top of page

Тарифти кымбаттатуу менен уурулук күчөйт

Учурмаек


Касым Исаев, коомдук ишмер: "Тарифти кымбаттатуу менен уурулук күчөйт"

- Электр энергиясына, жылуулукка болгон тарифтердин кымбатташына тышкыкүчтөрдүн таасири чоң дегенге кошуласызбы?

- Кыргыз экономикасы тышкы күчтөргө эгемендик алгандан кийин көз каранды болду. Аскар Акаев баштаган жетекчилер дүйнөлүк банктын сөзүн эч убакта эки кылган эмес. Анткени, анын талабын аткаруу менен олчойгон кредит алып турган. Ал акчалардын көбүн өз чөнтөктөрүнө сологону белгилүү. Азыркы бийликтегилер деле ошол сценарийде иш алпарып жатат. Тарифтерди кымбаттатуу артында тышкы күчтөр турат деген айныксыз чындык.

- Демек, кыргыз энергетикасы, жылуулук тармактары акырындап чоочун колго өтөт деген прогноз чын турбайбы?

- Россия бизге 2 миллиард акчаны боор толгоп, берем деген жок. Дүйнөдө жылуулук булактары күн санап кымбаттоодо. Ушундай шартта кыргыз менен тажиктин арзан гидроресурстарын батыштан мурда ээлеш үчүн ушуга барды. Экинчиден, кыргыз тарап орустардан алган кредитти төлөй албайт. Анын ордуна ГЭС өндүргөн энергияны алууга неге болбосун. Ошону күн мурунтан ойлонуп, "Камбар-Ата" ГЭСи боюнча түзүлгөн акционердик коомдун жетекчилик кеңешине үч кишисин мүчө кылды. Бизден болсо ал кеңешке экөө эле кирди. - Премьер-министр Данияр Үсөновду эле күнөөлөй бериш негизсиз тура анда?

- Бул жигит эки жыл мурда "салыкка маңдай терим менен тапкан миллиондорду төгөм, эл эмнеге антпейт экен" деген жайы бар. Баарын өзүндөй капчыгы калың ойлойт окшойбу? Жеке пикиримде, тарифтин көтөрүлүшүнө премьер-министр да салым кошсо керек. Өз кызыкчылыгы үчүн эле ушул кызматка барганы көрүнүп турбайбы. Болбосо колунан эч нерсе келбеген өкмөттү жетектөөгө макул болмок эмес.

- Тарифтин кымбатташы элди жакырчылык сазына батырып, бийликке нааразы болгондордун санын арбытат дегенге пикириңиз кандай?

- Түпкүлүгү төңкөрүш, нааразычылык акциясы мамлекет үчүн пайдасыз. Бирок, бийлик элди ушуга өзү түртүп жатпайбы. Өткөндө парламентте СДПК партиясы жыйын өткөргөндө мен да бардым. Ал жерден социалдык коргоо министри Назгүл Ташбаева: "пенсионерлерге 200 сом электр энергиясынын кымбаттаганына байланыштуу компенсация катары берилет, ал эми ысык суу жана жылуулук үчүн кандай жардам көргөзүүнү эми ойлонуп жатабыз" деди. Бул аткаминерлердин кайдыгерлигинен кабар берип жатпайбы. Болбосо мамлекет башындагылар олуттуу кадам жасарда жети өлчөп, бир кесет да. А булардын кылаарын кылып, түштөн кийин ойлонгонун карабайсыңбы.

- Тарифтер кымбаттаса, электр энергиясындагы жоготуулар жоюлат деген сөз чындыкка коошобу?

- Ошол СДПК жыйынында отун, энергетика министри Ильяс Давыдовго да "Электр тармагындагы жоготуулар 30-40%ды түзсө да, эмне үчүн эч ким жоопко тартылбайт?" деген суроо берилди. Ал болсо кызарып, жооп берген жок. Тарифти кымбаттатуу менен жоготууну азайтабыз деген болбогон сөз. Тескерисинче, уурулук күчөшү толук мүмкүн.

Санжи Туйтунова


Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page