биримдигин камсыздоо үчүн КР ТИМге төмөнкү кошумча функциялар берилсин: эларалык экономикалык уюмдардын жана институттардын ишине катышуу, тышкы экономикалык байланыштардын эффективдүүлүгүн арттыруу, министрлердин, мамкомитеттердин тышкы экономикалык ишмердүүлүктөрүндө уюштуруу-методикалык жардамдарды көрсөтүү…" деп турат. Бул демек, Карабаев мырза тышкы иштер министри болуп турганда да четэлдик акчалардан алыстагысы келбегенин билдирет. Албетте, ар ким өз ишин жакшы аткарса дурус болбойбу. Эднан Карабаев мырза "таза" дипломатияда да "Кыргызстан Иерусалимге элчилик ачат" деп Израилде балп эттирип, эларалык ызы-чуу салып, министрлик креслодон ошон үчүн учуп кеткени эстен кетелек.


- Эднан Карабаевдин "мени Бурбулис деди" деп мактанганы качан болгон?


- Карабаев менен Левитин 1992-жылы Москвага Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук, кызматташтык келишиминин тексттерин даярдоо үчүн келишет. Карабаев агезде мамлекеттик секретарь, президенттик аппараттын башчысы да болчу. Агезде өкмөт башчысынын орунбасарларынын бардыгы мамлекеттик секретарь деп аталышчу. Премьер-министрлер Т.Чынгышов менен Е.Гайдардын экономикалык кызматташтык жөнүндөгү макулдашуусунун текстин тактоо үчүн россиялык министрлерге чалып, иштин жайын түшүндүрүүдө сөздөн сөз чыгып, мен Эднан Карабаевди тигилерге "силердин Бурбулис сыяктуу мамлекеттик секретарь" түшүндүрүп койгом. Келишимдерге кол койгону Кремлге чогулганыбызда мага Карабаев "эмнеге мени Бурбулис дейсиң? Бурбулис өзү да угуп капа болуп, Аскар Акаевичтин да кабагы бүркөлүп атат. Ошон үчүн биз сизди жазалашыбыз керек, түшүнүк кат жазыңыз" дебеспи. Мен эч кандай түшүнүк кат жазбай турганымды, анткени чектен тыш эч нерсе жасабаганымды айттым. Акматбек Нанаев экөөбүз да ушунун айынан жаман-жакшы айтышып калдык.


Эң кызыгы мында: кийин Эднан Карабаев тышкы иштер министри болуп туруп кайсы бир жыйында "мени бир кезде кыргыз Бурбулиси деп аташкан" деп мактанып атпайбы, тимеле Бурбулис шумдук мамлекеттик ишмер болуп кеткенсип.


- Мамкоминвестке кайра келели. Аскар Сарыгулов кандай иштеди?


- Жогоруда келтирген указдын экинчи бөлүгү Мамкоминвест жөнүндө жоболорду бекитүүгө арналган. Ушундан кийин четэлдик инвестицияларга байланыштуу бардык иш-аракет көрсөткөндөй, Мамкоминвест боюнча жоболор Акаевдин тыкыр көзөмөлү астында жалгыз гана Аскар Сарыгулов үчүн жазылгандыгын көрсөттү. Ошо жоболордон мисал: "Мамкоминвесттин Генералдык дирекциясынын ишмердүүлүгүн, (Мамкоминвесттин өзүн эмес!) финансы-чарбасын да текшерүү КР президентинин тапшыруусу боюнча гана жүргүзүлөт". (Көрдүңбү, булардын куулугун! А өлкөнүн экономикасы менен алектенген бечара өкмөт кайда калды?!) Дагы "Мамкоминвесттин Генералдык дирекциясын КР президенти шайлаган генералдык директор башкарат. Гендирекциянын структурасы КР өкмөтү бөлүп берген кызматкерлер штаты жана аларды кармоо менен генералдык директор тарабынан бекитилет" дегени бар. (Мына, бечара өкмөттүн болгон үлүшү ушул!)


Иштин ушундай жагдайын көрүп туруп, мен Жогорку Кеңешке да, премьер-министр Апас Жумагуловдун атынан президентке кат жазып, жалпы өлкө кызыкчылыгы үчүн Мамкоминвесттин гендирекциясы жөнүндөгү жоболорго президент өкмөткө инвестициялар боюнча укук берсе деген өзгөртүүлөрдү киргизип, Жумагуловго кол койдуруп президентке жөнөттүк. Жумагулов президентке каш кайтарган бул документке кол койбой коебу десем, жок, кол коюптур. Бир топтон кийин бул документ эмне болду билейин деп, президенттик администрацияга чалсам, документ Мамкоминвест гендирекциясынан жаңы эле администрацияга которулган У.Исаевде экен… "Баары түшүнүктүү, экинчи чалбайм, булардын астында басыналбайм" деп О.Абдыкалыковго айттым. Жумагулов ошо тушта Москвада эс алууда эле, келери менен ачуусун менден чыгарып, кабагын ого бетер бүркөп калды. Өлкө кызыкчылыгын бардыгынан жогору коюп, президенттен өкмөткө укук берилсе деген талапты койгонум үчүн премьер-министрди президентке уятка калтырыпмын. Кийин Жумагулов менен иштешкендердин айткандарына караганда, ошондо ал биринчи жана акыркы жолу иштин кызыкчылыгы үчүн президентке өз позициясын билдирген экен. А бирок президенттин "эркеси" Аскар Сарыгулов кезектеги жеңишке жетишип, өз таксасын 10 % ке көтөрдү.


- Өткөндө айткан 150 миң долларды бересиңер деп ал кимдерге айткан?


- Россиялык бизнесмендерге айтып атпайбы. Бир жолу Россия премьер-министри В.С.Черномырдиндин жардамчысы В.И.Змиевский мага чалып, россиялык чоң компаниянын гендиректору өз иштери менен Кыргызстанга келатканын, анын мурда биякта болбогонун, бизнес боюнча кимге кайрылуу керектигин айтып коюумду өтүндү. Кийинки күнү россиялык бизнесмен мага келип, бир япониялык корпорациянын чакыруусу боюнча тендерге катышуу үчүн келгенин айтты. Бизде ошогезде Япониянын грантына айылчарба техникаларын сатып алуу иштери башталганы жаткан.



  • «Алас», N 5, 09.02.2006

"Эрке", "кеменгерлер" азыр кайда?


- Касым Исаевич, Япониянын гранты боюнча кепти уласак…


- Россиядан келген бизнесмендер япондук бир корпорациянын чакыруусу боюнча келишкенин, кыргызстандыктар Россиянын жана Белоруссиянын айылчарба техникаларында иштөөгө көнүп алышканын, алардын компаниясы эки өлкөнүн айылчарба техникаларын экспорттоого эксклюзивдүү укукка ээ экендигин, ошон үчүн япондор аларды тендерге катышууга чакырганын айтышты. Тендерди утуп калышса, алардын айтуусу боюнча заводдорго алдынала төлөшөт, анан техникаларды бизге алып келишип, биерден япондор менен эсептешип алышмак. Мен аларга Мамкоминвест гендиректору А.Сарыгуловго баргыла, ага телефон чалбайм, капа болбогула, телефон чалсам анын ишине кийлигишкен болуп, ал кызганып жүрбөсүн дедим…


Бизнесмендер кечинде кайра чалышып, Сарыгуловго эртеси эртең менен барышаарын айтышып, чогуу тамак ичүүгө чакырышты. Япониялык корпорациянын өкүлү, мен, өздөрү болушуп, эски аэропорт тушундагы "Эльдорадо" ресторанына бардык. Бир топтон кийин биздин столго алагүү абалда Аскар Сарыгулов келип, тимеле өлкөнүн ээси жалгыз өзү өңдүү болуп турду. Менден башкасынын бардыгы менен кол алышып учурашты. Мен эми анын душманы болуп калдым да. Өткөндө президентке премьер-министрдин атынан кат жазып, четэлдик инвестициялар менен иш жүргүзүүнү өкмөткө тапшырсаңыз дей коюп, ошондон кийин Сарыгулов мени желмогузундай көрүп калган.


Япондор учурашканда баш ийкешет эмеспи, Сарыгулов тиги япондун колун силкилдете берип, ал бечара он жолу баш ийкөөгө аргасыз болду. Бир маалда япон кыпкызыл болуп кетип, эшикке жөнөдү. Мен анын артынан барсам, өзүн жаман сезип турганын айтып, такси кармап кетип калды. Мен кайра столго келдим. Сарыгулов келатканымды көрүп, кетейин деп баратып россиялыктарга: "Мен официанттарга айтып коем, биздин столго да силер төлөйсүңөр, мен үчүн оркестрге музыка заказ кылганды да унутпагыла" деп керсейип басып кетти. Мен дагы ушундай жагымсыз абалдан көңүлүм кирдеп үйгө кеттим. Кийинки күнү кечинде россиялыктар эмне болгонун айтып беришти. Бая сүйлөшкөн боюнча алар эртеси Сарыгуловго барышат. Ал кечээки ичкенден башы ооруп отурган экен. Ошо күнү тоого чыгышып, кайра ичкенге киришет. Сарыгулов ошондо аларга: "Мындан ары бизнес боюнча ишиңер болсо мага гана келгиле. Өкмөткө, башка министрлерге барбагыла, менсиз эч ким эчнерсе чечпейт. Ал эми азыркы маселелердин чечилиши үчүн мага 150 миң доллар бергиле" дептир. Россиялыктар: "Президентиңердин эрке баласынын сураганы ушунча экен, эмне кылабыз?" дешти. Мен: "Колумдан эч нерсе келбейт, болгону эларалык ызы-чуу салганга аракет кылыш керек. Бирок кандай туура десеңер ошондой кылгыла" дедим. Алар унчукпай кетишти. Кийин жолугушканда да бул иш жөнүндө алар эч нерсе айтышпады. Мен да сурагандан ыңгайсыздандым.


Ошон үчүн 1997-жылы премьер-министр В.С.Черномырдин келгенде баягы бизнесмендерди жиберген жардамчысы В.И.Змиевский Жумагуловдун кабылдамасында мен, биздин мурдагы вице-президент Г.С.Кузнецов болуп турсак мага: "Касым, сага айтса болот, силердин мамилеңер үчүн силерге мына!" деп чыканагына чейин баарыга белгилүү ишаратты көрсөттү. "Кимдин мамилеси үчүн?" десем, "Жумагулов менен Сарыгуловдун мамилеси үчүн" деди.


- Аскар Сарыгулов эмне үчүн "президенттин эркеси" деген атка конгон?


- Акаев президент болгондон кийин эле Сарыгулов ага абдан жакын болгон. Бир жолдошум айтып калды, "бир жолу Аларчада бир пикниктин үстүнөн чыктым. Акаевдин үйбүлөсү четэлдик меймандар үчүн уюштурган экен. Ошоякта Аскар Сарыгулов да жүрүптүр. Ал президенттин балдары менен ойноп, өзүн үйбүлөнүн сүймөнчүгүндөй эле алып жүрдү". Мурда да айтпадымбы, президент Аскар Сарыгулов үчүн указдарга кол койгон учурлары болгон. Балким Сарыгулов эки киши үчүн иштегендир. Ал кээде президентти укпай деле койчу.


Ишенбай Абдуразаков Японияда 20 жылдай дипломатиялык кызматтан соң биякка келгенден кийин Акаев аны, Сарыгуловду чакырып, "азыр каражат жоктугуна байланыштуу Японияда элчилик ачып, сизди жөнөтө албайбыз. Ошон үчүн Япония менен байланышкан бардык материалдарды алып, биерден жардам бериңиз" деп Абдуразаковго айтып, Сарыгуловго: "Япония менен байланышкан бардык материалдарды Абдуразаковго бериңиз" дейт. Сарыгулов: "Макул" деп калат… Бир нече күндөн кийин мени, Абдуразаковду Жумагулов чакырып: "Аскар Акаевич айтты, эми Япония менен болгон бардык мамилелерди Ишенбай Абдуразакович алып барат, - деп мага кайрылып: - Сиз кыргыз-япон экономика комиссиясынын жооптуу катчысы Аскар Сарыгуловдун ордуна Ишенбай Абдуразаковичти кошуңуз" деди. Андан ары Жумагулов ушу комиссиянын жыйыны үчүн докладын даярдап берүүнү өтүндү эле, Абдуразаков "Япония боюнча керектүү материалдарды Сарыгулов берсин айтып коюңузчу" деди. Жумагулов "сөзсүз айтам" деди. Ошентип Жумагулов да Сарыгуловго эч нерсе айталган жок. Сарыгулов да Японияга байланышкан материалдарды берген жок. Абдуразаков да президент менен премьер-министр каалагандай кыргыз-япон мамилелери боюнча иш алып баралган жок. Менимче, Аскар Сарыгулов ошондо эле Японияны аябай "сүйүп" калган. Себеби, Япония башкаларга караганда ошогезде грантты да, кредитти да көп берчү. Ушуерден өзү үчүн да, Президент үчүн да "иштесе" болорун билсе керек.


- Касым Исаевич, 15 жыл ичинде мамлекеттик кызматтагы жетекчилер ушунтип отурушса, 2 млрд. доллар карыздын каякка кеткенин кантип билебиз?


- 15 жыл бою кимден канча акча алдык, алар кандай иштетилгендигин элдин бардыгы эле билгиси келет болуш керек. Бюджет таңсыктыгына жана улуттук валютаны кармоого канча жумшалганын так эсептеп, калганына терең, обьективдүү анализ жасап, жыйынтыгын элге ачык айтуу керек. Азыркы бийликтегилер ушуну жасай алышабы? Статком менен финансы органдарында бардык маалыматтар жок болуш керек. Улуттук банк менен Мамкоминвесттин гендирекциясынын бардык маалыматтарын алыш керек. Изилдөө жүргүзүүгө да туура келиши мүмкүн. 15 жыл ичинде акысыз экономикалык канча жардам келгенин да так билүү зарыл. Бул үчүн көз каранды эмес эксперттик топ түзүлсө болмок. Анткени мамлекеттик органдардын жыйынтыгына эл ишенбейт.


- Сиз гезиттин биртоп сандарында мамлекеттик жетекчилердин мамлекеттик эмес иштери жөнүндө айтып келатасыз. Булар эмне үчүн кызмат орундарын жеке кызыкчылыктар үчүн колдонгон?


- Адам өзү алсыз, оома жан болот тура. Ал кандай чөйрөгө туш болсо кийинкиси ошого жараша кетет экен. Мына Акаев европалык маданияты, билими бар адам. Чыгыштын чөйрөсүнө түштү эле, ага деле алданемедей көнүп, кошоматка кадимкидей корстон болуп, бара-бара ансыз туралбай калбадыбы. Көрсө, түпкүрүндө бош, мүлтүлдөгөн жан экен да. Болбосо, жанагинтип баланча процент деп шапке сураган бир эле чиновникти өзү ачык айтып, элдин көзүнчө жазалап койгондо, башкаларга сабак болмок. Күйгөндөн айтам бир сабак дегендей, дагы бир мисал айтып берейин. Кемелбек Нанаев деген "кеменгер" жигитибиз бар. Ал вице-премьерликтен түшкөндөн кийин, Акаев аны вице-премьердин деңгээлинде Кыргызстандын бажы союзундагы өкүлү кылбадыбы. Нанаев Москвада же Алматыда отуруп иштеп, айлыкты ошояктан алып, Кыргызстанга пайда келтириш керек эле. Ал болсо эч жакка барбай, Бишкекте эле жүрүп, эки-үч жыл айлык алып турду. Анткени Алматыда да, Москвада да Акаев-Жумагуловдордун калп айткандары үчүн алар биз жөнүндө жаман пикирде эле. Себеби, Кыргызстан бир эле убакта бүтдүйнөлүк соода уюмуна да, бажы союзуна да кирбедиби. Ошондо Москва да, Алматы да "силер эмне кыргыздар, өзүңөрдү элден башкача акылдуубуз деп жүрө­сүңөрбү" деп келекелешчү. Нанаев ушуларды билип эч жакка барбай койсо керек.


Кийин премьер-министр болгондон кийин Амангелди Муралиев мени чакырып: "Касым Исаевич, Нанаев менде штатта эмне үчүн отуруп айлык алып жүрөт?" деп сурады. "Ал интеграциялык комитеттин төрага орунбасары катары Москва же Алматыда иштеп, айлыкты да ошояктан алыш керек эле" дедим. Эми карасаң, Нанаевдин ушинтип жүргөнүн Акаев билбей койду дейсиңби, оңдуу жетекчи болсо "эмне кылып жүрөсүң, кайсы иштерди бүтүрдүң?" деп Нанаевден сураш керек эле да. А Нанаев Акаевге бекем ишенип алып, премьер-министрлерди тоотпой басып жүрбөдүбү. Өз кишилери эмне кылып жатканын бийликтегилер көрсө да көрмөксөн болушту да.




  • «Алас», N 6, 16.02.2006

Лаборант, Академик, Премьер-министр…


- Касым Исаевич, Кубанычбек Жумалиев менен кантип иштештиңиз?


- 1998-жылы жазында кезектеги өкмөт алмашты. Эми өлкөнү гана эмес, өкмөттү да академик, же мурдагы лаборант башкара баштады. Жаңы өкмөттүн структурасында КМШ өлкөлөрү менен кызматташуу министрлиги да, министр да жоюлган. Бирок министрдин алдындагы аппарат калган. Экс-министр Я.Фишер Москвага жашап иштегени кеткен. Анын орунбасары болсо айлык алганы гана Акүйгө келет, башка пайдасы жок. Ошентип министри жок аппарат иштеп турду, анткени КМШ бажы союзу, ж.б. түзүмдөр иштеп жаткан, ошон үчүн бизге эч ким тийишкен жок. Өкмөттүн аппарат башчысына биздин эмне болорубузду сурап чалсам, "сиздин маселени премьер-министр өзү чечет" деп койду. Биздин бөлүм ары же бери эмес болуп бир топ убакыт өттү. Мен пенсияга чыгууну ойлоно баштадым. Себеби, булар керексиз немедей бир күнү көчөгө айдаса, эчтекесиз калбайын дедим. Айрым жетекчилердин мага ишенип айткандарынан улам, президенттик администрация башчысы пара аларын билип калгам. Балким премьер-министр менден бирдеме үмтөтүп жатабы? Менде эми акча жок да. Болсо деле бербейт элем, пара берүү мага жат нерсе. Көчөдө калбайын деп пенсиянын кагаздарын толтура баштадым. Эртеңибиз эмне болору белгисиз абалда марттан сентябрга чейин иштедим. Сентябрда комиссия пенсиямды бекитти. Өкмөттүн аппарат башчысына барып, адегенде отпускага андан ары пенсияга кетеримди айттым.


- Жумалиевге жолукпай эле кетейин дедиңизби?


- Кийинки күнү мени премьер-министр Кубанычбек Жумалиев чакыртыптыр. Документтерди көтөрүп алып ага кирдим. Мен: "Кубанычбек Мырзабекович, КМШ өлкөлөрү менен бажы союзунун, Борборазия кызматташуу уюмдары менен кандай иштерди жүргүзөрүбүздү айтып берейин. Өзүмдүн баамды көтөрүп жаткандай болбой, адегенде мындан ары иштей албасымды, пенсияга кетеримди айтып коеюн", деп жарым сааттын ичинде бардыгын түшүндүрдүм. "Сиз КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын заседаниелерине катышасыз… Адатта анда 5-10 маселе талкууланат. Ар бир маселе боюнча биз Кыргызстандын позициясын даярдайбыз. Министрлер көбүнесе сунуштары, кошумчалары жок экендиктерин жазып беришет. Себеби аларда атайын адистер жок. Ошондуктан сунуш, кошумчаларды чогуу даярдайбыз. Сиз эми ар бир маселе боюнча сунуш, оюбуз жок деп айта албайсыз да…" Премьер-министр: "Касым Исаевич, эми бардыгы түшүнүктүү. Сиз пенсияга кетпеңиз. Мен КМШ өлкөлөрү боюнча департамент түзөм, иштеп бериңиз" деди. "Жок, мен эс алайын", десем, "Жок дегенде жарым жыл иштеп бериңиз" дегенинен макул болдум.


Ошогезде Кыргызстан дүйнөлүк соода уюмуна, бажы союзуна кирип, экөө менен тең иштеше албай, бизди көп өлкөлөр жаман көрүп атышкан. Бизди эмне үчүн жаман көрүп аткандыгын, Кыргызстандын позициясы кандай экендигин же премьер-министрибиз түшүнбөйт… Мен бир күнү документтерди көрсөтүп, бажы союзундагылардын биз жөнүндөгү пикирин ага айттым. Жумалиев ошондон кийин тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин чакыргыла деп калды. Академик премьер-министрдин ишти билүү деңгээлин билип калгандыктан чакырылган ар бир жетекчиге маселени кантип түшүндүрүштү айтып бердим. Премьер-министр жыйында тигилердин бардыгын укту да, унчукпастан бардыгын кетирип жиберди. Жетекчилер: "байке, бизди деги эмнеге чакырдыңыз эле?" дешип менден сурашат. Мен: "Эми анын ишти билген деңгээли ушу болсо мен күнөөлүү эмесмин да" дедим айла кетип. Ошондо "ЖЭК начальниги сантехниктер менен жыйын өткөргөндөн кийин аягында өз оюн айтып, кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берет го. Мында ошо ЖЭК начальнигинин деңгээли да жок экен. Ушундай кадрларды койгону үчүн президентти соттош керек" деп ойлодум.


Алортодо премьер-министр экөөбүз бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйынына даярдана баштадык. Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен алака-катышы кандай экенин билбеген премьер-министрди жыйынга кандай даярдоону билбей башыбыз катты. Кыргызстандын бажы союзундагы өкүлү Кемелбек Нанаев ага сүйлөй турган сөзүн жазып бермек болду.


Москвадагы жыйында премьер-министр Жумалиев чыгып сүйлөп, эптеп кутулду. Россиянын премьер-министри Е.М.Примаков, Белоруссия жана Казакстандын өкмөт башчылары проблемаларды талкуулашып, ар кимиси өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп атышты. Биздикинен үн-сөз жок…

Андан кийин Россиянын өкмөт башчысынын атынан жыйынга катышкандар үчүн сый тамак берилди. Ортолоп калганда биздин премьер-министр сөз алып, Е.М.Примаковду Россиянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады. Анын атасынын аты ким экендигин унутуп калган окшойт, "Евгений Михайлович, Евгений Михайлович…" деп улам кайталай баштаганда, залдагылар сөз укпай, өз ара дүрбөшүп калышты. Эмнеге дүрбөшкөнүн түшүнүп турам, Жумалиев Россиянын премьер-министри Евгений Максимович экендигин унутуп, чаташып калганынан күбүр-шыбыр болуп атышты. Бир маалда коңшу столдо отурган премьер-министрдин жардамчысы Равшан Жээнбеков мага: "Мобу отургандар биздин премьерди сөгүп атышат" деп калды. "Көңүл бурбай эле кой, булар деле биздин аты-жөнүбүздү чаташтыра беришет" деп койдум. Ошентип биздин өкмөт башчысынын эмне деп сүйлөгөнүнө эч ким деле көңүл бурган жок. Аяктап калганда олигарх Б.Березовский келип, ар бир премьер-министрге ноутбук белек кылды.


Мен жарым жыл гана иштөө жөнүндөгү убадамды унуталек элем, жарым жылга жетпей, менден мурда Кубанычбек Жумалиев өзү кызматтан кетти.




  • «Алас», N 7, 23.02.2006

Майрам Акаева 10 миң доллар алганбы?


- Касым Исаевич, Дастан Сарыгулов менен кандай иштешип калдыңыз?


- Ал жөнүндө айтуудан мурда, Кыргызстандын алтын кен байлыктарын иштетүүдөгү жагдай, Кумтөр менен Жерүй боюнча адегенде кандай сүйлөшүүлөр, эмне болгон документтердин негизинде макулдашылганын айтайын.


СССР кулагандан кийин анын мурдагы вице-премьер министри В.И.Щербаков менчиктештирүүгө жана четэлдик инвестицияларга көмөктөшүүчү Эларалык фонд түзгөн. Госпландын көптөгөн кызматкерлери ушу фонддо иштеп калышты. Президент Акаев 1992-жылы Москвадагы соода-экономикалык өкүл кызматынан бошоткон соң, мен дагы аталган фонддун Ортоазия жана Казакстан боюнча регионалдык бөлүмүнүн директору болуп иштедим.


Фонд президенти В.И.Щербаков менен Кыргызстандын президенти А.Акаев бир жолу "Барвиха" санаторийинде жолугушуп, кызматташуу жөнүндө сүйлөшкөн экен. Ошондон кийин мага КР Улуттук банк төрагасы Кемелбек Нанаев менен жолугуп, алтын бизнеси боюнча иштешип чыккыла, президент Акаев ага тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет деп билдиришти. Үч күндөн кийин мен Нанаевди таап айтсам, президент ага эч кандай тапшырма бербегендигин айтты. Щербаковго телефон чалып, Улуттук банк төрагасына эч кандай көрсөтмөлөр берилбегенин айтып, аны тынчтандыруу үчүн: "Президент Акаев убада-милдеттенмелерди аянбай берет, бирок аларды аткарбайт" дедим.


1992-жылдын майында жогорудагы фонддун вице-президенти В.А.Дурасов Кыргызстанга келет. (В.А.Дурасов СССРдин түстүү металлургия министри, Госплан төрагасынын биринчи орунбасары болуп иштеген. 1980-жылдарда СССР Жогорку Советине Кыргыз ССРинен депутат болуп шайланган. Кыргызстандын тоо-кен металлургия өнөржайынын өнүгүшүнө жакшы жардам берген адам эле). СССР жок болгондон кийин Кыргызстанда тоо-кен өнөржайына байланыштуу бир топ ишканалар толук курулуп, бүтпөй калган. Ушул объектилердин курулушуна жардам берүү үчүн В.А.Дурасов экөөбүз Ташкөмүрдөгү жарым өткөргүчтөр заводуна, Сарыжаздагы калай-вольфрам комбинатына, Орловкадагы тоо-кен металлургия комбинатына барып, иштин абалы менен таанышып чыктык.


Бишкекке келип өкмөттө, өнөр жай министрлигинде, Маммүлк фондунда жолугушуулар болуп, 1992-жылдын 19-майында биринчи премьер-министр Г.Кузнецов, Маммүлк фонд төрагасы А.Тагаев, Эларалык фонддон В.А.Дурасов кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшат. Макулдашууну ишке ашыруу үчүн көптөгөн мекемелерге кирдим, бирөө да мамлекет үчүн мааниси бар экен деп көңүл бөлбөдү.


Июль айында В.А.Дурасов канадалык-россиялык "ТРЕД" жана америкалык "Моррисон Кнудсен Голд" компанияларынын өкүлдөрүн Кыргызстандын алтын кен байлыктары боюнча маалымат менен тааныштыруу үчүн алып келет. Сүйлөшүүлөрдүн аркасында кыргыз өкмөтү (биринчи вице-премьер Г.С.Кузнецов), "Кыргызалтын" бирикмеси (директор К.Кыдыров), Эларалык фонд (В.А.Дурасов) "ТРЕД" (вице-президент Р.Сибтроп), "Моррисон Кнудсен" (президент С.Чи) меморандумга кол коюшат. Меморандум боюнча Кумтөр менен Жерүйдү иштетүү үчүн жогорудагы эки компания техникалык-экономикалык докладдарды даярдап, кыргыз өкмөтүнө сунуш кылмак. Кокус дагы башка бирөөлөр Кумтөр менен Жерүйдү иштетүү боюнча сунуш киргизсе "ТРЕД" менен "Моррисон Кнудсен" тандоо боюнча биринчи укукка ээ экендиги айтылып, тараптар меморандумду аткарууга жана кызматташууга өз эрки менен макул болгондуктары көрсөтүлгөн.

Декабрда Дурасов экөөбүз Кумтөр боюнча докладды алып келсек, Эднан Карабаев (Мамкоминвест гендиректору) Кумтөр канадалык "Камеко" компаниясына берилгендигин, меморандум жөнүндө эч нерсе билбегенин айтты.


- Дастан Сарыгулов менен кандайча жолугуштуңар?


- Дал ошо тушта "Кыргызалтын" мамконцерни түзүлүп, аны четэлдик инвесторлорго өзүн Акаевдин үйбүлөлүк досумун деп тааныштырган мурдагы партфункционер Дастан Сарыгулов жетектеп калган. Биз ага барып, эмне маселе менен келгенибизди айтсак, Кумтөрдүн маселесине катышпасын, эч жардам бералбасын айтты. Ошогезде легендарлуу парламенттин сессиясы өтүп, анда Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтүнүн "Камеко" менен генералдык макулдашуусу талкууланып жаткан. Сарыгулов ошондо "Камеко" шектүү компания деп макулдашууга катуу каршы чыкты. Чын эле ошондой деп ойлодубу же ансыз чечип коюшкандыктан каршыктыбы, кудай билет. Бир топтон кийин Сарыгулов бул оюн өзгөртүп, "Кыргызалтынды" жакындан бери башкарып аткандыктан бардык иштер менен кабардар эмес экенин билдирди.


Декабрь айында мен Торонтодогу (Канада) фондулук биржадан "Камеко" жөнүндө маалымат алдым. Анда бул компания жөнүндө жакшы маалымат жок эле. Кийин Сарыгулов бул жөнүндө көп эле айтып жүрдү.


1993-жылдын жазында эки ай бою Жерүй кени каралып, МК "Кыргызалтындан" Д.Сарыгулов, "Моррисон Кнудсенден" вице-президент Ж.Снеддон, эларалык фонддон В.А.Дурасов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ушул убакыттын ичинде мурдагы партфункционердин иш стилин жакшылап өздөштүрдүк. Сүйлөшүүлөргө мамконцерндин экономикалык, финансылык, юридикалык, геологиялык адистери катышып жаткандыгына карабастан аларды ооз ачырчу эмес. Ошентип жолугушуулар бир актердун спектаклине айланчу. Дастан Сарыгулов Аскар Акаев менен Ленинградда кантип чогуу окушкандан берки достугун, азыр да президент аны менен бат-бат жолугуп кеңешип турарын айта берчү. Андан кийин ал америкалыктарга эгер сүйлөшүүлөр жакшы өтсө, алар Кумтөрдү алышарын кыйыта баштады. Ар күнү кечинде мейманканада америкалыктар: "Эртең Сарыгулов мырза кандай жаңы спектакль көрсөтөт болду экен?" дешчү. Ошентсе да Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча генералдык макулдашууга 1993-жылы 10-майда Д.Сарыгулов жана Ж.Снеддон экөө кол коюшуп, буга премьер-министр Т.Чынгышев, В.А.Дурасов катышкан. 17-июнда болсо өкмөттүн ?266 токтому менен бул макулдашуу бекемделген.


- Кумтөрдүн тагдыры эчак чечилип калса керек?


- Президент Акаев ЖК сессиясында "Камекону" коргоп, премьер-министр Т.Чынгышев "Камекого" Кумтөрдү берүү жөнүндө генералдык макулдашууга кол койгондон кийин, 12-майда Сарыгулов тамак ичип жатканда "Моррисон Кнудсенге" Кумтөрдү берүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтып калды. Америкалыктар Кумтөрдү алууга абдан кызыкдар эле. Ошон үчүн тоолуу жерге жайгашкан кенди "Ньюмонт" жана "Амакс" деген компаниялар менен бирге иштетүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштап коюшкан. Сарыгулов ушу үч компаниянын жетекчилеринин атынан Кумтөр боюнча президент Акаевге кат жиберүүнү сунуш кылды, Акаев бу маселени чечүүнү ага тапшырганда, ал Кумтөрдү буларга берерин айтты. Бул сүйлөшүүлөрдү мен Дастан Сарыгуловдун кош стандарты катары бааладым. Сарыгулов жакын арада "Камеконун" чакыруусу боюнча Канадага барарын, ал компания алтын өндүрбөгөндөн кийин, АКШдагы "Индепендент" деген компанияны да көрөрүн айтып калды. Ж.Снеддон "Индепенденттин" жетекчилери анын достору экендигин, ошояктан жолугушаарын айтты. Мен В.А.Дурасов экөөбүз Жерүй боюнча бардык эсептөөлөрдү ала келгиле деп сурандык. Америкалыктар кете берерде үч чакыруу билетин - Талас губернатору Т.Касымов, райондун акими жана Жерүй кени жайгашкан колхоздун төрагасы үчүн ташташты. Мен аларды Сарыгуловго алып барып бердим.


10-июнда Сарыгулов Москвага В.А.Дурасовго телефон чалып, Жерүй боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыркы макулдашууларга кол коюу үчүн 15-июнда "Моррисон Кнудсендин" вице-президенти Ж.Снеддон келерин, биздин да ушу күнү келишибиздин зарылдыгын айтты. 15-июнда В.А.Дурасов экөөбүз Бишкекке келип, Ысыккөл мейманканасына жайгаштык. Америкалыктардын арасында вице-президент Ж.Снеддон көрүнбөйт. Сурасак, ал Сарыгулов экөө президент Акаевдин мамрезиденциясында экендигин айтышты. Эртеси эртең мененки тамак учурунда америкалыктардын көңүлдөрү көтөрүңкү экендигин байкадык. МК "Кыргызалтындын" офисине жөнөдүк. Баратканда америкалыктар мактанышып, Акаев аларга Жерүйдү бере турган чечимге келгенин айтышты. Андан кийин акырын шыбырашып, түштөн кийин кожейкеге, Майрам Акаевага барышарын айтышты. Кийин алардын сүйлөшкөндөрүнөн улам, Майрам Акаевага 10 миң доллар ташташканын билдим…


В.А.Дурасов Ж.Снеддонду коридорго чыгарып, Жерүй боюнча конкреттүү эсептөөлөрдү алып келгенин же алып келбегендигин сурады. Мен экөөнүн ортосунда котормочу болдум. Снеддон Акаев Жерүй боюнча чечим кабыл албадыбы, эсептөөлөр эми кимге керек деди. Биргелешкен ишкана түзүү үчүн баары бир кирешелерди адилет бөлүштүрүү жана салык төлөө жагы эске алынган туу­ра эсептөөлөр керек экендигин ага айттык. Ошондо Снеддон бизге капа болуп, Сарыгулов эсептөөлөрдү талап кылбай атса, силер талап кыласыңар, биз силердин кызматыңар үчүн төлөп атсак да силер тиги тарапта болуп атасыңар деди. Мен ошондо "Сиз Сарыгулов менен сүйлөшкөндөй Кумтөрдү иштетүү боюнча үч компаниянын жетекчилеринин катын президент Акаевге алып келдиңизби?" деп сурадым. Снеддон Сарыгулов анын кереги жок дегендигин айтты.




  • «Алас», N 8, 02.03.2006

Кумтөр, Жерүй... дагы эмне калды?


- Касым Исаевич, андан ары эмне болду?


- Андан ары Таласка бармай болушту, "Моррисон Кнудсендин" вице-президенти Ж.Снеддон, эларалык фонд вице-президенти В.А.Дурасов жана "Кыргызалтындын" президенти Д.Сарыгулов үчөө Жерүй долбоорун облустун жетекчилигине, коомчулукка тааныштырууну чечишиптир. Алтынчы күнү В.А.Дурасов Таластан келип, Москвага самолетко билет алууга жардам берүүмдү суранды. В.А.Дурасов: "Сарыгулов, Канада менен Америкага барып келгенден кийин эле башкача болуп калыптыр, же аны тияктан жакшы тосушканбы… Буларды президентке жөн жерден алып барган жок. Таласта долбоордун принципиалдуу маселелеринин кандайча чечилип атканын билгендин ордуна, майда-чүйдө кызыкчылыктары менен көп алек болду. Мен абдан жагымсыз абалда калдым. Мындан ары аны менен иштешким келбей калды. Кийин долбоор боюнча дооматтар болсо да, Кыргызстандын элинин алдында абийирим таза болсо дейм, кантсе да бул республика менен узак байланышым бар эле. Фонддун атынан сен дагы мындан аркы сүйлөшүүлөргө катышпай койсоң да болот" деди. Ал ошентип Москвага кетти.


Мен андан кийин "Кыргызалтынга" көп эле бардым, кызматкерлер менен пикир алмаштым. Башкы экономист Карнаухова менен көп аңгемелештим. Көрсө, америкалыктар жаңы документтин өздөрү даярдаган вариантына кол коюшуп, Дастан Сарыгуловдун да кол коюусун өтүнүшөт. Сарыгулов документке адегенде "Кыргызалтындын" негизги бөлүмдөрүнүн жетекчилери кол коюшсун деп бөлүмдөргө берет. Бөлүм жетекчилери кол койгондон баш тартышат. Ошондо Сарыгулов америкалыктарга: "Силер кете бергиле, кол коюу бүткөндөн кийин артыңардан жөнөтөм" деп калат. Андан кийин ал бардыгына кол койбосоңор эскертүүлөрүңөрдү жазгыла деп жаздырып, кол коюлган документтин ордуна, кызматкерлердин эскертүүлөрүн жиберет.


Бир нече айдан кийин кечинде мага Франкфурттан "Моррисон Кнудсендин" кызматкери Саша Карпова чалып: "Сизге компаниянын жетекчилигинин өтүнүчү менен кайрылып атам. Ушу күндөрү Кыргызстанга АКШ вице-президенти Альберт Гор келет. Учурдан пайдаланып, анын катышуусу менен Жерүй долбоорунун бетачарын өткөрсөкпү дегенбиз. Кыргызстандын кайсы жетекчилерин бетачарга чакырууга болот, кеңеш берип коюңузчу?" деди. "Менин билишимде долбоор боюнча бардык маселелер макулдашылып бүтөлек. Кумтөрдөн кийинки коомчулуктун жана парламенттин реакциясынан кийин Акаев бетачарга өзү катышып берсе да баары бир курч талкуу болот. Өзүңөр билгиле. Бетачар өткөрөсүңөр, андан кийин долбоор өтпөй калса, өзүңөр жаман болосуңар" дедим. Мунун алдында "Моррисон Кнудсен" компаниясы менен жолугуу үчүн Сарыгуловдун Франкфуртка барып келгенин уккам. "Бетачарды өткөрүү анын идеясыбы?" деген да ой келди.


Жерүйгө байланыштуу дагы бир окуядан Дастан Сарыгуловдун кандай адам экендигин көрдүм. Ал президент Акаевге, премьер-министр Жумагуловго эларалык фонд ортомчулук кылганы үчүн Жерүйдүн кирешесинин 4% ин алууга аракет кылып жатат деп айткан экен. Премьер-министр Жумагулов: "Ушу чынбы?" деп сурады. Мен фонд эчкачан мындай максат койбогонун айттым. Далилдөө үчүн, "Моррисон Кнудсен" компаниясы Дастан Сарыгуловго кат жиберет, анда эларалык фонддун иши үчүн калифорниялык компаниялардын кирешесинен акча төлөнгөнү айтылат. Мындай катты алышканын мага "Кыргызалтындын" юристи Л.Бардин айтып, окуп берген эле. Жерүй боюнча ушунча иш жүрүп, кийин эмне болуп иштебей калганы өзүнчө чоң окуя.


Кийин белгилүү болгондой, "Камеко" Кумтөр боюнча макулдашууга бир нече жылдан кийин кол коюшту. Кумтөр боюнча бардык маселе чечилгенден кийин да Сарыгуловдун кенди башкаларга берүүгө аракети ишке ашпаганына караганда, бу жерден Акаевдин кадыр-баркы салмактуу болуп кетти окшойт.


- Дастан Сарыгулов башка ишканалар менен кандай иштешти?


- 1992-жылы Дастан Сарыгулов үйбүлөлүк досу Аскар Акаевдин жардамы менен "Кыргызалтынды" башкаргандан тарта өз алдына бардык тоо-кен металлургиялык ишканаларын киргизип, бардыгын кыйроого учуратты. Бир мисал, кыргыз сурьмасынын даңкын кезегинде кимдер билбеген? Кадамжай сурьма комбинатынын продукциясы мурда экспортко валютага сатылчу. Бирок бул ишканага 90% концентрат Якутиянын "Индигирзолото" ишканасынан келчү. 1993-жылы Россия концентраттын тоннасына 2 евродон пошлина киргизет. Натыйжада "Индигирзолото" концентрат берүүнү токтотот. Себеби анын негизги продукциясы алтын, а концентрат кошумча продукция болуп атпайбы, анүчүн чоң сумма төлөгүсү келген жок да. СССРдин мурдагы түстүү металлургия министри, кийин менчиктештирүүгө көмөктөшүү жана четэлдик инвестициялар боюнча эларалык фонддун вице-президенти В.А.Дурасов кийлигишип атып, Кадамжай сурьма комбинатына концентрат берүү маселеси да чечилди. Мен Кадамжай сурьма комбинатынын директору Мамат Айбалаевге Россия экономика министрлигинин "Индигирзолото" концентрат берет деген документин бердим. Кийинчерээк Айбалаев Якутиянын азыркы президенти В.Штыров менен, эгер Кадамжай сурьма комбинаты акционерлештирилсе, алар акциянын белгилүү бир бөлүгүн сатып алышып, натыйжада эки ишкананын өндүрүштүк байланышы токтобойт деген макулдашууга келишет. Ушу макулдашуунун аркасында кыргыз өкмөтү, маммүлк фонду, Эларалык фонд жана көз каранды эмес эксперттердин катышуусу менен акционерлештирүү үчүн зарыл документтерди талкуулашып бүтүп, Бишкекке Маммүлк фондуна алып келишет. Аяктан "Кыргызалтын" мамконцернинин президенти Дастан Сарыгуловдун кол коюшун талап кылышат. Комбинаттын акционерлешүүсүнө бардыгы, премьер-министр А.Жумагулов да макулдук беришет. Бир гана Сарыгулов макул болбойт. Анткени ал Айбалаевдин комбинаттын финансы ресурстарын бербегенине ичи чыкпай жүргөн. Премьер-министр болсо Акаевдин үй-бүлөлүк досуна эчтеке айталбайт.


Мындан башка "Кыргызалтындын" тутумуна кирип кыйраган ишканалардын ар биринин өз тарыхы бар. Акаев "Кыргызалтынды" түзүп, ага тоо-кен металлургия комбинаттарынын кирүүсү жөнүндөгү указга кол койгондо жок дегенде алардын жетекчилерине айтып койгон эмес. А ишканалар ошолордун жетекчилиги астында ага чейин ийгиликтүү иштеп келишкен да. Ошогезде Сарыгуловду бул ишканалар эмес, алардын финансы ресурстары гана кызыктырганын айтып жүрүшөт. Акаевдин үйбүлөлүк досу Сарыгуловду укпаганы үчүн Карабалта тоо-кен комбинатынын директору Ж.Казакбаевди кантип тилдеп, коркутуп, кыйкырган эпизодго өзүм күбө болгом.


Мына ушундай үйбүлөлүк достук мамилесинен улам, көп учурда өлкөнүн кызыкчылыгы унутулуп калчу. Натыйжада ошо ишканалардын абалы азыр кандай экендиги баарыга белгилүү.




  • «Алас», N 12, 30.03.2006

Урматтуу окурмандар! Өткөн айларда биздин гезитке интервьюсу жарыяланган Касым Исаевич Москвага кетип, сөз үзүлүп калган эле. Жакында ал кайтып келди. Сөздү кайра улайбыз. Кепти адегенде тактоодон баштасак.


Касым Исаев: - "Аластын" 8-декабрдагы санында, 1970-жылдарда Кыргызстандын өкүлчүлүгүнөн мени Усубалиевдин балдызынын эркелигинен жана Усубалиев менен күрөшүп жүргөн Бейшен Мураталиевдин досу болгондугуман кызматтан Кадыркул Качыкеев аксакал кетирди дегендей маани кетип калыптыр. Бул туура эмес, бу киши менен беш жыл иштешкем. Өзү эски, кыраакы адам эле. Агезде Усубалиев да ага даап кетир деп айталмак эмес. Качыкеев пенсияга кеткенден кийин Сабырдин Турсунов деген эт-сүт министри болуп жүргөн, Усубалиевдин чийки бышкан кадры бар эле, келип мага кысым көрсөтө баштады, акыры ошол мени кызматтан кетирди. Ал деле "айла жок, сен бир иш таап ал, анан буйрук чыгарып коем" деди.


15-декабрдагы гезит номурунда да Горбачевдун аялы менен Кулматовдун аялы чогуу окуган дегендей ой айтылыптыр. Менин угушумча, Горбачевдун өзү менен Кулматовдун аялы Сакен Кадыралиева МГУда юрфакта чогуу окуган. Бул белгилүү факт, ошон үчүн тактап койбосок болбойт.


Мен жакында эле Москвада болгонумда бизге көп жардам берип жүргөн, СССР түстүү металлургия министри, Госплан төрагасынын биринчи орунбасары, Кыргызстандан СССР Жогорку Советине депутат болуп жүргөн В.А.Дурасов менен кезиктим. Өткөн иштерге байланыштуу ушундай эскерүүлөрдү жарыялап жатканымды айттым. Ошондо ал: "Билесиңби Касым, ошондо Таласка барып келгенден кийин мен кетип калбадым беле. Капа болот деп сага айткан жок элем. Бир күнү Дастан Сарыгулов сенден мени бөлүп алып: "америкалыктарга айтпайсызбы, булар мага бирдеме төлөйбү же төлөбөйбү?" деди. Мен: "Адегенде Жерүй боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын сүйлөшүп, бардыгын макулдашкандан кийин айтпайсыңбы. Сен мурдатан эле эчтеке бололекте чөнтөккө салып жүрүп көнгөнсүң го" деп ачуум келип ошондо кетип калгам" деди. Азыр Дурасов 71де, дагы эле ошол фонддо иштеп жүрүптүр.


Дагы Дастан Сарыгулов жөнүндө: 1993-жылы биз америкалыктар менен Жерүй боюнча "Кыргызалтында" сүйлөшүп жүргөндө бир күнү Сарыгулов: "Бүгүн ишти эртерээк бүтөлү, бизге Аскар Акаев келет" деп калды. Себеби "Кыргызалтынга" чоң-чоң ишканалардын бардыгы кирип, директорлору Сарыгуловго баш ийбей, Акаев аларга айтып койбой, чатак боло баштады да. "Кыргызалтында" Карабалта тоо-кен комбинатынын директору Жалгап Казакбаев отурчу. Кечке маал америкалыктар менен коридордо турсам, агезде башпрокурор болуш керек эле Чолпон Баекова, дагы бир топ укук тармагынын министрлери Акаевди ээрчишип, Казакбаевдин кабинетине бет алышты. Акаевдин: "Мен сени отургузуп коем!" деген кыйкырыгын уктук. Америкалыктар "бул эмне?" деп таңгалып атышты. Көрсө, Ж.Казакбаевди кан касабына алып атыптыр. Акаев Сарыгулов менен үйбүлөлүк дос болгондон кийин өзү келип, досуна тигинтип болушуп атпайбы. Азыр Сарыгулов Акаевдин элдешкис "душманы болгом" деп жүрөт го.


-Касым Исаевич, америкалык "Моррисон-Кнудсен" компаниясы 1992-жылдан бери эле Жерүй кенин иштетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бирок кийин эмне үчүн кетип калган? Жерүй болсо ушубакка чейин иштетилбей келатат.


-Булар адегенде Кумтөргө кызыгышкан. Бирок Акаев Кумтөрдү "Камекого" берип койгондон кийин, биздин өкмөт менен америкалыктардын ортосунда Жерүй боюнча макулдашууларга кол коюлган. Премьер-министр Т.Чынгышев менен Генералдык макулдашууга кол коюлуп, негизинен маселе чечилген. Токтом да чыккан. Америкалыктар кетип атканда "Алтын боюнча депутаттар чатак чыгарган, ошонүчүн биз да так бололу. Баланча миллион түшөт, анын мынча бөлүгү силерге, калганы бизге, мынча салык төлөнөт деп так эсебиңерди ала келгиле" деп айтып калганбыз. Кийин америкалыктар келишти, аларды Сарыгулов Акаевдин резиденциясына алып барып келгенден кийин "Президент Акаев Жерүйдү бизге берди. Жерүй эми биздин чөнтөгүбүздө" деп кудуңдашып, "Хантеңири" деген киночулар студиясы Акаев менен болгон сүйлөшүүлөр жөнүндө фильм тартып, өзүнчө эле бетачар өткөзүп. Биз "эсептөөлөрдү алып келдиңерби?" деп сурай коебуз деп америкалыктарга жаман көрүнүп да калдык.


Эми ушул жерден айтарым, ошогездеги биздин мамлекет башчынын, жетекчилердин ишке кылган мамилесин ушундан бил: бардык сүйлөшүүлөрдү үстүртөн жүргүзүп, а өздөрүнө жогоруда айткандай акча сураганды унутпагандыгы. Ушунча убакыт коротуп иштегенден кийин Жерүй кенин иштетүү үчүн электрэнергияны каяктан алуу маселеси жогорудагы документ, макулдашууларда көрсөтүлбөптүр. Анткени Талас облусу электрэнергияны Жамбылдан алчу. Аяктан болсо облустун керектөөсүнө жараша гана берилчү. Ошогезде Кыргыз Республикасынын энергетика министри Картайбек Мукамбетовго барып эмне кылабыз деп кеңештик. Ал Жамбылдан келген кубаттуулук жетпейт, көзкаранды болбой жаңы линия куруш керек деп чыкты. Бирок чоң каражат керек. Америкалыктар "биз өзүбүзгө керектүү энергия үчүн төлөөгө даярбыз, Талас облусу бул чыгымдын канчасын көтөрө аларын чечкиле" дешти. Биз ошол кезде эле иштешпей кетип калдык. Эми ошогезде "Кыргызалтындын" жетекчиси ушундай, мындан башка көп нерселерди эске алып, бардыгын документтерге киргизиши керек эле да. Аңгыча менин угушума караганда "Моррисон-Кнудсендин" биз менен иштешип аткан Жерри Снеддон дегени кызматтан алынып ордуна башкалар келе башташкан. Акыры "Суусамыр - 500" ЛЭПтин жанына подстанция куруп, ошол аркылуу электрэнергиясын ала турган вариантка токтогондой болушкан. Жерүй долбоору ишке ашарына ошондо эле көзүм жеткен эмес. Америкалыктар да "булар эртең эмнени таап чыгышат болду экен?" деп заарканып калышкан.


"Моррисон-Кнудсен" корпорациясында саясатчы, атактуу поляк Збигнев Бзежинский акционер экен. Дүйнө жүзү боюнча темир жолдорду, дамбаларды, электростанцияларды курушуп, машине курган заводдору да бар эле. Кийин булар да батыш жактан банкрот болушуп, бияктан да улам бирдеме чыгып, созула бергенден кийин алар Кыргызстандан кетип калышты. Мен билгеним ушул, башкалар балким башкасын билишер.


-Ошогезде "Моррисон-Кнудсен" канча чыгым болду?


-Алар өндүрүшкө чыгым болгон жок. Эгерде СССР дагы бир-эки жылга кулабай турганда Жерүй кенин өзүбүз эле иштете баштамакпыз. Анткени тоодон түшкөн штольнялар курулуп бүтүп калган. Кийин "Оксус" компаниясы кен байытуучу комбинатты курбадыбы. "Кыргызалтын" Солтонсарыны, Талдыбулакты иштетүүгө аракеттенди окшойт, бирок болбоду. Ушуларды жана башка кендерди иштетебиз деп келишип, келише албай кеткен четэлдик фирмаларды санасаң, манжа чак келбейт.


"Кыргызалтынга" кирген бардык ишканалардын абалы кийин абдан начар болду, же болбосо, бир дагы кенди мына момундай мыкты иштетип атат деп айтууга болбойт. Кумтөрдү болсо "Кыргызалтынсыз" эле Акаев чечип койгон.




  • «Алас», N 13, 06.04.2006

-Касым Исаевич, кепти соңку окуяларга бурсак?


-Кыргызстандын жетекчилери илгери Усубалиевден баштап, кийин Акаев, азыркы Бакиевге чындыкты айтса эле чычалашып, эчнерсени моюндарына алышпайт. Ошон үчүн азыркы ажобуз айкөлдүк кылып, ачууланбас үчүн эл арасындагы пикирлерди өзүнүн айткан сөздөрүнөн жана жасаган иштеринен баштасак.


30-марттагы "Лица" гезитинде президент К.Бакиевдин жоопторунан орусча болсо да келтирели: "Расскажу о том, чем отличается мой стиль работы от акаевского. Он отличается тем, что я выполняю то, что говорю… Мы стараемся меньше говорить и больше делать… Дело делаем, а показать то, что мы сделали и делаем, не умеем. Зато наши недоброжелатели искусно пользуются этим, и наши ошибки допущенные в работе раздуваются настолько, что на задний план отходит любое, очень даже хорошее дело. А какие-то отдельные эпизоды выпячиваются, мол, "видите, что делается…" Ушу боюнча Кыргызстанды 90-жылдардан ушу күнгө чейин талкалап жана талап бүткөргүчө, өстүрүп, өнүктүрүүгө эмгек сиңирген адамдар суранды: "Касым, гезитке бирдеме жазсаң, кошуп койчу, ажонун "мен, мен"… дегени эл арасында кадыр-баркынын кеткени болот. Анын ким экенин, эмне жасап жатканын эл айтышы керек". Эгер эл президенттин эмне жасап жатканын көрүп, баалап, ага ыраазычылыгын билгизип турса, "недоброжелателдер" өзүнөн өзү эле жоголбойбу. Анүчүн КТР, өкмөттүн гезиттери, пресс-кызматтары бар. Эгер "недоброжелателдер" абдан эле көп болуп кетсе, анда айтылган сөздөр аткарылбай, жасалган иштер жакшы болбой же эч нерсе жасалбай жатканы ошо да. Андан ары "…Теперь относительно того, что в госструктурах работают те, которые работали с Акаевым. Вы знаете, здесь и в одночасье менять всех и вся было бы неправильно… Но, извините меня, это означает, что надо менять вплоть до рядовых исполнителей, экспертов, специалистов, инспекторов". Мындай талапты койгондор келесоо адамдар экендиги талашсыз. Бирок, бул сөздөрдү айтып президент, одоно айтканда, беттырмарлык кылып жатпайбы.


"…В первое время были поспешные кадровые назначения. Я это признаю. Не совсем, может быть, удачные были назначения…" Кептин баары ушул сөздөрдө да. Март окуясына катышкандар жана колдогондор да ушуну ойлоп жатышат. Бир жыл өтсө да булар оңдолбой жатат го.


-Үсөн Сыдыков жөнүндө пикириңиз кандай?


-Жакында телевидениеден "одиоз­ные личности вокруг Президента" деп, Д.Сарыгуловду, Ү.Сыдыковду, Т.Айт­баев­ди такай көрсөттү. Кимдер менен сүйлөшсөм да бардыгы туптуура дешти. Эл арасында президенттин аброюна шек келтирген ушулар деп баса айтып жатышат. Аны президент өзү деле угуп-билип жатат. Жакында телевизордон корреспондент президент Бакиевден "Ү.Сыдыков качан кетет?" деп сурады, президент: "өзү билет" деп жооп берди. Анда эл арасына тараган "К.Бакиев тегерегиндегилердин барымтасында отурат жана аларды кетирүүгө кудурети жетпейт" деген сөздөр туура турбайбы. Алар кандай адамдар экени элге жакшы белгилүү. Алар жөнүндө көп фактылар айтылды жана жазылды. Мамкатчы Д.Сарыгулов тууралуу мен да гезитке көп чын фактыларды жаздым. Ал эми президенттин администрация жетекчиси Ү.Сыдыков жөнүндө башка айтылгандар менен жазылгандарга кошуп президенттин эсине салгым келет: 90-чу жылдардын орточендеринде Акаевдин башкаруусунда өткөн Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин заседаниесинде бир топ ЖК депутаттары өтө чоң суммадагы мамлекеттик акчаларды жегендиги жөнүндө айтылып, чечим чыккан. Анда ошол кездеги ЖК депутаты Ү.Сыдыков 6 млн. сомдон ашык жеген деп айтылган. Ал убактагы башкы прокурор А.Шаршеналиев кат менен парламентке кайрылган: кылмышка тартуу үчүн ушул депутаттардын башын бошотуп бергиле деп. Бирок ЖК болгон эмес. Кийинчерек жаза тартуунун ордуна ал депутаттар президент Акаевден чоң-чоң мамлекеттик кызматтарды алышкан. Ү.Сыдыков Кыргыз Республикасынын КМШ өлкөлөрүндөгү туруктуу өкүлү болгон. Ошо менен иш козголбой тым-тым болгон. Урматтуу президент К.Бакиевге суроо: бир жылдан бери ушул ишти текшерип, закондуу чараларды көрүп, бүгүнкү күнү президенттин атынан бүт Кыргызстанды өзү билгендей бийлеп аткан Ү.Сыдыковдун иштерин мыйзамдуу түрдө караса болот беле, апакай таза киши же кылмышкер башкарып жатат деп.


-Бакиевдин аялы "Мээрим" фондусу­на кандайча баргандыгы жөнүндө айтсаңыз?


-Ушу боюнча президентке дагы бир су­роо: Эсиңизде бардыр, Чүй облусунун губер­натору болуп турганда, М.Акаева кат жү­зүндө тапшырма жазып "Мээрим" фондусуна акча которуу тууралуу бир жигиттен берип жиберген. Сиз катты алгандан кийин шашкалактап, "сөзсүз тез арада котором" деп ага телефон чалып, тиги жигит аркылуу ая­лыңыз "Мээрим" фондусунда иштеши үчүн "документтерди М.Акаевага ала барып бериңиз" дегенсиз. Бул маалымат тарап кетпесин деп, ал жигит кийин куугунтук­талган.


Массалык козголоңдон Акаев качып кетип, бийлик бош болуп калып, силер келгенде ушу кезге чейин туура эмес иштер жасалып келгени, убагында бийликте турганда силер да мажбур болуп жасаган ман­демдүү иштерди өзүңөр моюнга алып, ачык айтышат го деп эл күттү эле. Анткен жоксуңар, ошонүчүн эл азыр да ишенбей жатат.


Эл Акаевдин кеткенине сүйүнсө да, орду­на таза, ак кишилер келерине ишенген деле эмес. Так эл күткөндөй болду. Акаев чапкан жол менен кетсеңер, анын артынан кетериңер да шексиз.


Март окуясынан кийин президенттик шайлоо өткүчө Бакиев эмне деген гана убадаларды берип, милдеттенмелерди алган жок. Эчким кыйнап оозду тырмаган жок эле. Акаевдин кет­кенине кубанган эл, ага ишенип шайлоодо добуштарын берди.


Шайлоонун эртеси, кудай буюрса бийлик чөнтөгүмдө деп сөздөрү дароо эле бузулду. Эсинде болсо керек, телевизордон "дайте мне возможность 5 лет поработать с этим парламентом и правительством" дегени. Президенттик бийлик атадан калган мурас эмес, бул эл шайлоодон берген кызмат жана жоопкерчилик. Эгер 5 жылга чейин эле элдин ишенимине татыктуу болбой калса, бийликтин булагы президентти алмаштырып коюшу мүмкүн. Же Акаевдей эле алдай берсе болот экен деп ойлойбу?


-Президенттин акыркы сүйлөгөндөрү түшүндүрүүбү же актануубу?


-Өткөндө башкы прокурор Конгантиевдин билдирүүсүн окудум. Ал президенттин кадыр-баркын жана ар-намысын сактоо жөнүндө, мурунку ЖК төрагасын ошолорго шек келтирге­ни үчүн жазага тартуу керекпи деп ажодон сурасам, мени эл абдан жактайт, ал эми төраганы айт­кан сөздөрү үчүн жектеп жатат, тим эле кой­чу деген мааниде жазылыптыр. Мен он чак­ты күнү кичинесинен деле, чоңунан деле, ака­де­мигинен деле, карапайым кароолчудан деле сурасам, эч кимиси президентти жактаган, беркини кектегенин уккан жокмун. Баары­быз эле элге жамынып алып сүйлөгөнүбүз болбойт да. Мен ошон үчүн адамдар, эл арасында деп жазып жатпаймынбы. Жетекчилер да ошентип ачык айтып, туугандарым, жер­деш­терим тегерегимдегилер деп айтса жак­шы болор эле. Д.Сарыгулов, Ү.Сыдыков ж.б.лар азыр бийликте отурганда эле эл болуп калат бекен.


Дагы бир пенсионерлердин президентке айтып кой дегени, кийинки кезде президент өзүнчө эле "шоумен" болуп кетти. Телевизордо чыга калып бокс менен мушташканын көргөзгөндө, өлкөдө эмне болуп кетет деп ойлойсуң. 1993-жыл көз алдыга келет. Россиянын президенти Б.Ельцин уюштуруп, Москвадагы Ак Үйдү танкалардан аттыргандын алдында, өзү бир согуш уюмуна барып, согуш куралдарынан атып, керсейип кубанганы эсибизде.


Жакында дагы бир "шоу" көрдүк. Москва­нын НТВ программасынын кабарчысы В.Фе­филовду үйүнө алып келип коноктоп, койдун башын, кулагын, көзүн кандай жеш тууралуу шоу көрсөттү. Биз болсо президен­тибиздин же­гени биздин жегенибиз деп тамшанып отурдук. Жаңыдан эгемендүү өлкө болгонубузда болочок президентибиз талап-булап, турмушту талкалаганына чейин биздин кыргыздар алыстан келген ардактуу коногун, азыркы президент сыяктуу тосуп алууга кудуре­ти жетчү. Ал дагы тиги кабарчы мен жөнүндө жакшылап жазса дегендин аракети болсо керек. Россияда жарым жылдан бери биздин тандем жөнүндө, бийликте болуп жаткан окуялар жөнүндө ойдогудай жазбай атышпайбы. Кээ бир "Коммерсант", "Ведомосттор" деген эл көп окуган гезиттерин ала келдим. Кудай буюр­са, жакында дагы бир коногуна беш бар­макты кандай жей турганды көрсөтсө, биз да­гы эт жебесек да, сорпо ичкендей болуп калалы.


Президенттин эл алдында актанып сүй­лөгөнү көбөйүп баратканына абдан кейий­биз. Эл башчысы боло турган адам ар бир сөзүн, кадамын алдынала билип туруп жасаш керек да. Былтыркы жер басып алууларда, өткөн жумадагы Акматбаевдин алдында президенттин айткан сөздөрү буга күбө. Бери жакта акыл тегереткен адамга бийликтин жогорку деңгээлде даярдалган сценарийи боюнча Акматбаев менен Мотуевдин жактоочуларынын кылыгына кийлигишкенден өкмөттүн коркуп турганы оркоюп көрүнүп турбайбы.


Азыркы бийликтин ноу-хаусу: кечээле телевизордон бирөөнүн кызматка дайындалганы тууралуу указды беришти, анда дайындалган кишинин инисинин баласы Үсөн Сыдыковдун күйөөбаласы экендигин журналист өзү тактады. Мындан ары президенттин указдары боюнча дайындалгандар Акүйдүн жетинчи кабатынын батыш тарабындагыларга кандай жакындыгы бар экендиктери да указга жазылса, элге түшүнүктүү да, ачык да болмок.




  • «Алас», N 14, 13.04.2006

- Касым Исаевич, "темир" Феликс менен иштештиңизби?


- Эмне үчүн "темир" Феликс деп аталып калганын мен сыртта иштеп жүрүп, толук билбейт экемин. 90-жылдардын экинчи жарымында өкмөттүн бир заседаниесинде КР улут­тук коопсуздук министри Ф.Кулов тарабынан КР маммүлк фондусунун башчысы - министр А.Сарыгуловду кетирген орчундуу кемчиликтери үчүн ишинен алынсын деп жазуу түрүндө берилген сунушу боюнча, өкмөт чечим кабыл алып, президент Акаев эң жакшы көргөн адамын аргасыз иштен бошотконуна күбө болгом. Ошондо ойлогом муну "темир" Феликс дешкени чын экен го деп. Андан кийин бат эле Бишкек шаарынын мэри болуп калып, анын чечимдердин закондуулугуна карабай эле кол коюп таштаганына күбө болдум. Бишкек мэриясында иштегендердин айтуулары боюнча, мэрдин оң колу делген курулуш жана архитектура боюнча департаменттин башчысы, ошол эле мезгилде АО "Северная - ПМК" деген курулуш ишканасынын начальниги А.Гасанов деген ал жерде "өзүм билем" дегендердин бири болор эле. Ал качып жүрүп, кийин Кулов түрмөдө отурганда соттолгон.


Куловдун мэриядагы ишмердигине кичине мисал: Бишкек шаарынын Суворов көчөсүнүн тургуну Гордеев, үйүнүн бир жагындагы огороду бар экенине карабай, экинчи жагындагы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусунун огородуна да кызыгып, менин аялыма бергиле деп бийликтегилерге кайрылат. Бирок Ленин райсоту бул законго жатпайт, аялынын Маевкада огороду бар деп чечим чыгарат. Бирок мэрдин чечими боюнча огород Гордеевге берилет. Огородун коргогон инвалид аял жаш балдары менен мага кайрылды. Анда мен өкмөттүн аппаратында иштечүмүн. Свердлов райакимине кайрылсам, бул маселелерди мэрия биз чечебиз деп өзүнө алып алган дейт. Жеке менчик үйлөр боюнча шаардык инспекциясынын башчысы М.Тезекбаевге кайрылып, бул эмне деген мэриянын законсуз чечими десем, "ал жерде А.Гасанов деген Куловдун оң колу, эч жакты укпай эле кол койдура берет" дейт. Бул чечимдин туура эместиги жөнүндө бир квартал жашаган кошуналарынын баары Бишкек шаарынын мэри Ф.Куловго жазышса, жооп келген жок. Ал арыз А.Гасановго чейин эле жетсе керек. Ал убакта "мен үчүн мэриянын токтому 15 миң сомго турду", деп Гордеев жымыңдап жүрөт деп кошуналары айтты.


Экинчи окуяга өзүм аралашкам. 1995-жылы өкмөттүн чакыруусу боюнча Москвадан келгенимде, кийин пенсияга кетсем, кор болуп жүрбөйүн деп, Москвадагы квартирамды сатып, Бишкектен квартира, машине коюла турган гаражы менен сатып алдым. Гараждар совет убагында коюлган. Биринчи май районунун акими Ж.Рустенбеков пайдаланганга болот деп кол койгон документи да бар болчу. Бул гараждар менчик болуп калат го деген ой менен алгам. Мен турган үйгө кошуна Исанов көчөсүндө Улуттук коопсуздук министрлигинин (министр Ф.Кулов) кызматкерлерине үй салынып жаткан. Бир күнү гараждын жанына бир чиновник келип, гараждарды көчүрүп башка жакка алып кеткиле дейт. "Сен кимсиң?" десем, "Мен заказчик, УКМдын өкүлүмүн" дейт. "Кое тур, мурунку заман жок, сен эле кожоюн болгудай" деп, Биринчи май районунун архитекторун чакырдым, ал келип, "долбоор боюнча гараждар шаардык бийликтин чечими боюнча коюлган, булар турган жерге тиги салынып жаткан үйдүн тиешеси жок" деди. Андан кийин тигилер гараждардан 7 метр ары бордюр кое башташты. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, АО "Северная ПМК" кызматкерлери келишип, "гараждарды бузуп, алып кеткиле, Токтогул көчөсүнө жеке менчикке сатыла турган үй салынат, а бул жерге алар үчүн жер алдына гараж салынат" дешти. "Кандай шартта кетишибиз керек?" десем, "Эч кандай, кайда кааласаңар ошол жакка алып баргыла гаражыңарды, же болбосо күч менен алып таштайбыз" дешет. Анда Бишкектин мэри Ф.Кулов жана курулуш департаментинин башчысы А.Гасанов эле. Бир аздан кийин гараждын тегерегинин баарын аң кылып казып ташташты. Машиналар кире да, чыга да албай калды. Мен ишке ал күнү жөө барганым үчүн, машинем ичинде калды. "Темир" Феликстин күчү ушул экен деп ойлодум. Мен да өзүмдүн укугумду коргоо үчүн соттошом десем, машинелер кирип-чыккыдай кылып, аңдын бираз жерин кайра жаап ташташ­ты. Бирок ал жерге келсек, ар бир гаражга мэр Ф.Кулов кол койгон мэриянын токтомун чаптап коюшуптур. Анда "гараждар алынып ташталсын, ээлери гараж керек дешсе, жаңы салына турган жер алдындагы гараждан жалпы тартип боюнча сатып алышсын" делиптир. Бечара Кыргызстандын граждандарын бийликтегилер зордук-зомбулукка көндүргөн экен, бир-бирден гараждарды бузуп кете башташты. Аягында мен эле калдым, кыйын болсо менин макулдугумсуз күчкө салып бузуп көргүлө, бул менин жеке менчигим деп. Менин аркаман түшүп алышты: "Башкалар гараж керек десе, 5000 доллардан договор түзүп жатабыз, сизге арзан беребиз" дешет. Ошентип 3000 долларга жана гаражымдын баасын кошуп үлүш боюнча курулушка деп келишим түздүк. Ал боюнча 1998-жылдын төртүнчү кварталында бүтүрөбүз деп милдеттенме алышты. Албетте бүтүшкөн жок. Биз илгери үмүт менен акчабызды төлөп берип, гараж бүтөрүнө аз эле калган. Андан кийин Ф.Кулов, А.Гасанов түрмөгө отурушту. АО "Северная - ПМК" банкрот болуп калды. Мен ал кезде пенсияга чыгып, башкалардын суроолору боюнча гараждын курулушун көзөмөлдөп жүргөм. Ар бирибиз миң доллардан үлүшүбүз деп чогултуп бергенбиз. Курулушка барсам, жумушчулар жарым жылдан бери айлык акыны төлөшпөйт деп ыйлашат. ПМК конторуна барып чатак салсам, ана төлөйбүз, мына төлөйбүз дешет. Кийин А.Гасанов качып жүргөндө, конторасына барсам, бир кызматкери: "А.Гасанов силерден чогулткан долларларды бухгалтерияга бул Акаев Көкжардагы особнягынын курулушуна төлөп атат деп кириш кылчу, а силердин гаражыңар эптеп-септеп калдыктардан курулуп жатат, жумушчуларга айлык берилбейт" дейт.


Ошентип, бүтөрүнө аз калган гараждар, АО "Северная ПМК" банкрот болгондон кийин, өкмөттүн спецадминистратору А.Сейдылдаев дегендин колуна өттүк. Бир тобубуз чогулуп, калган взносторду чогултуп, гараждын курулушун бүтүрүп, закондуу ээлери гараждарын алышсын, законсуздарын сатып мыйзамдуу пайдаңарды көргүлө деп айталы десек, дегеле кепке келбейт. Төлөгөн өз акчабызга ээ болбой кордук көрүп, өзүбүз күнөөлүү болгондой болдук. "Силер бекеринен гараж менен байланышыптырсыңар, өзүңөрдөн көргүлө" дейт. Андан мурунку А.Даникеев деген спецадминистратор макул болуп аткан, себеби КРнын Граждандык кодексинин 271, 274 статьялары боюнча үлүш менен курулган жалпы менчикте ар бир үлүш ээси өзүнүн менчигинин ээси, аны эч ким алууга укугу жок. А.Сейдылдаев болсо, биз жалдаган юридикалык фирманын кызматкерлерине айттырып жатпайбы, эгер гараждын ээлери мага 5000 доллар чогултуп берсе, соттошпой эле гараждарын берем деп. Мени капа кылган нерсе, А.Сейдылдаев элдин баары сыйлаган ыраматылык Султан Ибраимовдун күйөө баласы болуп жат­пайбы. Ошону менен акыры Жогорку Арбитраждык сот 42 гараждын ичинен 23 гаражды закондуу ээлеринин менчиги деп чечим чыгарды.


Сейдылдаев болсо 23 гараждын ичинен 4 гараждын ээси, финансы министринин мурдагы орунбасары, кирешелер боюнча мамкомитеттин төрагасы, азыркы ЖК депутаты Аскарбек Шадиевдин гараждарынын курулушуна төлөбөгөнүнөн Жогорку Арбитраждык сотко арыз жазды. Көрсө, Шадиев тигинин бирдемесин чечип берем деп коюп, бирок чечалбай калгандан кийин Сейдылдаев жини келип, анын бетпардасын сыйрып атпайбы. Биздин ишибизге жардамдашкан "Веритас" юридикалык фирмасынын директору, республикалык Третей сотунун төрагасынын орун басары Н. Галямованы Шадиев жалдаптыр. Ушу 4 гараждын эсебинен калгандарынын курулушу бүтүш керек эле, мен Москвадан келсем курулуш бүтпөй, берки сатылган гараждардын акчасы кайсы чөнтөккө кеткени дайынсыз. Ошончүн А.Гасанов 2006-жылдын 16-январда мага "гараждын акысын төлөңүз, болбосо сотко беребиз" деген катты жөнөтүп атпайбы. Ушу жана А.Шадиевге окшогондор пенсионерлердин эсебинен байыганга көнүп алышкандай.




  • «Алас», N 15, 20.04.2006

-Акыркы кездердеги гезиттерде чыгып жаткан Акаевдин кайрылууларына оюңуз кандай?


-Чынын айтканда, Акаевдин бирдемени түшүнмөк турсун, дегеле кеп жебегени көрүндү. Себеби, 15 жыл бою "мен, мен" дегенге көнүп алган тура. Анын үстүнө биз дагы өз убагында кылыктарын бетине айт­пай, жаман үйрөткөн турбайбызбы.


Мына жакында Милошевичти "Югосла­виядагы айрым этносторго геноцид жасаган" деп соттоп атышып, ал өлүп калды. Акаевге да "өз элине геноцид кылган" де­сек туура болчудай. Геноцид - элди масса­лык түрдө өлтүрүү дегенден башка экинчи маанисинде "элге оор турмуш шар­тын түзүп, анын негизинде элдин бир бө­лүгү тентип, курмандыкка учурап, жалпы элди кыйынчылыкка алып келет" деп түшүн­дүрүлөт. Кыргызстандын акыбалы так ушундай болуп жатпайбы. Башка өлкө­лөргө кеткен канча кыргыздардын дай­ны жок. Кыргызстандын Россиядагы өкүл­чүлүгүнүн суроосу боюнча, самолет жана поезд менен Кыргызстанга өлүктөрдү алып келүүнүн баасы 50% арзандатыл­ганы маалым болду.


-Азыркы бийлик башчыларынын иштерине пикириңиз?


-Бир жылдан ашык алардын иштеринин үзүрү жок экендиги көрүнүп калды. Эл арасында айтылгандарды угуп, ММКда жазыл­гандарды окуп, адамдар менен маектешип көрсөң бир эле тыянакка келет экенсиң: Акаев бийлигинин 10 жылда кетирген кемчиликтерин жана эл ишениминен чыгып, кадыр-баркынын кетишин азыркы бийлик бир жылдын ичинде эле аткарып койду. Муну далилдөө катарында бийлик башындагылардын кылган иштерине жана сүйлөгөн сөздөрүнө таяналы. Башында эле түздөн түз айтып кое турган нерсе: бул президент менен премьер-министрдин тандеми эмей эле "мандеми" болуп калганы тууралуу. Элдин көзүнчө тандем катарында калп эле күлүшүп, кол алышып атса да, ар жакта ачык да, көмүскө да былгып атпайбы. Өткөн жумада президенттин премьерге: "Э.Байсаловго кол салышканы - бул биздин тандемге каршы жасалганы" дегени күлкү келтирет. Одоно болсо да, буга кыргыздын: "Кыз боозуп, энесин коркутат" деген макалы эп келип турат. Быйылкы жылдын 9-февралында Россиянын "Коммерсант" гезити "Связка с печальным концом" деген статьясында мындай дейт: "… два самых популярных в стране политики договорились идти на выборы в тандеме… У двух первых лиц государства и до этого были трения, но только в конце января они начали открыто обвинять друг друга во всех смертных грехах". Ушул гезиттин кийинки күнкү 10-февралдагы санында "Президент Бакиев хочет вычеркнуть премьера из Конституции" деген статьясында айтылат: "Президент Киргизии К.Бакиев вчера заявил о намерении внести поправки в Конституцию страны, которые подразумевают ликвидацию института премьера и исполнение функ­ций глав государства и правительства одним лицом. Таким образом господин Бакиев намерен нейтрализовать своего главного политического оппонента - премьера Ф. Кулова".


Былтыр Молдовановка колониясындагы өлтүрүүлөрдүн эртесинен тартып ЖК аянтына Р.Акматбаев жактоочулары менен чогулуп, аларга анын кудасы Т.Тургуналиев кошулуп, эки жумага жакын "премьерди жоготобуз, парламентти таратабыз" деп жатканда, тандемдин бир жагы Ф.Кулов телевизордон эл алдында безеленип, "мен ал жакка Президент жибергенинен баргам" деп атса, тандемдин экинчи жагы К.Бакиев он күнчө унчукпай отуруп алганда эле түшүнгөн адам бул тандемден жакшылык күтпөй калган. Кылмышкерлерге байланышкандыгы жагынан тандемдин эки жагын теңдейин дегендей кылып, ошол эле Т.Тургуналиев өткөн жумада оозу-мурду кыйшайбай туруп телевизордон Ф.Кулов Батукаевдин бандасы менен байланышы бар, Молдовановкага депутаттар барардан мурунку күнү Куловдун шоферу (жардамчысы) мобильный телефон менен Батукаевге чалып, сүйлөшкөнү жазылган дейт. Ал маалыматты Т.Айтбаев берсе ке­рек. Кечээ жакында Президенттин "биз кыл­мыштуулуктун көптүгү боюнча КМШ өлкө­лөрүнүн биринчи бешөөнө да кирбейт экенбиз" дегени аргасыз алакан жайдырат. Ал киши элди ушунчалык маңыроо ойлойбу? Кылмыштар ар кандай болот да. Бизде кылмышкерлер бийликтин эң бийик бутагындагылар менен чырмашып, элдин жана өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирип жатпайбы. Р.Акматбаев ме­нен Н.Мотуев Президентке таянып жасап жатышат деп көп эле айтылды жана жа­зылды. Алар өкмөт башчысын киши ка­тарында да эсептешпейт деген пикир эл арасына тарап кетти. Өткөн жумадагы теле­визордон көрсөтүлгөн Мотуевдин Каракече жөнүндө монологу эле эмне? Анан дагы президентибиз Акматбаев менен Мотуевдин иштерин карап, чара көргүлө деп, премьер-министрге тапшырма берип коет. Бечара премьер-министр "темир" Кулов болбой эле "сымап" Кулов болуп калыптыр. Анын кийинки убактарда кошоматчылыгы өтө өөрчүп баратканын гезиттер жа­за баштады.


Президент Бакиев орусия гезитине ин­тервью бергенде, мен чарбаны (экономи­каны) жакшы билем, ал эми Кулов болсо, милийсадан келген, анын үстүнө беш жыл түрмөдө отуруп, өлкөдөгү акыбалды жак­шы билбейт деген. Өлкөдө тартипти кө­зөмөл кылган жана укук коргоо органдары түз эле президентке баш ийет. Президент кечээ айт­канынан бүгүн айнып, Акматбаев менен Мотуевдин ишин премьерге тапшыр­ганы кызык.


Коомубуздун ушундай акыбалын байкап туруп, чех элинин каарман баатыры, журналист Ю.Фучиктин "Репортаж с петлей на шее" деген чыгармасында айтылган сөздөрүн беш айдан бери жазгандарымдын аягында келтиргим келет: "Люди я вас люблю. Будьте бдительны". Азыркы бийликтегилердин айткандарына жана кылган иштерине эл ишенбей калды. Дүйнө элдери колдонгон мыйзамдуу жолдор менен өзүбүздүн укугубуз үчүн жана турмушубуздун оңолушу үчүн күрөшкөнгө аргасыз болот экенбиз. Жетет 15 жыл унчукпай, башты жерге салып, ыйлактап отурганыбыз. Бул жагынан, эгер мурдагы биздин "революционердей" айнып, элди алдап кетишпесе, демократиялык жана жарандык коом үчүн коалициянын жетекчиси Э.Байсаловдун ж.б. аракеттерине жана максаттарына баарыбыз кошулушубуз керек деп эсептейм.


Маектешкен Аскер САКЫБАЕВА

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page