top of page

Шайлоонун шайтан оюндары башталдыбы?

"Бийликтин булагы эл эмес, Бакиев"


Туура бир айдан кийин башталуучу Кыргыз Республикасынын президенттигине болгон шайлоонун алдында эл-журтка белгилүү, коомдук жана саясий ишмерлер Касым Исаев жана Мирослав Ниязовдор менен дал ушул президенттик шайлоонун күнгөй-тескейи жана ошондой эле бүгүнкү Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу маек курган элек.


- Алгачкы суроону Касым Исаевич, сизге берсек, талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери жөнүндө кыскача токтоло кетсеңиз. Сиздин жеке пикириңизде президенттикке талапкерлер Бакиев менен үгүт иштерин жүргүзүүдө бирдей мүмкүнчүлүк ала алыштыбы?

- Эми талапкерлердин шайлоо алдындагы мүмкүнчүлүктөрү бирдей болбой жаткандыгы ачык эле көрүнүп турат. Бул жерде президент Бакиев расмий түрдө үгүт иштери башталганга чейин эле жер-жерлерди кыдырып, жумушчу иш сапары деген шылтоо менен элге ачыктан-ачык эле үгүт иштерин жүргүзүп жатты. Мыйзам бардыгына бирдей болгондон кийин президент шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда кызматтык артыкчылыктарын колдонбошу керек эле. Конституцияда шайлоо убагында президенттик кызматын токтото туруш керек деп жазылса, Шайлоо кодексиндеги бул жобону да алып ташташкан. Өткөндө эле сиздердин гезитке кайсы бир талапкер жөнүндө жазылган макала үчүн Боршайкомдон "үгүт иштери башталганга чейин үгүт материалдарын чыгарбагыла" - деген мааниде эскертүү келбедиби. Ал эми Бакиев 18-июнга чейин эле Кыргызстанды түрө кыдырып, үгүттөп жүрсө дагы ага эч ким "кой, ай" деген жок. Мунун баары бүгүнкү бийликтин максатын көрсөтүп турат. Бийликти сактап калуу үчүн алар кара күчкө салып эле болгон аракеттерин көрүшүүдө.

Президентибиздин айткандырын окуп алып, бир эсе жиниң келет, бир эсе ичиң күйөт да. Өткөндө эле ажобуз "Азыр Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк толук орноду, эми эл турмушу, экономикалык иштер менен алек боло баштасак болот"-дегендей сөздөрдү айтып жатпайбы. Эмне, төрт жылдан бери ага элдин кереги жок беле? Мындай абалы менен ал кийинки мөөнөтүндө деле эл турмушун ойлобойт, кайра эле унутуп кала берет. Президенттикке жаңы шайланганда өзү айтпады беле: "Эки-үч жылда эле элдин турмушун оңойбуз" деп. Эми төрт жылдан кийин экономиканы оңдой башташ керек деп атат. Ага кудурети жетпесин бүгүн баарыбыз түшүндүк да. Ушул жылдары саясий стабилдүүлүк эмненин эсебинен кармалып турду. Албетте, коркутуп-үркүтүү, баш көтөргөндөрдү камап-сабап, оозун басуу жолу менен гана ошол стабилдүүлүк келгенсиди. Эгер эл турмушу жакшырып, экономикабызда жылыш болуп жатса, ким эле аны кет демек эле.

Жакында эле Кыргыз-славян университетине барып, студенттер менен жолугушуусунда, "Мен качан да болсо кетем го президенттиктен. Ошондуктан, мен эмне из калтырдым ошону ойлойм"-дейт. Эми эл көрүп турат го, эмне болгон из калтырганын.

- Быйылкы шайлоо учурунда добуштарды уурдоо, бурмалоо сыяктуу иштер болбойт деп ишенесизби?

- Эми ишениш кыйын болуп калды. Бул үчүн көп аракеттер жасалууда. Өткөн президенттик шайлоодогу добуш берүүдө "бардыгына каршы" деген белгиси бар эле, быйылкы шайлоодо ал белгини да алып ташташыптыр. 2005-жылы шайлоо болгондон кийин үч ай өтпөй бул президент Кыргызстанды көтөрүүгө чамасы жетпээрин ошондо эле МСН гезитине жазып чыккам.

Негизи Кыргызстанда элдин добушунун негизинде бийлик куралбай калдык окшойт. Конституциябыздын 1-беренесинин 3-пунктунда бийликтин жалгыз булагы эл деп жазылып турат. Бирок, биздин Конституция дагы, Борбордук шайлоо комиссиясы дагы, соттору, бардыгы бир колго Бакиевге баш ийгенден кийин эки жүздүүлүк кылып, элдин башын айлантпай эле Башкы мыйзамыбыздын ошол беренелерине эскертүү киргизип, бийликтин булагы эл эмес - Бакиев деп ачык эле жазып коюш керек.

- Мирослав Жумабекович, айтсаңыз, ажолукка аттанышкан талапкерлердин арасынан кимисинин жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору деп баалайсыз? Дегеле алардын саясий деңгээлине кандай баа бересиз?

- Алгач талапкерлердин саны жыйырмага чейин чукулдап барды го. Ошол талапкерлерди карап көрсөк, арасында эч ким тааныбаган, ал гана эмес таңгала турган адамдар талапкер катары чыгышты. Эмне себептен ушундай болуп калды? Башынан баштап, Акаевдик дагы, Бакиевдик дагы бийлик президенттик бийликтин деңгээлин ушунчалык төмөн түшүрүп, бул кызматтын кадыр-баркын кадимкидей тепселетишти. Президенттикке кайсы адам татыктуу деген суроону бериштин алдында Кыргызстан бүгүн кайсы ахывалда турат деген суроого жооп таап алышыбыз керек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан мурунку союздук республикалардын ичинен социалдык да, экономикалык да жактан эң төмөнкү, эң жакыр мамлекет болуп отурат. Бизде коңшубуз Тажикстандагыдай же согуш болгон жок, же дагы бирөөлөр менен чатакташканыбыз жок. Бирок, он жылдан ашык жарандык согуштун азабын катуу тартышкан Тажикстан да бүгүнкү күндө Кыргызстандан алда канча жогору турат.

Кыргыздар көз карандысыздык, эгемендүүлүк деген сөздөрдүн чыныгы маанисин аңдап биле элекпиз. Биз Кыргызстанда, өз жерибизде конокто жүргөндөй мамиле кылабыз. Эгер минтип отурсак, биз жерибизден да, элибизден да айрылабыз. Кыргызстан Кудай берген куттуу жер! Бирок, биз муну да али түшүнө элекпиз. Тоолордун асты толгон токой байлык. Суунун башында туруп, өзүбүзгө суу жетпейт, 30 млрд. тоннадан ашык көмүрүбүз туруп, Казакстандан көмүр ташып келебиз.

Өткөн 2008-жылы эле 540 миллион долларга айыл-чарба продуктуларын сырттан алып келдик. Айыл-чарба жагынан өзүбүздү бага албай калдык. 500 миң тонна буудай, 100 миң тонна сахар, 20 миллион жумуртка, мал-чарбасы жакшы, этибиз көп деген мамлекетибиз 54 миң тонна эт импорттоп келебиз. Жылына 34 миллион долларга пиво сатып келебиз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан митечилик менен жашап калган, эгер Кыргызстанды тегерек четинен бууп салса, биз кыргыздар өлүмгө жакындап калабыз. Кыргызстандын азыркы ахыбалы өтө эле оор, муну ачык айтып коюшубуз керек. Эми ушундай өлүм алдындагы кыйын кырдаалдан, жоголуунун сормо сазынан ким бизди чыгарып кете алат?

Бүгүн бизге жеке керт башынан алысты ойлой албаган, жөн гана бийлик үчүн жулунган адам кереги жок. Бизге бүгүн кыргыз үчүн күйүп жанган, элим-жерим үчүн деп башын сайып койгон, тууган-урук, бала-чаксын четке кагып, Кыргызстан үчүн иштеп берүүчү анык мамлекеттик ишмер керек болуп турат. Кыргызстандын тагдырын чечүүчү ушундай маселеде кыргыз эли кайдыгерликтен арылып, өз келечеги үчүн кам көрбөсө, эртең баары кеч болуп калат.

- Учурдагы президентибиз ушундай тагдыр чечилүүчү маселеде алсыз деп ойлойсузбу?

- Азыркы президентибизге 2005-жылдын мартынан кийин элдин ишеничи, үмүтү зор эле. Бирок, ал ошол ишеничти бир граммга да актай алган жок. Тескерисинче, эл ишениминен таптакыр ажырады. Бакиев түзгөн мамлекеттик система кыргыз элин кыйроого алып келет. Колунан жетелеп келип парламентке отургузган "Ак жол" партиясы эч качан кыргыз элинин кызыкчылыгын коргобойт. Алар жалгыз Бакиевдин кызыкчылыгын коргоого милдеткер. Анткени аларды парламентке эл эмес, Бакиев колунан алып жетелеп келген. Конституциялык Сотко, дегеле сотторго, Борбордук шайлоо комиссиясына бүгүнкү күндө ким ишенет? Албетте эч ким ишенбейт. Ошол эле Жогорку Кеңеш, ошол эле Боршайком, ошол эле Конституциялык Соттун элге бир дагы пайдасы тийбегенден кийин, эл ишениминен ажырап калган дал ошол бийлик бутактары өлкөдө дестабилизациялык кыймылдын пайда болушуна түрткү берип жатышат.

- Ушундай оор кырдаалда акыл-насаатын айткандын ордуна, бүжүңдөп, "дүжүрлүк" кылып жатышкан аксакалдарыбыз жөнүндө эмне дээр элеңиз?

- Тилекке каршы, биз урматтап, сыйлап жүргөн белгилүү эле аксакалдарыбыз, жасалма жол менен өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн, керек болсо, президентти барып өөп, мактап, анан эле президент тескери кеткенде аркасынан түкүрөт. Алар мындай акылдарын айтпай эле, үйлөрүндө тынч эле жата беришсин.

- Касым Исаевич, аксакал катары сиз дагы ушул маселе боюнча өз пикириңизди айта кетсеңиз?

- Кыргызда аксакалдар деген сөздүн өзгөчө орду, мааниси бар. Кыраакы, акылдуу, кандай гана күн болбосун чыркыраган чындык, калыс сөзүнөн тайбаган, бүтүндөй элдин таянар тоосу, тиреги ошол аксакалдар болгон. Тилекке каршы, азыркы күндө, заманга жараша, аксакалдарыбыз да ар кандай болуп өзгөрүп, калыс сөзүн айтууга жарабай бара жатышат. Азыркы аксакалдарыбыздын көпчүлүгү бийлик бизди той-тамашаларга чакырып койсун, белек-бечкек берип койсун же арасында билимдүүрөгү болсо наам берип койсун деген көр пенделик кызыкчылыктарын "аксакал" деген улуу атына эч ойлонбой эле айырбаштап ийип атышат.

- Касым агай, коомчулуктун бүйүрүн кызытып жаткан "Ганси" авибазасынын тегерегиндеги маселер боюнча оюуңуз кандай? Деги эле бул авиабазанын Кыргызстанга кереги барбы же жокпу?

- Бул авиабаза Кыргызстанга 1999-2000-жылдардагыдай моджахеддердин дагы басып келүүлөрүнөн коргонууга өтө зор кызмат өтөмөк. Бүгүнкү күндө бизде мындай коркунуч жок деп эч кимимбиз кепил боло албайбыз.

Акаев дагы, Бакиев дагы авиабазанын кетирүү маселесин көтөргөндө, элдин коопсуздугун, бейпилдигин ойлобой эле "дагы канча акча бересиңер?"-деген дооматтарын биринчи орунга коюшат. Пентагондун атайын жарыялаган расмий билдирүүсүндө Акаевдин баласы базаны күйүүчү-майлоочу майлар менен камсыз кылгандыгы үчүн бир нече миллиондогон кирешеге туйтунуп турган. "Манастан Чубак кем бекен"-деп азыркы бийлик деле бул авиабазадан Акаевдерден кем эмес байып жатышат. "Ганси" авиабазасы Акаевдер үчүн да, Бакиевдер үчүн да Кыргызстан элинин коопсуздугу үчүн эмес, акча табуунун, баюунун бир жолу катары кызмат өтөөдө.

Буга мисал катары, өткөндө муруңку каржы министрибиз Тажикан Калимбетова депутаттардын "Гансиден Кыргызстан канча акча алат?" - деген суроосуна "17 жарым миллион доллар" - деп жооп берген эле. Ал эми Бакиев америкалык журналисттин ошол эле суроосуна "100-120 миллион доллар" деп айткан. Эми кимисине ишенебиз? Бул жөнүндө көп эле айтылды. Бирок элге, коомчулукка расмий так жооп жок.

- Мирослав байке, Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы катары "Ганси" авиабазасы боюнча сиздин да пикириңизди уга кетсек.

- Ушул суроого жооп берээрдин алдында "Афганистандан Кыргызстанга коркунуч барбы?"-деген суроого жооп беришибиз керек. Мен "коркунуч бар" - деп жооп берээр элем. Кандай коркунучтар? Бул терроризм, диний экстремизм жана наркобизнес. Дал ошол коркунучтар Кыргызстанга эч кандай коркунуч туудурбайт деген пикир өтө жаңылыш ой.

Мен башынан эле бул авиабазанын Кыргызстанда калышына катуу күйүп келем. Эмнеге? Анткени, биздин коопсуздугубуз жок. Бизде армия бар, СНБ бар ж.б күч органдарыбыз бар. Бирок, бизде коопсуздук деген өтө олуттуу, бирдиктүү система жок. Бул авиабаза Кыргызстандын коопсуздугунун кандайдыр бир деңгээлде кепилдиги болуп бере алат. Ошондой эле, "Ганси" авиабазасы Кыргызстанга миллиардаган инвестицияларды тартып келүүчү коридор катары кызмат кылат. Бул авиабазанын турганы эле батыш өлкөлөрүнөн тартылып келинүүчү инвестициялардын коопсуздук кепили болуп бермек. Эгер, биз жолун таап, иштиктүү иш алып барсак, Кыргызстанга миллиондогон эмес, миллиарддаган инвестицияларды тартып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

Дагы бир маселе, ар бир мамлекет өзүнүн тышкы саясатында түбөлүк достук деген принципте эмес, улуттук кызыкчылык деген принципте иш алып барышат. Ошондуктан, биз Орусиянын же башка бир мамлекеттин эмес, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгынан улам иш алып барышыбыз керек.

Маектешкендер: Эрнис Балбаков, Айбек Шамшыкеев


  • Гезит «Ачык саясат» №47 (83), Шейшемби, 23-июнь, 2009-жыл

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы...

Yorumlar


Yorumlara kapatıldı.
bottom of page