top of page

БИЗДИН ЭЛ ТАТЫК ТУУ ПРЕЗИДЕНТТИ ШАЙЛАЙ АЛАБЫ? же көрпенделиктен көтөрүлө албаган ажолордун туткунунд

Урматтуу башкы редактор!

Жогорудагы макалада биздин эл үчүн маанилүү жана актуалдуу маселелер көтөрүлгөн деп эсептейм. Сиздер чыгарган гезит жалпы элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөйт деп ишенип, гезиттин окурмандары кеңирирээк таанышуу үчүн ушул макаланы жибердим. Туура тапсаңар, гезитке чыгарып коюуңарды өтүнөм.

Алдын-ала ыраазычылыгымды билдирип, автор - К.Исаев.


Редакциядан: Тилеке каршы, Касым аксакал жакында катуу кеселден кайтыш болуп, бул макаласын гезит бетинен көрбөй, жарыкчылык менен коштошуп кете берди. Кыргызстандын эгемендигинин алгачкы жылдарында нар көтөргүс жүк артынып, мамлекетибиздин түптөлүшүнө чоң салым кошкон Касым Исаев агабыз Союз ыдыраардын алдында жана ыдырап жатканда СССР Мампланында жооптуу чоң кызматта иштеп, Орто Азия республикаларынын, анын ичинде биринчиден, туулуп-өскөн Кыргызстанынын таламдарын жан аябай талашып келген. Москвада биздин чөлкөм тууралуу сөз болгондо СССР Өкмөтү Касым абанын пикирине карап иш кылчу. Совет өкмөтүнүн тапшырмасы менен бир топ чет мамлекеттерде кеңешчилик кызматтарды да аркалаган. Тунгуч ажо А.Акаев К.Исаевди кызматка чакырып, маркум Ак үйдө жооптуу кызматтарда иштеп келген. Жогоруда жазылгандай, Касым абанын өтүнүчүн кеч болсо да орундатуу менен макаланы жарыялап отурабыз. Албетте, автордун бийликтин, анын адамдарынын өлкө, эл турмушундагы орду жана милдеттери тууралуу айткандары баарына эле жага бербеси айдан ачык. Бирок, булар - маркумдун жеке ынанымы, турум-тутуму. Андыктан, аны урматтоого, демократия нугунда Касым абанын акыркы сөзүн элге жектирүүгө милдеттүүбүз.


Кыргызстан 20 жылдан ашкан эгемендигибизде мына, бүгүн төртүнчү ажонун бийлигинде жашап жатат. Акаев менен Бакиев өз элинин алдында бир топ иштерди жасашкандары үчүн өлкөдөн жана элинен качып кетишип, сыртта жан багып жатышат. Алардын кылгандары элге жакшы белгилүү. Ошондуктан ал тууралуу кайталап отуруунун кажети жок деп ойлойм. Бирок, бир ооз айтып кетейин дегеним, аларды Мекенине кайтарып алып келе алсак, эл алдында жасаган оор кылмыштары үчүн мурдагы ажолор татыктуу жазаларын сөзсүз тартышы керек.


Эгер биринчи президент Аскар Акаев элибиз көз карандысыздык жана демократия үчүн жемиштүү күрөшкөн президенттигинин биринчи мөөнөтүнө "легендарлык" Жогорку Кеңеш тарабынан шайланса, Курманбек Бакиевди эл, биринчи президенттин өлкөсүнөн качып кеткенине байланыштуу президенттикке атаандашсыз (Кулов менен болгон тандемди кошпогондо) шайлаган болучу.


Алар экөө тең кийинки президенттик мөөнөттөрүнө, КР Конституциясын жана шайлоо өткөрүү боюнча мыйзамын одоно бузуу, бийликтин тегерегинде кошоматчылык кылып жан баккан шылуундардын жардамы менен шайлоодо административдик өкүмдардыкты кеңири колдонуу жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоо менен бийликке келишкен. Ал шайлоолордо бирөө үчүн гана добуш берүү болуп калган. Ошентип, тилекке каршы, 20 жылга жакын эки президенттин бийлигиндеги мезгилде эл президентти шайлоо боюнча эч кандай оң тажрыйба ала алышкан жок.


Кийинки президенттерди мамлекеттин жетекчилери катары кеңири жана негиздүү мүнөздөөнүн алдында, өздөрүн өтө эле жогору баалаган үч "жомокчунун" - КР Өткөөл мезгилинин экс-президенти Роза Отунбаеванын, КР азыркы президенти Алмазбек Атамбаевдин жана КР экс-премьер-министри Өмүрбек Бабановдун "жомокторунан" үзүндүлөрдү берейин. Ашкан дымагын жана өзүн эл алдында өтө көтөрүңкү алып жүргөнүн билген кээ бир сынакчылар кийинки убактарда ММК беттеринде БӨТтү келерки бешинчи президенттин бирден бир талапкери экендигин айтып келишет. Ал өз кызыкчылыгы үчүн каалаганын ишке ашырууда, бардык жолдон кайтбайт эмеспи.


(Макалада келтирилген цитаталар авторлору тарабынан орус тилинде айтылгандан кийин маанисин толук сактап калуу үчүн которулбай ошол айтылган тилде берилди).


КР өткөөл мегил экс-президенти Роза Отунбаева: "...Кыргызские революции стали феноменом для мировой общественности…Ныне Кыргызстан в мире воспринимают как страну социальных революций…Я для себя сделала вывод - для процветания Кыргызстана необходимо придерживаться двух принципов: не воровать и не обманывать… Я считаю, что настало время для очищения!" ("24.kg", 06.04.2011), "... И среди наших лидеров было немало тех, кто не без амбиций заявлял о том, что только они самые лучшие и для них уже обеспечены чуть ли не 50-60 процентов мест в парламенте…Мы стали свидетелями того, как мои соратники потерпели поражение из-за чрезмерных амбиций и отсутствия организованной работы... У нас на выборах доминирующую роль сыграли деньги."- "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунан ("centrasia.ru", 29.12.2010), "...Кыргызстан находится на таком этапе, когда никакие законы не помогут" ("24.kg", 08.07.2011), "…Значительный вклад в развитие Кыргызстана во время моего президентства - выход из кризиса" ("24.kg",07.03.2012), "… Кыргызстан - маяк стабильности в авторитарной Центральной Азии" - Лондондо чыккан "Тelegraph" гезитине берген интервьюсунан ("centrasia.ru", 19.06.2012).


КР президенти Алмазбек Атамбаев: "...Несколько десятилетий назад люди труда жили лучше всех. А сегодня - тот, кто больше наворует. Мы вернем все на свои места" ("24.kg", 1.09.2011), "...У нас имеется все для благополучной жизни: благодатная земля, священные горы Ала-Тоо, прекрасные реки и озера, мудрый, великодушный и трудолюбивый народ. Чего нам не хватает? Не хватает только одного - честной и порядочной власти..." ("24.kg", 01.12.2011), "...Многие думают, что через 5-6 месяцев Атамбаев успокоится в борьбе против коррупции. Но они ошибаются. Все коррупционеры сядут (в тюрьму - КырТАГ)" ("Kyrtag.kg", 31.05 2012), "Мы не можем сказать, что граждане поверили властям в искреннем желании искоренить коррупцию", ("24.kg",01.06.2012).


КР экс - премьер-министри, Кыргызстандын биринчи миллиардери Омурбек Бабанов: "…Правительство Кыргызстана в 2011 году достигло существенного прорыва в развитии отношений с партнерами…("24.kg", 25.04.2012, "Сто дней болтовни" макаласы), "...В Кыргызстане коррупция проникла в государственные и социальные институты и стала частью системы государственного управления" ("24.kg", 05.06.2012), " …Кыргызстан должен войти в число развитых стран мира. Это одна из задач правительства" ("24.kg", 21.06.2012), "...Я буду на своем посту столько, сколько нужно для роста Кыргызстана…" ("24.kg", 14.08.2012 ).


Окурмандын назарына маалымат катарында ЖКнын депутаты Дастан Бекешевдин айтканынан үзүндүнү да келтирейин: "В Кыргызстане политическая элита - это обычные воры и расхитители, которые пришли к власти… Однако они неспособны провести реформы. Некоторые даже заинтересованы, чтобы в стране развивалась коррупция" ("24.kg", 13.04.2012).


Ошондон улам, менин бул макаланы жазышыма түрткү берген негизги себептер төмөнкүлөр:


1) 2010-жылдын 21-майында "24.kg" МА вебсайтында биздин өлкөдө күч менен бийликке келген "убактылуулар" ("временщики") тууралуу "Үчүнчү жаңылыш - суверендүү Кыргызстан үчүн катастрофа" деп аталган менин интервьюм чыккан эле. Тилекке каршы, мына 2,5 жылдан ашык эл анын азабын тартып отурат. Азыркы мезгилде "ал жаңылыштыкты кантип оңдойбуз?" деген жарандардын суроосу күндөн күнгө көбөйүүдө;


2) 2010-жылдын 3-июнунда "АКИpress" МА вебсайтында жана 2010-жылдын 10-июнунда "Деньги и власть" гезитинде мен төмөндөгүдөй деп жазган элем: "Сегодня, на мой взгляд, перед нашей страной еще более острее, чем раньше стоят так называемые "извечные русские вопросы: "Кто виноват?" и "Что делать?". И любой неравнодушный к судьбе Кыргызстана гражданин и патриот должен глубоко призадуматься над вопросом: "Видят ли они свое будущее и дальше с такими вождями?". Более того, истинные патриоты страны должны срочно предложить новые прагматичные и возможные пути выхода из того тупика, куда загнали нашу страну некомпетентные и безответственные власти..." Ушул саптар жазылгандан бери эки жарым жылга жакын убакыт өтсө дагы, өлкөдө туруктуу стабилдүүлүк орнолбой, өлкөнү башкаруу шарты толук түзүлө элек, туңгуюктагы жагдай өтө эле тереңдеп, баягы эле илгертеден келаткан "ким күнөөлүү?", "эмне кылыш керек?" деген орус суроолору эл алдында дагы эле эң курч кырдаалда турат;


3) Азыркы кезде бизде Текебаевдин Конституциясынын негизинде парламенттик башкаруу системасы иш жүзүндө болбосо да, формалдуу түрдө өкүм сүрүп жатканына карабастан, мен макаламда президентти шайлоо жана анын бийлиги тууралуу маселелерге көп көңүл бөлдүм. Бул бекеринен эмес. Себеби, эки жылдан берки парламенттик башкаруу системасынын кесепетинен өлкөдө ушуга дейре үстөмдөк кылган охлократия жана туруксуздуктан, негизинен элдин уурдалган акчасынын күчү менен түзүлгөн 120 депутаттан турган парламентибиз Жогорку Кеңештин мамлекетти башкаруу боюнча татыктуу уюштуруу жана мазмундуу иш алып бара албай жатышынан улам өлкөдө башаламандык өкүм сүрүп жатат. Башынан эле биздин эл президенттик бийлик системасына ишенишип, көнүп калышкан да (президенттер Акаев менен Бакиевдин жеке адам сапаттары үчүн эмес!). Көйгөйлүү маселелерди чечүүдө бүгүнкү президенттин укугуна келсек, анын колунда бир тыйын каражаты жок болсо деле эл ага кайрылып жатканына күбөбүз. Бүгүнкү күндө биздеги парламентаризмден түңүлгөн элдин саны күндөн күнгө өсүүдө, алардын ичинде (эгер өздөрүнүн сөздөрүнө таянсак) азыркы Конституциянын "акеси" Текебаевдин жана азыркы президент Атамбаев өзүлөрү да бар. Өмүрбек Текебаевдин парламентаризм тууралуу дагы бир пикирин келтирейин: "Главный риск для парламентской системы в Кыргызстане - это мы сами. То есть наш старый менталитет, привычки, отсутствие политической культуры... Но перед нами грандиозная задача: переделать человека, сломать старые традиции, менталитет" ("24.kg", 12.01.2011). Ал эми Конституциянын авторунун үзөңгүлөш шакирти Атамбаев мындай дейт: "Сейчас вам раскрою маленький секрет: на первом заседании временного правительства в ночь на 8 апреля 2010 года я предлагал, чтобы на переходный период, лет на 5-10, мы все-таки приняли Конституцию 1993 года... Я предлагал начать с чистого листа, так как Конституция 93-го принята легендарным парламентом и тщательно отработана. Не надо было изобретать велосипед, необходимо было заложить поэтапный переход к парламентской республике. К сожалению, члены временного правительства и его председатель поддержали Омурбека Текебаева, который настаивал на принятии новой Конституции. Сейчас мы все видим, что она не идеальна, и есть много вопросов"("24.kg", 20.04.2011).


(Өтө эле ашкан дымактуу Атамбаевдин "кичинекей сыры" - Акаев менен Бакиевдин укуктарын эстеп, ЖКны жана Өкмөттү президент өзү түзүп жана алардын иштерин көзөмөлгө алып, бирок өзүнө эч кандай жоопкерчиликти албай, өлкөдө авторитардык режимди орнотуу. Андай кылыктары кийинки убакта "чээнинен" чыга баштагандан бери Атамбаев аз-аздан көрсөтө баштабадыбы. Бирок, Атамбаевде жетишээрлик авторитет, тажрыйба жана жоопкерчилик жок болгондон кийин, кандай режимди орнотоор экен?).


...2010-жылдын апрель-май-июнь айларындагы кандуу окуяларынын кесепетинен өлкөбүздүн жана элибиздин башына өтө катуу кайгы түшүп турганда, өлкөдө парламенттик башкаруу системасын киргизиш үчүн Текебаевдин жаңы Конституциясын элге шашылыш түрдө таңуулаганда Убактылуу өкмөттүн (УӨ) жетекчилери акылдары болсо, эмне жөнүндө ойлонушту эле деген суроо туулат? Азыр баарыбызга түшүнүктүү, алар ал убакта өлкөнүн жана элдин келерки тагдырын эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары болгон - кайсы жол менен болсо дагы, бийликке келүүнү гана ойлонушкан.


Эстесек, 2008-жылы ошол кездеги оппозициянын лидерлери тарабынан өлкөнүн жаңы саясий системасынын Концепциясы иштелип чыгарылган. Ал Концепция кийинки Текебаевдин парламентаризмге өтүү боюнча Конституция долбоорунун негизи болуп пайдаланылды. Ал кезде келерки президенттик шайлоодо бири дагы элдин ишеничин ала албастыгын алар жакшы түшүнүшкөн. Анын үстүнө Бакиев режими да аларга жол бермек эмес. Алардын ал убактагы дымактуу ойлору боюнча, парламенттик шайлоодо "күчтүү" партияларынын - "Ата-Мекен", КСДП, "Ак-Шумкар" - жеңиштери менен бийликке келип, анын ар кайсы бутактарын башкарууну бөлүп алуу: Текебаев - төрага, Атамбаев - премьер-министр ж.б. (2010-жылдын октябрь айында өткөн парламенттик шайлоолордо Текебаев анын "Ата-Мекен" партиясы бул шайлоолордо 60% дан кем эмес шайлоочулардын добушун алат" деп бир нече жолу бекеринен айткан эмес. Иш жүзүндө 5% дан бир аз көбүрөөгүн гана алууга татыктуу болду).


Кыргызстандын өтө эле шашылыш түрдө парламентаризмге өтүү аракеттерине байланыштуу, Польша мамлекетинин Вице-маршалы - парламенттин төрагасынын орун басары Ежи Вендерлихтин КР ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жакында эле болуп өткөн кезигишүүсүндө "парламентаризм" жөнүндө айткан төмөнкү сөздөрүн мыскыл катары бааласак болот: "То, что нам удалось достичь за 500 лет, Кыргызстану удалось сделать за более короткий срок" (АКИpress, 02.10.2012).


Азыркы кезде биздин өлкөдө президенттик-парламенттик башкаруу системасына өтүүнү жактагандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө, анын ичинде "Движение-93" резолюциясын колдогондор да аз эмес. Ал "резолюция" 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган КРнын биринчи легитимдүү Конституциясын (Баш мыйзамын) кайра күчүнө келтирүү талабын койот. Мында башка мамлекеттердегидей эле эл легитимдүү түрдө кабыл алынган өзүнүн Баш мыйзамын сыйлап, убактылуу келген ажолордун каалоосу боюнча, же партиялардын, же дагы бир башка күчтөрдүн талаптары менен жаңы Конституцияны кайра жазып жана кайра кабыл алууга такыр тыюу салуу максаты болуш керек. Элдин жана мамлекеттин турмушунда боло турган өзгөрүлүштөргө байланыштуу керек болсо, тартип боюнча Конституцияга (Баш мыйзамга) өзгөртүүлөр киргизилиши же орчундуу маселелер боюнча өзүнчө Конституциялык мыйзам кабыл алынышы керек. (Кийинки убактарда ММКларда Ташиевдин, Мадумаровдун, мамлекетти курултайлар аркылуу башкарууну жактагандардын ж.б. жаңы Конституциянын долбоорлору каралып, кабыл алууга даяр экендиги тууралуу айтылып жатат. Антип отурса, мындай көрүнүштөр токтобойт. Андан көрө, негизги аракет катары өлкөнү өнүктүрүү жана элдин турмушун оңдоо багытына түшүү зарыл. Бирок, тилекке каршы, ошону түшүнүүгө кудурети жетип, элди айтылган багытка салууну каалаган бийлик эмдигиче жок).


4) жогоруда келтирилген "жомокчулардын" айткандарынан үзүндүлөрдү окурмандар кыжырданып же күлкү менен окушат го деп ишенем. Себеби, ал айтылгандардын баары жоопкерсиздик менен айтылган куру сөздөр же кезектеги карандай калптар. Бүгүнкү бийликтин кылып жаткан иштерин билгендер жана чыныгы жүзүн көргөндөр жалпысынан ЖКнын депутаты Дастан Бекешевдин кыскача пикири менен макул болушат го дейм.


Тилекке каршы, жогоруда аталган УӨтүн мүчөлөрү "эл бизге ишенишет, кадырлайт жана барктайт" деген өтө жаңылыштуу пикир менен азыркыга чейин мамлекетти жетектемиш болуп келишет. Кээде өлкөдө болуп жаткан кемчиликтерди моюндарына алымыш болуп, аларды оңдоого эч чара көрүшпөйт же ага кудуреттери жетпейт. Эмне үчүн эл ушуга моюн сунуп берет? Бийликтин башында болом деген адамдын анча-мынча өзүнүн жөндөмдүүлүгүн ойлогонго жетиштүү акылы болуш керек да. Же болбосо, бийлик элдин баары эле келесоодой куру айтканыбызга ишенишип, туура эмес жасаганыбызды кабыл алып отура беришет деп ойлойбу? Турмуш мыйзамынын талабы, жетиштүү убакыт өткөндөн кийин, эл бийликке ишеничин таптакыр кетирип, бийликти кууп чыгарганын күтөлүбү? Өткөн эки президенттердин сабактары унутулдубу? Азыркы бийлик эл алдында ыйык милдетин жана жоопкерчилигин сезбей, өлкөнү башкарууга жөндөмдүүлүктөрүнүн жоктугун көрсөтүп, жеке байлыктарын эле көбөйтүүнүн аракетин кылса, мурунку эки президенттердин аркаларынан кетери шексиз. Же биздин келечегибиз катастрофа менен бүтөөрүн күтө беребизби?...


Эми кандай жол менен бизге 1,5 жыл мөөнөткө үчүнчү президент болуп Роза Отунбаева жана азыркы - төртүнчү президент - Алмазбек Атамбаев келип калышты?


Баарыбызга белгилүү, 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин "революционерлер-убактылуулар" тарабынан мыйзамсыз түзүлгөн УӨтүн 2010-жылдын 19-майдагы № 40 декретинин негизинде 2010-жылдын 27-июнунда, кээ бир ММКлар тарабынан "жылдын эң чоң аферасы" делип негизинен туура аталган референдум өткөрүлдү.


Референдумда Текебаевдин редакциясы деп аталган КР жаңы Конституциясы жана аны ишке киргизүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Ал мыйзамдын негизинде шайлоочулар тарабынан Роза Отунбаеванын жеке кандидатурасына эч кандай добуш берилбесе да, "убактылуулар" аны "арткы эшиктен" жашыруун киргизишип, президент "тактысына" отургузуп коюшту. Ошентип, Роза Отунбаева УӨтүн башчысы катарында өзүнүн соратниктеринин алдында жетиштүү кадыр-баркы болбогондон кийин, 1,5 жылга КР өткөөл мезгил президенти (ӨМП) болгонго аргасыз болду. "Ооз басырлык" катарында ӨМПдан кеткенден кийин ал "экс-президент" деген статусту алмай болду. Бул убактын ичинде мамлекеттик бийликтин эң чокусунда отуруп алып, өзү башынан көнгөндөй ойлонбой эле эл алдында курулай сүйлөй берүүсүнө жол ачылды. Чындыгында эле, жаңы Конституциядагы укуктары боюнча экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү үчүн колунда бир тыйын каражаты болбосо да, региондорду тынбай кыдырып, эл тарабынан алдына коюлган көйгөйлүү маселелерге: "чечебиз", "жасайбыз", "курабыз" ж.б.у.с. популисттик куру убадаларды берип жүрбөдүбү. Ал көрүнүш тууралуу эл арасында жана ММКлардын беттеринде жетиштүү эле айтылды.


УӨтүн номиналдуу башчысы кызматында, андан кийин ӨМП болуп турганында, кандуу окуялардан кийин терең кайгы-капага баткан элдин алдында Роза Отунбаеванын негизги милдети соратниктеринин эркин аткарып, алардын фальсификация жана манипуляция жолдору менен легитимсиз референдумду, андан кийин парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүп, бийликке жетүү аракеттерине жакшылап кызмат өтөө болду. Тилекке каршы, биздин элибиздин турмушунда мындай иштер болуп өттү, болуп жатат жана алдыда да болушу толук мүмкүн...


Эми өткөн жылкы президенттик шайлоолордон кийин КР президенти деп жарыяланган Атамбаев тууралуу бир аз кеңирирээк токтолсок.


(Уландысы кийинки санда)


Касым ИСАЕВ,

персоналдык пенсионер

Недавние посты

Смотреть все

Предупреждение от Касыма Исаева

Дастан Сарыгулов внес вклад, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана У истоков того, что "Кумтор" работает не на интересы Кыргызстана, стоял подошедший к 70-летнему рубежу политик-аксакал Дас

СМОЖЕТ ЛИ НАШ НАРОД ИЗБРАТЬ ДОСТОЙНОГО ПРЕЗИДЕНТА, или ЕСТЬ ЛИ У КЫРГЫЗСТАНА БУДУЩЕЕ?

Кыргызстан живет уже при четвертом президенте за двадцать с лишним суверенных лет. Совершив массу тяжких преступных деяний перед своим народом, первые два президента Акаев и Бакиев находятся в бегах п

bottom of page