top of page

Бул партиялардын соодасы бүттү

Саясат сереп


Шайлоодон кийин саясат бир азга тынчый түшкөн. Бириккен элдик кыймыл биринчи жыйынга чогулгандан баштап КСДП менен "Ата Мекен" партияларынын биригүүсү кызуу талкууга алына баштады. Эки лидер тең биригүүгө каршы эмеспиз дегени менен, мындай кошулуу мүмкүн эмес экенин айткандар да жок эмес.



Марс Сариев, саясат таануучу:

"Декабрда парламенттик шайлоо өтөт"


- "Ата Мекен" партиясы менен КСДПнын биригүүсүнөн эмнени күтсөк болот? - Эки партия бириксе күчтүү оппозициялык блок түзүлүп, парламенттик шайлоодо бекем позицияны кармана алышат. Бул партиялардын катарына башка дагы бир катар майда партиялар кошулушу мүмкүн. - Эмне максатты көздөп биригип атышат деп ойлойсуз? - Октябрда парламенттик шайлоолор жарыяланышы мүмкүн. Шайлоо декабрга белгиленет. Ошон үчүн оппозиция Молдавия сценарийин ишке ашырат деп ойлоп атам. Ал жакта бириккен оппозиция реванш алып, эң күчтүү позицияга ээ болгон. Биздин оппозициянын дагы максаты ар кайсы күчтөрдү топтоп реванш алуу болуп атат. Алар президенттик шайлоодо утулуп калбадыбы, эми парламенттин көпчүлүк орунун алалы деп аракет кылып жатышат. - Эмне үчүн бийлик өзүнүн партиясы көпчүлүк орунду ээлеген парламентти таратат деп ойлойсуз? - Бийлик дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды демократиялык өлкө кылып көрсөткүсү келип атат. Азыркы парламент бир партиялуу болуп, президенттин "Акжол" партиясы башкарып аткандыктан авторитардык өлкөнү элестетип турат. Бул президент үчүн ыңгайлуу эмес. Көп партиялуу болуп, демократиялуу өлкө катары көрүнгөнү Бакиевге керек болуп атат. - Азыркы парламент кайсы "жазыгы" үчүн кетет? - Бийлик таратуу үчүн кандай болсо дагы жолун табат. Балким, атайын бир инцидент ойлоп табышы мүмкүн.



Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:

"Бул партиялардын соодасы бүттү"

- "Ата Мекен" менен КСДП кошулабыз деп атат. Чын эле биригип, бир күч болуп кете алабы? - Мен көптөн бери эле айтып келатам. Биригеби, бирикпейби, бул эки партиянын соодасы бүттү. Себеби, элди ушунча ишендирип, кыйкырып жүрүп, анан баарынан куржалак калтырды. Мен буларды оюмдан эле чыгарып аткан жокмун. Мен алар менен чогуу иштеген балдар менен пикир алмашып, алардын оюн билип, анан айтып атам. Өздөрү менен бирге иштеп, миңдеген адамдарды чогултуп келген Уран Ырыскулов сыяктуу жигиттерди түрмөгө калтырып коюп, жардам бербей аткандан кийин алардан эмнени күтүүгө болот?



Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, экс-спикер:

"Оппозицияны жаңы күчтөр толуктайт"

- КСДП менен "Ата Мекен" партиясы биригип, бекем саясый күч болуп кетиши мүмкүнбү? - Менин оюмча, алар бириге албайт окшойт. КСДП жана башка партиялардын биригүүгө толук каалоосу менен мүмкүнчүлүгү болгон күндө дагы "Ата Мекен" партиясы буга барбайт болуш керек. - Эмне себептен барбайт? - Каалоосу жок. - "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев биригүүгө каршы эмес экенин билдирип атпайбы? - Ким билет эми. Баягы күнкү жыйналышта унчуккан жок. Биригип кетсе жакшы болор эле. - Оппозициянын мындан аркы тагдыры кандай болот анда, же Мелис Эшимканов айткандай, оппозиция "пенсияга" кетиш керекпи? - Биринчиден, мындай прогноз кылууга болбойт. Анткени, оппозицияда жүргөндөрдүн баары пенсияга кете турган деңгээлге жете элек. Экинчиден, кандай болгон күндө да, оппозициялык блокко элдин ишеними бар экенин шайлоо көрсөттү. Атамбаев өзү добуш албаган күндө дагы, оппозицияга берилген добуштар, же бийликке каршы берилген добуштар 60%дан ашты. Бул да болсо, оппозицияга болгон ишеним бар экенин көрсөттү. Экинчиден, жаңы жаш күчтөр өсүп келатат. Мына ушул күчтөрдүн оппозицияны күчтөнтүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.



Бетти даярдаган Дилбар АЛИМОВА

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page