N 47, 10.07.2007
Кыргызстан кайсы жолдон биригет?
Күзүндө баштайын дегем, бу кыргыздар президенттик шайлоого канча жикке бөлүнүп алып барышаар экен деп. Ким кимди ээрчип, кайсы тууну желбиретип чыгышаар экен деп. Уруусунунбу, түндүк же түштүгүнүнбү, чүргөй койгон партиясынынбы, батыштын акчасы деп сынга калган НПОсунунбу, саман деген акчалуунунбу же "биз бербейбиз!" деп кебелбеген президентининби, айтор кимдин этегине жамынып бийликти карай бөрү жортуш кылышаар экен деген тема болчу. Саал эртерээк болгону менен процесс эбак кеткен. Андыктан кеп учугун баштай берели. Мударис Кусеин Исаевге собол таштадым. Президент Бакиевдин күчтүү командасы барбы (?) дедим. "Жашыруун бар" деди. Күчтүү деди. Бизде абдан еврейлик саясат жүрүп жатат. Аман болсок бу президенттин тушунда көп кызык, көп жакшы нерселерге күбө болобуз деди. Мына сага дегенче ал кишинин айткандарына ынанып кеттим. Анткени кандай гана кырдаал болбосун, камырдан кыл сууругандай чыгып келатпайбы. Амал деген ошол да. "Еврейлер элдин көзүнчө бири-бирин кодулап ушунчалык сындайт. А буктурмасына барышканда кайра бардык маселе боюнча биригип, макулдашып алышат, биз бийликтин ошол саясатын байкабай калып атабыз" деп турбайбы мударис аке. Мм-да, дейсиң. Башкасына да бийлик керек, алар кантип атты экен дейсиң. Элди, көчөнү, автобустун ичин, тойду, жыйындарды карап олтуруп бири-биринин чийинин аттагысы келбеген, канча түрлүү ичке-жоон жолдор бар экенин көрөсүң. Бири "фронтчул", бири бакиевчил, бири акаевчил, бири түндүкчүл, же түштүкчүл, бири уруучу, реформатор, оңчул, солчул, ортомчул, улутчул, бири ислам десе, бири карандай эле теңирчил. Бири батышчыл болсо, экинчиси, башканын кереги жок Москва аман болсун дейт. Бири көрүп келгенсип парламенттик башкаруу десе, экинчиси хандык дейт. Анан эр болсоң элди таруудай жыйнап бир идеяга ээрчитип көр. Ага болбой эле бүгүн кокту колоттун, уруунун, партиянын лидерлери чоң шайлоо жүрүшүн көздөй жол баштап жатышат. Алар мурдагыдай ун менен аракка алданбай, саясаттын алчы-таасын таанып калган элди кайсы жокмоктун ыры менен ээрчитип жөнөшөт, кеп ошондо. 10-июль күнү президент өзүнө "ыңгайлуу" аксакал, көк сакалдарды сый тамакка чакырып жатканы маалым болду. Баягыле сыйургал, наам менен үмүткөр кылып элди ээрчиткен ыкма. Бери жакта ажону карап турган башкалары мындай эски чапанды жамынбай кантип ааламдашуу араанынан өтүп кетебиз дешип амал чотун чагып турушат.
Эсенгул Өмүралиев: "Бөлүнгөндүн дарысы эң жөнөкөй" - Кыргыздын түндүк менен түштүккө бөлүнүшү бийликтин жүргүзгөн саясатынан улам гана келип чыгып жатат. Бийлик качан калыс болот, ал маселе ошо замат токтойт. Кыргызстанда партиялар канчалык көп болбосун, акыры түбү алар социал-демократтар, либералдар, консерваторлор жана улутчулдар деген гана негизги жиктерге бөлүнүшөт. Анткени дүйнө жүзүндө партиялар табияты ошондой. Ал эми бизге кандай башкаруу керек дегенге айтаарым, бир эле киши бийликти башкарбаш керек. Тең салмактуу бийлик керек. Премьер-министр бүт экономикасын башкарат. Президент болсо мамлекеттин жалпы кызыкчылыктарына гарант болуп турат. Азыр батышчыл же чыгышчыл болуу деген бул эскирген саясат. Азыр ааламдаштыруу (глобализация) деген чыккан. Биз бир жагына өнөк болчудай чоң күч эмеспиз. Бүгүн биз динди жамынган саясаттан да сак болгонубуз оң. Исламды Кыргызстанга өтө эле жайылта бербеш керек. Аны жактоочулардын Ислам өлкөсүн жаратуу боюнча терең максаттары бар.
Ишенбай Абдуразаков: "Жердештик инстинкке ойноп жатышат" - Азыр силер айтып жаткан эл таянар элитанын жүзү көрүнбөй жатпайбы. Жердештик, уруучулук рычагга таянып, патриархалдык инстингдерине ойноп, анын назик кылдарын чертип, элдин эмес, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. Бийликтин стратегиясын, тактикасын мен көргөнүм жок. 70 депутат ичи 15 топко бөлүнгөн. Ар бири өзүнчө мен биринчи болушум керек дешет. Бизде команда болуп бөлүнгөн менен алардын амбициясынан бөлөк идеологиясы жок. Ал эми президенттин күчтүү командасы бар болгон болсо, бүгүнкүдөй болот беле? Бийлик башындагылар бир программага биригип баш койгондо анан ошону команда десе болот. Театрды деле бир спектаклдеги 20 актер бир мазмунду ээрчибесе, спектакль жаралбайт да. Бүгүн бийликте да, оппозицяда да бирдиктүү, күчтүү командалар жок. Атамбаевди болсо премьерликке оппозициянын калың тобу кеңешип туруп жиберген жок. Ал өзү кеткен. Демек, ал дагы жалгыз. Атамбаев канча көп убада берген менен биз бүгүн декабрдагы Конституция менен жашап атабыз. Бул демек, баардыгын президент өзү тескеп атат дегендик.
Кусеин Исаев: "Алайлык депутат-тардын оңой сатылаарын көрдүк" - Бүгүн тымызын президенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүп жатат. Ага жалпы жонунан алганда аркалык кыргыздар өзүнчө, анжыяндык кыргыздар өзүнчө баратат. Бирок аркалык кыргыздардын арасында биримдик жок. Нарындыктарда байлык бар. Көлдүктөрдө көкүрөктөн бөлөк эчтеме жок. Таластыктар болсо өтөле аз. Бирок дагы кайталайын, булар баары биригүү үчүн биримдиги жок. Анжыяндык кыргыздар болсо отузуул анан ичкилик болуп экиге бөлүнүп турушат. Алар сот бийлиги менен президенттик бийликти мыкчып турушат. Өздөрү ичара биригип, сот бийлигинин бекем колдоосу менен президенттик бийликти былк эттирбей кармап калууда болуп атат. Биз сөзсүз президенттик бийликти бербейбиз деген ниетте турушат. Кылдат талдап карай турган болсок, булар ар кандай махинацияларды пайдаланып, өздөрүнүн ар түркүн жолдор менен тапкан байлыктарын сактап калуу менен өздөрүнө күч топтошууда. Парламентти алсак, алайлык депутаттар менен ичкилик депутаттар оңой сатылып кетише тургандыгын көрдүк. Ошондуктан аларды сатып алышып, башка аймактын өкүлдөрүн саясый, кызматтык, экономикалык маселелерин убада кылуу менен аларды да өздөрүнө тартып жатышат.
Биз канча жашыргыбыз келген менен, өлкөдөгү бүт үстөмдүк ошол бийлигин чыңдап жаткан тарапта. Оомат да ошол тарапта. Бүгүн 102 партия бар. А чын-чынына келгенде дүйнөлүк партиялар үчкө гана бөлүнөт. Бизде партия жөнүндө мыйзам түзбөгөндүгүбүздөн же анын чийкилигинен улам биз партиялык балалык оорудан эмгиче арыла элекпиз. Ошондуктан мамлекеттик күчтүү партия жаралбай келет. Кызматтан куулгандар өз жүзүн, байлыгын сакташ үчүн чүргөп партия түзүп жатышат. НПОлор болсо өзүнчө күч. Бирок анын баары Кыргызстандын биримдигин каалабаган батыштын акчаларына жашап жатат. Кең Россия бейөкмөт уюмдардын баарын кайра нөлдөн баштап каттоо саясатын баштады. Кимде ким чет мамлекеттин гранты менен Россиянын ички саясатына аралаша турган болсо, анын баарын каттоодон өткөрбөй жатат. Биз эмне үчүн ошондой саясат жүргүзө албайбыз? Өзбекстанда өзбек улутунун кызыкчылыгын 1-орунга койду. А бизчи? Кылчактаганыбыз кылчактаган.
Бүгүнкү Жогорку Кеңешти үчкө бөлүп кароого болот. 1. Ө.Текебаевдин айланасына бириккендер. Бирок алар апрель митингинен кийин жалгыздап чилдей тарашты. 2. Президенттик топ. Алар бүгүн өтө катуу сүйлөп, оройлук кылып, оңду-солуна үстөмдүк кылып, басмырлык кылып жатышат. Себеби аларга бийликтин колдоосу күч, экинчиден, аларда байлык бар. 3-топ, бейкапар болуп ортодо болгусу келгендер. Бирок алар кылтыйып жатышып, акыры кези келгенде өздөрү биригип кетиши мүмкүн. Бүгүн Атамбаевдин командасы жок. Бирок ал саясатты коюп экономиканы көтөрүп, күчкө айланып кетсе, ЖКнын ошол 3-тобу, бүгүн ортодогу алдастап, айласын таппай турган аты бар заты жок партиялар ага кошулуп кетиши мүмкүн. Ал эми азыркы Акаев жана анын тегерегиндегилердин тагдыры ЖК кайра карап, Башпрокуратура ачык айтчу болсо, алар эч кандай саясый күчкө ээ болбойт. Аларда байлык, менчик көп. Бирок тагдыры толук чечиле элек. Урмат Барыктабасовду алалы, ал жакында өзүнүн программасын жарыя кылды. Анда кыргыз, кыргызчыл улуттук нукура ураан көп экен. Ушул элге тез сиңип алынып кетиши мүмкүн.
Өмүрбек Абдрахманов: "Декабрдагыны "Бригада" алып берген" - Кыргыз "чү" дегенделе уруусун, анан жерин сурап бөлүнөт. Биздин оорубуз ошол. Идеология боюнча, көзкараш боюнча бириге албай атабыз. "Бир бололу, бар бололу" деген ураан болбогон нерсе. Эч качан демократ коммунист менен, либерал дагы бир улутчул партия менен бир боло албайт. Биз партиялык тизме менен шайлоого баралы дегенибиз, ошол идея менен бөлүнөлү деп атканыбыз. Азыркы бийликчилдер болсо илгеркидей эле кокту-колоттон шайланып келип, бирөөнүн этегине намаз окуп жүргүлөрү келет. Экинчиден, бизде бийликке монополия деген бар. Бийликти ээлеп алышкан. Монополия болгон жерде эч качан өсүш болбойт. Жогорку Кеңеште болсо өзүмдүн, менин округумдун, менин түндүгүмдүн же түштүгүмдүн маселеси чечилсе эле болду дегендер отурат. Анан дагы айтылып жүргөн бийликчил "Бригада" бар. Алар өздөрүнүн тар кызыкчылыгы менен гана алек. Декабрдагы конституцияны президентке ошол бригада алып берген. Бирок бүгүн алардын арасында жарака бар деп ойлойм. Кыргыз саясатчыларынын батышчыл, чыгышчыл болуп жатканы да мыйзам ченемдүү. Маселен мен батышчыл саясатчымын. Анткени биз тутунган демократиянын, цивилизациянын башаты Европа, Америка, Япония өлкөлөрүндө. Байгер оокат кылганды, ойлонгонду ошолордон үйрөнүшүбүз керек.
Мирослав Ниязов: "Бөлүнгөндөн проблема чыгарбаш керек" - Кыргыз саясатчыларынын жер-жерге, уруу-урууга, топторго бөлүнгөнүнөн жаман нерсе издегенге болбойт. Биздин көйгөйүбүз мамлекеттик түзүлүштө. Биз СССР кезде кандай болсок, ошону эле аттарын өзгөртүп алып жашап жатабыз. 1-секретарды - президент деп, совмин төрагасын - премьер-министр ж.б. деп эски багаж менен жаңы турмуш жазайбыз деп жүрөбүз. Кыргыздын түндүк менен түштүккө, оштук менен нарындыкка бөлүнгөнү ал тарых. Аны өчүрө албайбыз. Болгону бийликти борбордон алып, децентрализация кылып, ошол аймактардын өздөрүнө берип кой, болду. Маселе өзүнөн-өзү чечилет. Биз кыргызга качан жакшы президент келер экен деп күтпөшүбүз керек. Азыркы президенттин командасы дейбиз, анын командасы жок. Команда деген качан президенттин иштелип чыккан бир максаты болгондо гана, анан ошонун айланасына команда чогулат. А азыркы президентте андай максат да жок. Түзалбай атат аны. Ошон үчүн кадрлар да токтобой атат. Өлкөгө премьер-министрдин кереги жок. Ал болгону президент менен Жогорку Кеңештин эрмеги, оюнчугу. Акырында президенттик шайлоого саясый топтордун даярдыгы жөнүндө айтсам, бүгүн шайлоого даярданган олуттуу бир дагы саясый топ жок. Өзгөчөлүк, жаңыча ойлонуу деген жок. Мен кыйын деп эле куру кыйкыргандар.
Турсунбек Акун: "Кыргызстанда Түндүк-Түштүк деген гана эки партия бар" - Кыргызстанда бүгүн эң чоң үч гана партия бар. Биринчиси - Түштүк, экинчиси - Түндүк, үчүнчүсү - эл көп таназар албаган исламчылар. Биз канча кыйынсынып ар кайсыны айтпайлы, эң негизи ушул үч агым боюнча кыргыз саясатынын арбайы согулуп жатат. Ислам азырынча саясатка көп кирише элек. Бирок бир баш көтөрсө, ага туруштук бериш кыйын. Алар бийликке келди дегиче эзели түшпөйт. Акүйдө президентке таасир этчү күчтөр жетиштүү. Бирок ар кимисинин амбициясы ар бөлөк. Маселен, Үсөн аке Сыдыков Бакиевге абдан таасирдүү адам болгону менен Медет Чакановичке канчалык каршы болсо да, президент анын тилин укпай кызматка койду. А Медет мырзадай менеджер азыр Акүйдө жок. Убагында Садыркуловду Акаев кетирип ийбегенде Аксы окуясы болмок эмес, Акаев өзү да качмак эмес. Акүйдүн ушуга окшогон лөктөрү бири-бири менен чабышса, анын кесепети президентке тиет. Генералдыкты каалбаган солдат солдат эмес дегендей. Ошол эле Адахамдын, Данияр Үсөновдордун кандай терең максаттары бар экенин эл билет. Анын үстүнө Акүйдүн 7-кабатына отуруп калгандар "ии, эми бир кадам аттасам эле, президенттикке аз калды" деп кудуңдашат. Бирок өмүрү Акүйдө иштебей жүрүп деле президент болуп калып жатышпайбы. Ажо болуш, анан муфтий болуш бул - Кудайдан. Анан да азыр Акаевдер өзүнчө чоң күч болушу мүмкүнбү дейсиңер. Жок. Күч эмес. Күч болсо өзү үн катып же айланасындагылар Акаевдин намысынын бир бучкагын көтөрүп, коргоп беришпейт беле. Акаев чынындале алсыз, жалгыз адам экен. Бирок азыр мен Акаевди Кыргызстанга алып келиш керек деген ой менен жүрөм. Анткени ал кандай кылган күндө дагы кыргыздын туңгуч президенти. Качып жүргөнү Акаевдин өзү үчүн эчтеме эмес, биз үчүн уят. Дагы айтсак, Урмат Барыктабасов дагы азыр алдыдагы күрөштөр үчүн чоң күч. Ал азыркы менмин деген саясатчылардын көбүнөн өөдө жактары бар. Эл, жер деген жигит. Бирок, саясатка көчүгүң таза болбосо, кире албайсың. Жарым криминалдык белгилери аны артка тартып турат.
Касым Исаев: "Кулов өзүнүн түбүнө өзү жетти" - Биздин шорубуз эл, жер деп чындап күйгөндөрдүн жоктугунда болуп жатат. Куловду эле алалычы. Көрсө, саресепке салып көрсөң, өзүнүн кызыкчылыгынан башка бийиктикке умтула албаптыр. Анан да ал өзүнүн түбүнө башка бирөө эмес, өзү жетти. Алмаз Атамбаевди алалы. 7-кабаттын сүрүн көрдү да, үнү бастагандан бастап барат. Акыры соодасы да бүтөт. Президент Бакиевди алалы. Башкасын койдук, катар-катары менен эки конституцияны бийлигим аман калса болду деп гана кабыл албадыбы. Өңгөсү маа десе өлүп кетсин дейт. Азыр президент парламенттен каалаган маселесин өткөрүп алыш алеки сааттык иш. Депутаттардын көбү бай, аларды чүлүктөп алыш оңой. Декабрдагы конституция спикер баш болгон бийликчил депутаттардын колу менен жасалып, Бакиевге хандыкты алып беришти. Элдин батышка же чыгышка ыктаган жагдайын алсак, ал боюнча талаш-тартышты биздин эл жакшы деңгээлде талкуулай алышпайт. 90-жылдардын башында биз көбүнчө батышка ыктачу элек, бүгүн турмуш андай эмес экенин көргөзүп отурат.
Жеңишбек ЭДИГЕЕВ
N 54, 25.09.2007
Президент референдумдун мөөнөтүн 21-октябрга белгиледи. Бизде референдумдун таза жол менен өтүшүнө эмне жетишпейт деп ойлойсуз?
Самаган Маматов, Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агентчиликтин директор орун басары: - Мындан мурда 3-4 жолу референдум өткөздүк окшойт. Ошондон улам референдум десе эле элдин оюна ар түрдүү нерселер келе бербеш керек. Бийлик кийлигишпей, административдик ресурстар колдонулбаса эле таза жол менен өтөт.
Гүлайым Машрапова, Ош облустук Билим берүү тармагынын жетекчиси: - Бу саам референдум ойдогудай эле өтөт. Анткени элдин саясый аң-сезими бир кыйла өстү. Референдумга келгендер Конституциядагы өзүнүн укугун айкын, так билишсе, административдик ресурс эмне балакет колдонсо да, баары бир өз оюндагысындай добуш берет.
Бейшенбек Бекешов, КТР директорунун орун басары: - Эми референдумдун таза жол менен өтүшүнө каалоо гана жетишпей турат. Ар кандай күчтөр бар да, ар тарапка чоюп, тарткылаган. Эл бала сыяктуу, ишенчээк болот экен. Эл башчылары демократияны шылтоолоп калкты колдонбосо деген тилек.
Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: - Мени эки нерсе тынчсыздандырат. Биринчиси, борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөзгөнгө даярбы? Мүчөлөрү да кемип кеткен эле. Ал эмес төрагасы да бекитилелек. Экинчиси, Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип эле "ооба" же "жок" дедиртеби? Эгер өзгөртүүлөрдүн ичинен мага жакпай калган пункту болсо, кандай добуш беришим керек? Ошондуктан шашпай эле парламентте 5-6 ай талкуулап, парламент жолу менен кабыл алынышы керек болчу.
Касым Исаев, персоналдык пенсионер: - 20 күндө референдум өткөзгөндүн өзү мыйзамсыз болуп жатпайбы. Миллиондон ашык эл Башмыйзамдын жаңы вариантын окуп, талкуулап чыгышы үчүн 6 ай мөөнөт керек.Президентибиздин деңгээли ушул экен. Депутаттар менен көшөгө артында сүйлөшүп, элди курулай эле алдап жатат. 21-октябрда эл эч нерсени түшүнбөй туруп добуш берүүгө барат. Ушул жакшыбы эми? Негизинен эле жетишпестигибиз президенттин да, элдин да деңгээлинин төмөндүгү деп бүтүм чыгарар элем.
Манас ОСМОН
N 35, 02.11.2007
Жакында инфляция 15% көтөрүлдү. 2008-жылы 20% көтөрүлүшү мүмкүн делген божомол бар. Бул саясат нугун кайда бурат?
Кубатбек Байболов, экс-депутат: - Эгерде инфляция ушул темп менен жүрө турган болсо, баалардын өсүшү мындан да күчөйт. Бул жакшы саясаттын жышааны эмес. Бирок, инфляция десе эле коркуп, үркүп жатпайбызбы. Маселен, Орусияда деле болжолдонгондон 2 эсе көп инфляция болуп жатат. Кеп анда эмес, жалпы экономиканын абалында. Саясатты кайсы жагына бурат аны айталбайт экем, бирок, баалар аябагандай өсүп, эл кыйналат. Экономикабыз мышык ыйлаган абалга такалышы мүмкүн.
Чолпон Жакупова, "Атамекен" партиясынын мүчөсү: - Азыр ансыз деле саясый кырдаал курчуп баратат. Айрыкча референдумдан кийин. Инфляцияны 2007-жылга 6 же 7 пайыз деп болжошкон экен. Анда эмнеге 2 эсеге өсүп кетти? Нааразычылык митингге чыгуу менен эле өлчөнбөйт. Саясый кырдаал курчуп, элдин бийликке болгон ишеничинин кеткени деле саясаттын нугу кайда баратканын билдирет.
Мамат Момунов, акыйкатчынын орунбасары: - Азыр мамлекетте стабилдүүлүк болбой жатат. Анан кайдагы экономиканын өнүгүшү? Баалардын асманды чапчыганы эле инфляциянын өнүгүп-өөрчүп баратканын далилдейт. Азыр тезинен инфляцияны ооздуктаганга аракет кылыш керек. Айлык акыларды көтөрүп, пенсия-пособиелерди жогорулатып, жарандардын турмушун жеңилдетүүчү мүмкүнчүлүктөрдү табуу зарыл. Антпесе мунун аягына эчким кепилдик бералбайт. Ар кандай нерсе болуп кетиши мүмкүн.
Ташболот Балтабаев, экс-депутат: - Инфляция азыр 15 эмес 40-50 пайыз болду. Негизги баалар 2-3 эсеге көтөрүлсө, анан кайдан 15 пайыз болот? Эгер муну ооздукташпаса, эл азыр кыжырданып турат, көтөрүлүп чыгышы мүмкүн.
Касым Исаев, персоналдык пенсионер: - Биздин экономисттер экономиканын кайсы тармагында өсүш бар экенин конкреттүү айталбай, "өсүп жатат" менен чектелүүдө. Биздеги экономиканын баары көмүскөдө. Көмүскө экономика ачыкка чыкканда гана эл турмушуна оң таасирин тийгизет да. ВВП жалпы дүң продукция, анын ичинде өнөржай, айылчарба, курулуш, соода, кыскасы баары кирет. Ушунун кайсынысы өсүп жатат? Аны айталышпайт. Кандай саясат болуп кетиши мүмкүн экенин билбейт экем, бирок, жакшы болбойт го.
Манас ОСМОН
N 69, 16.11.2007
Кыргызстанда Грузиядагы саясый абал кайталанабы?
Роза Акназарова, экс-министр: - Бул өтө оор суроо. Менимче, саясый оюндар дагы да ачык такташтырылып, же байкалгандан кийин белгилүү болот. Азыр бир беткей бүтүм чыгарыш кыйын.
Замир Божонов, ОшМунун кызматкери: - Бийликтин шайлоону кандай өткөзгөнүнө жараша кырдаал белгилүү болот. Менин оюмча, эгер Акаевдин режиминдегидей шайлоо өтсө, оппозиция көтөрүлүп чыгат.Оппозициянын да күчтөнө турган булактары табылат. Бирок Акаев бийлигин кетиргендей абал кайталанбайт. Анткени азыркы бийлик элдин ишенимине кирип, чыңалып алды.
Токтобай Мүлкүбатов, Борбор Азия адабият академиясынын президенти: - Бул эми шайлоонун өтүшүнө тиешелүү баглык. Административдик ресурс өтө көп колдонулуп, берки партиялар четке сүрүлүп кетсе, адилеттүүлүктү издеп чыгышы мүмкүн. Бирок, мындан бийликтин кылы кыйшайбайт. Керек болсо өлкө аймагы боюнча коменданттык саат киргизип коюушу мүмкүн. Мындай аракети менен Грузия педсоветтик өлкөлөрдүн баарына өрнөк болду. Анын үстүнө азыр эл пикет-митингдерден чарчап бүттү.
Бөдөш Мамырова, "Арнамыс" партиясынын мүчөсү: - 2005-жылдагы жоогазын революциясы жөндөн-жөн эле көйнөк же тамак талашкандан болгон жок. Грузияда деле, Украинада деле Кыргызстандагыдай тоталитардык бийликти жериген эл көтөрүлүп чыккан. Учурда абал бираз тынч тургандай сезилип жатат. Эгер буларың СДП менен Коммунисттер партиясына экиден, үчтөн орун берип, парламенттеги калган орундардын баарын өзүбүз ээлейбиз десе, Кыргызстандагы абал Грузиядагыдан да катуулашып кетет. Анда саясат талаасында жаңжалдар күчөйт.
Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун төрайымы: - Бир үйбүлө экинчи үйбүлөгө толугу менен окшошпогондой, мамлекеттер да бири-бирине эч окшошпойт. Анткени арбир элдин өзүнүн үрп-адаты, каада-салты бар да. Жоогазын революциясын башынан өткөргөн өлкөлөрдө окуялар окшош нукта багыт алат дегендери туура эмес. Ошентсе да адилеттик үчүн айтып коюу керек, Грузиядагыдай абал Кыргызстанда кайталанышы да, кайталанбашы да мүмкүн. Учурда ошол эле Орусиядан, ошол эле Казакстандан келген саясый технологдор Акүйдө иштеп жатканын билебиз. Бирок, алардын саясый технологиялары бизге өтпөйт, өткөздүрбөйбүз дагы. Анткени кыргыз мамлекетинин өзүнчө тарыхый жолу бар.
Касым Исаев, персоналдык пенсионер: - Өзүнүн вариантында жаңжал чыгышы мүмкүн. Анткени оппозициялык партияларга бут тосуу болуп административдик ресурс иштейт. Азыр көпчүлүгү кудуңдап жатышпайбы, референдумду кандай өткөзсөк, парламенттик шайлоону да ошол нукка бурабыз депчи. Анда эле стабилдүүлүктөн кайра кол жууйбуз.
Нургазы Ташиев, жаш саясатчы: - Менимче шайлоону адилет өткөрүүгө бийлик аракет кылат. Анткени 24-марттагы революция дал ушул шайлоонун шайтан оюндарынан улам башталган да. Кыргызстанда Грузиядагы абалдын кайталанышына шылтоо жок. Баары эле өз нугунда өтөт.
Манас ОСМОН
N 74, 04.12.2007
- Орусиядагы парламенттик шайлоодо бийликтин партиясы утту. Бизде да ушундай көрүнүш кайталанышы мүмкүнбү?
Ишенбай Абдуразарков, коомдук ишмер: - Бизде абал Оусияныкына караганда бираз башкачараак. Ошондой болушу да мүмкүн, болбой калышы да мүмкүн. Азыр бир нерсе айтууга али эрте. Эгершайлоо адилет, ак, буйдаланбай өтө турган болсо, жалгыз партиянын бийликкекелиши кыйындайт.
айкан Төлөгөнов, философия илимдеринин кандидаты: - Андай болушу мүмкүн эмес. Анткени алар менен биздеги партиялардын салмагытакыр башка. Мисалы, Орусия бийлигинин "Единая Россия" партиясы көп жылданбери иш кылып, саясый турмушка активдүү катышып келген. Ал эми биздегибийликтин партиясынын көз жарганына араң эле 15 күн болбодубу. Билбейм, эгерэле бийлик ресурсун мыкты колдонсо, ошондой болушу мүмкүн.
Бекболот Талгарбеков, коомдук ишмер: - 2005-жылы февралдагы шайлоо башталып жатканда Курманбек Салиевич мага жолугуп, "силер туура эмес кылып жатасыңар. Мунун аягы жакшылык мененбүтпөйт" деп эскерткен эле. Анда мен өкмөттүн аппарат башчысы элем. Ошондо ал киши туурасын айткан. Азыр ошондогу биздин абалыбыз кайталанып жатат. Ал эмиОрусиядагы көрүнүштүн бизде кайталанышы болбогон кеп. Бизде саясый абалтаптакыр башка.
Айдар Бакыев, Республикалык Жаштар партиясынын төрагасы: - Албетте, бийликтин партиясы өтөт. Орусиядан айырмаланып, биздеги шайлоомөөнөтү бираз чукул болуп калды. Менимче, Кыргызстанда эки эле партия жеңишке жетишет. Алар "Акжол", анан Коммунисттер партиясы.
Сулайман Иманбаев, коомдук ишмер: - Андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойм. Себеби, алардын деңгээлине жетишүчүн убакыт керек. Менимче, Орусиядагы көрүнүш кайталанбашы мүмкүн, бирок, жакындап барат. Ал эми Орусияда болсо, "Единая Россия" өзүн көп жылдарбою далилдеген. Көрөбүз эми, кандай болоор экен.
Касым Исаев, персоналдык пенсионер: - Салыштыра турган нерсе эмес. Биринчиден, "Единая Россия" деген биридеологияга таянып, эл-жер үчүн көп жыл кызмат кылды да. Орустар айтыпжатышпайбы, "Единая Россияга" Путин үчүн добуш бердик деп. Бизде ким үчүндобуш беришет?
Манас ОСМОН
N 79, 21.12.2007
Жолкире, валюта, жаңы жыл 1. Жыл жаңыргандан кийин газ, электр энергиясы, жолкире кымбаттай турганы белгилүү болду. Булар экономикага кандай таасир тийгизиши мүмкүн? 2. Акыркы кезде доллар курсу түшүп, кайра аздап көтөрүлүп жатканы неге байланыштуу? Сиз каражатыңызды кайсы валютада сактайсыз? 3. Аяктап бараткан чочко жылы сиз үчүн кандай болду?
Айылчы Сарыбаев, БГУнун дүйнөлүк экономика кафедра башчысы: 1. Баалардын кымбатташы мурунтан күтүлгөн нерсе болчу. Обьективдүү себеби, дүйнөлүк баалардын көтөрүлгөнү. Бизде туура эмес экономикалык, энергетикалык саясат жүргүзүлүп, жеке кызыкчылыктар жогору туруп, коррупцияланган бийлик 5-10 пайыз топтун кызыкчылыгын коргоп келатат. Нефть, газ кымбаттаса да, электрэнергиясы өзүбүздөн өндүрүлгөндүктөн арзан болушу керек эле. Коррупцияланган топтун пайдасы үчүн баа көтөрүлүүдө. Элдин айлыгына 5-10 сом кошо коюп алдап келатышат. 2. Доллар курсу АКШнын экономикалык саясатына байланыштуу. Экспортун көбөйтүп, импортун азайтып, анан еврого каршы туруп жатат. Биздеги доллардын көбөйүшүнүн дагы бир себеби, сыртта жүргөн мигранттарыбыз биякка каражатты доллар түрүндө берип жатканы. Азыр бизде үй, машине ж. б. нерселерди сатуу, сатып алуу жалаң доллар менен жүгүртүлүп жатканы да себеп. Улуттук банк резерви 1 млрд. доллардан ашканын маалымдашты. Бизде экспорт 700 млн. доллар, импорт 1 млрд. 700 млн. доллардан ашты. Демек төлөм балансынын тартыштыгы 1 млрд. долларды түздү. Бул биздин экономиканын эң начар абалда экенин далилдейт. Азыр акчаны евро менен сактоо ылайыктуу. Бирок мен өлкөбүздүн патриоту катары каражатты сом түрүндө кармайм. Башкалар да сом түрүндө кармаса дейм. 3. Чочко жылында чочкодой эле иштедик. Көптөгөн татаал маселелер болду. Өзүмдүн иштерим да абдан көп болду.
Амантай Кутманалиев, төкмө: 1. Булардын жаңы жылдан кийин кымбаттаганы эл үчүн оор болот. Жай болсо бир жөн, айрыкча кыштын кыраан чилдесинде. Көпөс, бай-манаптардын үйбүлөлүк бюджетинин кылы кыйшайбайт. Баалардын кымбаттаганы башка өлкөлөрдө деле болуп жатат, бирок алардын экономикасы моюн бербейт да. Биздин кабыргабыз кайышып, кымбатчылыкка туруштук бере албайбыз го. 2. Мен кайсы каражатымды сактамак элем? Бюджеттик мекемеде иштеп, өзүбүз өнөр адамы болсок, айлыкты алганда эле жок кылабыз. Анүстүнө доллардын түшкөнүнө, көтөрүлгөнүнө деле кызыкпайм. 3. Бул жыл баягыдай ызы-чуу жок тынчыраак болду, бирок аягы кандай болот, белгисиз. Анткени жыл аяктарына дагы бир топ күн бар да.
Касым Исаев, персоналдык пенсионер: 1. Газ, электрэнергиясынын, жолкиренин кымбатташы экономикага сөзсүз таасир тийгизет. Бирок бизде экономиканы түшүнүп, аны менен иштеген киши жок, ошонүчүн кымбаттоолорго чара колдоно турган өкмөт да жок. 2. Доллардын өйдө-төмөн болгонунун себебинин эларалык мааниси бар. Сомго анын тиешеси өзүнчө. Баягыда Улуттук банк төрагасы Алапаев "Биз доллар курсун административдик түрдө эле ордуна коюп коебуз" деп ачык айткан. Демек, доллар курсунун эмне үчүн ушундай экендигинин экономикалык негизи жок. Азыр көпчүлүк доллар менен акча кармагандан качып жатат. Мен Москвадан уулум жөнөткөн каражатка оокат кылам. Ошентип рубль менен жашап жатабыз.. 3. Жеке өзүм үчүн жаман деле болгон жок, денсоолук дурус. Бирок Кыргызстанга бул жыл жакшылык алып келген жок. Арты жакшы бүтсө экен деп турабыз.
Аскер САКЫБАЕВА
N 9, 08.02.2008
Борбор шаар, ислам дини, театр
1. Борборду Ош шаарына көчүрүү идеясы мезгил-мезгили менен көтөрүлүп келатат. Буга сиздин көзкарашыңыз?
2. Акыркы кезде Кыргызстан “светтик” мамлекет болушуна каршы аракеттер байкалууда. Буга Мусулмандар конгрессинин Жеңиш аянтына мечит куруу демилгеси далил. Сиздин мамилеңиз кандай?
3. Акыркы жолу театрга качан бардыңыз?
Эрнис Турсунов, Кыргыз эл жазуучусу:
1. Борборду Жалалабатка көчүрсө туура болор эле. Биринчиден, ички миграция токтомок. Экинчиден, борборду которсо, ошол регион өнүкмөк. Чүй облусу эсала түшөт эле, болгону беш миллион адам болсок, анын төрт миллиону Чүйдө жашап жатпайбы.
2. Жеңиш аянтынын ордунда мурда базар болгон. Азыр эми тарыхый-мемориалдык эстелик турат. Эстелик менен дин - сыйышпаган нерсе. Ошонүчүн бул туура эмес.
3. Кыргыздрамтеатрынын 80 жылдыгына баргам. Азыр театрга спектакль көрүү үчүн барууга болбойт. Себеби, Бакендей, Таттыбүбүдөй таланттар жок. Эмне, Чоро Думанаевди көргөнү барат белек? Акыркы кезде мен Ош, Аламүдүн, Ортосай базарларына, анан театрга барганды токтотком.
Бүбүсара Рыскулова, "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси:
1. Өзүм чүйлүк болом. Түндүк-Түштүк деген маселени биякка кое туруп, борборду Ошко көчүрсөк, менимче туура болмок. Ош - байыркы шаар, ал оңолот эле, чегарабыз бекем болот эле. Бишкек болсо маданияттын, илимдин борбору болуп кала бермек.
2. Биздин тарыхта ислам дини кылымдан кылымга өткөн эмес да. Элибиз бирдемени бат эле кабыл алып, анан кайра таштап коет экен. Ошонүчүн эки миңден ашык мечит курулуп, мектептер аз салынып жатпайбы. Мына, ажыга да башка өлкөлөргө караганда Кыргызстандан баргандар көп. Бирок ар нерсени аң-сезимге бекем сиңирип кабыл алыш керек. Мечит курганга каражат бар экенин айтып жатышпайбы, ошону андан көрө кароосуз кары-картаңдарга, жаш балдарга жумшаса болмок. Мен Жеңиш аянтына мечит курууга каршымын.
3. Жакында эле "Чыңгызхандын ак булуту" спектаклине бардым. Театр сынчысы эмесмин, бирок башкачарак болсо болмок деген ой келди. Ошентсе да бир топ ойлонто турган нерселер бар экен.
Касым Исаев, персоналдык пенсионер:
1. Мунун саясый, экономикалык-социалдык жагын негиздеш керек. Андан көрө, президент, мамлекет органдары элге жакын, нормалдуу иштесе, бул көйгөй чыкмак эмес.
2. Кыргызстан келечекте фундаменталдуу ислам өлкөсүнө айланса, ошентсе болот. Жеңиш аянты да ыйык жер, эмне, андан башка жерге куран окуса Кудайга жетпейт бекен? Бул жөн эле элдин башын айлантуунун дагы бир амалы.
3. Үч-төрт ай мурда Б.Жакиевдин "Жолугушуу" деген спектаклин көргөнбүз. Азыркы учурга ылайык чыгарма экен.
Аскер САКЫБАЕВА
N 24, 04.04.2008
20 пайыз. Басмасөз кызматы. Тезек.
1. Премьер-министр И. Чудинов бүгүн-эртең электр энергиясы 12%га, ысык суу, жылуулук 20%га кымбаттайт деди. Бардык тармактар куну ансыз да кутургандай кымбаттап аткан азыркы учурда бул эл турмушуна, анын ичинен сиздин жашоого кандай таасир тийгизет?
2. Президент кечээ жакында өзүнүн пресс-кызматына катуу сын айтты. Пресс-кызматтын ишмердигин сиз кандай баалайсыз?
3. Президент үйдү тезек жагып жылытууну сунуш кылды. Бул кандай натыйжа бериши мүмкүн? Айылдыктар тезек терсе болот, шаардыктарчы?
Касым Исаев, персоналдык пенсионер:
1. Мага окшогон адамдар эл-жер деп жүрсөк, азыркыларга эчтекенин кереги жок турбайбы деп калдык. Бийлик мындай кымбаттоону дүйнөлүк тенденция дебатпайбы. Элди ошондон коргоо үчүн бирнерсе кылуу керек да. Чөнтөгүбүздө эчтеке болбосо, болгонун жеп атышса көргөн күнүбүз ушу. Чудинов бизге ушундай "чудолорду" дагы көрсөтөт го. Элге, анын ичинен пенсионерлерге аябай эле оор болот. Мындай кымбаттоону төлөө үчүн башка жактан кыскартабыз да.
2. Басмасөз кызматы эле эмес, башкасы деле начар иштеп жатышат. Он беш жыл бою иштеген басмасөз кызматтарынын эң начары ушу болду.
3. Кыргыздар башкалардан эмнени гана сураган жокпуз, эми тезекти да сурап келишсин анда. Чынын айтканда, президенттин ушинтип айтканы уят.
Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
1. Элге албетте кыйын болот. Мен көп балалуу адаммын. Тигиндей кымбаттоолорду төлөө үчүн көп акча кетет. Балдарымдын май, сүтү, наны азаят.
2. Сындагым да келбейт. Басмасөз кызматы бир адамга кызмат кылып жаткандан кийин, президенттин кай жерде кандай экенин, эмне дары ичип, бассейнге качан түшкөнүн айтып коюшса болмок да.
3. Президент тезек дегенде шаардыктарды эмес, айылдыктарды айтса керек. Президент өзү ушинтип атса, абал өтө эле коркунучтуу. Быйыл кыштан эптеп чыктык. Кийинки жыл эмне болот?
Жамин Акималиев, академик:
1. Абдан терс таасир тийгизет. Чудиновдун ушундай жүз күндүгү үчүн аны мындан ары Кымбатбек деп чакырыш керек. Башка премьерлер кымбаттоону ооздуктоого аракет кылышчу эле, бул болсо кымбаттайт деп эле элди башка чаап атат. Андан көрө алыпсатарлар менен күрөшпөйбү. Өкмөт баа өсөт десе, демек, сөзсүз өсөт. Өспөй турган болсо да алыпсатарлар өстүрүшөт. Мен айлыгымдан төлөйм. Алты балам бар. Мектепте окуган эки баламдын керектөөсү кыскарат да.
2. Жаман баалайм. Нурланбек Шакиев иштегенди билбей эле, президенттин жанында сүрөткө түшүп, өзүн реклама кылганды жакшы көрөт. Ал президенттин ишине жардам бериш керек эле.
3. Чындыкты айткан жакшы, бирок тезек тергенге жеткирбеш керек. Биздин 5 млн. элди эчтекеден кем кылбай багып коюуга болот. Бул жөн сөз эмес, билген киши катары айтып жатам. Электрэнергия бизге жетпей атса, экспортту кыскартып, элге берсин. Көмүр кендерин иштетишсин.
Аскер САКЫБАЕВА
Comments