top of page

"ЧЫРЫЛДАГАН ЧЫЧКАН" ЧЫРКЫРАП, КИМИСИНИН ЖЕМИ БОЛОТ?

Президент Бакиевдин каадасынча өпкөсүн желге толтуруп, көөдөнүн көтөрүп "...водноэнергетический проект и решение о закрытии американской военной базы… выводят Кыргызстан на позицию активного участника мировых процессов" - деген апырткан сөздөрүнө байланыштуу, "Ачык саясат" гезитинин быйылкы жылдын 5-чи жана 9-чу июндагы сандарында, менин "Кыргызстан "Чоң Оюндун" тең катышуучусубу?" деген макалам жарыяланган эле. Анда мен, азыркы убактарда ири өлкөлөрдүн (державалардын) арасындагы "Чоң Оюндарда" ("кансыз согуштарда") бизге окшогон майда "бечара" өлкөлөрдүн эмитеден эле "курман" боло турган тагдыры жөнүндө кеп кылгам.


Бул маселеге карата, ири өлкөлөрдө болуп жаткан көз караштар жөнүндө мисалдарды келтиргем. Мисалы, кышында президент Бакиев Москвага барып, эл үчүн күтүлбөгөн жерден, "Манас" аэропортундагы америкалык согуштук авиабазаны кетиребиз" - деп айтып, парламент-сөрөй тийиштүү чечимдин долбоорун карап жатканда, 2009-жылдын 11-февралында америкалык " Вашингтон таймс" гезитинин "Кыргызстан - деген чычкан чырылдады" ("Кыргызстан - мышь которая зарычала"),- деп шылдың кылып жазганын "Ачык саясат" гезитинин 9-июндагы санында чыккан статьямда айткам.

Жакында эле Москвадан келсем, эл арасында "азыркы президенттик шайлоо алдындагы шайлоочулар менен кезигишүүлөрдө, президент Бакиев акылынын аздыгынанбы же арынын жоктугунанбы, баягы эле апырткан сөздөрдү ого бетер күчөтүп айтып жатат" - деп кеп кылышат. "Өзгөчө Жалал - Абад облусуна барганда, "Кыргызстандын авторитетин, ири чет мамлекеттердин арасында абдан бийик көтөрдүм" - деп айтып атпайбы" - дешет. Чынында эле, ошондой төмөн деңгээлдеги адамбы же элдин пикирине түкүрүп койгонбу? Президенттин деңгээлинин төмөндүгүнөн өлкөнүн барган сайын баркы кетип, кыргыз элин уятка калтырып жатканы оюна да келбесе керек. Парламент сөрөйдө "Ак-Жолдун" "так-текелери" Акүйдөн улам башка жипти тартып койсо, секирип кайра-кайра колдорун көтөрүп жатышып чарчашты окшойт, шашып каникулга чыгып кетишти. Айтымда ар-бири өз айылдарына барып, шайлоодо азыркы президент Бакиевди колдогула - деп жандарынын барынча үгүт ишин жүргүзүшөт, аны жакшы аткара албагандары кайра келгенде депутаттыктан кетирилет дешет.

Кийинки убактарда "Манас" аэропортундагы америкалык авиабазанын тагдыры жөнүндө дүйнөдө ар кандай кызуу кептер айтылып, чуулдашты го. Бул маселеге тиешеси бар жана өтө кызыккан үч өлкөнүн позицияларын алалы.

Биринчиси: жогоруда аталган "чырылдаган чычкан" - Кыргызстан. Президенти баш, тышкы иштер министри төш жана ак-жол менен коммунист депутаттары куйрук болушуп, жарым жылга жетпей кайра кол коюлган башка келишимди акташты да макташты. Алардын баса белгилегендери, АКШ мурдагыга караганда "жүда-а көп пул" берет экен. Бирок мурдагыдай эле белгисиз, ал акча өлкөнүн жана элдин кызыкчылыгына кетеби, же бийликтегилердин жана алардын тегерегиндегилердин чөнтөгүнө түшөбү. Бул жагынан 17 жылдан бери бийлик тажрыйбага байыды да. Бул келишимдин өлкөнүн жана элдин коопсуздугуна кандай мааниси бар экендигин ачык түшүнүш "бовойт". Бизде, элге жана коомчулукка, бийлик эч качан чын маалыматты бербейт да.

Экинчиси: "Чоң Оюнду" уюштуруучулардын бири ("чоң мышык") - Америка (Сэм Байке). Жаңы келишим боюнча алардын түшүнүгү төмөндөгүдөй. Ал жөнүндө америка бийлигине жакын, калпты жазып чатактарга аралашпаган, бүт дүйнөгө белгилүү "Нью Йорк Таймс" ("The New York Times") гезитинин быйылкы жылдын 23-июндагы санында чыккан "Киргизия меняет свое решение и не будет закрывать американскую базу" - деген статьясынан үзүндүнүн мааниси сакталып калсын - деп орусча текстин берейин: "Киргизия по сути дела отменила свое решение о закрытии американской авиабазы, …после того как Соединеные Штаты согласились резко увеличить плату за аренду и соблюдать определенные ограничения на этом объекте. Об этом во вторник сообщили киргизские и американские официальные лица. Такой поворот событий является победой для администрации Обамы… Авиабаза "Манас" в Киргизии с 2001 года используется в качестве пункта дозаправки и транзита…Она также стала центром борьбы между Соединенными Штатами и Россией за влияние в странах бывшего Советского Союза. В тот февральский день, когда киргизский президент объявил о выселении американцев с авиабазы, Россия пообещала предоставить Киргизии кредит на 2 миллиарда долларов… Киргизия и Соединенные Штаты заявили, что в соответствии с новым соглашением на базу будут наложены определенные ограничения. Но ни одна из сторон никаких существенных ограничений указать не смогла, и похоже, что эти условия были включены в соглашение, чтобы сохранить лицо киргизского правительства, отменившего ранее принятое решение… Сейчас соглашение поступит в парламент Киргизии на ратификацию, которая ему практически гарантирована…".

Үчүнчүсү: "Чоң Оюнду" уюштуруучулардын бири (дагы бир "чоң мышык") - Россия (Иван Байке). Биздин бийликте болсо, АКШ менен кол коюлган жаңы келишимди Россиянын президенти Медведев макул тапты деп кудуңдап жатышат. Президент Медведевдин Африкада расмий визит менен жүргөнүндө, ошол күндөрү бул келишим жөнүндө айткан сөздөрүн мен өзүм телевизордон уккам: "Суверендүү өлкөнүн кандай келишимге кол коюшу өзүнүн эрки" - деп келип, "бирок, иштин улантылышын көрө жатарбыз…" дегендей дипломаттык мааниде сөздөр менен бүтүргөн. Дипломатияда "бирок" деген сөз "жок" дегенге барабар экени белгилүү. Ошон үчүн, Россиянын тышкы иштер министерствосунун расмий өкүлдөрү төмөндөгүлөрдү айтып жатышпайбы: " Известие о том, что США сохранят военную авиабазу на киргизском аэропорту Манас… стало для нас крайне неприятным сюрпризом - такого подвоха мы не ожидали", "…переименование базы в центр рассматривается как косметический ремонт - реально характер военного присутствия США в Центральной Азии не изменился, что идет вразрез и с интересами России, и с нашими договоренностями с киргизским руководством", "…Что касается авиабазы США в аэропорту "Манас", киргизское руководство неоднократно заявляло о том, что принятое в феврале сего года решение о закрытии этого военного объекта является окончательным и пересмотру не подлежит…". Окурмандарга кеңири белгилүү россиялык "Коммерсант" гезитинде дагы бир дипломат "Россия даст адекватный ответ" - деп айтыптыр. Кимге? Сөзсүз эгемендүү Кыргызстанга да.

Булардын баарын укканда же окуганда эски анекдот эске келет. Бир мышык чычканды мыжыга кармап алып: "-Сен мага убада бербедиң беле?" - дептир. Экинчи мышык, чычканды тигинден жулуп алып: " - Сен мага да убада бербедиң беле?" Анда чычкан: - "Мас аял кимге гана, эмне жөнүндө гана убада бере бербейт" - дептир.

Азыркы бийлик жана ага жүгүнүп иштеген ММКлар Бүгүнкү Кыргызстандын пас акыбалын түшүнүп жаткан элдин оюн бөлүш үчүн, болбогон калптарды айтып элди алдаганга аракеттенүүдө. Мисалы, 25-июнда кечки саат 20 дагы орус тилиндеги НТС телекөрсөтүүсү, жаңылыктар программасында (диктор Эшимканова) кайра-кайра телекөрүүчүлөргө "Соглашение о создании Центра транзитных перевозок невоенных грузов" деп, кыргызча одоно айтканда, "жандарын жеп", калпты шуулдатып айтып жатпайбы. Россияныкы, Өзбекстандыкы ж.б. кошуна өлкөлөрдүкү "Соглашение о транзите невоенных грузов" - деп ачык аталса, биздикинде андай сөздөр жок.

Дагы бир маселе жөнүндө. Эмне үчүн эле биздин бийлик - президент, парламент жана өкмөт бөйпөктөшүп жана шашкалакташып, "Манас" аэропортундагы америкалык аскер авиабаза тууралуу АКШ менен кайра жаңы келишим түзүп калышты? Буга ар кандай себептер айтылып жатпадыбы (АКШ, менен Ооганстандын президенттери Бакиевге кат жазышыптыр, НАТОнун мүчөсү Туркиянын президенти расмий сапары менен келип кетти ж.б.). Бирок ошол кезде болгон бир окуя жөнүндө бийликтин расмий маалыматына элдин эмдигиче ишенбегенине карабастан, бийликтин аракети менен бат эле унутулгандай болуп калбадыбы. Ал окуя президенттин админитрациясынын муруңку башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү. Кеп жогоруда айтылып жаткан маселелер менен анын өлүмүнүн кандай да болсо байланышы барбы деген маселе жөнүндө.

Маркум М.Садыркулов расмий маалыматтар боюнча быйылкы жылдын 13- мартында, таң эрте ДТПнын негизинде күйүп кеткен машинада каза болгон - деп эсептелинет. Шашылыш түрдө тергөөсү да бүттү, соту да бүттү. Кагышкан башка машинанын айдоочусунун күнөөсү делинип, күлкүгө сыя турган соттун өкүмү да чыкты. Ага ишенген бир да кишини уккан жокмун. Ага окшогон канча өлүмдөрдүн себептери, айларга эмес жылдарга айланса дагы, ачылбай келет. Бул Кыргызстандын укук жана коопсуздукту коргоо органдарынын, президенттин жана тегерегиндегилеринин чөнтөгүндөгү абалы болсо керек. Бул, акыбал, кыргызстан эли үчүн чоң трагедия болуп эсептелинет.

Мен дагы бир жолу, бул окуя боюнча уккан жана окуган маалыматтарымдын негизинде болжолдоолорумду айтып кетейин дедим. Кийин сөзсүз чын маалымат такталганда, балким булардын кээ бирөө туура болуп калышы да мүмкүн.

Быйылкы жылдын 16-мартында америкалык "Уолл стрит джорнел" деген ири гезитке анын Москвада, Бишкекте жана Кабулда корпункттары болгон, Алан Каллисон деген корреспондентинин "Бишкектеги өлүм суроолорду туудурат" деген макаласы чыккан. Ал жөнүндө мен "Ачык саясат" гезитинин 9-июндагы санында айткам. Азыр дагы кеңирирээк берейин. Анын орусчага которулуп чыккан текстинде мындай деп айтылган: " …На прошлой неделе в интервью The Wall Street Journal ("Уолл Стрит Джорнел) Садыркулов заявил, что ушел с поста главы администрации президента в связи с тем, что он обеспокоен поворотом правительства в сторону Кремля, который, по его словам, оказал "очень нехорошее давление" на правительство Киргизии с целью выдворить американцев с воздушной базы. По словам Садыркулова… он намеревался выступить против президента Курманбека Бакиева на предстоящих выборах. Он утверждал, что в последние недели получал угрозы из окружения президента, и высказал предположение, что брат президента, отвечающий за вопросы безопасности, стоял за некоторыми угрозами. Садыркулов заявил, что брат Бакиева в знак предупреждения однажды прислал ему домой подарочную коробку с отрезанными пальцами и ушами. Союзники Садыркулова утверждают, что его смерть - это политическое убийство… Эльмира Ибраимова, бывший заместитель премьер-министра, ушедшая из правительства вместе с Садыркуловым в январе, заявила, что по её мнению, Садыркулов и два других пассажира автомобиля были убиты, а затем их тела были доставлены на место аварии, чтобы все выглядело как несчастный случай…"

Быйыл июнь айында Москвада, мен бул корреспондент Алан Каллисонго телефон чалып сүйлөштүм: "Сенин жазгандарыңа Кыргызстанда ишенбей атышат. Жөн эле АКШ менен Россиянын саясий оюндарына байланыштуу жазылган статья дегендей пикирлер бар. Садыркуловдун өзүнүн үнү менен жазылган диктофондун копиясын бер" десем, ал "Жазганымдын баары чын. Бишкектеги "Хаятт" мейманканасында кезигип, 2 саат сүйлөшкөнбүз, аялы да күбө боло алат. Менин колумда жазган блокнотум турат. Диктофонго жазылса, мага да пайдалуу болот эле, эл ишенгенге. Ошон үчүн, статьямдын аягында "В написании статьи приняла участие Дария Соловьева" делип турбайбы… Садыркулов "12-мартта Алма-Атага дагы бир жолу барып, америкалыктар менен жолугушам. Мен эч кимден жана эч нерседен коркпойм" - деди. Кезиге турган америкалыктар ЦРУнун кишилери болушу керек…" - деп корреспондент мага айтты. (Анын 11-июнда "Уолл стрит джорнел" гезитинде чыккан "Русские перехитрили американцев в последней "Большой игре" деп аталган чоң статьясы Кыргызстандын ММКларында ( АКИпресс МА, "Форум" жана "Ачык саясат" гезиттери) да жарык көрдү. Анда Садыркуловдун интервьюсунда айткандары жана анын өлүмү тууралу баяндалып, ал кошуна Казахстанга барганда "… вел переговоры с американскими представителями, поскольку те боялись встречаться с ним на территории Киргизии" - деп айтылат.

Мен сүйлөшкөндө ага дагы башка суроолорду бердим. "Өлүм тууралуу сенин макалаң марттын 16-сында эле чыккан. Кийинки 11-июндагы макалаңда Садыркулов Алма-Атага америкалык өкүлдөр менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө барып жаткан дептирсиң. Мага алар ЦРУнун кишилери болушу мүмкүн дедиң. ЦРУнун иштеринин тажрыйбасында мындай учурда, Садыркуловдун Алма-Атага барып келгендерин толугу менен спутник аркылуу жазып алышы керек эле. Биздин Кыргызстанда да, "Ак-Жол" чек ара пунктунан кайра бери өткөндөн кийин, эки чоң Джип машинасы алдынан тосуп чыгышып, алардан маскачан адамдар чыгышып, үчөөнү машинадан сүйрөп чыгарып, ошол жерде эле атып өлтүрүшкөн да, андан кийин Бишкектин жогору тоо жагына алпарып, өрттөп жиберишкен деп жатышат. Ошонун баарын америкалыктар жазып алышы мүмкүн",- десем, ал "Мен журналистмин, андайга аралашпайм да"- деп жооп беримиш болду.

2009-жылдын 29-апрелинде "24.kg" маалымат агентствосу жарыялаган "Манас" аэропортундагы авиабазаны сактап калуу боюнча америкалык "Ассошейтед Пресс" агентствосунун кабарында мындай деп айтылган: "У нас появилась надежда, что кое-что еще может сработать, - заявил пресс-секретарь Пентагона (АКШнын коргоо министерствосу - К.И.) Джефф Моррелл. -Надеемся, что мы почти у цели". При этом он воздержался от подробного описания проходящих переговоров". Ал убакта бизде өзгөчө Премьер-министр Чудиновдун оозу менен "АКШ менен эч кандай сүйлөшүүлөр жок жана чечимибиз кайра каралбайт" - деп айтылып жатпады беле.

Мындай маалыматтар кандай ойлорго жана логикалык божомолдоолорго алып келет? Эгер биздин бийлик принципиалдуулук кылымыш болуп, авиабаза чын эле чыгарылып кетсин - деп отуруп алса эмне болмок эле? Анда "чоң мышык" Сэм Байке кадимки көнгөнүнүндөй "чыйылдаган чычканга", б.а. Кыргызстандын бийлигине, "андай болсо жазып алган өлтүрүүнү дүйнөгө ачып таратабыз, кандай бийлик Кыргызстанда өкүм сүрүп жатканын, адамдын укугу эмес, өмүрү да корголбойт - деп". Ошентиши мүмкүн беле? Кимден сурабасам да, бардыгы "мүмкүн эле" дешет.

Ошондуктан, жогорку бийлик коркконунан өзүнүн тапшыруусу боюнча тышкы иштер министри менен АКШнын элчиси кол койгон жаңы, башка келишимди эч жерде ачык талкууга салбай, Акүй тарабынан парламенттеги депутат сөрөй "так-текелердин" байланган жибинен тартылып, колдорун көтөртүп, дароо эле бекитип салбадыбы.

Өткөндө Москвада жүрүп, Россиянын атайын кызматынын тажрыйбалуу специалисти менен жогоруда айтылгандар жөнүндө сүйлөшсөм, "Садыркуловуңар Россиянын кызыкчылыгына каршы америкалыктарга барып, бизди кагыштырып жатса силердин колуңардан келбесе, биздин специалисттерибиз деле жайлап коюшу мүмкүн",-дейт "чоң мышык" Иван Байке. Курман болгондор баягы эле "чырылдаган чычкандын" өкүлдөрү болот да. Ошентип, бул өлүмдүн табышмактуу тагдыры биздин өлкөдө көндүм болгондой канча убакытка чейин жабылып калды?

Эгер биздин укук коргоо органдардынын сары эсебинен Акаевдин 15 жыл президенттик убагында жана Бакиевдин 4 жыл президенттик убагында канчадан расмий адамдар өлтүрүлдү деген ачык, салыштырма маалыматтар коомчулукка жарыяланса, бийлик кайсы күчтөр менен тыгыз байланышта экенинин бети дагы ачылаар эле.

Айтылган маселелер менен бирге, азыркы өлкөдө болгон акыбалды алдыда боло турган президенттик шайлоого карата, талапкер Бакиевдин өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн, күч менен ачыктан ачык жасап жаткан уюштуруу аракеттерине байланыштырып жана эл арасында азыркы бийлик жөнүндө айтылган пикирлерди эске алып (президент Бакиев орусча сүйлөгөндү жакшы көрөт эмеспи), "бакиевская власть - это сплошная ложь плюс всеобщая кошоматизация", - деп аныктама берсек жаңылбайбыз.


Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер


  • Коомдук-саясий гезит «Эл сөзү» № 7 (7), 07 июль 2009-жыл

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page