top of page

УШУЛАР ДА КЫРГЫЗСТАНДЫН АКСАКАЛДАРЫБЫ?

"24 kg" маалымат агенттигинин 31-июлдагы интернет бетинен "Аксакалы Кыргызстана обратились к потерпевшим поражение на президентских выборах с просьбой быть мудрыми" аттуу билдирүүсүнүн баш темасын көрүп алып, "булар Кыргызстандын кайсы аксакалдары болду экен" - деп, ал бетти ачып окуганга шаштым. Көрсө, жаңы эле экинчи жолу кайра шайландым деп күпүлдөп жаткан Кыргызстан ханы Бакиевдин, өткөн жылы түзгөн "коомдук палата" сөрөйүнүн "шайлоодо утулуп калган" оппозициянын лидерлерине карата кайрылуусу турбайбы.


Коомдук палатанын курамынын аттарын өткөн кышта Москвада отуруп, жогорку айтылган маалымат агенттигинин интернет бетинен окугам. Алардын ичинен өлкөдө белгилүү мурунку мамлекеттик, азыркы коомдук ишмер, чоң дипломат, окумуштуу, саясатчы, студент чагыбыздан берки теңтуш досум Ишенбай Абдуразаковдон башкасынын, тилекке каршы, биринин да аты эсимде калбаптыр. Жогорудагы билдирүүдө: "Общественная палата страны, куда входят наиболее авторитетные ученые, политики, общественные деятели, направили лидерам оппозиции свое обращение", - деп айтылып жатпайбы.


Бул кайрылууга байланыштуу жеке эле менде эмес, эл арасында да чоң суроо туулду да. Кыргызстандын элинин жана өлкөсүнүн келерки беш жылдык мөөнөткө тагдыры чечилүүчү чоң окуя өтүп жатканда - мамлекеттин президентин шайлоодо -бийлик "кылар ишти кылып, кыл жип менен бууп койгондон кийин", эмне үчүн "авторитеттүү аксакалдар" өздөрүнүн "сабырдуу жана акылдуу болгула" - деген кайрылуусун оппозициянын лидерлерине гана жиберишти?


Кеп, Кыргызстан элинин "президентти тандоо имиш" добуш берүүсүнүн натыйжасы жөнүндө болуп жатпайбы. Мейли, айтылган "авторитеттүү аксакалдар" 16 барактан турган ОБСЕнин байкоочу миссиясынын шайлоонун жүрүшүндө бийлик тарабынан мыйзам одоно бузулгандары тууралуу баштапкы билдирүүсүнө ишенишбешсин, башка республикадагы көз каранды эмес бейөкмөт уюмдардын материалдарына ишенишбесин, Бакиев менен Мотуевден башка 4 талапкерлердин жазып алган, тартып алган жана какшап айтылып жаткан фактыларына ишенишбесин, жок дегенде мамлекеттик кызматтарда иштеген, билим берүү, саламаттык сактоо, элге кызмат кылуу жана башка бюджеттик тармактар менен байланышкан балдарынын, туугандарынын жана жакшы санаалаш жолдош-досторунун эки айдан берки көчөлөрдө, кухняларында үй-бүлө ичинде, коноктордо, мончолордо, базарларда, пивоканаларда ж.б. жерлерде бийлик тарабынан шайлоо өткөрүү боюнча уюштурулган мыйзамга жатпаган, кылмышка сыя турган кылыктары жөнүндө өтө кыжырлануу менен айтып жаткандарына да ишенишпедиби? Боршайкомдун төрагасы Лисовскийдин май айында эле телевизордон "шайлоо бир тур менен эле өтсө жакшы болоор эле, көп акчаны үнөмдөйт элек" - деген сөздөрү жалгыз Бакиевдин пайдасына шайлоочуларды тымызын үгүттөө гана эмес, иштеген жоопкерчиликтүү иши боюнча кылмышка барабар катары кабыл алынышы керек болчу.


Коомдук палатанын бул кайрылууга кол койгон же макул болгон мүчөлөрү сокурлар, дүлөйлөр же дудуктар - деп ойлогондон алысмын. Жогоруда келтирген досум Ишенбай Абдуразаковдун бул кайрылууга кошулганына ишенгим келбейт. Анткени, ага көп жылдардан бери принципиалдуу позициясы бар инсан катарында мамиле кылып келем. Жада калса мындан 2 жыл мурун интернет бетинде бир айча илинип турган интервьюсундагы төмөнкүдөй сөздөрү эмдигиче эсимде "…увы, оказывается, у нас и президент - ученый имел большой дефицит в области нравственности, и нынешний - необразованный, черт его знает, к тому же хромающий нравственно!" (ИА "24.kg", 5 июля 2007г.) Ошентсе да жалпы тааныштар: "Досуңуздун коомдук палатага барганы, өтө эле дипломаттык кылганы эмеспи?", - деп менден көп сурап калышат. Мен: "Өзүнөн сурагыла. Мен аны менен ал жөнүндө сүйлөшкөн жокмун", - деп жооп берем.


Көптөрүбүз эле күбө болдук го. Мамлекеттик кызматта иштеген канча кыргыздар өткөн айларда бийликтин атайын "аткарбасаң иштеген ишиңен кетесиң" деп коркутуу-үркүтүү тапшырмасы менен иштерин таштап, кичи мекендерине барышып, "Бакиевди жактап, добуш бергиле" - деп катуу үгүт жүргүзүшүп, эт жеп, кымыз ичип келишпедиби. Эми иштешбесе да, орундарында камырабай (коркпой) отура беришсе болот да. Бийликтин кайра сакталышы үчүн негизги ишти аткарышты да.


Эмне үчүн коомдук палатадагы "авторитеттүү аксакалдар" ошол убакта "акылдуу болгула, мыйзамды бузбагыла, бул күч менен жасаган кылыктарыңар аягы элге жана өзүңөргө жакшылык алып келбейт" - деп бийликтин адресине кайрылуу жасашкан жок?


Кечиресиздер, урматтуу окурмандар! Мен жогоруда айтылган маалыматтык билдирүүдөн "наиболее авторитетные аксакалы" - деген сөздөрдү окуп алып эле, бизде айтылып келе жаткан "эгемендүү өлкөбүз" - деген саясий романтизмдин кесепети менен, коомдук палатанын төркүнүн эсиме албай эле, суроолорумду анын дарегине айтып жатыптырмын. Анын "крестный атасы" Бакиев эмес беле. Президенттин кандай "аксакалдарга" таянарын бул жылдары эл жакшы эле билди го.


Баарыбызга кеңири белгилүү болсо дагы, мен пикиримди дагы бир жолу айта кетейин. Кыргызда "аксакал" - деп негизинен орчундуу ойлогон, бийик сезимдүү, кыраакы акылман, көптү көргөн жана көптү билген, баары жагын тең калчаган, чоң тажрыйбалуу, дайыма чындыкты сүйлөгөн, жаштарга үлгү боло турган, ар-намысынан айрылбаган, эл-жерине берилген ж.б.у.с. сапаттардын баарына болбосо да нечендерине жетишкен, терең ич дүйнөсү менен айырмаланган касиеттүү адамдарды атайт эмеспи. Ошон үчүн бул нак "авторитеттүү аксакал" түшүнүгү да. Бирок, күнүмкү турмушта тегеребиздеги карыларга, чалдарга, улгайган адамдарга жана дагы мамлекеттик бийигирээк даражада иштеген чиновниктерге деле "аксакал" - деп кайрыла берет эмеспизби. Бирок, бул жерде "накта аксакал" түшүнүгү жөнүндө кеп болуп жатат да.


Ошондуктан, бул кайрылууну окугандан кийин, коомдук палатага киргендер кадимки "дүжүр чалдардын" ("кошоматчылардын" - деп окусаңар болот) уюму экени дагы бир жолу чаңкайып көрүнүп калбадыбы. Мен өткөндө бир макаламда "бакиевская власть - есть сплошная ложь плюс всеобщая кошоматизация" - деп айттым эле. Коомдук палата сөрөйдүн бул кайрылуусу менин аныктамам чындык экенине дагы бир жолу далил болду десем жаңылбайм.


Дагы бир нерсе жөнүндө баса айткым келет. Менин бул макаламда коомдук палата кайрылган утулган оппозициянын лидерлери жагын актайын деген оюм да, көңүлүм да, ниетим да жана негизим да жок. Бүгүн биздин элди терең арманга салгандардын катарына жеке эле эки президенттик бийликтер эмес, көп жылдары оппозицияда лидербиз - деп куру кыйкырып келген туруксуз жеңилдер, эки жүздүүлүк кылып элдин көңүлүн калтыргандар, сөз жүзүндө элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы - деп коюшуп, ич дүйнөлөрүнүн начардыгынан өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына гана аракет кылышкандар да киришет эмеспи. Себеби, мурдагы көнгөндөй эле бул шайлоодо да утулганы - кайра эле Кыргызстандын эли болуп калбадыбы.


Элдин каргышы тийчүлөр жана Кудайдын каарына калчулар бийлик менен кошо сөзсүз оппозициянын айрым лидерлери да. Андай негиздер жана далилдөөлөр тууралуу чындык, ачык-айкын аттары жана кылыктары аталып айтыла жана жазыла турган сөздөр али алдыда. Себеби, бул элибиздин турмушунда өтүп жаткан тарыхый өтө көйгөйлүү сабактардан келечегибиз үчүн туура корутундуларды чыгарышыбыз керек.


P.S. Бул жазылган макаламды 2 жумадан бери кылчактап гезитке жиберген жок элем. Себеби, 3 жумадан ашуун убакыт мурун биз 10 чакты жарандан турган демилгечи топ, мыйзамдык укугубуздун негизинде жаңы "Эл арманы" аттуу саясий партиясын түзүп, мамлекеттик каттоого КР "адилет" аттуу министрлигине тийиштүү документтерди тапшырган элек. Бирок 10 күнгө жетпей мыйзамсыз болоор болбос бир себепти келтирип, КР "адилетсиз" министринин орунбасары Мамбеталиевдин "мамлекеттик каттоодон баш тартылсын" - деген буйругунун көчүрмөсүн беришти. Ал министрликтин "адистеринин" түшүнүк бергендерине караганда, президенттин "Ак жол" партиясы башкарган парламенттин 2009-жылы кабыл алган мыйзамынын партияларды каттоо боюнча беренелеринин саптарынын ортолорунда ("между строк") башка адамдар көрө жана биле албаган, бийликтин режимин сактоо органдарынын кызматкерлери гана биле турган талаптар бар көрүнөт. Мисалы, демилгечи топтун ичинде бийликтин дарегине сын жазган инсан болсо, анда ал партия мамлекеттик каттоодон өтпөш керек. Эсил кайран "островок демократии".


Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер


Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page